Редакцияот 25.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXIII сессиясы

 

2021-жылдын 25-январындагы № 2

 

Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан долбоорлор боюнча жалпы элдик чогулуштун протоколдорун бекитип берүү жөнүндө

 

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Көчөрбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги чакырылган XXXIII сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Тогуз-Торо райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан айыл чарба техникасын (пресс-подборщик) сатып алуу үчүн сунуштаган айыл ѳкмѳтүнүн жалпы элдик жыйындын токтому жактырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бардык 3 комиссиясына теӊ бирдей жүктөлсүн.

3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы З.Акуновага милдеттендирилсин.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы

 

Р.Ө. Ажыбаев