КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 17-сентябры № 13-21-15
«Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу жөнүндө. КРАЭ-18» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бирдейлигин камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык, «Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу жөнүндө. КРАЭ-18» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги:
– бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
– бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республиканын министрликтери, ведомстволору, жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору «Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу жөнүндө. КРАЭ-18» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 1-октябрындагы № 05 «КРАЭ-18. Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу» Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин штаттык санынын жана тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Директор Д.К. Бостонов
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин буйругуна тиркеме
№ ___ 2026-жылдын «___» _________
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫКЭРЕЖЕЛЕРИ
КРАЭ-18
«Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу»
ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КАТТОО БАРАКЧАСЫ
№ | Кабыл алуу датасы | Күчүнө кирген датасы | Өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду кабыл алуу актысы | Ушул нускага өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү датасы | Бул көчүрмөгө өзгөртүү жана/же толуктоо киргизген адамдын колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: Бул нускага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген дата жөнүндө жазуулар жана ушул нускага түзөтүүлөрдү киргизген адамдын колу ушул Эрежелердин ээсине тиешелүү.
МАЗМУНУ
1- бөлүм - Жалпы жоболор 4
§ 1. Аныктамалар 4
§ 2. Колдонулушу. 6
§ 3. Кооптуу жүк үчүн техникалык нускамалар 7
§ 4. Техникалык нускамаларга дал келбестиктер жөнүндө билдирүү. 8
§ 5. Жарандык аба кемелеринин ички аба каттамдарындагы учуулары 8
§ 6. Улуттук ыйгарым укуктуу орган. 8
§ 7. Кооптуу жүктөрдүн классификациясы. 8
2- бөлүм - Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташууга чектөөлөр 9
§ 1. Аба аркылуу ташууга уруксат берилген кооптуу жүктөр 9
§ 2. Эксплуатанттар, экипаж мүчөлөрү жана жүргүнчүлөр үчүн өзгөчө жагдайлар. 10
§ 3. Аба аркылуу ташууга уруксат берилген кооптуу жүктөр 10
§ 4. Бошотуусуз же бекитүүсүз аба транспорту менен ташууга тыюу салынган кооптуу жүктөр 10
§ 5. Кез келген жагдайларда аба транспорту менен ташууга тыюу салынган кооптуу жүктөр 11
3- бөлүм – Кооптуу жүктөрдү таңгактоо 11
§ 1. Жалпы талаптар 11
§ 2 . Таңгак топтомдору 11
§ 2. Маркировкалоо 12
§ 3. Маркировкалоодо тилдерди колдонуу 12
5- бөлүм - Жүк жөнөтүүчүнүн милдеттери 12
§ 1. Жалпы талаптар 12
§ 2 . Кадрларды даярдоо 13
§ 3 . Кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн документ 13
§ 4 . Тилди колдонуу 13
6 - бөлүм – Эксплуатанттын милдеттери 13
§ 1 . Жалпы жоболор 13
§ 2. Кооптуу жүктөрдү кабыл алуу . 14
§ 3 Текшерүү тизмеси (кабыл алуунун текшерүү тизмеси) 14
§ 4 Жүктөө жана жайгаштыруу 14
§ 5 . Бузулууларды, агып кетүүлөрдү же булганууларды текшерүү. 15
§ 6. Жүктөө жана сактоо боюнча чектөөлөр. 15
§ 7. Булгоочу заттарды жок кылуу. 16
§ 8. Жүргүнчүлөрдү каттоонун тартиби 16
7- бөлүм – Маалымат берүү 17
§ 1. Аба кемесинин командири үчүн маалымат. 17
§ 2. Учуу экипажынын мүчөлөрү учун маалымат. 17
§ 3. Жүргүнчүлөр үчүн маалымат. 17
§ 4. Башка адамдар үчүн маалымат. 17
§ 5. Аба кемесинин командири тарабынан аэропорттун администрациясына берилген маалымат 18
§ 6. Авиациялык кырсык же инцидент болгон учурда маалымат. 18
8- бөлүм – Кооптуу жүктөр боюнча даярдык 19
§ 1. Даярдоо программасы 19
§ 2. Инструктордун квалификациясы. 19
9- бөлүм – Эрежелерди сактоо. 20
§ 2. Мамлекеттер ортосундагы кызматташтык 20
§ 3. Санкциялар 21
§ 4. Кооптуу жүктөрдү почта аркылуу жөнөтүү 21
10- бөлүм – Кооптуу жүктөр менен болгон окуялар жана авариялар жөнүндө отчет 21
§ 1. Жалпы жоболор 21
11- бөлүм Кооптуу жүктөрдүн авиациялык коопсуздугуна тиешелүү жоболор . 22
КЫСКАРТУУЛАР
|
КРАЭ | - Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери |
ДПС | - Дүйнөлүк почта союзу |
ИКАО | - Эл аралык жарандык авиация уюму |
КР | - Кыргыз Республикасы |
АКК | - Аба кемесинин командири |
КР ЖАА | - Кыргыз Республикасынын жарандык авиация агенттиги |
УКБС | - Учуунун коопсуздугун башкаруу системасы |
1- бөлүм - Жалпы жоболор
§ 1. Аныктамалар
1. Ушул Эрежелерде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат.
Жүк - эксплуатант менен макулдашуу боюнча аба кемесинде ташылуучу жүргүнчүлөрдүн же экипаждын мүчөлөрүнүн жеке мүлкү.
Сырткы таңгак—жүктөрдү пакеттөө каражаттарын эсепке албаганда, кайра иштетүү жана сактоо ыңгайлуулугу үчүн бир же бир нече жүк орундарын бириктирип, бирдиктүү иштетилүүчү бирдикти түзүү максатында бир жүк жөнөтүүчү тарабынан колдонулуучу таңгак.
Жарылуучу зат - катуу же суюк зат (же заттардын аралашмасы түрүндө болот), ал өз алдынча химиялык реакцияга кирип, курчап турган объекттерге зыян келтире турган температурада жана басымда жана ылдамдыкта газдарды пайда кылууга жөндөмдүү. Пиротехникалык заттар газды түзбөсө дагы, жарылуучу заттарга кирет. Өз алдынча жарылуучу эмес, бирок газдан, буудан же чаңдан турган жарылуучу атмосфераны түзө алган зат жарылуучу катары классификацияланбайт.
Баруу мамлекети - жүк акыркы жолу аба кемесинен түшүрүлгөн мамлекет.
Жөнөтүүчү мамлекет - жүк жөнөтүлүүчү жерден биринчи жолу аба кемесине жүктөлгөн мамлекет.
Эксплуатанттын мамлекети - эксплуатанттын негизги ишмердүүлүк жүргүзгөн мамлекети же эгерде эксплуатантта мындай негизги жайы жок болсо, анын туруктуу жайгашкан жери.
Жүк жөнөтүү-эксплуатант тарабынан бир жүк жөнөтүүчүдөн бир убакта жана бир дарекке кабыл алынган, бир партияга киргизилген жана бир жүк алуучуга бир көздөгөн жерге ташылуучу кооптуу жүгү бар бир же бир нече орун.
Жүк ташуучу учак - жүргүнчүлөрдү ташуучу аба кемесинен тышкары, жүктү же мүлктү ташыган ар кандай аба кемеси.
Жүк орду - ташууга даярдалган, таңгак комплекти жана анын ичиндеги мазмунду камтыган акыркы жүк таңгактоо объектиси.
