Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 25-апрели № 283

 

 

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын бекитүү жөнүндө

 

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 721 токтомунун редакциясына ылайык)

 

 

Бишкек шаарын туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү, аймакты өнүктүрүүнү пландоо, функциялык зоналарды белгилөө, республикалык жана жергиликтүү мааниде пландалган объекттерди аныктоо, шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда адамдын коопсуздугун жана жагымдуу жашоо-тиричилик шарттарын камсыз кылуу, айлана-чөйрөгө чарбалык жана башка иштин терс таасирин чектөө, аймакты жана жаратылыш ресурстарын учурдагы жана келечек муундардын кызыкчылыгында коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, өзгөчө жөнгө салуудагы шаар куруу зонасы катарында Кыргыз Республикасынын борборунун өзгөчө статусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 36, 37-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 14-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планы (мындан ары - Башкы план) 1-3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Башкы план Бишкек шаарын аймактык пландоонун негизги документи болуп саналат жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын, тармактык схемаларды иштеп чыгууда, ошондой эле курулуш жана жер тилкелерин пайдалануу жөнүндө чечимдерди кабыл алууда милдеттүү түрдө эске алынууга тийиш;

2) функциялык зоналаштыруу белгиленбеген аймактарда, аларды пайдалануунун келечектүү негизги түрлөрү жана шаар куруу регламенттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен аныкталат;

3) Башкы планга өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен киргизилет;

4) Башкы план жер мунапысы берилген объекттерге карата колдонулбайт;

5) архитектуралык шарттарды жана курулушка карата талаптарды камтыган шаар куруу корутундусу белгиленген тартипте берилген объекттерди кошпогондо, мурда иштелип чыккан жана ушул токтом күчүнө киргенге чейин ишке ашырылбаган шаар куруу документтери Башкы планга ылайык келтирилет.

3. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги шаар куруу ишинин объекттерине мониторинг жүргүзүү үчүн шаар куруу кадастрын иштеп чыксын.

4. Бишкек шаарынын мэриясы 2027-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин жана Бишкек шаарын деталдуу пландоо долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды көрсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 721 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун мамлекеттик администрациялары Бишкек шаарынын шаар четиндеги зоналарынын чектериндеги жерлерди пайдаланууну жана шаар куруу ишин Бишкек шаарындагы шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу аймактык орган менен макулдашып турсун.

6. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору Бишкек шаарынын аймагында инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду пландоодо жана ишке ашырууда Башкы планды катуу жетекчиликке алсын.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 "2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев

 

 

 

3-тиркеме

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планына карата НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР (түшүндүрмө кат)

1-глава. Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планын иштеп чыгууга карата методикалык мамилелер

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 "2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын Башкы планынын колдонуу мөөнөтүнүн аякташы жаңы документти даярдоо зарылдыгын аныктады.

2050-жылга чейин Бишкек шаарынын башкы планы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 290-т тескемесинин негизинде иштелип чыкты.

1. 2050-жылга чейин Бишкек шаарынын башкы планы (мындан ары - Башкы план) узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн стратегиялык документи болуп саналат жана Бишкек шаарын Борбордук Азиянын финансылык жана логистикалык борбору катары калыптандырууга, экономиканы диверсификациялоого жана шаардык ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө багытталган.

2050-жылга чейин Бишкек шаарына глобалдык стратегиялык көз караш өлкөнүн социалдык-экономикалык негизги факторлорунун бири болуп саналган креативдүү жана инновациялык экономика менен ыңгайлуу, коопсуз, экономикалык туруктуу, ошондой эле инвестицияларды тартуу, технологиялардын жана адамдык капиталдын борбору болгон шаарды калыптандыруу катары аныкталат.

Башкы планды даярдоонун негизине шаарды өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй моделдери кирет:

1) башкаруучулук чечимдер шаар куруу документтерин (аймактык пландоо, шаар курууну зоналаштыруу жана деталдуу пландоо долбоорлору) комплекстүү долбоорлоонун базасында кабыл алынган туруктуу шаар куруу системасынын модели кыйла натыйжалуу болуп саналат жана тиешелүү түрдө аймакты өнүктүрүүнүн туруктуулугун камсыз кылат. Долбоордук чечимдер өнүгүүдөгү чектөөлөрдү (мүлктүк-укуктук, табигый жана техногендик мүнөздөгү, тарыхый-маданий маанидеги, шаар куруу чектөөлөрүн) эске алуу аркылуу жана тиешелүү түрдө аймакты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ресурстук потенциалды (табигый, аймактык ресурстар, адамдык капитал, тарыхый-маданий мурастар ж.б.) талдоонун негизинде аныкталат;

2) агломерациялык өнүктүрүү модели Бишкек агломерациясын жайгаштыруу системасын комплекстүү мейкиндик өнүктүрүүнү болжолдойт. Бишкек агломерациясын өнүктүрүү экономикалык өнүктүрүү (агломерация шаарларында кошумча жаңы эмгек орундарын түзүү), тейлөө системасын оптималдаштыруу (агломерациянын чакан борборлорунда инфраструктуралык объекттердин комплексин түзүү), агломерациянын транспорттук каркасын өнүктүрүү (Бишкек айланма темир жолун, автомобиль жолдорун куруу), рекреацияны, эс алууну жана туризмди өнүктүрүү (өзүнө тарта турган жаңы орундарды, эс алуу базаларын түзүү, улуттук жана маданий иденттүүлүк локацияларын өнүктүрүү) аркылуу жүзөгө ашырылат, бул Бишкек шаарын гана эмес, ошондой эле шаарларды - экономикалык өсүү түйүндөрүн (Кара-Балта, Токмок, Кант шаарлары, Беловодское, Ивановка, Кожомкул, Сокулук айылдары) күчөтүүгө өбөлгө түзөт;

3) Бишкекти жана Кантты көп борборлуу өнүктүрүү модели, аны ишке киргизүү жалпы шаардык маанидеги борборлордун, турак жай райондорунун борборлорунун, локалдык чакан борборлордун өз ара аракеттенүү системасын калыптандырууга, аларды ар кандай функциялар жана иш орундарын камсыздоо менен толуктоого багытталган.

Ушул Башкы планды даярдоо төмөнкү инновациялык ыкмаларды колдонуу менен жүзөгө ашырылат:

1) ушул Башкы планды даярдоону маалыматтык камсыздоодо ишке ашырылуучу комплекстүү санариптик ыкма, анын ичинде:

- жер-мүлктүк комплексинин параметрдик маалыматтары;

- курулуштун жана жер тилкелерин пайдалануунун түрлөрүнүн сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү;

- экономикалык маалыматтарды жана демографиялык мүнөздөмөлөрдү системалаштыруу;

- шаар куруу чөйрөсүнүн түзүмдүк компоненттеринин семантикалык сыпаттамасы, анын ичинде социалдык, инженердик, коммуникациялык, өндүрүштүк системалардын объекттеринин иштөө түрү, багыты жана натыйжалуулугу;

2) аймакты сарамжалдуу пландоо менен уюштуруунун негизи болуп каркастардын тең салмактуулугу саналат:

- транспорттук каркас транспорттук инфраструктуранын бардык түрүнүн эң маанилүү объекттерин (автомобиль, темир жол, аба жана суу транспортунун түйүндүк объекттери жана линиялык-багытталган элементтер) өзүнө бириктирген жана транспорт системасынын функционалдык биримдигин камсыздаган тең салмактуу жана байланыш таяныч транспорттук тармагын билдирет;

- табигый-экологиялык каркас табигый пайдалануунун жеке мүнөздөмөсүнө ээ болгон жана аймактын экологиялык жана туруктуулугун камсыз кылган мейкиндик-уюштурулган түзүмдү калыптандыруучу курулуп бүтө элек жана жашылдандырылган мейкиндиктердин аймактык үзгүлтүксүз системасын камтыйт;

- экономикалык каркас шаар түзүү базасын түзүү аркылуу иш орундарын толуктоону концентрациялаган коомдук-ишкердик, өндүрүштүк, коммуналдык-кампалык, транспорттук функционалдык зоналардын системасы менен калыптанат;

3) баланстык мамиле шаардын 15 мүнөттүк концепциясын эске алуу менен социалдык объекттердин зарыл болгон санына эмгек ресурстарынын, иш орундарын толуктоонун, турак жай зона аянттарынын оптималдуу катышында калктын долбоордук санын жайгаштырууну камсыз кылат;

4) транспорттун ар кандай түрлөрүн бириктирген жана транспорттук жол жүрүүнүн ар бир этабында транспорттун кыйла натыйжалуу түрүн тандоонун эсебинен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү жеткирүүгө чыгымдарды жана убакытты минималдаштыруу мүмкүнчүлүгүн берген транспорттук коридорлорду интеграциялоо жана пайдалануу жолу менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууда транспорттун ар түрдүү түрлөрүнүн натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү, бири-бирин алмаштыруусу жана бири-бирин толуктоосу камсыз кылынган тең салмактуу интермодалдык транспорт системасын калыптандыруу.

Ушул Башкы планды иштеп чыгуунун максаттары болуп аймактарды өнүктүрүүнү пландоо, функционалдык зоналаштырууну белгилөө, республикалык жана жергиликтүү маанидеги пландаштырылуучу объекттерди аныктоо, шаар куруу ишин жүзөгө ашырууда адамдын жашоо-турмушунун коопсуздугун жана жагымдуу шарттарын камсыз кылуу; чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин чектөө; азыркы жана келечек муундарынын кызыкчылыгы үчүн жаратылыш ресурстарын коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу саналат.

Комплекстүү шаар куруу саясатын ишке ашыруу механизмдери:

- маданий мурастарды, салттарды жана шаар курууну долбоорлоонун заманбап ыкмаларын эске алуу менен шаарды жана ага кошулган аймактарды план ченемдүү өнүктүрүү;

- жашоо-турмуштун экологиялык жагымдуу жана ыңгайлуу чөйрөсүн түзүү;

- калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук максаттарына жана стратегиялык милдеттерине жетүү;

- инженердик, транспорттук жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү;

- тарыхый-маданий мурас объекттерин жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо.

Ушул Башкы план Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ошондой эле эл аралык алдынкы практикаларды колдонуу менен иштелип чыкты.

Бул Башкы планда төмөнкүлөр колдонулду:

- "Кыргыз башкы инженердик изилдөө институту" ААК жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту тарабынан аткарылган инженердик-геологиялык изилдөөлөр жана микросейсмикалык райондоштуруу материалдары;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан аткарылган картографиялык жана топографиялык материалдар;

- космостон сүрөткө тартуулар;

- Мамлекеттик шаар куруу кадастрынын материалдары.

Иште 2022-жылы Кыргыз Республикасынын калкын жана турак жай фондун каттоо маалыматтары, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык маалыматтары, министрликтердин жана ведомстволордун, Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык-экономикалык жана шаар курууну өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү пландары жана программалары боюнча маалыматтары колдонулду.

Иште мурда аткарылган жана колдонуудагы деталдуу пландоо долбоорлорунун жана курулуш долбоорлорунун материалдары колдонулду.

2-глава. Жалпы жоболор

Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын административдик, саясий, илимий, билим берүү жана маданий борбору болуп саналат. Бишкек шаары - бул ири өнөр жай борбору жана соода-логистикалык түйүн. Шаарда ири ишканалар, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү, музейлер, театрлар, билим берүү жана илим объекттери топтолгон.

Бишкек шаарынын административдик чек аралары "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.

Бишкек шаарынын аймагынын аянты 41081,33 га түзөт. Бишкек шаары административдик төрт районго бөлүнөт:

- Ленин;

- Октябрь;

- Биринчи май;

- Свердлов.

Шаардын административдик райондору муниципалдык аймактык башкармалыктарга бөлүнөт.

Бишкек шаары түндүк жана түштүк жагынан Чүй облусунун Аламүдүн району, чыгыш жагынан Ысык-Ата району, батыш жагынан Сокулук району менен чектешет.

Бишкек шаары өзүнүн айланасында Бишкек агломерациясын түзөт.

Бишкек шаарынын калкынын саны 2025-жылдын 1-январына карата 1321,9 миң адамды түзөт.

Шаардын калкынын долбоордук саны 2050-жылга чейин эсептик мөөнөткө карата 1920 миң адамды түзөт.

3-глава. Бишкек шаарын 2050-жылга чейинки мезгилде социалдык-экономикалык өнүктүрүү багыттары

Бишкек-2050: диверсификацияланган жана креативдүү инновациялык экономикасы менен өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири болуп эсептелген экономикалык ыңгайлуу жана коопсуз туруктуу шаар, инвестицияларды тартуунун, технологиялардын жана адамдык капиталдын уникалдуу борбору.

Каралып жаткан келечекте Бишкек шаары борбордук позициясын күчөтүп, өлкөнүн эң ири шаары бойдон калат, ошондой эле логистикалык жана финансылык функцияларды өнүктүрүү аркылуу Борбордук Азия шаарларынын арасында өз таасирин кеңейтет. Шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- экономиканы диверсификациялоо жана экономикалык коопсуздукту камсыздоо;

- агломерациялык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, Бишкек агломерациясынын чакан борборлорунун экономикалык ролун күчөтүү;

- калк үчүн ыңгайлуу чөйрөнү калыптандыруу;

- тең салмактуу транспорт системасын калыптандыруу;

- социалдык бакубаттуулукту камсыз кылуу.

Шаар түзүүчү базаны өнүктүрүү

Шаар түзүүчү базаны өнүктүрүү экономикалык туруктуулукту жана коопсуздукту, ошондой эле Бишкек шаарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн акырындык менен күчөтүүнү, инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууну камсыз кылууга тийиш.

Шаардын экономикалык коопсуздугун камсыздаган экономиканын өнүктүрүү багыттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан стратегиялык көз карашты эске алуу менен аныкталган(1):

1) турак жай, транспорт жана өнөр жай курулушу үчүн ресурстук жана технологиялык база катары курулуш материалдарынын өнөр жайлык өндүрүүнү өнүктүрүү. Негизги продукциялар - бетон аралашмалары, кирпич, асфальт бетону, айнек, желим буюмдары. "Жашыл энергетика" рыногун акырындык менен өздөштүрүү - күн батареяларын, суу жылытуучу приборлорду өндүрүү;

2) азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу - жергиликтүү өндүрүштүн айыл чарба продукциясын (ун, нан бышыруучу өндүрүштөр, сүт жана эт азыктары) кайра иштетүү боюнча ишканаларды колдоо;

3) химиялык, фармацевтикалык өнөр жайды андан ары өнүктүрүү - өндүрүштүн жаңы технологияларын өздөштүрүү, жер семирткичтерди, өнөр жай газдарын, самын жана жуучу каражаттарды өндүрүү, дары-дармектерди (дары чөптөрдү) өндүрүү сыяктуу багыттарда илимий базаны тереңдетүү;

4) шаардын креативдүү жана экспорттук дараметин калыптандырган экономиканы өнүктүрүү багыттары:

- Чүй облусунун Сокулук районунун Кожомкул айылында текстиль жана тигүү өндүрүшү үчүн технополис куруу;

- IT-адистерин тартуу үчүн креативдүү мейкиндиктерди түзүү жана өнүктүрүү, IT-технологиялар чөйрөсүн институционалдык колдоо;

- колдо болгон ресурстардын базасында зергердик тармактын потенциалын акырындап ишке ашыруу;

5) туризмди жана меймандостук экономиканы өнүктүрүү, анын ичинде төмөнкүдөй максаттарда:

- тышкы туристтерди тартуу жана эл аралык туристтик сапарлар системасында Бишкектин ролун күчөтүү: туризм инфраструктурасын даярдоо (жайгаштыруу жана коомдук тамактануунун заманбап объекттери, ар кандай багыттагы жана баа диапазонундагы эс алуу сунуштарынын кеңири спектри), улуттук маданияттын уникалдуу салттарын киргизүү, фестивалдарды жана улуттук майрамдарды уюштуруу, көңүл ачуу индустриясын өнүктүрүү;

- ички туризмди өнүктүрүү: үй-бүлөлүк жана балдардын эс алуу багыттарын күчөтүү (балдар театрын уюштуруу, спорттук жана эс алуу объекттеринин, балдар борборлорунун тармактарын өнүктүрүү), медициналык туризм (репродуктивдик, перинаталдык жана төрөттөн кийинки программалар), окуялык иш-чараларды уюштуруу, туризм үчүн дем алыш күндөрү сунуштарды калыптандыруу;

6) ири өнөр жай зоналарын, анын ичинде "Бишкекмаш", "Дастан" заводдорунун, мурунку "Фрунзе" атындагы металл прокат заводунун өндүрүш зоналарын кайра индустриялаштыруу;

7) калдыктарды кайра иштетүүнүн жаңы технологияларын өздөштүрүү - профилдик инновациялык завод куруу, катуу-тиричилик калдыктары полигонун (шаардын түндүгү) рекультивациялоо.

Калктын санынын жана иш менен камсыздоо түзүмүнүн өзгөрүшүнө болжол

Заманбап демографиялык процесстерге жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү тенденцияларына талдоо жүргүзүүнүн негизинде Бишкек шаарынын калкынын эсептик саны аныкталды. Калктын санын эсептөө курактык жылдыруу (когорттук-компоненттик) методу менен аткарылды, ал калктын санынын өзгөрүү компоненттерин (төрөлүүлөр, өлүмдөр жана миграциялык өсүү) ар бир курактык топто болжолдоого мүмкүндүк берет.

Калктын санынын долбоордук эсеби Бишкек шаарына мүнөздүү болгон демографиялык тенденцияларды өткөн 15 жылдык мезгилге (2010-жылдан тартып) карата талдоонун негизинде жүргүзүлдү. 2010-2024-жылдар боюнча маалыматтын булагы болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары, тактап айтканда "Кыргыз Республикасынын демографиялык жылдыгы" статистикалык жыйнагы саналат(2).

Калктын долбоордук санынын параметрлерине төмөнкүлөр кирет:

- табигый өсүү деңгээли: +19 миң адам жылына (өткөн 15 жыл үчүн орточо маани + жылына 18 миң адамды түзөт);

- миграциялык өсүү деңгээли: +5 миң адам жылына (өткөн 15 жыл үчүн орточо маани +4 миң адамды түзөт).

Жыйынтыгында калктын санынын жылдык жалпы өсүшү эсептөөлөргө ылайык +24 миң адамды түзөт. 25 жылдын ичинде (2050-жылга карата) Бишкек шаарынын калкынын саны 598 миң адамга көбөйүп, 1920,0 миң адамды түзөт.

Бишкек шаарынын калкынын болжолдуу саны инфраструктуралык объекттер менен камсыз кылуу эсептөөлөрү менен ырасталган. Калктын мындай санында эмгек ресурстарынын, кошумча эмгек орундарынын, турак жай зона аянттарынын (бир кишиге 23м2 турак жай менен камсыз кылууда), социалдык инфраструктуранын керектүү сандагы объекттеринин оптималдуу катышы камсыздалат.

Жашоонун узактыгынын көбөйүшү калктын курактык түзүмүнө түзөтүүлөрдү киргизет: эмгекке жарамдуу курактан улуу калктын үлүшү 12%дан 19%га чейин көбөйүп, ал эми эмгекке жарамдуу курактан кичүү калк 22%дан 20%га чейин төмөндөйт. Эмгекке жарамдуу курактагы калктын үлүшү 61%ды түзүп, заманбап жогорку өнүккөн шаарлардын көрсөткүчтөрүнө ылайык келет.

