КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-октябры № 792-VIII
«2026-жылдын 10-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн
ортосундагы Алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык
агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Адам ресурстарын өнүктүрүү
боюнча стипендиялык программа» долбоору боюнча гранттык
макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда
кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 27-октябрындагы чыг. № 19-13465) «2026-жылдын 10-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы «Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 4-ноябрында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8491 расмий сайтында жарыяланды
Төраганын орун басары | Б.А. Ибрагимов |