Кооптуу жүктөргө байланыштуу инцидент - бул кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу менен байланышкан окуя, ал аба кемесинин бортунда болушу милдеттүү эмес жана кандайдыр бир адамга дене жаракат келтирүүгө, мүлктү же айлана-чөйрөнү зыянга учуртууга, өрттөп, бузууга, төгүлүүгө, суюктуктун же радиациянын агып кетишине же таңгак комплектинин бузулушун тастыктаган башка көрүнүштөргө алып келиши мүмкүн, бирок кооптуу жүктөргө байланыштуу кырсык катары эсептелбейт. Кооптуу жүктөрдү ташуу менен байланышкан жана аба кемесине же анын бортундагы адамдарга олуттуу коркунуч жараткан каалаган окуя да кооптуу жүктөргө байланыштуу инцидент катары каралышы мүмкүн.
Өзгөчө жагдай - ИКАОнун Техникалык нускамаларынын белгилүү бир талабы кандайдыр бир кооптуу товарга колдонулбайт деген жобо.
Аба кемесинин командири - ксплуатант же жалпы авиацияда аба кемесинин ээсикатары командирдин милдетин аткарууга жана учуунун коопсуз өтүшү үчүн жоопкерчиликтүү болууга дайындалган учкуч.
Дайындалган почта оператору - бүткүл дүйнөлүк почта союзуна (ДПБ) мүчө болгон өлкө тарабынан расмий түрдө дайындалган ар кандай өкмөттүк же өкмөттүк эмес уюм, почта байланыштарын иштетүү жана ДПУ Конвенциясынын жоболоруна ылайык, өз аймагындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн иш алып барган оператор.
Шайкеш келбөөчүлүк - бул термин кооптуу жүктөргө карата колдонулат. Аралаштырылганда жылуулуктун же газдын кооптуу бөлүнүп чыгуусуна алып келиши мүмкүн болгон же коррозиялык заттарды пайда кылган кооптуулук жаралышы мүмкүн.
БУУнун номери - буюмду же затты, же буюмдардын же заттардын белгилүү бир тобун аныктоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча Эксперттер комитети жана Химиялык заттарды классификациялоо жана маркировкалоонун глобалдык гармонияланган системасы тарабынан ыйгарылган төрт орундуу сан.
Кооптуу жүктөр - ден соолукка, коопсуздукка, мүлккө же айлана-чөйрөгө коркунуч туудурууга жөндөмдүү жана Техникалык нускамада кооптуу жүк катары саналган же ушул нускамаларга ылайык классификацияланган буюмдар же заттар.
Бошотуу - техникалык нускамалардын жоболорун колдонуудан бошотууну караган бекитүүдөн тышкаркы, тиешелүү улуттук ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү уруксат.
Жүргүнчүлөрдү ташуучу учак - экипаждын мүчөсүнөн, эксплуатанттын кызматтык нөөмөттөгү кызматкеринен, тиешелүү улуттук органдын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн башка да бардык жүргүнчүлөрдү, алардынжүгүнже башка жүктү коштоп жүргөн аба кемеси.
Кооптуу жүктөргө байланыштуу кырсык - бул кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу менен байланышкан окуя, натыйжасында кандайдыр бир адам өлүмгө алып келген же олуттуу дене жаракат алган, же мүлккө же айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирилген окуя.
Нормадан ашык багаж - бул жүргүнчү тарабынан каттоого берилген коштоп жүрүүчү багаж болуп, анын акысыз ташуу нормасы ашып кеткен учурда, аталган багаж жүргүнчү менен бирдей бара турган пунктка жүк катары жөнөтүлөт.
Денеге оор жаракат - авиакырсыктын натыйжасында адамдын денесине келтирилген жаракат:
1) жаракат алгандан кийин жети күндүн ичинде 48 сааттан ашык ооруканага жаткырууну талап кылат; же
2) кандайдыр бир сөөктүн сынуусуна алып келген (бармактардын, манжалардын же мурундун жөнөкөй сынуусунан тышкары); же
3) катуу кан агууга, нервдерге, булчуңдарга же тарамыштарга зыян келтирүүчү ткандардын жарылуусуна байланышат; же
4) кандайдыр бир ички органдын бузулушу менен байланышкан; же
5) экинчи же үчүнчү даражадагы күйүк менен байланышкан, же дененин бетинин 5% дан ашыгын жабыркатуучу ар кандай күйүк; же
6) жугуштуу заттардын же зыяндуу радиациянын таасиринин тастыкталган фактысы менен байланышкан.
Коопсуздукту башкаруу системасы (КБС) - коопсуздукту башкарууга системалуу мамиле, анын ичинде талап кылынган уюштуруу структурасы, командалык тизмеги, көрсөтмөлөр жана жол-жоболор.
Жүктөрдү пакеттөө каражаты - жүк ташуучу контейнердин ар кандай түрү, аба контейнери, тору бар аба паллети же коргоочу капкактын үстүндө тор менен аба паллети. Жүктөрдү пакеттөө каражаттары сырткы таңгакты камтыбайт.
Техникалык нускамалар - кооптуу жүктөрдү аба транспорту менен коопсуз ташуу боюнча техникалык нускамалар ( Док 9284), ИКАО Кеңеши тарабынан белгиленген тартипте бекитилет жана мезгил-мезгили менен чыгарылат.
Таңгактоо комплекти— идиштин ичиндегисин кармап туруу функциясын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон сыйымдуулуктар жана башка каалаган компоненттер же материалдар.
Бекитүү - тийиштүү улуттук орган тарабынан берилген уруксат:
7) жүргүнчүлөрдү жана/же жүктөрдү ташуучу аба кемелеринде ташууга тыюу салынган кооптуу жүктөрдү ташуу, эгерде Техникалык нускамаларда мындай жүктөрдү бекитүү менен ташууга мүмкүн экендиги көрсөтүлсө; же
8) Техникалык нускамада көрсөтүлгөн башка максаттар.
Учуу экипажынын мүчөсү - лицензиясы бар экипаж мүчөсү аба кемесин эксплуатациялоого байланыштуу милдеттерди учуу убактысында дайындайт.
Экипаж мүчөсү – эксплуатант тарабынан аба кемесинин бортунда учуу нөөмөт убактысында конкреттүү милдеттерди аткаруу үчүн дайындалган адам.
Эксплуатант - аба кемелерин эксплуатациялоо менен алектенген же ушул чөйрөдө анын кызматтарын сунуштаган адам, уюм же ишкана.
§ 2. Колдонулушу.
2. Бул авиациялык эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары учкан жарандык аба кемелеринде, ошондой эле анын аба мейкиндигинде кооптуу жүктөрдү ташууну жөнгө салат.
3. Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 6-августу № 218 Аба кодексинин талаптарына жана 1944-жылдагы Чикаго конвенциясынын 18-тиркемесине, анын ичинде ИКАОнун Техникалык нускамаларынын жоболоруна ылайык иштелип чыккан ( Док 9284).
4. Бул авиациялык эрежелер негизги максаты кооптуу жүктөрдү коопсуз ташууну, авиациялык кырсыктардын жана инциденттердин тобокелдиктерин төмөндөтүүнү, ошондой эле айлана-чөйрөнү жана калктын ден соолугун коргоону камсыз кылуучу натыйжалуу башкаруу системасын түзүү болуп саналат.