Бишкек шаарындагы эмгек ресурстарынын саны 2050-жылга карата 292,7 миң адамга көбөйөт жана 1179,1 миң адамды түзөт. Иштеген калктын саны 593,9 миңден 943,3 миң адамга чейин өсөт. Бул Башкы пландын долбоордук чечимдери менен 250 га ашык жаңы өндүрүштүк жана коммуналдык-кампалык зонаны (Кожомкул айылы менен чек арада индустриялык парк, "Манас" эл аралык аэропортунун районунда агроөнөр жай кластери, шаардын түндүк айланма районунда транспорттук-логистикалык комплекс), ошондой эле 1400 га ашуун көп функциялуу коомдук-ишкердик зонаны түзүү пландалууда.

Мындай зоналарда жумуш орундары түзүлгөн жерлердин жыштыгын эске алуу (40тан 250 адамга чейин/га), 350 миңге жакын жаңы жумуш ордун түзүү камсыздалат, бул эмгек балансын сактоо, жумушсуздуктун деңгээлин кыскартуу жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу милдетине жооп берет.

Төмөнкү тармактарда калктын иш менен камсыз болушунун көбөйүшү күтүлүүдө (1-сүрөт):

- өнөр жай;

- социалдык чөйрө;

- транспорттук-логистикалык комплекс;

- туристтик индустрия;

- курулуш.

1-сүрөт. Бишкек шаарында 2050-жылга карата экономикалык иштин түрлөрү боюнча иш менен камсыз кылуу түзүмүнүн болжолдуу өзгөрүшү

4-глава. Бишкек агломерациясын мейкиндиктик өнүктүрүүнүн багыттары

Отурукташуунун жана экономикалык иштин калыптанган аймактык системалары, калыптанып келе жаткан транспорттук каркас, табигый-ландшафттык шарттар Бишкек агломерациясын мейкиндиктик уюштурууну жана аны өнүктүрүү багыттарын аныктайт.

Кыргыз Республикасынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан Бишкек агломерациясы өзүнө 6 шаарды, Кыргыз Республикасынын калкынын жалпы санынын 20,5%ын (2025-жылга карата 1,5 млн. адам) камтыйт.

Бишкек агломерациясы алдыга озуп чыккан өнүгүү аймагы катары каралат, анда тездетилген экономикалык өсүү үчүн шарттар түзүлөт.

Агломерациялык өнүктүрүү процессинин маңызы функциялардын бир нече борборлорго/чакан борборлорго бөлүп жайгаштыруу болуп саналат, анын натыйжасында калктын, жумуш орундары түзүлгөн , экономикалык функциялардын жана тейлөө объекттеринин бир отурукташуу борборунда (агломерациянын өзөгүндө) концентрацияны жокко чыгаруучу калктуу конуштардын өз ара байланышкан жана тең салмактуу системасы түзүлөт.

Ошол эле учурда агломерациянын өзөгүнөн тышкары жаңы жумуш орундарын түзүү жакшы эмгек шарттары жана транспорттук жеткиликтүүлүк менен камсыз кылынат.

Бишкек агломерациясын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн милдеттери:

- чакан борборлордун экономикалык ролун күчөтүү (Кара-Балта, Токмок шаарлары);

- өнөр жай зоналарынын инфраструктурасын даярдоо, инвестицияларды тартуу;

- жаңы жумуш орундарын түзүү;

- транспорттук, социалдык жана инженердик инфраструктураны өнүктүрүү;

- агломерациянын калктуу конуштарында калктын жашоо сапатын жакшыртуу.

Агломерациялык өнүктүрүү агломерациянын өзөгүнүн жана ага жанаша аймактардын активдүү экономикалык өз ара аракеттенүүсүн, жалпы эмгек рыногун түзүүнү, транспорттук, инженердик, социалдык жана турак жай инфраструктурасын макулдашылган жана тең салмактуу өнүктүрүүнү билдирет. Ошол эле учурда транспорт тармагына болгон жүктөмдүн күчөшүнө жол бербөө үчүн жашаган жерлер менен жумуш орундары түзүлгөн жерлердин ортосундагы балансты камсыз кылуу маанилүү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 134 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасында Бишкек агломерациясынын өзөгү - Бишкек шаары өсүүнүн драйвери катары белгиленген. Экономикалык өсүш экономиканын индустриялык секторун жана транспорттук-логистикалык комплексти, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр секторун, креативдүү тармактарды, туризмди өнүктүрүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Бишкек шаарынын түндүк бөлүгүндө агломерациянын жашоочулары үчүн дагы, сырттан келген туристтер үчүн да тартылуу чекити боло турган "Манас" оюн-зоок паркын жайгаштыруу сунушталууда.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы ишканаларын (Кара-Балта жана Токмок шаарлары, Сокулук жана Беловодское айылдары), курулуш материалдарын өндүрүүнү (Кара-Балта, Токмок, Кант шаарлары), жеңил өнөр жайын (Кара-Балта шаары, Кожомкул айылы), фармацевтикалык өндүрүштү (Кара-Балта шаары) өнүктүрүүнү интенсификациялоо болжолдонууда.

Бишкек агломерациясынын таяныч борборлорунда логистикалык борборлорду жана соода кампаларын жайгаштыруунун эсебинен логистикалык функцияларды күчөтүү пландалууда. Бишкек шаарынан түндүккө карай турак жай курулуштарын, соода түйүндөрүн, шаардык инфраструктура объекттерин жайгаштыруу менен "Манас" соода-логистикалык шаарын куруу долбоору ишке ашырылууда.

Эң маанилүү багыт болуп инвестицияларды тартуу максатында Бишкек агломерациясынын аймагында өндүрүштүк аянтчаларды инфраструктуралык даярдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ошондой жаңы өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү үчүн салыктык преференциялардын жана башка жеңилдиктердин топтомун аныктоо саналат.

Бишкек агломерациясынын шаарларын активдүү экономикалык өнүктүрүү алардын калкынын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Келечекте калктын саны 2,5 млн. адамга жетиши ыктымал.

Агломерация аймагын башкарылуучу эволюциялык өнүктүрүүнүн жыйынтыгында төмөнкү борборлорду түзүү пландалат:

- агломерация өзөгү - Бишкек шаарынын урбанизацияланган аймагы;

- жакынкы пояс, ал агломерация өзөгүнөн 50 км (40-60 мин.) транспорттук жеткиликтүүлүк ареалында жайгашкан Сокулук айылын, Кант шаарын өзүнө камтыйт. Агроөнөр жай комплексин, кайра иштетүү өнөр жай объекттерин кошкондо жаңы өндүрүштөрдү, анын ичинде курулуш материалдарын өнөр жайлык өндүрүүнү потенциалдуу жайгаштыруу аймактары;

- тышкы пояс, анын ичинде Беловодское айылын, Кара-Балта, Токмок шаарларын жана экинчи тартиптеги жергиликтүү отурукташуу системасына кирген бир катар айылдык калктуу конуштарды камтыйт. Өнөр жай борборлорун активдүү өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүшүн колдоо, аймактын инфраструктуралык камсыздалышын күчөтүү;

- 1-тартиптеги борборлор - Кара-Балта жана Токмок шаарлары;

- 2-тартиптеги борборлор - Сокулук, Кожомкул, Беловодское, Ивановка айылдары, Кант шаары.

Бишкек агломерациясын пландалган түрдө өнүктүрүү 2-сүрөттө көрсөтүлгөн.

2-сүрөт. Бишкек агломерациясын мейкиндиктик өнүктүрүү схемасы

Бишкек агломерациясынын транспорттук системасын өнүктүрүү боюнча сунуштар Бишкек транспорттук түйүнүнүн транзиттик потенциалы ишке ашырылган жана эл аралык транспорттук коридорлор системасы өнүккөн шартта шаар четиндеги зоналардын агломерациясынын өзөгү менен туруктуу транспорттук байланыштарын түзүүгө багытталган.

Бишкек агломерациясынын транспорттук системасын өнүктүрүүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- шаар четиндеги зонанын чегинде, ошондой эле борбор менен байланышуу үчүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз каттамды камсыз кылуучу транспорттук коммуникациялардын таяныч тармагын түзүү;

- шаар четиндеги темир жол каттамын өнүктүрүү, ошондой эле коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен ташуулардын сапатын жогорулатуу, ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу;

- заманбап транспорттук-орун которуу түйүндөрү системасын өнүктүрүүнүн эсебинен ыңгайлуу орун которуу системасын өнүктүрүү.

Бул Башкы план менен Бишкек агломерациясынын транспорттук системасын өнүктүрүү бөлүгүндө төмөнкү инфраструктуралык иш-чаралар каралат:

- учурдагы темир жол линиясынын түндүк тарабынан калктуу конуштарды айланта Кайыңды шаарынан Токмок шаарына чейин 175 км узундуктагы темир жол магистралдык линиясын куруу. Бул иш-чараны жүзөгө ашыруу транзиттик жүк агымдарын шаар четиндеги зоналардын калктуу конуштарынан жана Бишкектен тышкары алып чыгууга өбөлгө түзөт жана шаар четиндеги жана шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдүн темир жол каттамдарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет;

- транзиттик транспорттук агымдарды өткөрүүнү, ошондой эле агломерациялык жана шаар ичиндеги агымдарды кайра бөлүштүрүүнү камсыз кылуу үчүн жалпы узундугу 89 км болгон Бишкек шаарын толук айланып өтүүчү авто жолду куруу;

- Бишкек шаарындагы жаңы Ош базарынын жанында "Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту" эл аралык маанидеги автомобиль жолунун жээгине эл аралык жана шаар четиндеги жүргүнчүлөр агымынын болжолдонгон көлөмүн тейлөө үчүн автобекетти куруу;

- Бишкек, Кара-Балта, Токмок шаарларындагы учурдагы жана пландалып жаткан автобекеттердин, ошондой эле "Бишкек-1", "Бишкек-2", "Аламүдүн", "Кант", "Ивановка", "Токмок", "Сокулук", "Шопоков", "Беловодское", "Кара-Балта", "Кайыңды" темир жол станцияларынын базасында мамлекеттик жана агломерациялык деңгээлдеги транспорттук-орун которуу түйүндөрүнүн системасын уюштуруу.

5-глава. Шаар четиндеги зона

Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы №.1372-XII "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамынын 26-статьясына ылайык Шаардын чегине түздөн-түз чектеш жаткан шаарды өнүктүрүү үчүн резерв болуп кызмат кылган шаар четиндеги зонанын аймагы архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын контролунда болууга тийиш.

Шаар четиндеги зонанын аймагы Бишкек шаарынын тышкы чек арасына чектешкен жерлерди камтыйт, алар шаар менен туруктуу социалдык, эмгектик, өндүрүштүк, экономикалык, рекреациялык жана инфраструктуралык байланыштарга ээ жана аны аймактык өнүктүрүүнүн резерви болуп саналат. Шаар четиндеги зонанын милдети - шаарды мейкиндиктик өнүктүрүүнүн алкагында курулушту жөнгө салуу жана жерди пайдаланууну тартипке келтирүү болуп саналат.

Бишкек шаарынын шаар четиндеги зонасы Чүй облусунун үч районунун - Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун жерлерин камтыйт. Шаар четиндеги зонанын чегине 66 калктуу конуш кирет, алардын жалпы саны 2025-жылдын 1-январына карата 183,74 миң адамды түздү. Калктын долбоордук саны 2050-жылга карата 220 миңге жакын адамды түзөт, түндүк бөлүгүндө "Манас" соода-логистикалык шаарын куруу боюнча инвестициялык долбоорду эске алуу менен калктын долбоордук саны 270 миңге жакын адамды түзөт.

Түзүлүп жаткан шаар четиндеги зонанын жалпы аянты 86670 га түзөт. Эң чоң үлүштү (54% же 46800 га) айыл чарба багытындагы жерлер түзөт. Калктуу конуштардын чектериндеги аймак 9,3%ды же 8060 га аймакты түзөт.

Бишкек шаарынын шаар четиндеги зонасы шаар менен бирдиктүү шаар куруу комплекси болуп саналат. Пландоо түзүмүн өнүктүрүү кеңдик (Бишкек агломерациясынын негизги отурукташуу огун бойлото) да, меридиан багытында да ишке ашырылат. Бишкек шаары менен өз ара байланышкан өнүктүрүүгө тартылган калктуу конуштарга: Мраморное, Рассвет, Экинчи Беш жылдык, Ленин, Новопокровка, Кара-Жыгач, Беш-Күңгөй, Кожомкул, Фрунзе атындагы, Комсомол, Ак-Жол, Манас айылдары кирет.

Шаар четиндеги зонаны өнүктүрүү жаратылыштык-экологиялык каркасты калыбына келтирүүгө жана тартипке келтирүүгө, иштин салттуу түрлөрүн сактоого, калктуу конуштардын байланышын камсыздоого, жумуш орундары түзүлгөн жерлердин жана отурукташуунун негизги зоналарынын тең салмактуулугун түзүүчү жаңы локалдык тартуу түйүндөрүн ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган.

Шаар четиндеги зонанын калктуу конуштарынын Бишкек шаары менен байланышын жогорулатуу, ошондой эле шаар четиндеги зонанын транспорттук-логистикалык потенциалын өнүктүрүү максатында бул Башкы план менен транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча төмөнкү иш-чаралар сунушталат:

- автожол тармагын өнүктүрүү, анын ичинде учурдагы автожолдорун реконструкциялоо жана ченемдик абалга келтирүү жана жалпы узундугу 104 км болгон кайталанма радиалдык жана айланып өтүү багыттарын куруу. Шаар четиндеги зонанын чегинде 44 км узундуктагы Бишкек шаарынын алыскы түштүк айланма жолун куруу каралууда (Күн-Туу, Шалта, Баш-Кара-Суу, Беш-Күңгөй, Ленин айылдарын айланып өтүү), ал жогорку ылдамдыктагы жакынкы айланып өтүү жолуна альтернативдүү жол катары кызмат кылат жана Алматы - Бишкек - Ташкент (Бишкек шаарынын айланма жолу) автожолунан (Озерное айылынын аймагындагы тармак) Бишкек - Балыкчы - Нарын - Торугарт - Кытай Эл Республикасы менен чек арасына чейинки (Милянфан менен Ак-Кудук айылдарынын ортосундагы кошулган жолдор) пландалып жаткан темир жол линиясы менен бирдиктүү коридордогу шаар четиндеги зонанын чегинде 36 км узундуктагы алыскы түндүк айланып өтүү жолун куруу каралууда;

- коомдук жүргүнчү транспорту менен калкты тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу, анын ичинде шаар четиндеги автомобиль транспорту менен ташуулардын каттамдык тармагын өнүктүрүү, кыймылдуу курамды жаңылоо, аялдама пункттарын абаттоо жана пландалган каттамдарда жаңыларын уюштуруу;

- поезддердин кыймылынын жыштыгын көбөйтүү, темир жол станцияларын жана аялдама пункттарын реконструкциялоо, анын ичинде алардын базасында заманбап транспорттук-орун которуу түйүндөрдү түзүү менен шаар ичиндеги темир жол транспортунун системасына интеграциялоо менен шаар четиндеги темир жол каттамын өнүктүрүү;

- шаар четиндеги зонанын транспорттук-логистикалык потенциалын өнүктүрүү үчүн коштоочу инфраструктураны куруу, анын ичинде Бишкек шаарынын пландалган айланып өтүүчү магистралдык темир жолунда темир жол станциясын жана Аламүдүн районундагы пландалып жаткан "Манас" соода-логистикалык шаарынын аймагына кирүүчү автожолдорду уюштуруу.

Шаар четиндеги зонаны экономикалык өнүктүрүү түздөн-түз шаардын өндүрүштүк, соода-логистикалык зоналарды, индустриялык парктарды, айыл чарбалык өндүрүш объекттерин жана аймактарын жайгаштырууга болгон муктаждыктары менен байланыштуу болот. Шаар четиндеги калктуу конуштардын тургундарынын иш менен камсыз болушу иштеп жаткан жана пландаштырылган ишканалардын жана уюмдардын иштеши менен камсыздалат.

Бул Башкы план менен айланып өтүү жолунун боюнда - Ленин айылынан түштүк-чыгышка жана түштүк-батышка карай өндүрүштүк зоналарды (85 га) жайгаштыруу каралган. "Манас" эл аралык аэропортунун районунда индустриялык парктарды өнүктүрүү үчүн 400 га жана 150 га аймактарда эки өндүрүштүк зона түзүлгөн.

Бишкек шаарынан түндүккө карай Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында ишке ашырылуучу ири долбоор болуп турак жай курулушу, соода түйүндөрү, шаардык инфраструктура объекттери жайгашкан "Манас" соода-логистикалык шаарын куруу долбоору саналат.

Бишкек шаарынан түштүк-чыгышка карай жалпы аянты 63 га медициналык кластерди уюштуруунун эсебинен коомдук курулушту өнүктүрүү болжолдонууда. Медициналык кластерде көп тармактуу мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелери бириктирилет, бул түздөн-түз шаарга жакын жерде медициналык кызмат көрсөтүүнүн комплекстүү жана борборлоштурулган системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Турак жай курулушун төмөнкү калктуу конуштарда өнүктүрүү каралууда:

- Кара-Жыгач айылы (60 га аянтта жеке турак жай курулушу);

- Арашан айылы (270 га аянтта жеке турак жай курулушу);

- Экинчи Беш жылдык айылы (26 га аянтта аз кабаттуу жана жеке турак жай курулушу).

Шаар четиндеги зонанын пландоо жана архитектуралык-мейкиндиктик түзүмүн өнүктүрүү багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:

- транспорттук каркасты өнүктүрүүнүн негизинде бирдиктүү пландоо системасына бириктирилген жаңы чакан тейлөө борборлорун түзүү;

- жаратылыш потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана сактоо, ошондой эле бирдиктүү суу-рекреациялык каркасты түзүү максатында аймактын рекреациялык функцияларын өнүктүрүү;

- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жаңы өндүрүштүк ишканаларды түзүүнү караган айыл чарба аймактарын агроөнөр жайлык пайдаланууну сактоо жана өнүктүрүү.

Бишкек шаарынын шаар четиндеги зонасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- экологиялык зыяндуу өндүрүштөрдү курууга;

- бийик курулуштарды курууга.

Шаар четиндеги зона Бишкек шаарынын тургундары үчүн рекреациялык жана экологиялык коргоо функцияларын аткарат. Шаар четиндеги зонанын аймагында эс алуу зоналары, токой-сейил бак зоналары, калктын кыска мөөнөттүү эс алуучу жерлерин уюштуруу, ошондой эле микроклиматты, атмосфералык абанын абалын жана санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртуу үчүн рекреациялык каркасты камсыз кылуучу коомдук багыттагы жашыл зоналар түзүлөт. Атап айтканда ушул Башкы план менен жалпы аянты 150 га болгон Төмөнкү Ала-Арча жана Ала-Арча суу сактагычтарынын районунда эс алуу зоналары жана шаардын түштүгүнө карай жамааттык бакчалар жана чарбактар үчүн участоктор түзүлгөн.

Мындан тышкары шаар четиндеги зонанын жаратылыш комплекстерин Бишкек шаарынын өндүрүштүк объекттеринин таасиринен коргоо максатында санитардык-коргоо зоналарын жашылдандыруу, турак жай курулушу менен табигый жаратылыш комплекстеринин ортосунда буфердик зоналарды түзүү, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын суу коргоо зоналарын уюштуруу жана көрктөндүрүү, суу жаюу аймактарын калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар каралган.

