Редакцияот 23.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXV сессиясы

 

 

2021-жылдын 23-апрелиндеги № 1

 

“ТОБС” жоопкерчилиги чектелген коомунун геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин ХХI шайланышынын кезексиз чакырылган VII сессиясынан Тогуз-Торо айыл аймагына караштуу Нарын дарыясынын сол куймасынан Ала-Буга дарыясынын Кызыл-Кыр аянтынан геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат сурап кайрылган.

 

Жогорудагыларды белгилеп Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин XXXV сессиясы               

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. “ТОБС” жоопкерчилиги чектелген коомуна Тогуз-Торо айыл аймагындагы Нарын дарыясынын сол куймасынан Ала-Буга дарыясынын Кызыл-Кыр аянтынан геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү иштери документтери толук болбогондуктан кийинки сессияга калтырылсын.

2. Кийинки сессияга тиешелүү документтерин толук камсыздоо жагы айыл ѳкмѳт башчысы У.Кѳчѳрбаевге тапшырылсын.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы

 

Р.Ө. Ажыбаев