5. Бул Эрежелер тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын аймагына/ аймагынан учууларды жүзөгө ашырган же кооптуу жүктөрдү аба транспорту менен ташуу менен алектенген бардык эксплуанттарга, жүк жөнөтүүчүлөргө жана башка адамдарга, уюмдарга жайылтылат.
6. Кооптуу жүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагына/аймагы аркылуу ташууга талап кылынган уруксаттарды алуу жөнүндө суроо-талап Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация агенттигинин (мындан ары - КР ЖАА) тиешелүү электрондук дарегине 72 сааттын ичинде, бирок жөнөтүүнүн белгиленген убактысына чейин 12 сааттан кем эмес убакытта төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен жөнөтүлөт:
- дата;
- рейс номери;
- тиешелүү жүктүн аталышы;
- БУУнун номери;
- класс же категория;
- таңгактоо тобу;
- таңгактын саны жана түрү;
- кооптуу жүктөр жүктөлө турган/түшүрүлө турган аэродром.
§ 3. Кооптуу жүк үчүн техникалык нускамалар
7. Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташуучу бардык эксплуатанттар, жүк жөнөтүүчүлөр жана кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташууга тиешеси бар башка уюмдар Техникалык нускамалардын тийиштүү басылышы колдонулуп жаткан мезгилде күчүндө болгон Техникалык нускамаларда камтылган деталдуу жоболорду, анын ичинде аларга киргизилген бардык оңдоолорду сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
8. Учуулардын коопсуздугун камсыздоо себептери боюнча дароо колдонулууга тийиш болгон Техникалык нускамаларга оңдоолор Кыргыз Республикасынын аймагында тез арада ишке киргизилет. КР ЖАА көрсөтүлгөн жүктөр ушул оңдоонун кайра каралган талаптарына толук ылайык келген шартта, ушундай оңдоонун талаптарына ылайык башка мамлекеттен жөнөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берет.
§ 4. Техникалык нускамаларга дал келбестиктер жөнүндө билдирүү.
9. Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана КР ЖАА тарабынан берилген сертификаттын негизинде ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган, талаптарынын катаалдыгы боюнча Техникалык нускамалардын жоболорунан ашкан эксплуатант бул тууралуу КР ЖААга жазуу түрүндө билдирүүгө милдеттүү.
§ 5. Жарандык аба кемелеринин ички аба каттамдарындагы учуулары
10. Учуулардын коопсуздугун камсыздоо жана кооптуу жүктөрдү ташууда кармалууларды азайтуу максатында, КР ЖАА ички аба линияларында жарандык аба кемелеринин учууларын аткарууда ушул Эрежелердин жана Кыргыз Республикасынын кооптуу жүктөрдү аба транспорту менен ташуу тармагындагы башка нормативдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылат.
§ 6. Улуттук ыйгарым укуктуу орган.
11. КР ЖАА аба транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу эксплуатанттар, жүк жөнөтүүчүлөр, ар кандай жактар, уюмдар тарабынан ушул Эрежелердин жоболорунун сакталышын камсыз кылуучу тиешелүү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары – КР ЖАА) жарандык авиация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүп, ишке ашыруучу, координация, контролду жана стратегиялык өнүктүрүүнү камсыз кылуучу, ошондой эле аба транспорту чөйрөсүндө башкарууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат жана өз ишин Кыргыз Республикасынын «Аба кодексине» ылайык жүргүзөт.
§ 7.Кооптуу жүктөрдүн классификациясы.
13. Аба транспорту менен ташылган бардык кооптуу жүктөр эл аралык стандарттарга ылайык классификацияланууга,физикалык жана химиялык мүнөздөмөлөрүнө жараша класстарга бөлүнүүнү камтууга тийиш.
14. Кооптуу жүктөрдүн класстарынын кеңири аныктамалары Техникалык нускамаларда камтылган. Бул класстар кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташууга байланыштуу мүмкүн болгон коркунуч түрлөрүн аныктайт жана Бириккен Улуттар Уюмунун Кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча эксперттер комитети тарабынан сунушталган.
2- бөлүм - Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташууга чектөөлөр
§ 1. Аба аркылуу ташууга уруксат берилген кооптуу жүктөр
15. Ушул эрежелерде эскертилген учурларды жана Техникалык нускамаларда баяндалган процедураларды кошпогондо, кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташууга тыюу салынат.
16. Бул төмөнкүлөргө тиешелүү:
9) Кыргыз Республикасынын аймагына/сыртына же анын чегинде кооптуу жүктөрдү ташыган аба кемелерининэксплуатанттарына;
10) Жерде тейлөөчү агенттер, жүк жөнөтүүчүлөр жана алардын агенттери жана персоналдары; жана
11) Колго көтөргөн жүгүндө же катталган багажында кооптуу жүктөрдү ташыган жүргүнчүлөр.
17. Ушул бөлүктүн максаттары үчүн жүк жөнөтүүчү деп жүк жөнөтүүчү жана/же кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташууга даярдаган ар кандай жакты билдирет.
18. Техникалык нускамаларда түздөн-түз каралган учурларда, КР ЖАА Техникалык нускамаларда белгиленген коопсуздук деңгээлине эквиваленттүү болгон коопсуздук деңгээлин камсыздоо шартында кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырууга бошотууну берүүгө укуктуу.
19. КР ЖАА төмөнкү учурларда Техникалык нускамалардын айрым талаптарынан бошотууну берүүгө укуктуу:
- өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда;
- транспорттун башка түрлөрүн пайдалануу иш жүзүндө мүмкүн эмес же максатка ылайыксыз болгондо;
- Техникалык нускамалардын талаптарын сактоо коомдук кызыкчылыктарга каршы келген учурда.
12) Ушул Эрежелердин 18-пунктунда каралган бошотуу Техникалык нускамаларда белгиленген коопсуздук деңгээлине эквиваленттүү болгон кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздук деңгээлин камсыз кылуучу чаралар көрүлгөн шартта гана берилиши мүмкүн.
13) Кыргыз Республикасы учуп өтүүчү мамлекет катары чыккан учурларда, Техникалык нускамалардын талаптарынан бошотуу сунушталып жаткан ташуу Техникалык нускамаларда белгиленген коопсуздук деңгээлине эквиваленттүү болгон коопсуздук деңгээлин камсыз кыла тургандыгын ырастаган далилдер болгондо гана берилиши мүмкүн.
14) Бошотууларды берүү жөнүндө арыздарды кароонун тартиби, ошондой эле эквиваленттүү коопсуздук деңгээлин камсыздоону ырастоочу документтерге карата талаптар КР ЖАА тарабынан белгиленет.
15) Ушул Эрежелердин жоболору эксплуатантты белгилүү бир кооптуу жүктү ташууну жүзөгө ашырууга милдеттендирбейт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын же учуу коопсуздугунун талаптарын сактоо шартында эксплуатанттын кооптуу жүктөрдү ташууга кыйла катаал талаптарды белгилөө укугун чектебейт.
§ 2. Эксплуатанттар, экипаж мүчөлөрү жана жүргүнчүлөр үчүн өзгөчө жагдайлар.
16) Ушул Эрежелердин талаптары башка жагдайларда кооптуу жүктөр катары классификациялануучу, бирок аба кемесинин бортунда учууга жарамдуулук талаптарына, эксплуатациялык талаптарга ылайык жайгашкан же Техникалык нускамаларда каралган атайын максаттар үчүн колдонулуучу буюмдарга жана заттарга жайылтылбайт.
