Редакцияот 23.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXV сессиясы

 

 

2021-жылдын 23-апрелиндеги № 3

 

Сансызбаев Нурбектин кайрылуусун кароо жөнүндө

 

Казарман айылынын туругун Сансызбаев Нурбектин союздан калган тегирменди иштетип, ижарага сурап кайрылган.

 

Жогорудагыларды белгилеп Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин XXXV сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Айыл ѳкмѳтүнүн балансасындагы тегирмен айыл тургуну Сансызбаев Нурбекке ижарага берилсин.

2. Тегирмендин ичиндеги темирлерди баалап, сатуу боюнча атайын комиссия курамын түзүү жагы айыл ѳкмѳт башчысына тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

4. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана массалык аалымат каражаттарына жарыялоо жагы жооптуу катчы З.Акуновага тапгшырылсын.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы

 

Р.Ө. Ажыбаев