ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХI шайланышынын) кезексиз чакырылган XXXV сессиясы
2021-жылдын 23-апрелиндеги № 4
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдагы аткарган иштерине баа берүү жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кенешинин (ХХI шайланышынын) кезектеги XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2020-жылдагы аткарган иштеринин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылга карата бюджети, ички жайыт эрежелери, типтүү келишими бекитилсин.
3. Малдын башына алынуучу салык айылдык кеӊештин көпчүлүк депутаттын колдоосу менен бодо, жылкы малга жан башына 75 сомдон, кой-эчкиге 15 сомдон болуп бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы |
| Р.Ө. Ажыбаев |