17) Ушул Эрежелердин 24-пунктунда көрсөтүлгөн буюмдарды жана заттарды алмаштыруу үчүн арналган буюмдар жана заттар, ошондой эле алмаштыруу үчүн аба кемесинен чечилген буюмдар жана заттар, эгерде Техникалык нускамаларда башкача каралбаса, ушул Эрежелердин талаптарына ылайык ташылууга тийиш.
18) Ушул Эрежелердин талаптары Техникалык нускамаларда каралган учурларда жана тартипте жүргүнчүлөр же экипаж мүчөлөрү тарабынан ташылуучу айрым буюмдарга жана заттарга жайылтылбайт.
§ 3. Аба аркылуу ташууга уруксат берилген кооптуу жүктөр
19) Кыргыз Республикасынын аймагында аба транспорту менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эксплуатанттары тарабынан эл аралык аба ташууларын аткарууда кооптуу жүктөрдү ташууга ушул Эрежелерде жана Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу боюнча техникалык нускамаларда каралган учурларда жана шарттарда гана жол берилет.
20) Ушул Эрежелердин жана Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу коопсуз ташуу боюнча техникалык нускамалардын талаптарына жооп бербеген кооптуу жүктөрдү ташууга тыюу салынат.
§ 4. Бошотуусуз же бекитүүсүз аба транспорту менен ташууга тыюу салынган кооптуу жүктөр
21) Бошотууну же тиешелүү бекитүүнү албастан аба транспорту менен ташууга төмөнкүлөр киргизилбейт:
22) Техникалык нускамаларга ылайык кадимки ташуу шарттарында ташууга тыюу салынган кооптуу жүктөр;
23) жугуштуу ооруга чалдыккан (инфекцияланган) тирүү жаныбарлар. Жугуштуу ооруга чалдыккан тирүү жаныбарларды аба транспорту менен ташууга инфекциялык оорулардын чек аралар аркылуу жайылышына жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ветеринардык коопсуздук жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен тиешелүү макулдашуулар болгон учурда гана жол берилет.
24) Ушул Эрежелердин 29-пунктунда көрсөтүлгөн кооптуу жүктөрдү ташууга ушул Эрежелерде жана Техникалык нускамаларда белгиленген тартипте берилген бошотуу же бекитүү болгондо гана жол берилет.
§ 5. Кез келген жагдайларда аба транспорту менен ташууга тыюу салынган кооптуу жүктөр
25) Техникалык нускамаларга ылайык кандай гана жагдай болбосун аба транспорту менен ташууга тыюу салынган катары аныкталган буюмдар жана заттар, алардын түрүнө, дайындалышына жана эксплуатациялоо шарттарына карабастан аба кемелеринде ташууга киргизилбейт.
3- бөлүм – Кооптуу жүктөрдү таңгактоо
§ 1. Жалпы талаптар
26) Кооптуу жүктөр ушул главанын жоболоруна жана Техникалык нускамаларда каралган эрежелерге ылайык таңгакталат.
§ 2 . Таңгак топтомдору
27) Кооптуу жүктөрдү аба менен ташуу үчүн колдонулган таңгактар температуранын, нымдуулуктун же басымдын өзгөрүшүнөн же титирөөдөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон агып чыгууну болтурбоо үчүн жасалган жана бекем жабылган сапаттуу идиштер болушу керек.
28) Таңгактоочу топтомдор ички түзүлүшүнө туура келет. Кооптуу жүктөр менен түздөн-түз байланышта болгон таңгактоочу агрегаттар мындай товарлардын ар кандай химиялык же башка таасирине туруштук берүү жөндөмүнө ээ.
29) Таңгактоочу топтомдор материалдарга жана конструкцияларга коюлган техникалык талаптарга жооп берет.
30) Таңгактоочутоптомдор (комплекттер) Техникалык нускамалардын жоболоруна ылайык сыноодон өткөрүлөт.
31) Негизинен суюктуктарды ташуу үчүн арналган таңгактоочу топтомдор басымга туруштук берип, агып кетпөө жөндөмүнө ээ.
32) Ички таңгактоочу комплекттер аба менен ташуунун кадимки шарттарында сырткы таңгактоочу комплекттин (комплекттердин) ичинде алардын жылышын көзөмөлдөөнү ишке ашыруу үчүн таңгакталат, корголот жана прокладкалар менен жабдылат. Прокладка жана абсорбент материалдар таңгактоочу комплекттердин ичиндегилер менен коркунучтуу өз ара аракеттенүүгө кирбеши керек.
33) Эч кандай таңгак комплекти коррозия же башка бузулуулар жок экенин аныктаган текшерүүдөн өтмөйүнчө кайра колдонулбайт. Таңгактоочу комплект кайра колдонулган учурларда, жаңы мазмундун булганышына жол бербөө үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт.
34) Эгерде бош тазаланбаган таңгактоочу комплекттер алардын мурдагы түзүлүшүнүн мүнөзүнө жараша коркунуч жаратышы мүмкүн болсо, алар тыгыз жабылат жана келтирген коркунучка жараша кайра иштетилет.
35) Жүк ташуучу жайдын сыртында зыян келтире турган өлчөмдөгү кооптуу заттар болбошу керек.
4- бөлүм Маркировкалоочу белгилерди коюу
§ 1. Белгилер
36) Кооптуу жүктөрдү камтыган ар бир жер Техникалык нускамада белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү маркировкалык белгилер менен камсыз кылынууга тийиш.
§ 2. Маркировкалоо
37) Кооптуу жүктөрдүн ар бир таңгагында анын мазмунунун тийиштүү ташуу аталышы жана эгерде берилген болсо, БУУнун номери жана Техникалык нускамада көрсөтүлүшү мүмкүн болгон башка маркалоо белгиленет.
38) Таңгактоочутоптомдорготехникалык талаптар менен маркалоо. Техникалык талаптарга ылайык даярдалган ар бир таңгак топтомунаТехникалык нускаманын тиешелүү жоболоруна ылайык маркировка коюлат. Бир да таңгак топтому, эгерде ал Техникалык нускамада камтылган таңгактоо талаптарына жооп бербесе, топтом боюнча техникалык талаптар менен маркировка менен камсыз кылынбайт.
§ 3. Маркировкалоодо тилдерди колдонуу
39) Эгерде кооптуу жүктөрдү жөнөтүүчү мамлекет башка мамлекет болсо, кооптуу жүктөргө байланыштуу маркировка англис тилинде жүргүзүлүшү керек.
40) Эгерде кооптуу жүктөрдү жөнөтүүчү мамлекет Кыргыз Республикасы болсо, кооптуу жүктөргө байланыштуу маркировка англис тилинде жүргүзүлүшү керек.
5- бөлүм - Жүк жөнөтүүчүнүн милдеттери
§ 1.Жалпы талаптар
41) Кооптуу жүгү бар кайсы бир жүк ордун же сырткы таңгакты аба аркылуу ташууга сунуштаганга чейин, жөнөтүүчү ушул Эрежелерде жана Техникалык нускамаларда көрсөтүлгөндөй, бул кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташууга тыюу салынбаганына жана алардын тийиштүү түрдө классификацияланганына, таңгакталганына, маркировкаланганына, белгилер менен камсыздалганына жана кооптуу жүктөрдү ташуунун талаптагыдай таризделген документи менен коштолуп жатканына ынанууга милдеттүү.
§ 2 . Кадрларды даярдоо
42) Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташууга сунуштаганга чейин, аны даярдоого катышкан бардык кызматкерлер өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн окутуудан өтүүгө милдеттүү.
