Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган ХХХII сессиясынын

 

2020-жылдын 28-декабрындагы № 2

 

Дөдөмөл айылынын 1120 метр ички жолуна кара шагыл төшөө иштерине бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

    

Тогуз-Торо айылдык Кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (XXI шайланышынын ) кезектеги чакырылган ХХХII сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Дөдөмөл айылынын 1120 метр ички жолдоруна шагыл төшөө иштери үчүн дем берүүчү үлүштүк гранттардын эсебинен бүткөрүлүүчү долбоорго өздүк салымы үчүн 328304 сом акча каражаты 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.

 

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы

 

Р.Ажыбаев