6-глава. Бишкек шаарын мейкиндиктик өнүктүрүүнүн негизги багыттары

Тарыхый-маданий мурасты сактоо

Шаар куруу саясатынын тарыхый-маданий мурасты сактоо бөлүгүндөгү негизги артыкчылыктары шаардык чөйрөнүн жекече өзгөчөлөнгөн көрүнүшүн сактоого багытталган.

Тарыхый шаар статусун сактоону эске алуу менен мейкиндиктик өнүктүрүүнүн башкы принциптери:

- пландалган түзүмдү, көчөлөрдүн тарыхый калыптанган тик бурчтуу торчосун сактоо;

- сакталып калган тарыхый-маданий мурас объекттерин регенерациялоо жана жаңы функциялар менен толуктоо аркылуу аларды азыркы турмушка киргизүү;

- тарыхый борбордун ар түрдүү, тарыхый каныккан чөйрөсүн сактоо;

- шаардык курулушту кылдаттык менен реконструкциялоо, шаардын борборунун композициялык өзөгүн түзүү.

Көп сандаган тарыхый-маданий мурас объекттеринин жок болуп кетишине байланыштуу тарыхый курулуштарды коргоо зоналарынын жаңы, кыйла катуу регламенттерин түзүү зарыл.

Пландоо түзүмү

Бишкек шаарынын аймагын пландуу уюштурууну түзүүдө тең салмактуу мейкиндиктик өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй принциптери камсыздалат:

1) жаңы курулуш зоналарын жайгаштыруунун сарамжалдуулугу жана пландуу негиздүүлүгү;

2) шаарды функциялык уюштуруунун жана түзүлгөн пландоо түзүмүнүн улантуучулугу, аны жаңы курулуш зоналарында өнүктүрүү;

3) шаардык чөйрөнү уюштуруу боюнча сунуштардын экономикалык жана социалдык максатка ылайыктуулугу;

4) бүтүн транспорттук системага байланыштырылган көчөлөрдүн жана жолдордун учурдагы торчосун кайра түзүү менен коммуникациялык коридорлордун түзүмүн өркүндөтүү;

5) пландоо милдеттерин чечүүдө жаратылыштык-экологиялык мамилелердин артыкчылыктуулугу, аймакты экологиялык коопсуз өнүктүрүү жана бак-дарактардын, корголуучу жаратылыш аймактарынын системасын түзүү боюнча пландоо иш-чараларын иштеп чыгуу, б.а. аймактын жаратылыштык-экологиялык каркасын түзүү;

6) шаар түзүүчү фактор катары Бишкектин тарыхый-маданий мурастарын сактоого жана заманбап шаардык түзүмгө активдүү кошууга багыт алуу;

7) тейлөө жана спорттук-оюн-зоок объекттеринин комплекстери менен селитебдик аймактын ар бир районунда коомдук борборлорду сактоо жана өнүктүрүү;

8) айлана-чөйрөнүн экологиялык абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын комплексин өткөрүү.

Пландоо каркасын өнүктүрүү

Бишкектин пландоо түзүмүн өнүктүрүү шаардык мейкиндикти түзүмдүк уюштуруунун төмөнкү үч базалык компонентинин негизинде шаардын мейкиндиктик чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрү менен аныкталат:

- жаратылыштык-экологиялык каркас;

- урбанизацияланган каркас;

- пландоо каркасы.

Жаратылыштык-экологиялык каркас - шаардык жашылдандырылган мейкиндиктин - сейил бактардын, гүл бакчалардын, бульварлардын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, рекреациялык зоналардын, суу объекттеринин өз ара байланышкан системасы.

Шаардын урбанизацияланган каркасын төмөнкү башкы түзүмдүк элементтер түзөт:

- негизги транспорттук магистралдардын системасы - шаардын башкы пландоо октору;

- жалпы шаардык борбор;

- башкы шаар куруу түйүндөрү - шаардын бардык райондорундагы аянттар жана тейлөө борборлору.

Пландоо каркасы жалпы шаардык маанидеги борборлордун өз ара байланышкан системасы катары түзүлөт жана негизинен шаардын түндүк бөлүгүндө кыйла майда торчо менен көчө-жол тармагынын тик бурчтуу түзүмүнө ээ. Өнүктүрүүнүн огу болуп саналган магистралдык тармак жалпы шаардык борборлорду, турак райондорду, шаардын өнөр жай жана транспорттук түйүндөрүн бир бүтүндүккө бириктирет жана шаардык райондорду бири-бири менен байланыштырат. Негизги меридионалдык жана кеңдик магистралдар шаардан сырткы багыттарга чыга алат.

Ушул Башкы планда бекитилген деталдуу пландоо долбоорлорунда жана шаардын борбордук бөлүгүндөгү аймактын курулуш долбоорлорунда камтылган сунуштарды максималдуу сактап калуу жана пайдалануу болжолдонот. Турак жай курулушу үчүн курулуштун бардык типтерин, негизинен көп кабаттуу жана орто кабаттуу көп батирлүү комплекстерди, азыраак деңгээлде - аз кабаттуу курулуштарды колдонуу сунушталат. Ушул Башкы план менен шаар курууну пландоо чектөөлөрүнүн зоналарынан тышкары өнүктүрүү каралган. Ушул Башкы планда өнүктүрүүнүн төмөнкүдөй эки багыты сунушталат:

- шаардын борбордук бөлүгүндөгү курулган аймакты реконструкциясын кайра түзүүнүн жана реконструкциялоонун эсебинен;

- түштүк-батыш жана чыгыш багыттардагы курулуштан бош турган аймактарды кайра түзүү.

Коомдук борборлордун көп борборлуу түзүмүн өнүктүрүү

Аймакты пландуу өнүктүрүү боюнча сунуштар болгон көйгөйлөрдү чечүүгө жана мейкиндикти өздөштүрүүнүн түзүлгөн калган терс тенденцияларын оңдоого багытталган жана шаар куруу системасынын негизги жүктөмүн шаардын борборунан чыгаруу максатында батыш жана чыгыш багытында өнүктүрүүнү карайт.

Пландоо түзүмүн түзүүнүн негизги принциптери болуп туруктуу өнүктүрүү, аймактык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана Бишкек шаарынын уникалдуу жаратылыштык-экологиялык системасын сактоо саналат. Көпчүлүк бөлүгү Ленин жана Октябрь райондоруна туш келген жүктөмдөрдү теңдештирүү жана аларды аймактык резервдерди эске алуу менен кыйла бирдей бөлүштүрүү каралган.

Ушул Башкы план менен шаарды мейкиндиктик өнүктүрүүнүн негизинде коомдук борборлордун көп борборлуу системасы сунушталат.

Пландоо түзүмүнүн ажырагыс бөлүгүн түзгөн элементтер социалдык-экономикалык активдүүлүк топтолгон зонанын транспорттук каркасы менен айкалыштырылган. Ушул Башкы план менен негизги шаардык магистралдардын боюнда көп функционалдуу борборлорду өнүктүрүү, шаардын ар бир районунда жаңы көп функционалдуу борборлорду түзүү жана аларды бүткөрүү сунушталат. Көп функциялуу борборлордон тышкары адистештирилген пландоо борборлору да аныкталган. Пландоо борборлору бири-бири менен негизги пландоо октору менен байланышат, аларга жалпы шаардык маанидеги магистралдар кирет.

Шаардын тарыхый чектеринде анын өзөгү административдик, маданий жана жалпы билим берүү борбору катары түзүлгөн.

Бишкектин борбордук функцияларын күчөтүү Ленин районундагы Жайыл баатыр көчөсү менен Барпы Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Бишкек-сити" ишкердик борборун түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

Шаардык борбордон тышкары ар бир райондо төмөнкүдөй көп функциялуу борборлор түзүлөт:

- Октябрь районунда - Чыгыш Чоң Чүй каналы менен Чокон Валиханов көчөсүнүн кесилишинде;

- Биринчи май районунда - мурдагы Пригородное поселогунун районунда;

- Свердлов районунда - Тоголок Молдо жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде.

Адистештирилген борборлор:

- шаардын түштүк бөлүгүндө - Ч.Айтматов проспекти боюнча административдик борбор;

- соода борборлору - "Дордой", Аламүдүн, "Таалай", "Эталон строй", Ош базарлары;

- медициналык коомдук борборлор - мурдагы Новопавловка поселогунун түндүгүнө карай, мурдагы Пригородное поселогунун районунда, мурдагы Маевка поселогунун жана "Сейтек Көк-Жар" турак жай комплексинин районунда. Мындан тышкары шаардын түштүк бөлүгүндө республикалык медициналык кластердин курулушу пландалууда;

- коомдук билим берүү борборлору - Чыгыш Чоң Чүй каналынын жана Достоевский көчөсүнүн районундагы кампус;

- коомдук рекреациялык борборлор - мурдагы Рассвет поселогунун түндүгүнө карай, мурдагы Орок айылынын түндүгүнө карай, Достоевский жана Чокон Валиханов көчөлөрүнүн районунда;

- коомдук спорттук борборлор - мурдагы Пригородное поселогунун чыгышына карай жаңы ат майданынын курулушу каралууда.

Мындан тышкары ушул Башкы планда мурдагы Новопавловка, Учкун айылдык калктуу конуштарында чакан борборлорду уюштуруу белгиленген.

3-сүрөттө Бишкек шаарынын пландалуучу көп борборлуу пландоо түзүмү чагылдырылган.

3-сүрөт. Бишкек шаарынын пландалуучу көп борборлуу пландоо түзүмү

Ушул Башкы планда негизги магистралдардын боюнда: Дорожный, Алма-Ата, Махатма Ганди көчөлөрүнүн, Абсамат Масалиев, Жибек-Жолу проспектилеринин боюнда кирүү зоналары бөлүп көрсөтүлгөн.

Заманбап шарттарда социалдык-экономикалык активдүүлүк зоналары болуп өндүрүштүк зоналар жана индустриялык парктар саналат. Ушул Башкы планда төмөнкү зоналар бөлүп көрсөтүлгөн:

- чыгыш жана батыш өндүрүштүк зоналары;

- Кожомкул айылы менен чектешкен шаардын батыш бөлүгүндөгү индустриялык парк;

- "Манас" эл аралык аэропортунун районунун түндүгүндөгү агроөнөр жай кластери;

- тазалоочу курулмалардын жана шаардын түндүк тарабынан айланып өтүү районундагы транспорттук-логистикалык комплекс.

Жаратылыштык-экологиялык каркасты түзүү

Жаратылыштык-экологиялык каркас - бул шаардык чөйрөгө киргизилген жашылдандырылган аймактардын жана суу объекттеринин системасы. Жаратылыштык-экологиялык каркастын негизги милдети - бирдиктүү жаратылыштык-антропогендик система катары шаарды жана ага жанаша аймактарды экологиялык туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо, рекреациялык зоналарды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, микроклиматты жана экологияны жакшыртуу.

Бишкек шаарынын аймагынын өзгөчөлүгү болуп Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын, сугат-ирригациялык каналдарды: Батыш Чоң Чүй каналын (ЧЧК), Чыгыш ЧЧК, Түштүк ЧЧК, Кичи Чүй каналын, Аламүдүн ГЭСинен буруп кетүүчү каналды, ошондой эле Ала-Арча жана Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарын камтуучу өнүккөн гидрографиялык система саналат, алар жалпысынан шаарга рекреациялык зоналарды түзүү жана өнүктүрүү, аймакты ландшафттык уюштуруу үчүн зарыл болгон линиялык каркас окторун түзөт. Бирок азыркы учурда Бишкек шаарынын дарыяларынын жана каналдарынын экономикалык, социалдык жана маданий потенциалы дээрлик колдонулбайт, дарыялардын олуттуу сегменттери начар абалда, көпчүлүк участоктордо, өзгөчө шаардын түндүк бөлүгүндө сууга болгон жеткиликтүүлүк толук бөгөттөлгөн, дарыялардын жана каналдардын боюнда сейилдөө жана эс алуу үчүн инфраструктура толук түзүлгөн эмес.

Суу объекттеринин, анын ичинде алардын суу коргоо тилкелеринин жашылдандырылган экологиялык коридорлор катары ролун күчөтүү үчүн жээк зоналарын реконструкциялоо зарыл, бул экологиялык абалды жакшыртууга, рекреациялык зоналарды түзүүгө, жээктерди эрозиялардан коргоого, ошол эле учурда бул аймактардын жалпы пайдалануу үчүн жеткиликтүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет.

Жаратылыштык-экологиялык каркастын өзөктөрү болуп өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары (ӨКЖА) саналат. Бишкек шаарынын чегинде региондук маанидеги бир ӨКЖА бар - "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык бак" илимий-изилдөө институту, ал аянты 127 га (Аламүдүн дарыясынын оң жээгинин боюнда жана Түштүк ЧЧКнын жээктеринде жайгашкан) жана аянты 20,15 га (Ала-Арча дарыясынын оң жээгине жанаша) болгон эки участокту камтыйт.

Шаардагы жаратылыш-экологиялык каркастын маанилүү элементтери болуп табигый жана жасалма түрдө түзүлгөн бакча-сейил бак комплекстерин жана объекттерин камтыган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар саналат. Азыркы учурда Бишкек шаарындагы жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын курамына сейил бактар, гүл бакчалар жана бульварлар кирет. Шаарды жашылдандыруунун, рекреациялык зоналарды жана коомдук мейкиндиктерди түзүүнүн бүтүндөй системасы үчүн негиз болуп кызмат кылган сейил бактар шаардын жашыл каркасынын экологиялык өзөгү катары эң маанилүү болуп саналат.

Шаардын түндүк-чыгышындагы суу-жашыл каркастын негизги звеносуна уникалдуу флорасы жана фаунасы бар "Кара-Жыгач токою" сейил багын киргизүү керек - бул сейил бак Бишкектин эң байыркы сейил багы, ал гидрографиялык тармагы (Кичи Чүй каналы, Аламүдүн дарыясы, Пионер жана Комсомол көлдөрү) жана шаардын геоморфологиялык структурасы менен өз ара байланышкан. "Кара-Жыгач токою" сейил багы уникалдуу жаратылыш-маданий объект жана суу-жашыл каркастын негизги өзөгү катары жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын уюштуруу үчүн сунушталышы мүмкүн.

Ысык кургак климаттын шарттарында билим берүү жана медициналык мекемелердин алдында жайгашкан чектелген пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар, стадиондордун, спорт комплекстеринин бак-дарактары, турак жай кичи райондорунун жана кварталдарынын бак-дарактары, ошондой эле санитардык-коргоо зоналарын, сууну коргоо зоналарын, көрүстөндөрдү, темир жолдорунун жана автомобиль жолдорунун жээгиндеги бак-дарактар, көчөлөрдү жашылдандыруу менен көрсөтүлгөн атайын багыттагы жашылдандырылган аймактар да маанилүү ролду ойнойт. Бул аймактар каркастын буфердик элементтери катары шаардын жашыл фондун көбөйтөт.

Ошентип, шаардын жаратылыш-экологиялык каркасы - бул суу объекттеринин боюндагы экологиялык коридорлорду жана алардын сууну коргоо тилкелерин жана суу инфраструктурасы менен өз ара байланышкан жашылдандырылган аймактарды камтыган жана аймактын экологиялык туруктуулугун камсыз кылууда жана рекреациялык потенциалын өнүктүрүүдө негизги ролду аткарган табигый-антропогендик система.

Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларын, ЧЧК системасынын каналдарын, ошондой эле Ала-Арча жана Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарын түзгөн суу-жашыл коридорлорду түзүү үчүн жээк зоналарын реконструкциялоо, суу объекттеринин агымдарын тазалоо, жээк жана сейил бак зоналарынын системасын түзүү менен жээктеги зоналарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү зарыл.

Төмөнкү сүрөттө ушул Башкы пландын жаратылыш-рекреациялык каркасын өнүктүрүү боюнча сунуштары берилген.

4-сүрөт. Бишкек шаарынын жаратылыш-рекреациялык каркасы

Ушул Башкы планда төмөнкүлөр каралат:

1) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын системасын өнүктүрүү:

- жергиликтүү маанидеги "Кара-Жыгач токою" ӨКЖАсын түзүү сунушталат, бул аймактагы жаратылыштык жана табигый-антропогендик комплекстердин жана объекттердин экологиялык функцияларын сактоону камсыз кылат;

2) жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын системасын өнүктүрүү.

Калктын эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, микроклиматты жакшыртуу үчүн жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар (бир адамга 16 кв.м), анын ичинде жалпы шаардык (бир адамга 10 кв.м) жана турак жай райондорунун (бир адамга 6 кв.м) жашылдандырылган аймактары менен камсыздоо боюнча ченемдик көрсөткүчкө жетишүү пландалууда. Ушул максатта учурдагы жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактарды сактоо жана көрктөндүрүү менен катар жаңы жашылдандырылган аймактарды түзүү сунушталат.

Бишкек шаарында жалпы аянты 2323,8 га түзгөн жалпы пайдалануудагы жаңы жашылдандырылган аймактарды түзүү пландалууда.

Жалпы пайдалануудагы бак-дарактардын системасын өнүктүрүү боюнча пландалган иш-чаралар төмөнкүлөр:

- Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын, ЧЧК системасынын каналдарынын, ошондой эле Ала-Арча жана Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын боюнда өз ара байланышкан жана бирдиктүү системаны түзгөн суу-жашыл коридорлорун түзүү үчүн жээктеги зоналарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, жээктеги аймактарды түзүү сунушталат. Жээктеги аймактар - бул жалпыга жеткиликтүү эс алуу, убакыт өткөрүү, спорт менен машыгуу жана ден соолукту чыңдоо мейкиндиктери катары аймактарды өнүктүрүүнүн башкы резерви;

- шаардын айрым аймактарын сейил бактар менен байланыштырып турган жашыл байланыштардын тармактуу системасын түзүүнүн эсебинен архитектуралык-пландаштыруу методдору менен жаратылыш комплексинин үзгүлтүксүз мейкиндигин калыбына келтирүү, бул үчүн турак жай жана коомдук зоналардын аэрациясын жакшыртуучу бульварларды түзүү сунушталат;

- жаңы курулуп жаткан райондордо жана курулуш аймагында түзүлгөн курулуп бүтпөгөн участоктордо жалпы пайдалануудагы жаңы жашылдандырылган аймактарды түзүү;

- шаардын түндүк бөлүгүндө адистештирилген эс алуу сейил бактарын уюштуруу;

- жалпы шаардык маанидеги ири сейил бак системасын түзүү;

- коомдук борборлордун аймактарын жашылдандыруу;

- мурдагы (реконструкцияланган) өнөр жай жана транспорттук аймактардын көрүнүшүн жана экологиялык абалын аймакты көрктөндүрүү каражаттары жана ландшафттык дизайн менен өзгөртүү;

- суу сактагычтардын боюнда жашыл тилке түзүү.

Ошентип азыркы турган объекттерди эске алуу менен эсептелген мөөнөттө жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын аянты 2930 га түзөт;

3) чектелгенче пайдалануудагы жана атайын багыттагы жашылдандырылган аймактарды өнүктүрүү боюнча пландалган иш-чаралар.

Чектелген пайдалануудагы жашылдандырылган аймактарга турак жай кичи райондорунун жана кварталдардын, билим берүү, медициналык, илимий мекемелердин, спорттук комплекстердин жашылдандырылган аймактары кирет. Жашылдандырылган аймактын аянты бул объекттердин жалпы аянтынын 40%ынан кем эмести түзүшү керек.