§ 3 .Кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн документ
43) Кооптуу жүктөрдү аба транспорту менен ташууга сунуштаган жак Техникалык нускамада талап кылынган маалыматтарды камтыган кооптуу жүктөрдү ташуу документин даярдоого, кол коюууга жана эксплуатантка өткөрүп берүүгө милдеттүү.
44) Ташуу документи жүк жөнөтүүчү кол койгон декларацияны камтыйт, анда ал ташуу үчүн сунуш кылган кооптуу жүк алардын тийиштүү жүк ташуу аталыштары боюнча толук жана так идентификацияланганын жана алар классификацияланганын, таңгакталганын, маркаланганын, маркировкаланганын жана тиешелүү эрежелерге ылайык аба транспорту менен ташуу үчүн талаптагыдай абалда экендигин тастыктайт.
§ 4 . Тилди колдонуу
45) Кооптуу жүктөрдү ташуу үчүн документ сөзсүзанглис тилинде толтурулушу керек.
6 - бөлүм – Эксплуатанттынмилдеттери
§ 1 . Жалпы жоболор
46) Эксплуатант учууларды жүргүзүү боюнча колдонмону же кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча жол-жоболорду жана КР ЖАА кооптуу жүктөр жаатында сертификациялоо жол-жоболору боюнча нускаманын талаптарына ылайык персоналды кооптуу жүктөр боюнча даярдоо программасын баяндаган башка тиешелүү колдонмону (кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча колдонмону) иштеп чыгууга, КР ЖАА берүүгө тийиш.
47) Кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташууга чечим кабыл алардан мурда, Эксплуатант аны баалоого, иштетүүгө жана ташууга тартылган бардык кызматкерлер өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу максатында тийиштүү окутуудан өткөндүгүнө ынанууга тийиш.
§ 2. Кооптуу жүктөрдү кабыл алуу .
48) Эксплуатанттар кооптуу жүктөрдү ташуу боюнча кандайдыр бир келишимдик макулдашууларды түзүүдөн мурун төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) жерде кызмат көрсөтүү боюнча агенттин / жүк жөнөтүүчүнүн / агенттин кооптуу жүктөрдү аба аркылуу ташуу үчүн кабыл алууну, таңгактоону, иштетүүнү, жүктөө-түшүрүүнү жана өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу персоналы Техникалык нускамалардын талаптарына ылайык даярдалган.
2) жерде кызмат көрсөтүү боюнча агент кооптуу жүктөрдү кабыл алууну, жүктөө-түшүрүүнү, өткөрүүнү жана коштоочу документтерди тариздөөнү Техникалык нускамалардын талаптарына ылайык талаптагыдай аткарат.
3) Кооптуу жүктөрдү кабыл алууну ырастоо үчүн текшерүү баракчаларын колдонот.
49) Эксплуатант ташуу үчүн даярдалган кооптуу жүктөрдү кабыл албайт, эгерде:
1) кооптуу жүктөр, мындай документтин болушу талап кылынбаган учурларды кошпогондо, кооптуу жүктөрдү ташуу толтурулган документ менен коштолбосо; жана
2) кооптуу жүктөрдү камтыган жүк даанасы, сырткы таңгагы же жүк контейнери Эксплуатант тарабынан белгиленген жол-жоболор жана текшерүү баракчаларына ылайык таризделбегенде.
3) жүктөрдү кабыл алууну, таңгактоону, иштетүүнү, жүктөө-түшүрүүнү жана өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдун персоналы Техникалык нускамалардын талаптарына ылайык даярдыктан өткөн эмес.
§ 3 Текшерүү тизмеси (кабыл алуунун текшерүү тизмеси)
50) Эксплуатант кооптуу жүктөрдү кабыл алуу 2- параграфтын жоболорунун сакталышын камсыз кылуу үчүн текшерүү баракчасын иштеп чыгууга жана колдонууга тийиш.
§ 4 Жүктөө жана жайгаштыруу
51) Эксплуатант кооптуу жүктөрдү камтыган таңгактарды, сырткы таңгактарды, ошондой эле радиоактивдүү материалдарды камтыган жүк контейнерлерин аба кемелерине жүктөө жана аларды жайгаштыруу Техникалык нускаманын талаптарына ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылууга милдеттүү.
§ 5 . Бузулууларды, агып кетүүлөрдү же булганууларды текшерүү.
52) Кооптуу жүктөрдү камтыган таңгактарды жана ашыкча таңгактарды жана радиоактивдүү материалдарды камтыган жүк контейнерлерин учакка же жүктөө бирдигине жүктөөнүн алдында агып кетүү же бузулуу белгилерин текшерүү керек. Аккан же бузулган таңгактарды, ашыкча таңгактарды же жүк контейнерлерин учакка жүктөөгө болбойт.
53) Бирдик жүктөөчү түзүлүш аба кемесинде камтылган кооптуу жүктүн агып кетүүсүнүн же бузулуусунун жоктугун текшерүү үчүн текшерилмейинче, учакка жүктөөгө болбойт.
54) Кооптуу жүктүн таңгагынын бузулганы же андан заттардын агып чыгуу белгилери аба кемесине жүктөлгөндөн кийин аныкталган учурда, эксплуатант мындай жүк ордун аба кемесинен өз алдынча же тиешелүү иштерди аткарууга укугу бар ыйгарым укуктуу уюм аркылуу токтоосуз алып чыгууну камсыз кылууга милдеттүү. Эксплуатант ошондой эле жүк жөнөтмөсүнүн калган бөлүгүн андан ары аба аркылуу ташууга жарамдуулугун текшерүүнү камсыз кылууга, ошондой эле аба кемесинин бортундагы башка жүк орундарынын булгануусунун, бузулуусунун же башка терс таасирлердин алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
55) Кооптуу жүктөрү бар жүк орундары жана сырткы таңгактар, ошондой эле радиоактивдүү материалдары бар жүк контейнерлери аларды аба кемесинен же жүктөрдү пакеттөө каражатынан түшүрүүдө эксплуатант тарабынан бузулуулардын, герметикалуулуктун бузулушунун же агуунун белгилеринин бар-жогуна милдеттүү түрдө текшерилүүгө тийиш. Бузулуулардын, герметикалуулуктун бузулушунун же агуунун белгилери табылган учурда эксплуатант аталган кооптуу жүктөр жайгаштырылган аба кемесинин участогун, жүк бөлүмүн же жүктөрдү пакеттөө каражатын булганууну, аба кемесинин конструкциясынын бузулушун же учуулардын коопсуздугуна таасир тийгизе турган башка кесепеттерди табуу максатында текшерүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Булгануу же бузулуу табылган учурда эксплуатант ушул Эрежелердин жана Техникалык нускамалардын талаптарына ылайык аларды четтетүү боюнча зарыл болгон иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
§ 6. Жүктөө жана сактоо боюнча чектөөлөр.
