Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-апрелиндеги № 6
Коомдук жана саясий ишмер Ж.Абдрахмонвдун 120 жылдыгына карата ысымын ыйгаруу жөнүндө
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 20.04.2021-жылдагы № 06-09/603 сандуу катына ылайык Ж.Абдрахмановдун 120 жылдыгына ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ Тогуз-Торо айылдык кеӊешинин XXXV сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 20.04.2021-жылдагы № 06-09/603 сандуу катына ылайык мамлекеттик жана саясий ишмер Ж.Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата маданий жайларга жана кѳчѳлѳргѳ ысымын ыйгаруу жѳнүндѳ И.Борболдоевдин билдирүүсү каралсын.
2. 2021-жылдын аягына чейин кѳчѳлѳргѳ ысым коюу боюнча мораторий болгондуктан жылдын аягында айылдык китепканалардын бирине ысымын ыйгаруу боюнча сунушу каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин бюджет, экономика,мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин тѳрагасы |
| Р.Ө. Ажыбаев |