Атайын багыттагы жашылдандырылган аймактар санитардык-коргоо зоналарын, коргоо-мелиорациялык, өрткө каршы зоналарды жашылдандыруу, автомобиль жолдорунун жана темир жолдорунун боюнда бак-дарактардын тилкелерин түзүү, жашылдандыруу үчүн сапаттуу көчөттөрдү өндүрүү боюнча бак-дарактардын питомниктерин түзүү, бузулган ландшафттарды көрктөндүрүү жана калыбына келтирүү менен өнүгөт.

Бишкек шаары үчүн жасалма жашылдандыруу чоң мааниге ээ, анткени табигый шарттардагы нымдуулуктун жетишсиздиги табигый өсүмдүктөрдү сейрек жана жетишсиз кылат, бул жашыл жерлерди түзүү жана калктын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн активдүү кийлигишүүнү талап кылат. Ушул Башкы планда шаардын батыш бөлүгүндө ысык жана кургак климатка туруктуу көчөттөрдү (дарактарды, бадалдарды, гүлдөрдү) өстүрүү жана көбөйтүү үчүн питомник уюштуруу каралган.

Көчөлөрдөгү бак-дарактар жөө жүрүүчүлөрдүн жолдорун жана аларга чектеш аймактарды транспорт жүргөн жолдон тосот, курулуштун санитардык-гигиеналык жана микроклиматтык шарттарын жакшыртат, ошондой эле чөйрөнүн эстетикалык сапатын жогорулатат.

Атайын багыттагы жашылдандырылган аймактардын жалпы аянты 383 га аймакты түзөт.

Функциялык зоналарга бөлүү

Ушул Башкы планда функциялык зоналарга бөлүү төмөнкүдөй факторлорду эске алуу менен түзүлөт:

1) республикалык маанидеги шаардын, Кыргыз Республикасынын борборунун статусун;

2) пландалган чектөөлөрдү;

3) акыркы жылдары турак жай курулушунун алдыга озунган темпинин өнүгүшүнө жана инфраструктура объекттеринин курулушунун артта калышына байланыштуу турак жай зонасы менен калган бардык функционалдык зоналардын - коомдук-ишкердик, социалдык, рекреациялык, транспорттук зоналардын ортосундагы диспропорциянын түзүлүшүн;

4) ири өнөр жай жана логистикалык борборду;

5) маданий, тарыхый жана туристтик борборду.

Функционалдык пайдалануу боюнча аймактарды бөлүү негизги беш функциянын чектерин аныктоону билдирет: селитебдик, өндүрүштүк, айыл чарбалык, рекреациялык жана атайын. Селитебдик аймактарга турак жай жана коомдук-ишкердик зоналар кирет; өндүрүштүк аймактарга өнөр жай, коммуналдык-кампа, транспорттук жана инженердик аймактар кирет; айыл чарба аймактарына жайыт, багбанчылык, айыл чарбалык ишканалар жана жеке дыйканчылык фермердик чарбалар кирет. Рекреациялык зоналарга токой аймактары, табигый ландшафттар, жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар, эс алуу объекттери кирет. Атайын багыттагы аймактарга көрүстөндөр, таштандыларды чогултуп төгүү аймагы, атайын багыттагы жашылдандырылган аймактар жана режимдик аймактар кирет. Муниципалдык түзүлүштүн аймактарын функционалдык бөлүштүрүү ушул Башкы пландын негизги чиймесинде чагылдырылган.

Турак жай зоналарын бийик көп кабаттуу турак жай курулушу (14 кабаттан ашык), көп кабаттуу курулуш (9дан 14 кабатка чейин), орто кабаттуу (4төн 8 кабатка чейин), аз кабаттуу (4 кабатка чейин) жана участоктору бар жеке турак жай курулушу түзөт.

Жалпысынан ушул Башкы планда турак жай курулушу үчүн 3,5 миң га жакын, анын ичинде реконструкциялануучу аймактарга 1,2 миң га жакын жер бөлүнгөн.

Ушул Башкы планда калктуу конуштардын чектеринде 26935,2 млн. кв.м жаңы турак жай фонду жайгаштырылат, анын 87,27%ы көп кабаттуу жана орто кабаттуу курулуш, 12,73%ы аз кабаттуу жана жеке турак жай курулушу болот.

Көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу зонасы негизинен шаардын борбордук бөлүгүндө жана түзүлүп жаткан эки райондук борбордо өнүгүүдө, алар Ленин районунун түштүк бөлүгүндө жана Октябрь районунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.

Турак жай курулушуна жогорку инвестициялык суроо-талапты эске алуу менен Башкы планда бийик кабаттуу турак жайларды жайгаштыруу үчүн зоналар бөлүнгөн. Бул типтеги курулуш эски ат майдандын аймагында, ошондой эле түзүлүп жаткан райондук борборлордун курамында: "Бишкек-Сити" жаңы борборун түзүү пландалып жаткан Ленин районунда курулуп жаткан стадиондун аймагында жана Октябрь районунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө Анкара көчөсүндө каралган.

Орто кабаттуу үйлөрдү шаардын борбордук бөлүгүндө да, жаңы курулуп жаткан райондордо да куруу каралган.

Бишкек шаарында жеке менчик турак үйлөрдү куруу зонасы шаардын четиндеги аймактарда анчалык деле өнүккөн эмес. Ушул Башкы планда жеке турак жай курулушу ээлеген аймактардын аянтын азайтуу каралган.

Коомдук-ишкердик зоналар төмөнкүлөрдү камтыйт:

- көп функциялуу коомдук-ишкердик зонаны;

- адистештирилген коомдук курулуш зонасын.

Көп функциялуу коомдук-ишкердик зона функциялардын кеңири курамынан турган коомдук борборлордун системасын түзүү үчүн арналган жана соода, коомдук тамактануу объекттерин, башкаруу жана бизнес, маданият мекемелерин камтыйт, анын аянты Бишкек шаарынын чектеринде жалпысынан болжол менен 2 миңден ашык га түзөт.

Борбор шаарда коомдук курулуш зонасын өнүктүрүү чоң мааниге ээ, анткени коммерциялык-ишкердик чөйрөсүндөгү объекттер кыймылсыз мүлк рыногунун сегментинин сыйымдуулугу боюнча турак жай фондунан кийин экинчи орунду түзөт.

Адистештирилген коомдук курулуш зоналары шаардык маанидеги адистештирилген борборлор - саламаттык сактоо, социалдык коргоо, билим берүү, спорт борборлору катары түзүлөт. Шаарда социалдык инфраструктура объекттеринин жетишсиздигин жана калктын саны көбөйүп жаткан тенденцияны эске алып, зонанын аянты 1000 га көп аймакты түзөт.

Рекреациялык багыттагы зоналарга төмөнкүлөр кирет:

- жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар зонасы;

- эс алуу зонасы;

- жаратылыштык ландшафттар зонасы.

Шаардык аймактардын рекреациялык каркасынын негизги бөлүгү болуп саналган жалпы пайдалануудагы бак-дарактардын аянты көбөйтүлөт жана 2,9 миң га жетет.

Өндүрүштүк зоналарга өнөр жай жана коммуналдык-кампа ишканалар зоналары, айыл чарба өндүрүштүк зоналары кирет.

Бишкек шаары ири индустриялык борбор болуп саналат жана эсептелген мөөнөттүн чегинде заманбап көп профилдүү экономикасы бар шаар статусун сактап калат, ушуга байланыштуу шаардын аймагында иштеп жаткан ишканалар ээлеген өндүрүштүк зоналар сакталган, ошондой эле жаңы өндүрүштүк зоналар бөлүнгөн.

Ушул Башкы планда төмөнкүлөр сунушталат:

- суу объекттеринин боюнда өзүнчө турган ишканаларды жоюу;

- батыш жана чыгыш өнөр жай зоналарын сактоо жана кайра уюштуруу;

- негизги аянттарда жаңы өнөр жай жана логистикалык зоналарды түзүү.

Транспорттук инфраструктура зонасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

- темир жол транспортунун аймагын;

- аба транспортунун аймагын;

- калктуу конуштардын көчө-жол тармагын (магистралдык көчөлөр жана жолдор, аянттар, башка көчөлөр жана жолдор);

- транспорттук инфраструктура объекттери (темир жол жана автобус бекеттери, транспорттук жол айрылыштары, жеке менчик автомобилдер үчүн гараж массивдери, автотоктотуу жайлары (парковка).

Ушул Башкы планда транспорттук инфраструктура зонасы төмөнкүлөр боюнча аймактык өнүктүрүүгө ээ болот:

- "Манас" эл аралык аэропортун өнүктүрүүнүн эсебинен аба транспортунун аймагын көбөйтүү;

- калктуу конуштардын көчө-жол тармагын (магистралдык көчөлөр жана жолдор, аянттар, башка көчөлөр жана жолдор) олуттуу көбөйтүү;

- транспорттук инфраструктура объекттерин (темир жол жана автобус бекеттерин, транспорттук жол айрылыштарын, автотоктотуу жайларын (парковкаларды) өнүктүрүү.

Инженердик инфраструктура зонасы башкы инженердик курулмалардын аймактарын - электр подстанцияларын, чарбалык-тиричилик канализациясынын жана жаан-чачын канализациясынын тазалоочу курулмаларын камтыйт.

Айыл чарбалык пайдалануу зонасы башка функционалдык зоналарды өнүктүрүүнүн эсебинен кыскарат жана 7,4 миң га жакын түзөт.

Атайын багыттагы зонага төмөнкүлөр кирет:

- көрүстөндөр зонасы;

- калдыктарды топтоо жана көмүү зонасы;

- атайын багыттагы жашылдандырылган аймактар зонасы;

- өсүмдүктөрдүн питомниктери.

Ушул Башкы планда көрүстөндөрдүн зонасын өнүктүрүүнүн эсебинен атайын багыттагы зоналарды көбөйтүү, ошондой эле жашылдандырылган санитардык-коргоо аймактарын түзүү каралган. Пайдалануудагы 21 көрүстөндөн тышкары, ушул Башкы планда көрүстөндөрдүн аянтын кеңейтүү сунушталууда: шаардын түштүк бөлүгүндө 40 га жана 12 га аянттагы эки көрүстөндү түзүү каралууда.

Ушул Башкы планда ЖЭБдин күл төгүүчү жайынын түндүк тарабында жайгашкан аймакта өсүмдүктөрдүн питомнигин уюштуруу каралган.

Ушул Башкы планда магистралдык автомобиль жолдорунун боюнда корголуучу жашылдандыруу аймагын көбөйтүү сунушталган.

Режимдик аймактар зонасы өзгөртүлбөстөн калат.

Ушул Башкы планда ошондой эле функционалдык зонасы белгиленбеген аймактардын зонасы белгиленген. Азыркы мезгилде бул аймактардын укуктук статусун аныктоого мүмкүн эмес. Бул зонанын аянты болжол менен 500 га түзөт.

Турак жай фонду

Турак жай менен камсыз болуу деңгээли - калктын социалдык бакубатчылыгынын негизги көрсөткүчү.

2025-жылдын башталышына карата Бишкек шаары боюнча орточо турак жай менен камсыз болуу бир адамга 14,0 кв.м түзгөн.

Турак жай курулушунун пландалган көлөмдөрү төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталды:

- 2050-жылга карата калктын санынын 1920,0 миң адамга чейин өсүшү;

- орто эсеп менен алганда бир адамды 23 кв.м турак жай менен камсыз кылууга жараша Бишкек шаарынын тургундары үчүн турак жай шарттарын жакшыртуу зарылчылыгы.

Долбоордук мезгил ичинде 26935,2 миң кв.м өлчөмүндө турак жай фондунун курулушу каралууда. Жалпысынан эсептик мөөнөткө карата турак жай фондунун көлөмү 44160,0 миң кв.м түзөт.

Жаңы курулуштун жалпы көлөмүнөн эң көп көлөмү Ленин жана Октябрь райондорунда бекитилген документтерди (курулуш долбоорлорун) ишке ашыруунун эсебинен сунушталат.

Ушул Башкы планда 2050-жылга чейинки турак жай курулушунун төмөнкү түзүмү каралган:

- жеке турак жай курулушу - 1312,7 миң кв.м (4,87%);

- аз кабаттуу турак жай курулушу - 2116,5 миң кв.м (7,86%);

- орто кабаттуу турак жай курулушу - 6486,3 миң кв.м (24,08%);

- көп кабаттуу турак жай курулушу - 17019,7 миң кв.м (63,19%).

Жаңы турак жай курулушун жайгаштырууда мурда иштелип чыккан курулуш долбоорлору, деталдык пландоо долбоорлору боюнча документтер эске алынган. Ошентип ушул Башкы планда каралган турак жай курулушунун жалпы көлөмүнүн (26935,2 миң кв.м) 34,8% батирлердин аянты (9383,6 миң кв.м) мурда аткарылган курулуш долбоорлору боюнча документтердин ишке ашырылышы менен шартталган.

1-таблицада Бишкек шаарында жайгашкан турак жай фондунун шаардын административдик райондору боюнча курулуш типтери боюнча бөлүштүрүлүшү көрсөтүлгөн.

1-таблица. Бишкек шаарынын административдик райондору боюнча долбоордук мөөнөткө (2050-жыл) турак жай курулушунун жайгаштырылышы жана түзүмү, миң кв.

 

№

Административдик-аймактык бирдик

Азыркы учурдагы сакталган объект

Жаңы курулуш

Бардыгы

 

1

Ленин району

2284,9

479,5

697,7

1694,9

5157,0

12,8

143,6

734,3

7238,4

8129,1

2297,7

623,1

1432,0

8933,3

13286,1

2

Биринчи май району

1141,7

580,7

473,8

1245,1

3441,3

751,4

1898,8

2039,1

1940,6

6629,9

1893,1

2479,5

2512,9

3185,7

10071,2

3

Свердлов району

1459,5

295,5

852,8

988,0

3595,8

325,0

0,0

942,2

1821,0

3088,2

1784,5

295,5

1795,0

2809,0

6684,0

 

4

Октябрь району

480,4

1107,1

759,4

2683,8

5030,7

223,5

74,1

2770,7

6019,7

9088,0

703,9

1181,2

3530,1

8703,5

14118,7

 

 

Бардыгы

5366,5

2462,8

2783,7

6611,8

17224,8

1312,7

2116,5

6486,3

17019,7

26935,2

6679,2

4579,3

9270,0

23631,5

44160,0

 

 

7-глава. Транспорттук инфраструктура системасын өнүктүрүү

Бишкек шаарынын транспорттук системасын өнүктүрүүнүн негизги милдети жүргүнчүлөрдүн агымынын жана каттамдардын узактыгынын болжолдонгон өсүшү, ошондой эле көчө-жол тармагынын көпчүлүк магистралдык багыттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү учурдагы чегине жеткен шартта, күнүмдүк сапарларды жасоо үчүн жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууга дем берүүнүн эсебинен калкты транспорттук тейлөөнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Ушул Башкы пландын сунуштары транспорттун ар бир түрү кыйла натыйжалуу ролду аткара тургандай тең салмакталган транспорттук системаны түзүүгө багытталган. Мындай системаны түзүүнүн максаты жүргүнчүлөр үчүн максималдуу ыңгайлуулукка жана шаардын жалпы транспорттук системасынын техникалык-экономикалык натыйжалуулугуна жетишүү болуп саналат.

Тең салмакталган транспорттук системага өтүү транспорттук-орун которуу түйүндөрүн уюштуруу, коомдук жүргүнчүлөр транспортунун тездетилген, анын ичинде рельстүү түрлөрүнүн системасын өнүктүрүү, транспорт линияларын жалпы транспорт агымынан бөлүү, шаардын борборунда токтоп туруучу жана акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлардын системасын түзүү аркылуу ишке ашат.

Ушул Башкы пландын иш-чараларын ишке ашыруунун натыйжасында шаардын жеткиликтүүлүк, коопсуздук, ыңгайлуулук жана натыйжалуулук критерийлерине жооп берген заманбап транспорттук система түзүлүүгө тийиш.

Тышкы транспорт

Ушул Башкы план менен тышкы транспорт объекттерин өнүктүрүү боюнча төмөнкү иш-чаралар сунушталууда:

- "Манас" эл аралык аэропортун реконструкциялоо, анда жүргүнчүлөр агымынын жана жүк агымынын болжолдонгон көлөмдөрүн тейлөө мүмкүнчүлүгү үчүн экинчи учуп-конуу тилкесин, жаңы терминалды, аба кемелерин техникалык тейлөө борборун куруу камтылган;

- "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" жана "Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече - Макмал" жаңы темир жол коридорлорунун курулушун эске алуу менен, транзиттик жүк агымдарын бөлүү, ошондой эле шаар четиндеги жана шаар ичиндеги жүргүнчүлөр темир жол каттамын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү үчүн учурдагы темир жол линиясынын жүктөмүн азайтуу максатында, шаардын курулган аймактарын айланып өткөн узундугу 175 км темир жол магистралдык линиясын куруу. Темир жол станциясын жана Бишкек шаарынын батыш тарабынан колдонулуп жаткан жана пландалган темир жол магистралынын ортосунда узундугу 9,9 км байланыштыруу участогун куруу менен, магистралдык линиядан "Манас" эл аралык аэропортуна узундугу 11,2 км кошумча линияны куруу;

- транзиттик транспорттук агымдардын өтүшүн камсыздоо, ошондой эле агломерациялык жана шаар ичиндеги агымдарды кайра бөлүштүрүү, шаардын түштүк бөлүгүнөн кошумча чыгууларды камсыздоо үчүн жалпы узундугу 80,1 км түзгөн шаарды толук кандуу айланып өтүүчү автожолун түзүү. Куруу пландалган эл аралык маанидеги автомобиль жолунун участокторунун узундугу - 39,0 км, реконструкциялоо пландалган, анын ичинде эл аралык маанидеги "Алматы - Бишкек - Ташкент (Бишкек ш. айланма жолу)" автомобиль жолунун участогу - 41,1 км, анын ичинде жасалма жол курулмаларын куруу жана реконструкциялоо: темир жолдор аркылуу 2 өтмөктү, автомобиль жолдору аркылуу 4 өтмөктү, ар кандай деңгээлдердеги 24 транспорттук түйүндү, ошондой эле көчөдөн тышкаркы жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүн;

- шаар аралык жана шаар четиндеги жүргүнчүлөр агымынын болжолдуу көлөмүн тейлөө үчүн жаңы үч автобекет куруу: жаңы Ош базарынын жанында - эл аралык маанидеги "Бишкек - "Манас" эл аралык аэропорту" автомобиль жолунун боюнда, Барпы Алыкулов көчөсүнүн уландысында Кашка-Баш айылынын түштүгүнө карай жана Чокон Валиханов көчөсүнүн уландысында шаардын түштүк-чыгыш бөлүгүндө курулат;

- транзиттик жүк агымдарын кайра бөлүштүрүү максатында

"Алматы - Бишкек - Ташкент (Бишкек ш. айланма жолу)" эл аралык маанидеги автомобиль жолунда транспорттук-логистикалык комплекстерди куруу.

Көчө-жол тармагы

Көчө-жол тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштар төмөнкү негизги милдеттерди аткарууга багытталган:

- сырткы айланмадан (шаарды айланып өтүү), борборду айланып өтүү жана бөлүштүрүүчү хордалардан турган радиалдык-айланма системасын түзүү;

- коомдук транспортко артыкчылыкты камсыздоо мүмкүнчүлүгү үчүн борбордук көчөлөрдү транзиттик транспорттук агымдардан бошотуу;

- транспорттун түрүн (жеке, коомдук, велосипеддерди) пайдалануу артыкчылыгына жараша көчөлөрдү багыты боюнча дифференциациялоо;

- курулушу пландалган аймактарды кошуу;

- альтернативдүү жана кайталанган багыттарды түзүүнүн эсебинен аймактардын байланышын жогорулатуу;

- магистралдык көчө-жол тармагынын параметрлерин ченемдик талаптарга ылайык келтирүү.