56) Эксплуатант төмөнкү чектөөлөрдү сакташы керек:
а) Бири-бири менен кооптуу өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүү кооптуу жүктөрү бар жүк орундарын аба кемесине жанаш же алар аккан учурда кооптуу өз ара аракеттенүүсү келип чыгышы мүмкүн болгондой жайгаштырууга жол берилбейт;
б) Токсиндүү же инфекциялык заттарды камтыган жүк орундары аба кемесине Техникалык нускамалардын талаптарына ылайык жайгаштырылууга тийиш;
в) Радиоактивдүү материалдарды камтыган жүк орундары аба кемесине Техникалык нускамалардын талаптарына ылайык жүргүнчүлөрдөн, экипаж мүчөлөрүнөн, жаныбарлардан жана ачыла элек фотоматериалдардан коопсуз аралыктарды сактоо менен жайгаштырылууга тийиш;
г) Техникалык нускамаларда каралган учурларды кошпогондо, аба кемесинин жүргүнчүлөр салонунда жана учуу экипажынын кабинасында кооптуу жүктөрдү ташууга тыюу салынат;
д) «Үлүшүнө жүк ташуучу аба кемеси гана» (Только грузовое воздушное судно) белгиси менен маркаланган кооптуу жүктөрү бар таңгактар аба кемесинин бортуна Техникалык нускамалардын талаптарына ылайык жүктөлүүгө жана жайгаштырылууга тийиш;
е) Эксплуатант кооптуу жүктөрдү бузулуудан коргоону, ошондой эле учуу учурунда жүк орундарынын абалынын өзгөрүшүнө, таңгактын бузулушуна же коопсуздук талаптарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон которулуусун болтурбоо үчүн алардын аба кемесинин бортунда ишенимдүү бекитилишин камсыз кылууга милдеттүү. Радиоактивдүү материалдарды камтыган жүк орундары ташуунун бардык мезгилинде белгиленген коопсуз аралыктардын сакталышы камсыз кылынгандай бекитилүүгө тийиш.
§ 7. Булгоочу заттарды жок кылуу.
57) Кооптуу жүктөрдүн агып кетүүсүнүн, төгүлүүсүнүн же бузулуусунун кесепетинен келип чыккан ар кандай булгануу токтоосуз четтетилүүгө тийиш. Эксплуатант мындай булганууга байланыштуу ар кандай коркунучту дароо четтетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.келип чыккан ар кандай булгануу дароо алынып салынат жана ар кандай коркунучту жоюу үчүн чаралар көрүлөт.
58) Радиоактивдүү материалдар же башка кооптуу жүктөр менен булганган аба кемеси дароо пайдалануудан чыгарылат жана булгануунун кесепеттерин жоюу боюнча зарыл иштер, анын ичинде радиациялык дезактивация, сымап төгүлгөн учурда демеркуризация жана аба кемесин атайын тазалоо иштери жүргүзүлгөнгө чейин кайра пайдаланууга берилбейт. Бул иштер тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, анын ичинде өзгөчө кырдаалдар жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү органдардын көзөмөлүндө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук стандарттарына жана техникалык регламенттерине так ылайык жүргүзүлөт. Мында радиоактивдүү материалдар менен булганган аба кемеси анын жетүүгө мүмкүн болгон ар кандай бетиндеги радиациянын деңгээли жана бекитилбеген радиоактивдүү булгануу Техникалык нускамаларда көрсөтүлгөн маанилерден ашпаган деңгээлге жеткенге чейин кайра пайдаланууга берилбейт.
§ 8. Жүргүнчүлөрдү каттоонун тартиби
59) Эксплуатант жүргүнчүлөрдү каттоого, аэропортто жана аэродромдон тышкаркы жерлерде жүргүнчүлөрдү текшерүүгө катышкан персоналдын жүргүнчүлөр ташыган кооптуу жүктөрдү аныктоо жана аныктоо үчүн тийиштүү түрдө окутулушун камсыз кылууга тийиш.
7- бөлүм – Маалымат берүү
§ 1. Аба кемесинин командири үчүн маалымат.
60) Кооптуу жүктөрдү ташыган аба кемеси учуп кетердин алдында эксплуатант аба кемесинин командирине (учактын да жана тик учактын да) Техникалык нускамаларда каралгандай жазуу түрүндөгү маалыматты (NOTOC) берүүгө тийиш.
61) АКК тарабынан кол коюлган жазуу жүзүндөгү маалыматтын окула турган көчүрмөсү жерде учуу аяктаганга чейин оңой жетүүгө мүмкүн болгон жерде сакталууга тийиш. Бул көчүрмө же анда камтылган маалымат эксплуатанттын персоналы же өкүлдөрү үчүн акыркы учуунун жана кийинки пландаштырылган келүүнүн аэродромдоруна маалымат тиешелүү болгон учуу аяктаганга чейин жеткиликтүү болууга тийиш.
62) АККүчүн жазуу жүзүндөгү маалыматтын көчүрмөсү, анын электрондук көчүрмөсү учуу аэропортунда же эксплуатанттын негизги иштеген жеринде 90 күн бою сакталат жанаКР ЖАА суроо-талап боюнча берилет.
63) Толугу менен же жарым-жартылай Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары рейсте кооптуу жүктөрдү ташууда АККне берилген жазуу жүзүндөгү маалымат англис тилинде болушу керек.
§ 2. Учуу экипажынын мүчөлөрү учун маалымат.
64) Эксплуатант учуу экипажына кооптуу жүктөрдү ташуу менен байланышкан милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн өзүнүн эксплуатациялоо боюнча нускамасында же башка тиешелүү нускамада (кооптуу жүктөрдү пайдалануу боюнча нускамада) маалымат берүүгө жана кооптуу жүктөрдү ташуу учурунда өзгөчө кырдаал болгон учурда көрүлө турган иш-аракеттер жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
§ 3. Жүргүнчүлөр үчүн маалымат.
65) Эксплуатанттар жана жерде тейлөөчү агенттер жүргүнчүлөргө аба кемесинин бортунда ташууга тыюу салынган кооптуу жүктөр жөнүндө маалымдашы керек. Кабарлоо системасы алардын учуу боюнча нускамасында же башка тиешелүү колдонмолордо (кооптуу жүктөр боюнча колдонмо) көрсөтүлүшү керек.
66) КР ЖАА аба кемесинин бортунда ташууга тыюу салынган же чектелген кооптуу жүктөрдүн түрлөрү жөнүндө жүргүнчүлөргө маалымат берүү боюнча эксплуатант тарабынан ушул Эрежелердин жана Техникалык нускамалардын талаптарынын аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
§ 4. Башка адамдар үчүн маалымат.
67) Аба транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу менен алектенген эксплуатанттар /жерде тейлөөчү агенттер/жөнөтүүчүлөр жана башка уюмдар өз персоналына кооптуу жүктөргө байланыштуу милдеттерин аткарууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды берүүгө жана кооптуу жүктөр катышкан өзгөчө кырдаалдарда көрүлө турган иш-аракеттер боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
68) Жүк жөнөтүүчүлөрдү/агенттерди алардын жүк ташууларында камтышы мүмкүн болгон кооптуу жүктөр жөнүндө эскертүү үчүн эксплуатант же эксплуатанттын жүктү тейлөө боюнча агенти кооптуу жүктөрдү ташуу жөнүндө маалыматты камтыган жетиштүү жана так белгиленген билдирүүлөр жүктү кабыл алуу пункттарында көрүнүктүү жерге( лерде ) илинип турушун камсыз кылууга тийиш.