Ушул Башкы планда Бишкек шаарынын чек араларында жана ага чектеш аймактарда көчө-жол тармагын өнүктүрүү боюнча төмөнкүдөй иш-чаралар сунушталат (анын ичинде пландалган айланып өтүү жана ага баруучу жолдор, ошондой эле калктуу конуштун бөлүнгөн бөлүктөрүнүн ортосундагы байланыш):

- жалпы узундугу 320,8 км болгон магистралдык көчө-жол тармагын реконструкциялоо, анын ичинде 41,1 км - жөнгө салынуучу кыймылдын ылдам жүрүүчү магистралдык жолдорунун параметрлери боюнча, 2,7 км - жөнгө салынуучу кыймылдын ылдам жүрүүчү магистралдык жолдорунун параметрлери боюнча, 169,2 км - жөнгө салынуучу кыймылдын жалпы шаардык багыттагы магистралдык көчөлөрүнүн параметрлери боюнча, 107,8 км - райондук маанидеги магистралдык көчөлөрдүн параметрлери боюнча;

- жалпы узундугу 293,2 км болгон магистралдык көчө-жол тармагын куруу, анын ичинде ылдам жүрүүчү магистралдык жолдору - 39,0 км, жөнгө салынуучу кыймылдын ылдам жүрүүчү магистралдык жолдору - 38,3 км; жөнгө салынуучу кыймылдын жалпы шаардык багыттагы магистралдык көчөлөрү - 88,4 км, райондук маанидеги магистралдык көчөлөр - 127,5 км;

- Киев көчөсүнүн участогунда узундугу 3,3 км коомдук жүргүнчүлөр транспортунун линиясы менен жөө жүрүүчүлөр көчөсүн куруу;

- магистралдык көчө-жол тармагында жасалма жол курулмаларын куруу жана реконструкциялоо (анын ичинде пландалган айланып өтүү): темир жол жана автомобиль жолдору аркылуу өтүүчү 15 өтмөктү, ар кандай деңгээлдердеги 44 транспорттук түйүндү, ошондой эле суу тоскоолдуктары аркылуу көпүрө өтмөктөрүн.

Шаардык коомдук жүргүнчүлөр транспорту

Ушул Башкы план менен жогорку ташуу жөндөмдүүлүктөгү коомдук жүргүнчүлөр транспортунун тездетилген түрлөрүнүн үч жаңы системасын түзүү сунушталат:

- шаар ичиндеги темир жол транспорту Кожомкул жана Новопокровка айылдары менен агломерациялык байланыштарды кошуп алганда батыш - борбор - чыгыш багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну тейлөө үчүн арналат. Узундугу 28,1 км болгон темир жол линиясынын участогун электрлештирүү, бир жолдуу участокторго экинчи жолду куруу, иштеп жаткан төрт темир жол станциясын реконструкциялоо ("Бишкек-1", "Бишкек-2", "Сокулук", "Аламүдүн"), төрт жаңы темир жол аялдама пунктун куруу жана иштеп жаткан төрт темир жол аялдама пунктун реконструкциялоо (3772 км аялдама пункту (Ала-Тоо), 3778 км аялдама пункту (Ленин атындагы завод), 3790 км аялдама пункту (Сельсовет), 3794 км аялдама пункту (Нооруз), ошондой эле темир жол депосун куруу болжолдонууда;

- жеңил рельстүү транспорт (трамвай) тышкы транспорт объекттерине (автобекеттерге, "Манас" эл аралык аэропортуна) туташтыруу менен түштүк - борбор жана түштүк-батыш-түштүк-чыгыш багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташууларды тейлөө үчүн. Узундугу 66,8 км трамвай линияларын жана бир трамвай депосун куруу каралууда;

- линиясынын жалпы узундугу 68,4 км метробус тышкы транспорт объекттерине (автобекеттерге, "Манас" эл аралык аэропортуна) туташтыруу менен түндүк - түштүк жана түндүк - борбор багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташууларды тейлөө үчүн.

Ушул Башкы план менен шаардын тең салмакталган транспорттук системасынын негизи катары шаардык транспорттук-орун которуу түйүндөрү системасын өнүктүрүү аркылуу орун которуу моделин түзүү сунушталат. 22 транспорттук-орун которуу түйүнүн төмөнкүдөй үч деңгээлде уюштуруу болжолдонууда:

- мамлекеттик маанидеги - "Манас" эл аралык аэропортунун, иштеп жаткан жана пландалган автобекеттердин, "Бишкек-2" темир жол станциясынын базасында;

- агломерациялык маанидеги - шаардык ички темир жол станцияларынын жана темир жол аялдама пункттарынын базасында;

- шаардык маанидеги - трамвай линияларынын жана рельси жок жүргүнчүлөр транспортунун кыймылынын обочолонгон линияларынын кесилишкен жерлеринде.

Ушул Башкы план менен учурдагы жана куруу пландалган турак жай, коомдук-иштиктүү жана өндүрүштүк багыттагы аймактарды тейлөө үчүн рельси жок коомдук жүргүнчүлөр транспортунун каттамдык тармагын өнүктүрүү каралууда. Рельси жок коомдук жүргүнчүлөр транспортунун линиясынын келечектүү тармагы менен магистралдык көчө-жол тармагынын жалпы узундугу 702,3 км түзөт.

Көчмө курамдын келечектүү инвентардык паркын тейлөө жана сактоо үчүн эки автобус паркын куруу жана рельси жок жүргүнчүлөр транспортунун иштеп жаткан төрт паркын реконструкциялоо сунушталат. Ошондой эле рельси жок жүргүнчүлөр транспорту үчүн иштеп жаткан 7 токтотуу-кайрылуу аянтын реконструкциялоо жана жаңы 12 токтотуу-кайрылуу аянтын, ошондой эле акыркы аялдама пункттарынын курамында трамвайлар үчүн 5 токтотуу-кайрылуу аянтын уюштуруу каралууда.

Микромобилдүүлүк

Ушул Башкы план менен велосипед каттамдарынын универсалдуу тармагынын базасында жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн инфраструктура түзүү сунушталууда. Транспорттук-орун которуу түйүндөрү аркылуу шаардык ички темир жол транспорту менен бирдиктүү системага интеграциялоо аркылуу жалпы узундугу 152 км велосипеддик каттамдарынын үзгүлтүксүз тармагын түзүү каралууда.

Транспорт каражаттарын сактоо объекттери

Жеңил автотранспортту башаламан сактоо проблемасын чечүү максатында ушул Башкы план менен акы төлөнүүчү муниципалдык автотранспортун токтотуу жана коюу жайлары системасынын пайдаланылуучу зонасын туруктуу негизде кеңейтүү, ошондой эле шаардын тургундары көп чогулган ири объекттердин жанында көп кабаттуу автотранспортту коюу жайларын куруу сунушталат.

8-глава. Маданий-тиричилик тейлөө системасынын мекемелерин өнүктүрүү

Билим берүү уюмдары

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары

Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында 120 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюму иш жүргүзөт, алардын долбоордук сыйымдуулугу 20,5 миң орунду түзөт.

Муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 2050-жылга карата орундарга ченемдик муктаждыктын эсеби төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлдү:

- калктын мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундар менен камсыздалышынын ченемдик көрсөткүчү - 1 миң адамга 53 орун (2-5 жаш курактагы балдардын санына жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундар менен 85% камсыздалышына жараша);

- объекттердин аймактык жеткиликтүүлүгү - 300 м. (2-табл.).

2-таблица. Муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына муктаждык эсеби

 

Райондордун аталышы

Учурдагы абал

2050-жылга карата ченемдик муктаждык (миң орун)

Объекттер

Долбоордук сыйымдуулук (миң орун)

Ленин

26

3,9

29,5

Октябрь

42

8,1

31,9

Биринчи май

22

3,2

22,7

Свердлов

30

5,3

17,6

Бишкек ш. боюнча жалпы

120

20,5

101,7

 

Ушул Башкы план менен төмөнкүлөрдү жайгаштыруу каралган:

- Ленин районунда долбоордук кубаттуулугу 27,0 миң орундуу 123 объект;

- Октябрь районунда долбоордук кубаттуулугу 25,4 миң орундуу 118 объект;

- Биринчи май районунда долбоордук кубаттуулугу 19,6 миң орундуу 83 объект;

- Свердлов районунда долбоордук кубаттуулугу 12,3 миң орундуу 53 объект.

Ошентип 2050-жылга карата Бишкек шаарынын муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жалпы саны болжол менен долбоордук сыйымдуулугу 105,6 миң орундуу 497 объектти түзөт.

Жалпы билим берүү уюмдары

Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында жалпы долбоордук сыйымдуулугу 103,3 миң орундуу 118 муниципалдык жалпы билим берүү уюму иш жүргүзөт.

2050-жылга карата муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарындагы орундарга ченемдик муктаждыкты эсептөө төмөнкүлөрдүн негизинде жана аларды эске алуу менен жүргүзүлдү:

- калктын жалпы билим берүү уюмдарындагы орундар менен камсыздалышынын ченемдик көрсөткүчү - 1 миң адамга 153 орун (1-класстан 9-класска чейинки балдардын 100%ы жана 10-класстан 12-класска чейинки балдардын 75%ы орундар менен камсыздалышына жана калктын 6 жаштан 17 жашка чейинки курактагы курактык түзүмүнө жараша);

- объекттердин аймактык жеткиликтүүлүгү - 750 м (башталгыч мектеп үчүн 500 м);

- жалпы билим берүү уюмдарынын бир нөөмөттүк иши (3-табл.).

3-таблица. Муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына муктаждык эсеби

 

Райондордун аталышы

Учурдагы абал

2050-жылга карата ченемдик муктаждык (миң орун)

Объекттер

Долбоордук сыйымдуулук (миң орун)

Ленин

37

31,0

85,1

Октябрь

21

23,0

92,2

Биринчи май

27

21,0

65,7

Свердлов

33

28,3

50,8

Бишкек ш. боюнча жалпы

118

103,3

293,8

 

Ушул Башкы план менен төмөнкүлөрдү жайгаштыруу каралган:

- Ленин районунда долбоордук кубаттуулугу 58,4 миң орундуу 57 объект;

- Октябрь районунда долбоордук кубаттуулугу 77,7 миң орундуу 68 объект;

- Биринчи май районунда долбоордук кубаттуулугу 41,7 миң орундуу 39 объект;

- Свердлов районунда долбоордук кубаттуулугу 22,3 миң орундуу 22 объект.

Эсептик мөөнөткө карата жалпы билим берүү уюмдарынын учурдагы сакталган саны долбоордук кубаттуулугу 103,1 миң орундуу 117 объектти түзөт.

Ошентип 2050-жылга карата Бишкек шаарынын муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жалпы саны болжол менен долбоордук сыйымдуулугу 300,5 миң орундуу 303 объектти түзөт.

Кошумча билим берүү уюмдары

Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында жалпы долбоордук сыйымдуулугу 17,1 миң орундуу республикалык жана муниципалдык маанидеги 27 кошумча билим берүү уюму (113 объект) жайгашкан.

2050-жылга карата муниципалдык кошумча билим берүү уюмдарындагы орундарга ченемдик муктаждыкты эсептөө төмөнкүлөрдүн негизинде жана аларды эске алуу менен жүргүзүлдү:

- калктын кошумча билим берүү уюмдарындагы орундар менен камсыздалышынын ченемдик көрсөткүчү - 1 миң адамга 15,3 орун (мектеп окуучуларынын 10%ы);

- кошумча билим берүү уюмдарынын эки-үч нөөмөттүк иши (4-табл.).

4-таблица. Муниципалдык кошумча билим берүү уюмдарына муктаждык эсеби

 

Райондордун аталышы

Учурдагы абал

2050-жылга карата ченемдик муктаждык (миң орун)

Объекттер

Долбоордук сыйымдуулук (миң орун)

Ленин

35

4,0

8,5

Октябрь

34

4,8

9,2

Биринчи май

25

5,4

6,6

Свердлов

19

2,9

5,1

Бишкек ш. боюнча жалпы

113

17,1

29,4

 

Ушул Башкы план менен төмөнкүлөрдү жайгаштыруу каралган:

- Ленин районунда жалпы сыйымдуулугу 4,8 миң орундуу 5 объект;

- Октябрь районунда жалпы сыйымдуулугу 4,5 миң орундуу 10 объект;

- Биринчи май районунда жалпы сыйымдуулугу 1,2 миң орундуу 3 объект;

- Свердлов районунда жалпы сыйымдуулугу 2,2 миң орундуу 3 объект.

Ошентип 2050-жылга карата Бишкек шаарында кошумча билим берүү уюмдарынын жалпы саны болжол менен жалпы долбоордук сыйымдуулугу 29,4 миң орундуу 134 бирдикти түзөт.

Кесиптик жана жогорку билим берүү программаларын ишке ашыруучу уюмдар

Бишкек шаарынын аймагында кесиптик жана жогорку билим берүү чөйрөсүндө төмөнкүлөр каралган:

1) төмөнкү объекттерди реконструкциялоо:

- Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту (жаңы окуу-лабораториялык корпусту жана жатакананы куруу);

- № 4 кесиптик лицей (жаңы кесиптер боюнча окуу лабораториясы);

- № 97 темир жолчулардын кесиптик лицейи (Темир жол боюнча кыргыз-кытай лабораториясы);

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №.99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи ("Мектеп 21" долбоору үчүн устаканалар жана окуу корпусу);

- Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;

- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы;

- Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети (кошумча окуу корпусу);

- № 5 кесиптик лицей (окуучулар үчүн жатакана);

- Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (№ 8 жаңы окуу корпусу);

- Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы технопарк;

2) төмөнкү объекттерди куруу:

- заманбап билим берүүнүн жана креативдүү технологиялардын көп функциялуу кампусу, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:

- университет;

- колледж;

- коворкинг жана инновациялар корпусу;

- жатакана;

- Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы окуу полигону;

- Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын окуу корпусу;

- Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын азыркы жайгашкан жеринде жаңы имараты.

Саламаттык сактоо

Стационардык шарттарда медициналык жардам көрсөтүүчү дарылоо-профилактикалык медициналык уюмдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү

Бишкек шаарынын аймагында жалпы долбоордук кубаттуулугу 7239 койкалуу стационардык шарттарда медициналык жардам көрсөтүүчү 25 дарылоо-профилактикалык медициналык уюм (мындан ары - стационар), республикалык жана муниципалдык маанидеги стационарлардын түзүмдүк бөлүмдөрү жайгашкан.

2050-жылга карата стационарларга болгон ченемдик муктаждыкты эсептөө калктын стационарларда койкалар менен камсыздалышынын ченемдик көрсөткүчүнүн негизинде жүргүзүлдү - 1 миң адамга 13,47 койка.

2050-жылга карата стационарларга болгон ченемдик муктаждык 25,9 миң койканы түзөт.

Ушул Башкы план менен шаардын аймагында 28 стационарды жайгаштыруу каралган, анын ичинде Ленин районунда 11 стационар, Октябрь районунда 11 стационар, Биринчи май районунда 5 стационар, Свердлов районунда, аэропорттун жана мурдагы Озерное айылынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун районунда стационар.

Стационарлардын учурдагы сакталган саны долбоордук кубаттуулугу 5195 койкалуу 18 объектти түзөт.

Ошентип 2050-жылга карата Бишкек шаарындагы стационарлардын саны болжол менен жалпы долбоордук кубаттуулугу 26,3 миң койкадан ашкан 49 объектти түзөт.

Амбулатордук шарттарда жана (же) күндүзгү стационар шарттарында медициналык жардам көрсөтүүчү дарылоо-профилактикалык медициналык уюмдар

Бишкек шаарынын аймагында жалпы долбоордук кубаттуулугу бир нөөмөттө 9,25 миң келүүнү түзгөн, шаардын калкын тейлеген республикалык жана муниципалдык маанидеги амбулатордук шарттарда жана (же) күндүзгү стационар шарттарында медициналык жардам көрсөтүүчү 70 дарылоо-профилактикалык медициналык уюм (мындан ары - амбулатордук-бейтапканалык мекеме) жайгашкан.

2050-жылга карата амбулатордук-бейтапканалык мекемелерге болгон ченемдик муктаждыкты эсептөө калктын амбулатордук-бейтапканалык мекемелер менен камсыздалышынын ченемдик көрсөткүчүнүн негизинде жүргүзүлдү - 1 миң адамга бир нөөмөттө 18 келүү (5-табл.).

5-таблица. Амбулатордук-бейтапканалык мекемелерге муктаждык эсеби

 

Объекттер

Амбулатордук-бейтапканалык мекемелер менен камсыздалгандык (бир нөөмөттө миң келүү)

 

Ленин

24

2,78

10,01

Октябрь

7

1,25

10,85

Биринчи май

20

2,31

7,72

Свердлов

19

2,92

5,97

Бишкек ш. боюнча жалпы

70

9,25

34,56

 

Ушул Башкы план менен амбулатордук-бейтапканалык мекемелерди жайгаштыруу каралган:

- Ленин районунда - долбоордук кубаттуулугу бир нөөмөттө 7,38 миң келүү менен 20;

- Октябрь районунда - долбоордук кубаттуулугу бир нөөмөттө 9,97 миң келүү менен 24;

- Биринчи май районунда - долбоордук кубаттуулугу бир нөөмөттө 5,68 миң келүү менен 14;

- Свердлов районунда - долбоордук кубаттуулугу бир нөөмөттө 3,22 миң келүү менен 11.

Ошентип ушул Башкы план менен жалпы долбоордук кубаттуулугу бир нөөмөттө 26,26 миң келүү менен 69 амбулатордук-бейтапканалык мекемени жайгаштыруу каралган.

Эсептик мөөнөткө карата амбулатордук-бейтапканалык мекемелердин учурдагы сакталган саны долбоордук кубаттуулугу бир нөөмөттө 8,91 миң келүү менен 66 объектти түзөт.

2050-жылга карата Бишкек шаарындагы амбулатордук-бейтапканалык мекемелердин жалпы саны болжол менен жалпы долбоордук кубаттуулугу бир нөөмөттө 35,17 миң келүү менен 135 бирдикти түзөт.

Медициналык тез жардам көрсөтүүчү медициналык уюмдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү

Бишкек шаарынын аймагында жалпы долбоордук кубаттуулугу 49 автомобилди түзгөн муниципалдык маанидеги 7 медициналык тез жардам станциясы (подстанциясы) жайгашкан.

2050-жылга карата медициналык тез жардам станцияларына болгон ченемдик муктаждыкты эсептөө калктын медициналык тез жардам станциялары менен камсыздалышынын ченемдик көрсөткүчүнүн негизинде жүргүзүлдү - 10 миң адамга 1 автомобиль (6-табл.).

6-таблица. Медициналык тез жардам станцияларына муктаждык эсеби

 

Объекттер

Автомобилдер

 

Ленин

2

9

56

Октябрь

1

5

60

Биринчи май

3

31

43

Свердлов

1

4

33

Бишкек ш. боюнча жалпы

7

49

192

 

Ушул Башкы план менен медициналык тез жардам станцияларын жайгаштыруу каралган:

- Ленин районунда - долбоордук кубаттуулугу 50 автомобилди түзгөн 4;

- Октябрь районунда - долбоордук кубаттуулугу 55 автомобилди түзгөн 4;

- Биринчи май - районунда долбоордук кубаттуулугу 13 автомобилди түзгөн 4;

- Свердлов районунда - долбоордук кубаттуулугу 30 автомобилди түзгөн 2.

Ошентип ушул Башкы план менен болжол менен долбоордук кубаттуулугу 148 автомобилди түзгөн 13 медициналык тез жардам станциясын жайгаштыруу каралган.

2050-жылга карата шаардын аймагын болжол менен жалпы сыйымдуулугу 197 автомобилди түзгөн 20 медициналык тез жардам станциясы тейлейт.

Социалдык тейлөө

Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында республикалык, муниципалдык социалдык тейлөө объекттери жайгашкан.

2050-жылга карата социалдык тейлөө объекттерине болгон ченемдик муктаждыкты эсептөө калктын социалдык инфраструктура объекттери менен камсыздалышынын ченемдик көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлдү (7-табл.).

7-таблица. Бишкек шаарынын калкынын социалдык тейлөө объекттерине муктаждык эсеби

 

Аталышы

Ченемдик көрсөткүч

Жаңы курулуш

Пенсионерлерди жана майыптарды тейлөө клубу

Бишкек шаарынын ар бир административдик районунда 2 объект

8 объект

Улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн интернат тибиндеги социалдык-стационардык мекеме

100 миң пенсионерге жана майыптыгы бар адамга 1 объект(*)

300 орундуу 1 объект

Улгайган адамдар үчүн күндүз болуу борбору

Ар бир МАБга 1 объект

32 объект

Мыйзам менен келишпестикке барган балдар жана өспүрүмдөр үчүн борбор

Мыйзам менен келишпестикке барган балдардын жана өспүрүмдөрдүн10%ы(*)

Ар биринде 50 орундан 3 борбор

Белгилүү бир жашаган жери жок адамдар үчүн борбор

Бишкек шаарынын ар бир административдик районунда 1 объект

4 объект

Майыптыгы бар адамдар үчүн күндүз (же убактылуу) болуу борбору

Майыптыгы бар 2 миң адамга 1 объект

Ар биринде 100 орундан 19 объект

 

(*) - эсептөөдө майыптардын, мыйзам менен келишпестикке барган балдардын жана өспүрүмдөрүн учурдагы саны жөнүндө маалыматтар пайдаланылды.

Ушул Башкы планда төмөнкү объекттерди куруу каралган:

Ленин районунда:

- улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн интернат тибиндеги социалдык-стационардык мекеме;

- белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн борбор;

- майып балдардын реабилитациялык борбору;

- пенсионерлерди жана майыптарды тейлөөнүн 2 клубу;

- улгайгандар үчүн күндүз болуунун 9 борбору;

- мыйзам менен келишпестикке барган балдар жана өспүрүмдөр үчүн 7 борбор.

Октябрь районунда:

- белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн борбор;

- пенсионерлерди жана майыптарды тейлөөнүн 2 клубу;

- улгайгандар үчүн күндүз болуунун 7 борбору;

- мыйзам менен келишпестикке барган балдар жана өспүрүмдөр үчүн 7 борбор;

Биринчи май районунда:

- белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн борбор;

- пенсионерлерди жана майыптарды тейлөөнүн 2 клубу;

- улгайгандар үчүн күндүз болуунун 8 борбору;

- мыйзам менен келишпестикке барган балдар жана өспүрүмдөр үчүн 5 борбор;

- улгайган жана майыптыгы бар адамдар үчүн "Υмүт үйү" муниципалдык социалдык стационардык мекемесинин кошумча корпусун куруу;

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жана Бишкек шаарынын Биринчи май административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу "Келечек" майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборун реконструкциялоо;

Свердлов районунда:

- белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн борбор;

- пенсионерлерди жана майыптарды тейлөөнүн 2 клубу;

- улгайгандар үчүн күндүз болуунун 8 борбору;

- мыйзам менен келишпестикке барган балдар жана өспүрүмдөр үчүн 3 борбор.

Маданият

Маданий-агартуу багытындагы объекттер

Китепканалар

Бишкек шаарынын аймагында республикалык жана муниципалдык маанидеги 41 китепкана, анын ичинде филиалдары жана бөлүмдөрү өз ишин жүргүзөт, жалпы долбоордук кубаттуулугу 7574 миң сактоо бирдигин түзөт.

2050-жылга карата китепканаларга ченемдик муктаждыкты эсептөө төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлдү:

- калкты китепканалар менен камсыздоонун ченемдик көрсөткүчү - 1 миң адамга 4 миң сактоо бирдиги;

- калктын долбоордук саны (1920 миң адам).

2050-жылга карата китепканалардын китеп фондунда ченемдик муктаждык 7680 миң сактоо бирдигин түзөт (8-таблица).

8-таблица. Китепканаларга муктаждыкты эсептөө

 

Объекттер

Миң сактоо бирдиги

 

Ленин

9

393,1

2224,7

Октябрь

7

149,6

2411,0

Биринчи май

7

6637,1

1716,6

Свердлов

18

394,2

1327,7

Бишкек шаары боюнча жалпы

41

7574,0

7680,0

 

Бул типтеги объекттерге муктаждыкты камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарында төмөнкүлөрдү жайгаштыруу каралган:

- Ленин районунда долбоордук кубаттуулугу 40 миң сактоо бирдиги менен китепканалар;

- Биринчи май районунда долбоордук кубаттуулугу 100 миң сактоо бирдиги менен китепканалар;

- Свердлов районунда долбоордук кубаттуулугу 23 миң сактоо бирдиги менен 2 китепкана.

2050-жылга карата Бишкек шаарында 45 китепкананын жалпы фонду 7737 миң сактоо бирдигин түзөт.

Маданий-эс алуу (клуб) тибиндеги объекттер

Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык маанидеги 8 маданият үйү жайгашкан, жалпы долбоордук кубаттуулугу 1,09 миң орунду түзөт.

2050-жылга карата маданият үйлөрүнө ченемдик муктаждыкты эсептөө төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлдү:

- калктын долбоордук саны (1920 миң адам);

- калкты маданият үйлөрү менен камсыздоонун ченемдик көрсөткүчү - 1 миң адамга 4 орун.

9-таблица. Маданият үйлөрүнө муктаждыкты эсептөө

 

Объекттер

Долбоордук кубаттуулук (миң орун)

 

Ленин

2

0,47

2,22

Октябрь

2

0,20

2,41

Биринчи май

0

0,00

1,72

Свердлов

4

0,42

1,33

Бишкек шаары боюнча жалпы

8

1,09

7,68

 

Ушул Башкы планда жалпы сыйымдуулугу 6,75 миң орундуу 11 маданият үйүн жайгаштыруу каралган, анын ичинде:

- Ленин районунда жалпы долбоордук кубаттуулугу 1,8 миң орундуу 3 маданият үйү;

- Октябрь районунда жалпы долбоордук кубаттуулугу 2,25 миң орундуу 3 маданият үйү;

- Биринчи май районунда жалпы долбоордук кубаттуулугу 1,75 миң орундуу 3 маданият үйү;

- Свердлов районунда жалпы долбоордук кубаттуулугу 0,95 миң орундуу 2 маданият үйү.

2050-жылга карата маданият үйлөрүнүн саны жалпы сыйымдуулугу 7,84 миң орундуу 19 объектти түзөт.

Оюн-зоок уюмдары

Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында республикалык, муниципалдык маанидеги оюн-зоок уюмдары: театрлар, филармония, цирк жайгашкан.

2050-жылга карата оюн-зоок уюмдарына ченемдик муктаждыкты эсептөө төмөнкү ченемдик көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлдү:

- театрларда 1 миң адамга 5 орун;

- концерттик залдарда, филармонияда 1 миң адамга 3,5 орун;

- калкы 1 млн. ашык адам болгон калктуу конушта 2 цирк объекти (10-таблица).

10-таблица. Оюн-зоок уюмдарына муктаждыкты эсептөө

 

Объекттердин аталышы

Ченемдик көрсөткүч

Оюн-зоок уюмдарынын учурдагы абалы

2050-жылга карата ченемдик муктаждык (миң орун)

 

Театр

1 миң адамга 5 орун

8

3,61

9,6

Концерттик зал, филармония

1 миң адамга 3,5 орун

1

1,42

6,7

 

Цирктер

Калкы 1 млн. ашык адам болгон калктуу конушта 2 объект

1

 

2 объект

 

 

Ушул Башкы планда төмөнкүлөрдү жайгаштыруу каралган:

- Ленин районунда театр жана концерттик зал;

- Октябрь районунда театр жана концерттик зал;

- Биринчи май районунда цирк, улуттук киностудия жана "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын жаңы имараты.

Свердлов районунда төмөнкүлөрдү реконструкциялоо каралган:

- М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры;

- А.Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры.

Жаштар саясаты

Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында жаштар саясатынын объекттери жок.

Жаштар саясатынын объекттеринин зарыл болгон санын эсептөө төмөнкү ченемдик көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлдү:

- шаарга көп функционалдуу жаштар борбору;

- административдик районго жаштар борбору.

Ушул Башкы планда төмөнкүлөрдү жайгаштыруу каралган:

- Ленин районунда көп функционалдуу жаштар борбору;

- 4 жаштар борбору (шаардын ар бир административдик районунда бирден борбор).

Дене тарбия жана массалык спорт

Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында төмөнкүлөр жайгашкан:

- жалпы долбоордук кубаттуулугу боюнча аянты 91,1 миң кв.м 195 спорт залы;

- 47,3 га тегиздиктеги спорт курулмалары;

- жалпы долбоордук кубаттуулугу боюнча суу бетинин аянты 7,4 миң кв.м 33 сууда сүзүү бассейни.

2050-жылга карата дене тарбия жана массалык спорт объекттерине ченемдик муктаждыкты эсептөө 1 миң адамга калктын камсыз болуусунун ченемдик көрсөткүчүнүн негизинде жүргүзүлдү:

- полунун аянты 120 кв.м спорт залдары;

- 0,156 га тегиздиктеги спорт курулмалары;

- суу бетинин аянты 50 кв.м бассейндер.

Дене тарбия жана массалык спорт объекттерине муктаждыкты эсептөөдө менчиктин бардык түрүндөгү объекттердин заманбап долбоордук кубаттуулугу эске алынды.

11-таблица. Дене тарбия жана массалык спорт объекттерине муктаждыкты эсептөө

 

Объекттердин аталышы

Учурдагы абалы

Ченемдик муктаждык

 

Спорт залдары

195

Полунун аянты 91,1 миң кв.м

Полунун аянты 230 миң кв.м

Тегиздиктеги спорт курулмалары

47,3 га

300 га

 

Сууда сүзүү бассейндери

33

Суу бетинин аянты 7,4 миң кв.м

Суу бетинин аянты 96 миң кв.м

 

 

Ушул Башкы планда төмөнкү объекттерди жайгаштыруу каралган:

Ленин районунда:

- 17 көп функционалдуу спорт комплекси;

- 11 спорт комплекси жана борбору;

- сууда сүзүү борбору;

- 67,2 га тегиздиктеги спорт курулмалары;

Октябрь районунда:

- 14 көп функционалдуу спорт комплекси;

- 5 спорт комплекси;

- сууда сүзүү борбору;

- спорт залы;

- универсалдуу спорт аренасы;

- көп функционалдуу спорт базасы;

- аттракциондор жана көмөкчү жайлары менен бассейн;

- 87,7 га тегиздиктеги спорт курулмалары;

Биринчи май районунда:

- ат майданы;

- 10 көп функционалдуу спорт комплекси;

- 4 спорт комплекси;

- сууда сүзүү борбору;

- жабык бассейн;

- 3 спорт залы;

- шахмат турнирлерин өткөрүү үчүн имарат;

- стадион;

- 63,0 га тегиздиктеги спорт курулмалары;

Свердлов районунда:

- 3 бассейн;

- 4 көп функционалдуу спорт комплекси;

- 5 спорт комплекси;

- сууда сүзүү борбору;

- 39,8 га тегиздиктеги спорт курулмалары.

Башка тейлөө объекттери

Башка тейлөө объекттерине соода объекттери (дүкөндөр, базар комплекстери), дарыканалар, коворкингдер, тиричиликтик тейлөө ишканалары, тиричилик үйлөрү, байланыш бөлүмдөрү киргизилди.

2050-жылга карата тейлөөнүн мындай объекттеринин ченемдик көрсөткүчтөрүнө ылайык калктын долбоордук санын башка тейлөө объекттери менен камсыз кылуу муктаждыгы 12-таблицада көрсөтүлгөн.

12-таблица. Башка тейлөө объекттерине калктын муктаждыгын эсептөө

 

Объекттердин аталышы

Ченемдик көрсөткүч

2050-жылга карата ченемдик муктаждык

Дүкөндөр

1 миң адамга 280 кв.м

537,6 миң кв.м

Дарыканалар

10 миң адамга 1 дарыкана

192 объект

Коворкингдер

100 миң адамга 1 объект

19 объект

Базар комплекстери

1 миң адамга 40 кв.м соода аянтчасы

76,8 миң кв.м соода аянтчасы

Байланыш бөлүмү

10 миң адамга 1 объект

192 объект

Тиричилик үйлөрү, анын ичинде:

 

4 объект

тиричиликтик тейлөө ишканалары

бир административдик районго 1 объект

 

кир жуучу жайлар

химиялык тазалоочу жайлар

 

9-глава. Инженердик инфраструктура системасын өнүктүрүү

Электр менен камсыздоо жана байланыш

Бишкек шаарында ишин жүргүзгөн электр энергетикасынын негизги субъекттери төмөнкүлөр болуп саналат:

- "Бишкек ЖЭБ" муниципалдык ишканасы;

- "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун ("КУЭТ" ААК), "Бишкек электр тармактар ишканасынын", "Чүй электр тармактар ишканасынын" (мындан ары - "БЭТИ" жана "ЧүйЭТИ") филиалдары, алардын негизги иши 0,4-500 кВ электр энергиясын өткөрүп берүү жана бөлүштүрүү болуп саналат;

- карамагына чакан ГЭСтер кирген "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому.

Жеке генерациядан тышкары электр энергиясы Казакстан Республикасынан, Өзбекстан Республикасынан жана Түркмөнстандан (CASA 1000) импорттолууда.

Бишкек шаарынын энергетика системасына 1 ЖЭБ, 220 кВ 2 электр подстанциясы, 110 кВ 30 электр подстанциясы жана 35 кВ 17 электр подстанциясы кирет.

Бишкек шаарынын өнүгүшүн эске алуу менен кошумча керектөөчүлөрдү туташтырууда электр кубаттуулуктарынын мүмкүн болгон тартыштыгын аныктоо үчүн электр жүктөмдөрүн эсептөө көрсөткүчтөрү аныкталды (13-таблица).

13-таблица. Электр жүктөмүнүн өсүшү

 

Пландалган райондун аталышы

Турак жай курулушунун электр жүктөмү

Социалдык коомдук-ишкердик багыттагы объекттердин электр жүктөмү

Жалпы электр жүктөмү

МВт

МВ-А

МВт

МВ-А

МВт

МВ-А

Ленин

171,72

179,12

53,26

57,40

224,98

236,52

Октябрь

178,97

187,39

72,62

78,78

251,59

266,17

Биринчи май

115,39

120,90

45,18

48,87

160,56

169,77

Свердлов

59,27

62,07

16,66

17,72

75,93

79,78

Бишкек шаары боюнча бардыгы

525,35

549,48

187,71

202,76

713,06

752,25

 

Салыштырма эсептик жүктөмдүн ирилештирилген көрсөткүчтөрү боюнча эсептелген электр жүктөмүнүн болжолдуу өсүшү 713,06 МВт түзөт (анын ичинде 525,35 МВт - турак жай курулушунун жүктөмүнүн өсүшү, 187,71 МВт - социалдык коомдук-ишкердик багыттагы объекттердин жүктөмүнүн өсүшү).

"КУЭТ" ААК, "БЭТИ" жана "Чүй ЭТИнин келечектүү планы менен төмөнкүлөр каралган:

- 500 кВ электр подстанциясын куруу;

- 220 кВ электр подстанциясын куруу;

- 220 кВ "Байтик" электр подстанциясын куруу;

- 220 кВ "Башкы" электр подстанциясынын үчүнчү кезегин куруу;

- 110 кВ "Аламүдүн" электр подстанциясын 220 кВ чыңалууга өткөрүү;

- 500 кВ электр өткөрүүчү аба линияларын куруу;

- 220 кВ электр өткөрүүчү эки чынжырлуу аба линиясын куруу;

- 35 кВ "Кара-Жыгач" электр подстанциясын 35 кВ тармагын 110 кВ чыңалууга өткөрүү.

Кошумча:

-220/110/35 кВ болгон 1 электр подстанциясын куруу;

- 16дан кем эмес 110 кВ подстанциясын куруу;

- 4төн кем эмес 110 кВ электр подстанциясын реконструкциялоо;

- 35 кВ болгон 3 электр подстанциясын 110 кВ чыңалууга өткөрүү;

- 35 кВ болгон 4 электр подстанциясын куруу;

- пландалган 35-110 кВ подстанциясын туташтыруу үчүн 35-110 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү линияларын куруу, ошондой эле 220 кВ болгон учурдагы кубат алуу борборлорунан жүктөмдөрдү пландалгандарга которуу;

- аба линияларын реконструкциялоо, ошондой эле электр подстанцияларындагы моралдык жана физикалык жактан эскирген жабдууларды реконструкциялоо.

Электр жүктөмүнүн олуттуу өсүшүн эске алуу менен генерация булактары катары төмөнкүлөр сунушталат:

- модернизацияны эске алуу менен ЖЭБ-1;

- генерациялык кубаттуулугу 250 МВА жана жылуулук кубаттуулугу 150 Гкал/с. болгон кичи ЖЭБ куруу (ЖЭБ-2нин аймагында);

- шаардын чегинен тышкары жайгаштыруу пландалган (Ысык-Көлдүн аймагында), мурда пландалган күн электр станциялары;

- Аламүдүн ГЭС каскады;

- Бишкек шаарынан түштүк багытта жайгаштыруу пландалган ГЭС каскады;

- электр энергиясынын альтернативдүү булактары - жеке курулуш үчүн күн батареялары.

Ушул Башкы пландын маалыматтык-телекоммуникациялык инфраструктура жана маалыматтык-телекоммуникация тармагын жана байланыш тармактарын өнүктүрүү бөлүгүндө маалыматтык-телекоммуникациялык жана байланыш тармактарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралары Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 5-мартындагы № 14-190 токтому менен бекитилген "Таза асман" концепциясынын жоболорун эске алуу менен, деталдык пландоо жана архитектуралык-курулуш долбоорлоо долбоорлорун иштеп чыгуу этабында бир катар иш-чараларды ишке ашырууга жараша, кабелдик жана зымсыз байланыш инфраструктурасын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган факторлорду жоюу болуп саналат.