§ 5. Аба кемесинин командири тарабынан аэропорттун администрациясына берилген маалымат
69) Учуу учурунда авариялык кырдаал болгон учурда командир аба кемесинин бортундагы бардык кооптуу жүктөрдү аэропорттун жетекчилигине өткөрүп берүү үчүн аба кыймылын тейлөө боюнча тийиштүү бөлүмгө кабарлайт. Бул билдирүүдө жүктүн тиешелүү аталышы жана БУУ номери, 1-класс үчүн класс/бөлүм жана шайкештик тобу, ошондой эле кандайдыр бир кошумча коркунуч( тар ), аба кемесинин бортундагы кооптуу жүктөрдүн саны жана жайгашуусу камтылууга тийиш же командирге берилген маалыматтын көчүрмөсү алынышы мүмкүн болгон телефон номери көрсөтүлүшү керек. Билдирүүгө бардык маалыматты киргизүү мүмкүн эмес деп эсептелген учурда, билдирүүнүн жагдайларда эң маанилүү болгон бөлүктөрүн же ар бир бөлүмдөгү кооптуу жүктөрдүн санын, классын же категориясын кыскача баяндоо керек.
§ 6. Авиациялык кырсык же инцидент болгон учурда маалымат.
70) Эгерде:
1) авиациялык кырсык же
2) жүк катары ташылган кооптуу жүк менен коштолушу мүмкүн болгон олуттуу инцидент болгон учурда, Аба кемесинин эксплуатанты аба кемесинин командирине берилген жазуу жүзүндөгү маалыматта камтылган, борттогу кооптуу жүктөр жөнүндө маалыматтарды ушул авиациялык кырсыкка же олуттуу инцидентке байланыштуу тартылган авариялык кызматтарга токтоосуз берүүгө жана ыкчам чара көрүүнү, ошондой эле алардын кесепеттерин жоюуну камсыз кылуу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга токтоосуз билдирүүгө тийиш. Эксплуатант мындай маалыматтарды 72 сааттан кечиктирбестен КР ЖАА, ошондой эле авиациялык кырсык же олуттуу инцидент болгон мамлекеттин тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарына берүүгө тийиш.
71) Авиациялык инцидент болгон учурда кооптуу жүктөрдү жүк катары ташыган аба кемесинин эксплуатантынын суроо-талабы боюнча аба кемесинин командирине берилген жазуу жүзүндөгү маалыматта камтылган борттогу кооптуу жүк жөнүндө маалыматты ошол окуяга байланыштуу болгон авариялык кызматтарга жана окуя болгон мамлекеттин тиешелүү органына дароо берүүгө милдеттүү. 72 сааттан кечиктирбестен эксплуатант мындай маалыматты КР ЖАА берүүгө милдеттүү.
8- бөлүм – Кооптуу жүктөр боюнча даярдык
§ 1. Даярдоо программасы
72) Кооптуу жүктөрдү ташуу чөйрөсүндөгү кызматкерлерди баштапкы даярдоо жана мезгил-мезгили менен даярдоо программалары ушул Эрежелердин жана КР МЖА тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык иштелип чыгат, киргизилет жана актуалдаштырылат.
73) Кооптуу жүктөр боюнча даярдоо программалары бардык эксплуатанттар үчүн каралган, алардын Кооптуу жүктөрдү ташууга уруксаты бар-жогуна карабастан.
74) Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана эксплуатант болбогон уюмдар үчүн (мисалы, кооптуу жүктү кабыл алуу, жүктөө, түшүрүү, жүргүнчүлөрдү каттоо, жүргүнчүлөрдүн, учкучтар курамынын жана алардын багажынын текшерүүсүн жүргүзүү менен алектенген уюмдар) каралган кооптуу жүктөр боюнча даярдоо программалары КР ЖАА тарабынан белгиленген тартипте бекитилиши керек.
75) Кооптуу жүктөр боюнча дайындалган почта операторлоруна арналган даярдык программалары КР ЖАА тарабынан бекитилет.
76) Даярдоо программасы бүткөндөн кийин сынак жана окутуунун натыйжалуулугун баалоо өткөрүлүшү керек, материалды өздөштүрүүнү текшерүү максатында. Сынактан жана натыйжалуулук баалоосунан ийгиликтүү өткөндүгү тастыкталышы зарыл.
77) Даярдоо жөнүндө маалымат жаңыртылган жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:
78) кызматкердин фамилиясы;
79) жыйынтыктоочу окуу жана баалоо курсун аяктаган ай;
80) тренингди өткөрүү үчүн колдонулган окуу материалдарынын сыпаттамасы, алардын көчүрмөсү же аларга шилтеме;
81) персоналды окутууну жүргүзгөн уюмдун аталышы жана дареги,
82) тесттин ийгиликтүү аяктагандыгынын далили жана даярдоонун натыйжалуулугун баалоо.
83) Персоналды окутуунун жана баалоонун эсепке алуулары акыркы окуу аяктаган айдан тартып кеминде 36 айга чейин сакталат жана КР ЖАА суроо-талабы боюнча берилүүгө тийиш.
§ 2. Инструктордун квалификациясы.
84) Кооптуу жүктөр боюнча персоналды баштапкы даярдоого жана кайра даярдоого жооптуу инструктоорлор окуу иштерин баштоодон мурун, инструктордук ишмердүүлүктү жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүшү же компетенттүүлүктү тастыктоочу баалоодон өтүшү керек жана алар окутуучу функцияга тиешелүү болушу зарыл.
85) Кооптуу жүктөр боюнча персоналды баштапкы даярдоого жана кайра даярдоого жооптуу инструктоорлор мындай курстарды кеминде ар 24 ай сайын өткөрүшү керек, ал мүмкүн болбосо – кайра даярдоо өтүшү зарыл.
9- бөлүм – Эрежелерди сактоо.
§ 1. Текшерүү системалары
86) Кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин сакталышын камсыз кылуу максатында, ушул Эрежелерде белгиленген функцияларды аткарган бардык уюмдар үчүн (анын ичинде таңгактоочулар, жүк жөнөтүүчүлөр, жердеги тейлөө боюнча агенттер жана эксплуатанттар) КР ЖАА тарабынан бул талаптардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча текшерүү процедуралары белгиленген.
87) Бул процедуралар төмөнкүлөр жөнүндө жоболорду камтыйт:
- уюмдар тарабынан даярдалуучу, сунушталуучу, кабыл алынуучу же ташылуучу кооптуу жүктөрү бар жүк жөнөтүүлөрүн текшерүү;
- уюмдардын ишин текшерүү;
- мүмкүн болгон бузууларды иликтөө.
§ 2. Мамлекеттер ортосундагы кызматташтык
- КР ЖАА башка мамлекеттердин башка компетенттүү органдары менен бирдикте мындай бузууларды четтетүү максатында кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузууга байланышкан биргелешкен аракеттерди көрөт. Биргелешкен аракеттерге текшерүүлөрдү координациялоо жана ченемдик укуктук актылардын сакталышын камсыздоого багытталган чараларды камтышы мүмкүн; жөнгө салынуучу тараптын ылайык келүү тарыхы боюнча маалымат алмашуу; биргелешкен аудит жүргүзүү жана башка техникалык маселелер боюнча кызматташуу; техникалык персоналды алмаштыруу; жана биргелешкен жолугушууларды жана конференцияларды өткөрүү.
- Бул компетенттүү органдардын ортосунда алмашылышы мүмкүн болгон тиешелүү маалымат коопсуздук эскертүүлөрүн, бюллетендерди же кооптуу жүктөр боюнча кеңештерди камтыйт; сунушталган жана аткарылган ченемдик укуктук актылар; окуя боюнча отчеттор; окуяны иликтөөдө алынган документалдык жана башка далилдер; ылайык келүү боюнча сунушталган жана акыркы аракеттер; жана жалпы жайылтууга арналган маалыматтык/жарнамалык материалдар.
§ 3. Санкциялар
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябры № 128 Укук бузуулар жөнүндө кодексинде аба кемелеринин бортунда кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн тиешелүү жаза чаралары каралган.
- КР ЖАА аба транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу чөйрөсүндөгү талаптардын сакталышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын, анын ичинде мындай операцияларды аткарууга укук берүүчү тиешелүү уруксаттардын, сертификаттардын же башка документтердин аракеттенүүсүн токтото турууну же аларды жокко чыгарууну колдонууга укуктуу. Чет мамлекеттин компетенциялуу органынан алынган Техникалык нускамалардын талаптарынын бузулушу жөнүндө маалымат аталган чараларды колдонуу үчүн негиз болуп саналат. Кооптуу жүктөрдүн партиясы келип түшкөндө Техникалык нускамалардын талаптарына ылайык келбестиктин табылышы жана ал жөнүндө дайындалган мамлекеттин компетенциялуу органы Кыргыз Республикасына жөнөтүүчү мамлекет катары кабарлаган учурлар да ушундай учурларга кирет.
§ 4. Кооптуу жүктөрдү почта аркылуу жөнөтүү
- Кыргыз Республикасынын эксплуатанттарына, эгерде почта операторунун, почта операторунун агентинин же эксплуатанттардын атынан почта жөнөтүүлөрүн кабыл алууну, жүктөө-түшүрүүнү же иштеп чыгууну жүзөгө ашырган мекеменин кызматкерлери тиешелүү даярдыктан өтпөгөн болсо, кооптуу жүктөрдү камтыган почта жөнөтүүлөрүн ташууга тыюу салынат.
- Дайындалган почта операторлоруна, Техникалык нускамаларда каралган учурларды кошпогондо, аба транспорту менен жөнөтүү үчүн почта аркылуу кооптуу жүктөрдү кабыл алууга тыюу салынат.
- Дайындалган почта операторлоруна, Техникалык нускамаларда каралган учурларды кошпогондо, почта аркылуу кооптуу жүктөрдү жөнөтүүгө тыюу салынат.
10- бөлүм – Кооптуу жүктөр менен болгон окуялар жана авариялар жөнүндө отчет
§ 1. Жалпы жоболор
- Кооптуу жүктөр менен байланышкан авиациялык кырсыктардын жана олуттуу инциденттердин кайталанышын болтурбоо максатында, кырсыктарды иликтөө боюнча компетенциялуу орган Кыргыз Республикасынын аймагында орун алган мындай окуялар жөнүндө (эл аралык, ошондой эле ички ташууларды аткарууда) маалыматтарды топтоо жана иликтөө процедураларын белгилейт.
- Кооптуу жүктөрдү ташуу менен байланышкан инциденттердин (олуттуу катары классификацияланбаган) жана башка бузуулардын кайталанышын болтурбоо максатында, КР ЖАА Кыргыз Республикасынын аймагында орун алган мындай окуяларды иликтөө, маалыматтарды топтоо жана эсебин жүргүзүү процедураларын белгилейт.
- Жүктө же почтада декларацияланбаган же туура эмес декларацияланган кооптуу жүктөрдү ташуу учурларынын кайталанышын болтурбоо максатында, КР ЖАА аба аркылуу ташуулардын каалаган түрлөрүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын аймагында орун алган мындай учурлар жөнүндө маалыматтарды топтоо жана иликтөө процедураларын белгилейт. Бул фактылар боюнча отчёттор Техникалык нускамалардын кеңири баяндалган жоболоруна ылайык түзүлөт жана берилет.
- Эксплуатант болуп саналбаган жана кооптуу жүктөргө иш жүзүндө ээлик кылган уюмдар авиациялык кырсык, инцидент болгон же декларацияланбаган (туура эмес декларацияланган) кооптуу жүктөрдү ташуу фактысы табылган учурда, Техникалык нускамалардын жоболоруна ылайык отчётту берүү боюнча талаптарды аткарууга милдеттүү.
- Авиациялык кырсыктар жана олуттуу инциденттер боюнча отчёттор иликтөө боюнча компетенциялуу органга жана КР ЖААга жөнөтүлөт.
- Инциденттер, бузуулар жана табылган декларацияланбаган/туура эмес декларацияланган кооптуу жүктөр боюнча отчёттор түздөн-түз КР ЖААга жөнөтүлөт.
Мындай уюмдардын катарына грузовой экспедиторлор (агенттер), бажы органдары же авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында текшерип кароо менен алектенген кызматтар кириши мүмкүн, бирок алар менен гана чектелбейт.
11- бөлүм Кооптуу жүктөрдүн авиациялык коопсуздугуна тиешелүү жоболор .
- КР ЖАА кооптуу жүктөрдүн авиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жүк жөнөтүүчүлөргө, эксплуатанттарга жана кооптуу жүктөрдү аба транспорту менен ташуу процессине катышкан башка адамдарга карата колдонулуучу чараларды киргизет, булар адамдардын өмүрүнө, мүлкүнө же айлана - чөйрөгө коркунуч келтириши мүмкүн болгон кооптуу жүктөрдү уурдоо же туура эмес пайдалануу учурларын минималдаштыруу максатында колдонулууга тийиш.
- Кооптуу жүктөрдү даярдоодо авиациялык коопсуздуктун аспектилери менен таанышуу элементтери камтылууга тийиш.
- Эксплуатанттар, жүк жөнөтүүчүлөр жана кооптуу жүктөрдү ташууга катышкан башка тараптар авиациялык коопсуздук программасын кабыл алууга, ишке ашырууга жана колдоого милдеттүү, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
88) тиешелүү компетенцияга, квалификацияга жана ыйгарым укуктарга ээ адамдардын ортосунда авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди конкреттүү бөлүштүрүү;
89) кооптуу жүктөр же ташылып жаткан кооптуу жүктөрдүн түрлөрү боюнча каттоо маалыматтары;
90) учурдагы операцияларды талдоо жана аялуу факторлорун баалоо, анын ичинде транспорттун бир түрүнөн экинчисине которуу, транзиттик жүктү убактылуу сактоо, конкреттүү жагдайларга жараша жүктөрдү иштетүү жана бөлүштүрүү;
91) окутуунун негизги максаттарын жана принциптерин (анын ичинде жогорку кооптуу жол-жоболор, жаңы кызматкерлерди текшерүү/жумушка орношуу алдында текшерүү ж.б.), оперативдүү практикалар (мисалы, убактылуу сактоодогу кооптуу материалдарга жетүү, аялуу инфраструктурага жакын болуу ж.б.), коопсуздук тобокелдиктерин азайтуу үчүн колдонула турган жабдыктарды жана ресурстарды камтыган көрүлө турган чаралардын так баяны;
92) коопсуздук коркунучтары, коопсуздуктун бузулушу же коопсуздук инциденттери жөнүндө билдирүүнүн, ошондой эле аларды жоюунун натыйжалуу жана заманбап ыкмалары;
93) авиациялык коопсуздук программаларын баалоо жана бекитүү методдору, ошондой эле бул программаларды мезгил-мезгили менен карап чыгуу жана жаңыртуу ыкмалары;
94) программада камтылган транспорттук маалыматты коргоону камсыз кылуу боюнча чаралар;
95) транспорт жөнүндөгүмаалыматтын таркатылышын мүмкүн болушунча чектөө боюнча чаралар.