Бишкек шаарынын байланыш объекттерин жана тармактарын өнүктүрүү бөлүгүндөгү негизги иш-чаралар:

- келишимдерди түзүүгө жана учурдагы байланыш линияларын (биринчи кезекте борбордук магистралдарда) инвентаризациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун этаптарын аныктоого багытталган даярдоо иш-чараларын өткөрүү, ошондой эле магистралдык көчөлөрдүн боюнда жана тыгыз курулуш курулган жерлерде жер астындагы оптикалык була байланыш линияларына этап-этабы менен өтүүнү карап чыгуу;

- байланыш тармактарын реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү, эскирген кабелдик чарбаны алмаштыруу менен бирге, байланыш тармактарын кабелдештирүү. Телефондук канализацияны (ТК) жер астына жайгаштырууну эске алуу менен көчө-жол тармагын реконструкциялоо. Жолдорду, магистралдарды жана көчөлөрдү реконструкциялоодо жана курууда жетиштүү каналдардын саны бар жер астындагы ТК курууну кароо зарыл, шаардын райондорунун ортосунда магистралдык оптикалык була байланыш линияларын төшөө үчүн параллелдүү коммуникациялык коридорлорду бөлүп берүү керек. Жолдордун жаңы участокторун долбоорлоодо келечекте телекоммуникациялык тармактарды кеңейтүү үчүн жер астындагы байланыш инфраструктураны алдын ала кароо керек. Айланма жолдордун боюнда тышкы байланыш каналдарын өнүктүрүү жана Бишкек агломерациясы менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн көп пакеттүү ТКны төшөөнү милдеттүү түрдө кароо керек;

- кабелдик байланыш линияларын жайгаштыруудагы визуалдык ызы-чууну (жөргөмүш желесиндей көрүнүштү) жоюу максатында кабелдерди/зымдарды илип коюунун жана жогорку вольттогу тирөөчтөрдү, электр берүү линияларын жана башка мамычалуу чарбаларды пайдалануунун бирдиктүү унификацияланган регламентин иштеп чыгуу, ошондой эле жол жана инженердик долбоорлорду иштеп чыгуу менен бирге илип коюу схемаларын иштеп чыгуу;

- жаңы имараттарды жана курулмаларды курууда жаңы имараттарга (турак жай, коммерциялык, административдик) шаардык ТКны кеминде бир киргизүү, имараттын ичиндеги вертикалдык кабелдик канал/шахта, бөлүштүрүүчү телекоммуникациялык бөлмө, критикалык инфраструктура объекттери үчүн ТКны киргизүүнүн резервдик жолдору менен кабелдик киргизүүлөрдү долбоорлоо милдеттүү;

- пландалган өнүгүү борборлорунун, жаңы турак жай кластерлеринин, өнөр жай зоналарынын, технопарктардын, соода борборлорунун райондорунда туташтыруу түйүндөрүн жана базалык байланыш станцияларды уюштуруу максатында байланыш операторлорунун инфраструктурасын (базалык станциялар, ODF (Optical Distribution Frame), DWDM түйүндөрү (Dense Wavelength Division Multiplexing)/IP-агрегациялар) жайгаштыруу үчүн аянтчаларды кароо зарыл. Жаңы кварталдарда курулуш жүргүзүүдө тармактын байланышын камсыз кылуу үчүн байланыш жабдууларын жайгаштырууга милдеттүү түрдө орун калтыруу керек. Курулушту долбоорлоодо кабелдик линиялардын абада баш аламан илинип калуусун болтурбоо жана мобилдик байланыштын сапатын жогорулатуу максатында базалык станциялар үчүн байланыш трассаларын эске алуу керек;

- жер казуу иштерин жүргүзүүдө зыян келтирбөө, байланыш тармактарынын абалына ыкчам диспетчердик көзөмөл жүргүзүү жана инженердик кызматтарды координациялоо үчүн, инженердик коммуникациялардын (анын ичинде ТК жана оптикалык була байланыш линияларынын) бирдиктүү шаардык реестрин түзүү зарыл. Жер казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берүүдө байланыш инфраструктурасынын бар экендигин эске алуу жана аны баштапкы же жакшыртылган түрдө калыбына келтирүүнү талап кылуу керек.

Жылуулук менен жабдуу

Бишкек шаарын жылуулук менен жабдуунун негизги булактары болуп ЖЭБ-1, "Бишкексельмаш" отканасы жана "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын 101 отканасы саналат.

Жылуулук менен жабдуу булактары үчүн отун болуп таш көмүр, жаратылыш газы, жагуучу мазут жана электр энергиясы эсептелет.

2025-жылы "TBEA" компаниясы менен ЖЭБди капиталдык оңдоо боюнча меморандумга кол коюлган.

Шаардын аймагында пландалган кубаттуулугу 196 Гкал/с. болгон консервацияланган ЖЭБ-2 бар. 2024-жылы Бишкек шаарынын мэриясы жана "Orta Asya Investment Holding" ААК кубаттуулугу 250 МВттан ашкан ЖЭБ-2 комбинацияланган циклдеги электр станциясын курууга жана эксплуатациялоого инвестициялык макулдашууга кол коюшкан. Ушул Башкы планда орто жана көп кабаттуу турак жай курулуштарын жана социалдык инфраструктура объекттерин борборлоштурулган жылуулук менен жабдуу каралган. Жеке турак жай куруу жана аз кабаттуу турак үйлөрдү автономдуу жылуулук булактарынан жылуулук энергиясы менен камсыздоо каралат.

14-таблица. Жылуулук жүктөмүнүн өсүшү

 

Жылуулук менен жабдууга жана ысык суу менен камсыздоого жылуулук жүктөмүнүн өсүшү, Гкал/с. (МВт)

Жеке турак жай курулушу

Аз кабаттуу турак жай курулушу

Орто кабаттуу турак жай курулушу

Көп кабаттуу турак жай курулушу

Жогорку кабаттуу турак жай курулушу

Суммалык жүктөмү

79,54

(92,5)

107,13

(124,59)

303,69

(353,19)

437,38

(508,67)

255,07

(296,65)

1182,81

(1375,61)

Эсептелген жылуулук жүктөмүн камсыздоо үчүн ушул Башкы планда төмөнкү иш-чаралар сунушталат:

- ЖЭБ-1ди модернизациялоо;

- генерацияланган кубаттуулугу 250 мегавольт-ампер (МВА) жана жылуулук кубаттуулугу 150 Гкал/с. болгон кичи ЖЭБди (ЖЭБ-2 аянтчасында) куруу;

- пландалган курулуш аймактарында мүмкүн болушунча жаратылыш газын колдонуу менен 8 бирдик сандагы райондук откана куруу;

- "Бишкексельмаш" отканасын электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү менен реконструкциялоо;

- мүмкүн болушунча жаратылыш газына же энергиянын кайра жаралуучу булактарына (жылуулук насостору) которуу, анын ичинде отканалардын кубаттуулугун жогорулатуу менен реконструкциялоо;

- жылуулук менен жабдуунун башкы булактарынан учурда иштеп жаткан магистралдык жана ички кварталдык жылуулук тармактарын калыбына келтирүү, реконструкциялоо жана жаңыларын куруу;

- учурда иштеп жаткан насостук станцияларды жана жылуулук пункттарын реконструкциялоо жана модернизациялоо, жаңыларын куруу.

Жеке курулуш зоналары үчүн - жаратылыш газы менен иштеген жылуулук менен жабдуунун жеке булактарынан (суу жылытуучу от казандардан) жылуулук менен жабдуу.

Газ менен жабдуу

Бишкек шаарына газды борборлоштуруп берүүнү "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому жүзөгө ашырат.

Бишкек шаарын газ менен жабдуу газ менен жабдуунун негизги булактарынан - ГБС-1, ГБС-2, Ленин ГБС, Маловодное ГБС тарабынан жүзөгө ашырылат. ГБСнын суммалык өндүрүмдүүлүгү 200 миң м³/с. түзөт.

2025-жылга карата абалы боюнча Бишкек шаарынын калкын камтуу даражасы курамындагы борборлоштурулган газ менен жабдылган калктуу конуштар менен 52%ды түзөт.

Газ менен жабдуу системасынын өнүгүшүнө негизги тоскоолдук кылуучу фактор болуп, газ менен жабдуу тармактарынын 50%дан ашыгынын жогорку деңгээлде эскириши (пайдалануу мөөнөтү - 25 жылдан ашык), ошондой эле газды жөнгө салуучу пункттардын көпчүлүгүндө газды эсепке алуучу приборлордун жоктугу саналат.

15-таблица. Жаратылыш газын керектөө көлөмүнүн эсептик өсүшү

 

Жаратылыш газынын чыгымынын өсүшү, миң м3/с.

Борборлоштурулбаган жылуулук менен жабдууга газдын чыгымы (жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо)

Борборлоштурулган жылуулук менен жабдууга газдын чыгымы (жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо)

Тамак жасоого газдын чыгымы

Социалдык-тиричилик тейлөө объекттери үчүн газдын чыгымы

Газдын жалпы керектелиши

25,93

138,36

48,19

22,07

234,55

 

Жаратылыш газына керектөөнүн болжолдуу өсүшү 234,55 миң м3/с. түзөт.

Ушул Башкы планда Бишкек шаарын мындан ары газдаштыруу боюнча иш-чаралар каралган, бул үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

- өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көбөйтүү менен төрт ГБСны реконструкциялоо, зарыл болгон учурда, жогорку басымдагы газ менен жабдуу тармагын чоң диаметрдеги тармакка алмаштыруу;

- жаңы газ менен жабдуу тармактарын жана газды редукциялоо пункттарын куруу.

Суу менен камсыздоо

Бишкек шаары жана административдик-аймактык реформанын (мындан ары - ААР) алкагында шаарга кошулган калктуу конуштар 77 суу топтомодон (37 жана 40 тиешелүү түрдө) ичүүчү суу менен камсыздалат. Борбор шаарды суу менен жабдуунун негизги булагы болуп Орто-Алыш суу топтомосу эсептелет, ал ичүүчү суунун 40%дан ашыгын берет. 160-250 метр тереңдиктеги 209 артезиан скважинасы пайдаланылып жатат. 12 суу топтомодо II көтөрүүчү насостук станция бар, бийик турак үйлөрдү суу менен камсыздоо үчүн 328 көтөргүч насостук станция ишке тартылган.

Ичүүчү сууну ташуу диаметри 50дөн 1200 ммге чейин, узундугу 2023,35 км болгон суу түтүктөр системасы боюнча жүзөгө ашырылат.

XX кылымдын 90-жылдарында жүргүзүлгөн гидрогеологиялык изилдөөлөрдүн материалдары боюнча, жер астындагы суулардын кенинин (мындан ары - ЖАСК) бекитилген запастары суткасына 1 млн. м3дан ашат.

Бишкек шаарындагы иштеп жаткан суу топтомолордун долбоордук өндүрүмдүүлүгү суткасына 597,98 миң м3ду түзөт, ААР алкагында шаарга кошулган калктуу конуштарга тиешелүү суу топтомолордун суммалык өндүрүмдүүлүгү суткасына 57,532 миң м3ду түзөт.

16-таблица. Калктын учурдагы жана пландалган суу керектөөсүнүн эсептик көлөмү

 

Суткасына суу керектөөнүн эсептик көлөмү, миң м3

Пландалган райондун аталышы

Суткалык суу керектөөнүн орточо көлөмү

Сууну пайдалануунун максималдуу көлөмү

Ленин

166,9

183,5

Биринчи май

128,7

141,6

Свердлов

99,6

109,5

Октябрь

180,8

198,9

Сууну жалпы керектөө

576,0

633,6

 

Бишкек шаарында 2050-жылга карата чарбалык-ичүүчү максаттарга суу керектөөнүн эсептик көлөмү болжол менен суткасына 633,6 миң м3 түзөт.

Ушул Башкы планда төмөнкү иш-чаралар сунушталат:

- жайкы мезгилде суунун байкалган тартыштыгына байланыштуу ЖАСКтын запастарын тастыктоо боюнча изилдөө жүргүзүү;

- суу менен жабдуу объекттерин - суу топтомо жана сууну даярдоочу курулмаларды реконструкциялоо жана кеңейтүү, ошондой эле алардын өтө эскиргендигине байланыштуу, суу менен жабдуу тармактарын реконструкциялоо;

- жаңы курулуш зоналарына, анын ичинде жеке турак жай курулуштарынын зоналарына сууну ташуу үчүн жаңы суу топтомо жана суу даярдоочу курулмаларды, суу менен жабдуу тармактарын куруу;

- калкка суу керектөөнүн көлөмүн белгилөөчү жабдууларды (маалыматтарды аралыктан берүү менен ичүүчү сууну эсепке алуу приборлору менен) орнотууга дем берүү боюнча иштерди жүргүзүү;

- сууну лимиттерден ашык пайдалангандыгы үчүн калкты жана ишканаларды жогорулатылган тарифтер менен лимиттик суу менен камсыздоонун жана суу менен жабдуунун жүгүртүү системаларын ишке киргизүү;

- бак-дарактарды, көк майсаңдарды жана көчөлөрдү сугарууга сууну пайдаланууну толук ирригациялык системаларга которуу. Тамчылатып сугаруу үчүн сугат системаларын киргизүү.

Саркынды сууларды чыгаруу

Бишкек шаарында чарбалык-тиричилик саркынды сууларды чыгаруу Пригород айылында жайгашкан аэрация станциясында (тазалоочу курулмалар) жүзөгө ашырылат, долбоордук кубаттуулугу - суткасына 380 миң м3.

Аэрация станциясына суткасына орточо 230,0-250,0 миң м3 суу агат. Азыркы учурда Бишкек шаарынын аэрация станциясында жабдууларды жана курулмаларды реконструкциялоо боюнча курулуш иштери жүрүп жатат.

Шаардын аймагында саркынды сууларды сордуруу үчүн 15 канализациялык насостук станция орнотулган.

Чарбалык-тиричилик канализациясынын тармактары өзүнө диаметри 150 ммден 2000 ммге чейинки өткөргүч түтүктөрдү камтыйт. Канализация тармактарын салуунун максималдуу тереңдиги - 9 метр.

Бүгүнкү күндө шаардык канализациялык тармактардын жүктөмү 70-80%ды түзөт, өткөргүч түтүктөрдүн айрым участоктору өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн чегинде иштеп жатат.

Жаан-чачын (жамгыр) көп жааганда, ошондой эле калың кар эриген мезгилде канализациялык өткөргүч түтүктөрдүн жүктөмү көбөйүп, 150%га жетет.

Бишкек шаарынын түндүк бөлүгүндөгү аймактардын гидрогеологиялык курулушунун өзгөчөлүгүнөн улам (кыртыш сууларынын деңгээлинин жогорулашы) кыртыш сууларынын деңгээлин төмөндөтүү максатында, дренаждык-коллектордук жана мелиоративдик-ирригациялык тармактарды реабилитациялоо, оңдоо жана жаңысын куруу талап кылынат.

2050-жылга карата саркынды сууларды чыгаруунун эсептик көлөмү суткасына 633,6 миң м3ду түзөт.

Ушул Башкы планда саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүү боюнча төмөнкүдөй иш-чаралар каралган:

- учурдагы аэрация станциясынын өндүрүмдүүлүгүн 380ден 500 миң м3/сут чейин көбөйтүү менен реконструкциялоо;

- шаардын түндүк-батыш бөлүгүндө ("Манас" эл аралык аэропортунун аймагы) өндүрүмдүүлүгү 150 миң м3/сут жакын канализациялык тазалоочу курулмаларды (КТК) куруу. Саркынды сууларды Чүй дарыясына агызуу каралган;

- Бишкек шаарынан түндүк-чыгыш багытында, Аламүдүн районунун Ленинское айылынын түндүк бөлүгүндө өндүрүмдүүлүгү 150 миң м3/сут жакын КТК куруу. Саркынды сууларды Чүй дарыясына агызуу каралган;

- Түндүк көчөсүнүн аймагында канализациялык насостук станция куруу;

- суу бөлүштүрүү тармактарынын жогорку эскирүүсүнө байланыштуу, ошондой эле жер астындагы суулардын жана жер үстүндөгү агын суулардын чарбалык-тиричилик суу бөлүштүрүү системасына сиңип кетүүсүн болтурбоо максатында аларды реконструкциялоо;

- жаңы курулуш аймактарынан, анын ичинде жеке турак жай курулуш аймактарынан агындыларды багыттоо үчүн суу бөлүштүрүүнүн жаңы тармактарын куруу;

- өнөр жай объекттериндеги жергиликтүү тазалоочу курулмалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу.

Санитардык тазалоо

Бишкек шаарында "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардык аймакты санитардык тазалоо боюнча кызмат көрсөткөн жалгыз ишкана болуп саналат.

2025-жылдын 27-ноябрына карата маалымат боюнча Бишкектеги эски таштанды полигону толугу менен рекультивацияланды. Бишкек шаарындагы таштанды полигону жарым кылым мурда ишке киргизилген. Бул убакыт аралыгында ушул жерде 20 миллион тоннага жакын таштанды топтолгон. Таштандылар ачык абада чирип, полигон көп учурда күйүп, түтөп турчу. Бул борбор калаадагы абанын сапатынын начарлашынын себептеринин бири болгон.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан катуу тиричилик калдыктарын башкаруунун системалуу механизмин түзүү максатында "Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу" долбоору ишке ашырылып, таштандыларды жөн эле жок кылбастан, электр энергиясын да өндүрүүчү жаңы таштанды өрттөөчү завод ишке киргизилди. Долбоор кытайлык инвесторлордун жана инженерлердин колдоосу менен ишке ашырылган. Жаңы заводду стратегиялык деп аташат, ал Бишкектин эки курч көйгөйүн чечиши керек - толуп кеткен полигон жана электр энергиясынын жетишсиздиги.

Долбоор эл аралык тажрыйбаны, анын ичинде Кытай технологияларын изилдөөнүн натыйжасы болуп калды.

Заводдун аянты 12 гектарды түзөт, инвестициянын көлөмү - 95 млн. АКШ доллары. Завод алты негизги зонаны камтыйт, анын ичинде таштанды түшүрүү залы, таштанды чуңкуру, откана, түтүн газдарын тазалоо зонасы жана турбина цехи.

Калдыктар өтө жогорку температурада өрттөлөт, ал эми алынган энергия электр энергиясына айландырылат.

Пайда болгон күл калдык болуп эсептелбейт. Калдыктардын 95 пайызына чейинкиси курулушта - кыш жана шлакоблок өндүрүү үчүн колдонулат. Аз гана бөлүгү көмүлүүгө тийиш. Бул өндүрүштү дээрлик калдыксыз кылууда.

Заводдо көп баскычтуу тазалоонун заманбап кытайлык технологиялар колдонулат. Бардык чыгарылган заттар автоматтык түрдө контролдонот, атмосферага тазаланган буу гана чыгат.

Объекттин кубаттуулугу суткасына 1000 тоннаны, ал эми жылдык өндүрүмдүүлүгү 365000 тоннаны түзөт (калдыктарды утилдештирүүчү электр станциясы).

Келечекте кайра иштетүү кубаттуулугу суткасына 3000 тоннага чейин көбөйөт, бул Бишкекке таштандыларды утилдештирүүдөн аларды толук энергетикалык пайдаланууга өтүүгө мүмкүндүк берет.

Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуунун негизги аспектилеринин бири болуп таштандыларды өзүнчө чогултууну киргизүү жана заманбап сорттоо системаларын өнүктүрүү, ошондой эле көмүлүүгө жөнөтүлгөн калдыктарды азайтуу максатында кайра пайдаланылуучу ресурстарды иштетүү боюнча өндүрүштөрдү түзүү аркылуу өндүрүш жана керектөө калдыктарын заманбап башкаруу системасын куруу саналат.

Бул Башкы планга ылайык таштандыларды төмөнкү жолдор менен өз-өзүнчө чогултууну уюштуруу сунушталат:

- профилдик уюмдар менен келишимдерди түзүү;

- кагазды, пластикти, айнекти өз-өзүнчө кабыл алуу үчүн контейнерлерди жайгаштыруу;

- андан ары топтоо жана ташуу үчүн кайра пайдаланылуучу чийки заттын көлөмүн азайтуу максатында прессти колдонуу менен өзүнчө чогултулган кайра пайдаланылуучу чийки затты убактылуу топтоочу аянтчаларды жабдуу.

Таштандыларды өзүнчө чогултуу ар кандай жолдор менен ишке ашырылышы мүмкүн, бирок анын башкы максаты - жогорку сапаттагы калдыктардын утилдештирүү фракцияларын экономикалык жактан туура топтоо.

Региондун экономикасында кайра иштетилүүчү ресурстарды пайдаланууну көбөйтүү жана даяр продукцияны чыгаруу үчүн кайра иштетилүүчү чийки заттарды колдонгон өндүрүштөрдүн жетиштүү санын түзүү зарыл.

Таштандыларды утилдештирүү, иштетүү, зыянсыздандыруу жана көмүү боюнча чараларды ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүү шарты болуп таштандылар менен иштөө боюнча ишканалардын жана объекттердин натыйжалуу инфраструктуралык тармагы эсептелет.

Таштандыларды өзүнчө чогултуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу калкка маалымат берүү бөлүгүндө лекцияларды уюштуруу, билим берүү мекемелеринде айлана-чөйрөнү коргоо темасында сабактарды өткөрүү, калдыктар менен иштөө маданиятын жогорулатуу үчүн иш-чараларды уюштуруу сунушталат.

Кызмат көрсөтүүчүлөр, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүдөй максаттарда калк үчүн маалыматтык-агартуу өнөктүгүн жүргүзөт:

- калдыктарды сорттоонун жана жоопкерчиликтүү керектөөнүн зарылдыгын түшүндүрүүнү камсыз кылуу, мында адамдын ден соолугуна жана мүлкүнө, ошондой эле айлана-чөйрөгө келтирилген зыян минималдуу болот;

- калдыктарды пайдалануу системасын пландаштыруу жана ишке ашыруу тартибин бул процесске катышкан ар бир тараптын ролун аныктоо менен түшүндүрүү;

- калдыктарды башкаруу системасын пландоо жана ишке ашыруу тартибин түшүндүрүү, бул процесске катышкан ар бир тараптын ролун аныктоо жана түшүндүрүү;

- калкка калдыктарды пайдалануунун актуалдуу маселелери, анын ичинде тарифтер жана аларды аныктоо тартиби жөнүндө маалымдоо.

Калдыктарды кыскартууга багытталган төмөнкү принциптерди карап чыгуу сунушталат:

- бир жолу колдонулуучу пакеттерден баш тартуу, көп жолу колдонулуучу айнек идиштерди жайылтуу;

- керектөөнүн жаңы маданиятын калыптандыруу, бир жолу колдонулуучу буюмдардан баш тартуу;

- өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилигин ишке ашыруу аркылуу таңгактын санын азайтууга дем берүү;

- биологиялык жактан ажырап, жок болуучу таңгактоочу продукцияны өндүрүүнү уюштуруу;

- калдыктарды өзүнчө чогултуу үчүн заманбап контейнердик аянтчаларды орнотуу.

Жаңы пландоо райондору үчүн көлөмү 1,1 м3 болгон 14688 контейнер талап кылынат. Бишкек шаарында көлөмү 1,1 м3 болгон 1691 контейнерди орнотуу зарыл.

10-глава. Экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча иш-чаралар

Бишкек шаарында шаар куруу ишин пландоодо жана жүзөгө ашырууда экологиялык абалды жакшыртуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, табигый экологиялык системаларды жана жаратылыш комплекстерин сактоо, чарбалык жана башка иштердин жаратылыш чөйрөсүнө тийгизген терс таасирин жол берилген мааниге чейин азайтуу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү каралат. Ошону менен бирге шаардын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу комплекстүү милдет болуп саналат, аны чечүү көп жагынан шаарды өнүктүрүүнүн башка тармактарында - турак жай-коммуналдык чарба, жол куруу ж.б. тармактарында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардан көз каранды экендигин белгилөө зарыл.

Долбоордук иш-чаралар айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдардын, курулуш жана санитардык-гигиеналык ченемдердин талаптарын эске алуу менен иштелип чыкты жана Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүндө экологиялык коопсуздукту, калктын ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыздоого жана жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууга багытталган.

1. Атмосфералык абаны коргоо боюнча иш-чаралар:

- түтүндүү газдарды тазалоо системасын киргизүү менен борборлоштурулган жана жекече жылытуу системаларын газ отунуна жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына өткөрүү;

- санитардык-коргоо зоналарынын өлчөмдөрү санитардык мыйзамдардын талаптарын камсыз кылууга мүмкүндүк бербеген өндүрүштүк ишканаларды кайра профилдештирүү же шаардын чегинен тышкары алып чыгуу;

- транзиттик автожолдорду куруунун, жеке мобилдүүлүк каражаттарынын (велосипеддер, электр самокаттары) кыймылы үчүн тармактарды түзүүнүн эсебинен турак жай жана коомдук-маданий зоналардагы транспорттук агымдардын жүктөмүн азайтуу;

- жашылдандырылган аймактардын системасын өнүктүрүү жана табигый-экологиялык каркас түзүү.

2. Жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды коргоо боюнча иш-чаралар.

Суу объекттерин (биринчи кезекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын, суу сактагычтарды, каналдарды) булгоо көйгөйлөрүн чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:

- тазаланбаган саркынды суулардын суу объекттерине санкцияланбаган төгүлүшүн контролдоо жана алдын алуу;

- жээктеги сууну коргоо тилкелерин пайдалануу регламенттерин сактоо, аларды санкцияланбаган таштанды төгүүчү жайга айлануудан жана өндүрүш калдыктарынан тазалоо боюнча үзгүлтүксүз иш-чараларды жүргүзүү;

- суу агымдарынын нуктарын тазалоо, тереңдетүү жана көрктөндүрүү, жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү;

- шаардын борборлоштурулган саркынды сууларды чыгаруу системасын технологиялык модернизациялоо жана мейкиндиктүү кеңейтүү;

- сууну үнөмдөөчү технологияларды (суу менен жабдуунун жабык системалары) киргизүү менен өндүрүштөрдү модернизациялоонун эсебинен суу булактарына булгоочу заттардын чыгарылышын азайтуу.

Ичүүчү жана чарбалык-тиричилик суу менен жабдуунун сапатын жогорулатуу максатында артезиан скважиналарын санитардык коргоо зоналарынын (СКЗ) долбоорлорун иштеп чыгуу; суу менен жабдуу системаларын эксплуатациялоону жүзөгө ашырган дефекттүү, эски, колдонулбаган артезиан скважиналарын тампонаждоо; СКЗ булактарында ичүүчү суунун микробдук жана химиялык булганышын болтурбоо боюнча чектелген мүнөздөгү чараларды сактоо боюнча иш-чараларды кароо.

3. Кыртышты булгануудан коргоо боюнча иш-чаралар.

Бишкек шаарынын аймагында кыртыш катмарынын булганышынын негизги себеби болуп аймакты санитардык тазалоо системасынын өркүндөтүлбөгөндүгү, аянтчаларды жайгаштырууга талаптардын сакталбагандыгы жана отундун экологиялык коркунучтуу түрлөрүн пайдалануу саналат. Шаардын кыртышынын булганышын болтурбоо үчүн төмөнкүлөр каралат:

- кайра иштетилүүчү чийки затты алуу жана көмүүнүн көлөмүн азайтуу максатында калдыктарды селективдүү чогултууну жана калдыктарды алдын ала тазалоону уюштуруу;

- калдыктарды кайра иштетүү методдорун киргизүү;

- балдар мекемелеринин, мектептердин аймактарында, үй жанындагы аймактарда балдар жана спорт аянтчаларына топурак себүүдө топуракты жана кумду милдеттүү изилдөөнү киргизүү;

- көмүр отунун пайдаланууну азайтуу, көмүрдү жүктөө/түшүрүү жерлерин шаар курулушунан тышкары жылдыруу;

- автомобиль күйүүчү майларынын экологиялык мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу (коргошун камтыган кошумчаларды пайдаланууга тыюу салуу);

- калдыктарды контейнерлерге, катмары катуу атайын бөлүнгөн аянтчаларга жайгаштыруу.

Жер катмарынын деградацияланышын жана бузулушун алдын алуу үчүн төмөнкү иш-чараларды өткөрүү сунушталат:

- имараттарды жана курулмаларды курууда, ар кандай арналыштагы инженердик тармактарды төшөөдө бузулган жерлерди техникалык рекультивациялоо;

- жерлердин тазаланбаган саркынды суулар, өндүрүштүк жана башка технологиялык калдыктар менен булганышын болтурбоо;

- магистралдык транспорттук коммуникацияларды бойлото жашыл токой тилкелерин түзүү;

- жээктерди бекемдөө иштерин жүргүзүү, суу объекттеринин жээктеги аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жолу менен жээк эрозиясынан коргоо.

4. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо.

Бишкек шаарынын аймагында өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын сейрек кездешүүчү же жоголуу коркунучунда турган түрлөрү жана алар жашаган жерлер өзгөчө коргоого алынат. Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын сейрек кездешүүчү же жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн өзгөчө коргоо максатында Кыргыз Республикасында Кызыл китеп түзүлүп, ал жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 189 "Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби сейрек, жоголуп бара жаткан же жок болуу коркунучунда турган, анын ичинде глобалдык мааниге ээ жапайы жаныбарлардын түрлөрү (түрчөлөрү, популяциялары), жапайы өскөн өсүмдүктөр жана козу карындар жөнүндө, биологиясы, абалы жана алардын жашоо жана өсүү чөйрөсү, аларды сактоо, калыбына келтирүү, көбөйтүү (өстүрүү) жана аларды мүмкүн болушунча пайдалануу боюнча колдонуудагы жана сунушталган чаралар жөнүндө маалыматтардын жыйындысын камтыйт.

11-глава. Бишкек шаарынын Башкы планынын негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү

 

Көрсөткүч

Өлчөө бирдиги

Учурдагы абалы

Келечек (2050-ж.)

Аймак

Шаардын чегиндеги калктуу жерлердин жалпы аянты

га

41081,33

41081,33

анын ичинде:

га

 

 

Жеке турак үйлөрдүн курулуш зонасы

га

12560

10670

Аз кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш зонасы (4 кабаттууларга чейин)

га

579,8

756,1

Орто кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш зонасы (5-8 кабаттууларга чейин)

га

491,9

1615

Көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулуш зонасы (9-14 кабаттууларга чейин)

га

606,3

1798

Бийик турак үйлөрдүн курулуш зонасы (14 кабаттан жогору)

га

-

328,6

Көп функциялуу коомдук-ишкердик зона

га

1123

2334

Адистештирилген коомдук курулуш зонасы

га

800

1418

Өндүрүштүк, коммуналдык-кампа зонасы жана айыл чарба ишканаларынын зонасы

га

1587,6

1300,4

Инженердик инфраструктура зонасы

га

632

703,3

Транспорттук инфраструктура зонасы

га

4060,26

5715,03

Айыл чарбалык пайдалануу зонасы

га

13240

7389

Рекреациялык (жаратылыш коргоочу) зона

га

2164

1400,1

Эс алуу зонасы

га

160,4

225,5

Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактардын зонасы

га

606,2

2930

Көрүстөндөр зонасы

га

304,9

506,9

Калдыктарды чогултуу жана көмүү зонасы

га

230,5

206,8

Атайын багыттагы жашылдандырылган аймактардын зонасы

га

4,27

383

Атайын багыттагы жашылдандырылган аймактардын зонасы (питомник)

га

44,3

72,7

Режимдик аймактар зонасы

га

219,8

227,6

Акваториялар зонасы

га

617,1

617,1

Башка зоналар

га

1049

-

Функциялык зонасы белгиленбеген аймак

га

-

484,2

Калк

Калктын саны

миң адам

1321,9

1920,0

Калктын курактык түзүмү:

 

 

 

15 жашка чейинки балдар

миң адам/%

294,8/22,3

384,0/20,0

Эмгекке жарамдуу курактагы калк (эркектер 16-63 жаш, аялдар 16-58 жаш)

миң адам/%

874,0/66,1

1171,2/61,0

Эмгекке жарамдуу курактан улуу калк

миң адам/%

153,1/11,6

364,8/19,0

Иштеген калктын саны (бардыгы)

миң адам/%

593,9

943,3

Калктын жыштыгы

адам/га

32,2

46,7

Турак жай курулушу

Турак үйлөрдүн бардыгы, анын ичинде:

батирлердин жалпы аянты миң м2

18525,0

44160,0

мамлекеттик жана муниципалдык фонд

батирлердин жалпы аянты миң м2

315,0

315,0

жеке менчикте

батирлердин жалпы аянты миң м2

18210,0

18210,0

Жалпы фонддон:

 

 

 

көп батирлүү үйлөрдө

батирлердин жалпы аянты миң м2

11963,6

37480,8

чарбактуу типтеги үйлөрдө

батирлердин жалпы аянты миң м2

6561,4

6679,2

Учурдагы сакталуучу турак жай фонду

 

-

17224,8

Турак үйлөрдүн бардыгы

миң м2

 

 

Турак жай фондун кабаттуулук боюнча бөлүштүрүү:

Турак үйлөрдүн бардыгы

батирлердин жалпы аянты миң м2

18525,0/100

44160,0/100

Чарбактуу типтеги үйлөрдө

батирлердин жалпы аянты миң м2

6561,2/35

6679,2/15

4 кабаттууларга чейинки көп батирлүү үйлөрдө

батирлердин жалпы аянты миң м2

2568,0/14

4579,3/10

5-8 кабаттууларга чейинки көп батирлүү үйлөрдө

батирлердин жалпы аянты миң м2

2783,7/15

9270,0/21

9-14 кабаттууларга чейинки көп батирлүү үйлөрдө

батирлердин жалпы аянты миң м2

6612,1/36

17178,6/39

15 кабаттан жогору көп батирлүү үйлөрдө

батирлердин жалпы аянты миң м2

6454,9/15

Батирлердин жалпы аянты менен калктын орточо камсыздалышы

чарчы м/адам

14,0

23,0

Калкты маданий-тиричилик жактан тейлөө системасынын мекемелери

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары

орун

 

 

Бардыгы 1000 адам

 

20525/16

105555/55

Жалпы билим берүү уюмдары

орун

 

 

Бардыгы 1000 адам

 

103297/78

300543/157

Стационарлар

койка

 

 

Бардыгы 1000 адам

 

7239/5,5

26322/13,7

Амбулатордук-бейтапканалык мекемелер

баруу

 

 

Бардыгы 1000 адам

нөөмөт

9254/7,0

35167/18,3

Клуб тибиндеги мекемелер

отуруучу орун

 

 

Бардыгы 1000 адам

 

1085/0,8

7835/4

Китепканалар

миң сактоо бирдиги

 

 

Бардыгы 1000 адам

 

7574/6

7737/4

Спорт залдары

полдун аянтынын м2

 

 

Бардыгы 1000 адам

 

91141,6/69

231729/121

Сүзүү бассейндери

суу бетинин квадрат метри

 

 

Бардыгы 1000 адам

 

7412/6

97272/51

Тегиздиктеги спорттук курулмалар

га

 

 

Бардыгы 1000 адам

 

47,3/0,04

304,8/0,159

Транспорттук тейлөө

Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун линияларынын узундугу (бардыгы), анын ичинде:

 

486,3

852,0

электрификацияланган темир жол

км

-

28,1

жеңил рельстүү транспорт (трамвай)

км

-

66,8

метробус

км

-

68,4

автобус/электробус

км

486,3

702,3

Магистралдык көчөлөрдүн жана жолдордун узундугу (бардыгы), анын ичинде:

 

607,7

1007,0

ылдам жүрүү магистралдык жолдору

км

12,0

97,3

жөнгө салынуучу кыймылдын магистралдык жолдору

км

56,7

71,4

жалпы шаардык багыттагы магистралдык көчөлөр

км

190,0

386,5

райондук маанидеги магистралдык көчөлөр

км

349,0

451,8

Көчө-жол тармагынын жыштыгы

 

 

 

Шаардык, калктуу конуштардын курулуштарынын чектеринде

км/кв.км

2,3

3,1

Магистралдык көчө-жол тармагындагы жасалма жол курулмалары (жол өтмөктөрү жана транспорттук түйүн)

бирдик

14

68

Инженердик жабдуу жана көрктөндүрүү

Электр менен жабдуу

Коммуналдык-тиричилик муктаждыктарга электр энергиясын керектөө

МВ-А

1402,3

2154,55

Жылуулук менен жабдуу

Жылуулук энергиясына болгон эсептик керектөө, анын ичинде:

Гкал/с

(МВт)

1450,8

(1687,3)

2633,61

(3062,89)

борборлоштурулган булактар менен камсыздоо

Гкал/с

(МВт)

1450,8

(1687,3)

2446,94

(2845,79)

Борбордон ажыратылган керектөөчүлөр

Гкал/с

(МВт)

Маалыматтар жок

186,67

(217,10)

Газ менен жабдуу (толук газдаштырууну эске алуу менен)

Коммуналдык-тиричилик муктаждыктарга газды керектөө, анын ичинде:

миң м3/г

173,7

408,25

борборлоштурулган жылуулук менен жабдуу булактары менен камсыздоо

миң м3/с

Маалыматтар жок

138,36

(өсүш)

калкты социалдык тейлөө объекттерин жана тамак-аш даярдоо муктаждыктарын жылуулук менен жабдуунун борбордон ажыратылган булактары менен камсыздоо

миң м3/с

Маалыматтар жок

96,19

(өсүш)

Суу менен жабдуу

Чарбалык-ичүүчү максаттарга сууну керектөө

миң м3/сут

388,5

633,6

1 адамга орточо суткалык сууну керектөө

л/сут

310-350

300

Саркынды сууну чыгаруу

Тиричилик канализациясынан саркынды сууларынын агышы

миң м3/сут

253,3

633,6

Канализациялык тазалоочу курулмалардын өндүрүмдүүлүгү

миң м3/сут

380

800

Ирригация

Ирригациялык тармак

км

1094,7

1177,8

Аймакты инженердик даярдоо

Жээктерди бекемдөө

км

19,5

25,4

Селден коргоочу курулмалар

даана

3

8

Аймактын чектеринде кыртыш сууларынын деңгээлин азайтуу

га

6403,2

7289,2

Аймакты санитардык тазалоо

Тиричилик таштандыларынын көлөмү

жылына миң м3

1854,3

2380,2

Айлана-чөйрөнү коргоо

Булгануу булактарынан санитардык-коргоо зоналары (бардыгы)

га

6994,3

8402,5

Санитардык-коргоо зоналарынын чектеринде атайын жашылдандыруу

га

15,7

141,9

Атмосфералык абанын булгануу деңгээли

ЖБК

1-3

1ден аз

Көлмөлөрдүн булгануу деңгээли

ЖБК

1ден аз

1ден аз

(1) 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы URL: https://mineconom.gov.kg/storage/directs/documents/209/15421950795bec078718fff.pdf (кайрылуу датасы: 12.02.2026), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик. URL: https://invest.gov.kg/ru/investiczionnye-proekty/ (кайрылуу датасы: 12.02.2026).

(2) URL: https://stat.gov.kg/ru/publications/demograficheskij-ezhegodnik-kyrgyzskoj-respubliki/ (кайрылуу датасы: 02.02.2026).

 

 

 

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-октябрындагы №721 токтомунун редакциясына ылайык)