Редакцияот 07.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ

МАМЛЕКЕТТИК САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ

 

 

2026-жылдын 7-октябры П-402

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө

 

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пунктуна ылайык, салык кызматынын органдарынын ишинде коррупциянын пайда болуу тобокелдигин азайтуу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу максатында, буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги (мындан ары – Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш кагаздар менен камсыздоо жана контролдоо бөлүмү (А.Дж. Маматбекова):

– ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 16-пунктуна ылайык каттасын;

– ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарларына, борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн, аймактык жана функционалдык башкармалыктарынын жетекчилерине жеткирсин.

3. Санариптик трансформациялоо башкармалыгы (А.О. Осмонов) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 17-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жарыяланган датасын белгилөө менен жарыяласын.

4. Ички иликтөөлөр жана инспектордук контролдоо башкармалыгы (М.А. Осмоналиев):

– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

– күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн;

– башка түзүмдүк бөлүктөр менен биргеликте Тизмекти өз убагында актуалдаштырууну туруктуу негизде жүргүзсүн.

5. Кадрлар башкармалыгы (Кумаш у. Кылычбек) кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана коррупциянын пайда болуу тобокелдигин азайтуу максатында салык кызматынын органдарынын кызматкерлерин ротациялоо планын түзсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары кураторлук кылган түзүмдүк бөлүктөр тарабынан ушул буйруктун аткарылышын контролго алсын.

7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2023-жылдын 16-октябрындагы № 277 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.

9. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

А.Н. Шыкмаматов

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетине

караштуу

Мамлекеттик салык кызматынын

07.10.2026-ж. № П-402 буйругуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги

 

 

№

Мамлекеттик органдын/

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укугу)

Коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар (коррупциялык тобокелдиктер)

Коррупция-лык тобокелдик-тин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциал-дуу, кырдаалдык

Коррупция-лык тобокелдик-тин деңгээли (төмөн, орто, жогорку)

Түзүмдүк бөлүктүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүктүн, мекеменин) аталышы

Коррупциялык тобокелдиги бар кызмат орундары

Башка мамлекеттик органдарда/

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо органдарды көрсөтүү)

1

2

3

4

5

6

7

8

КОНТРОЛДУК ФУНКЦИЯЛАР

1

Текшерүүлөрдү жүргүзүү:

1) камералдык (салыктар, салыктык эмес төлөмдөр боюнча);

 

 

 

 

 

 

 

 

2) көчмө (салыктар, салыктык эмес төлөмдөр боюнча);

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3) камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө боюнча пландуу, пландан тышкары текшерүүлөр жана кайра текшерүүлөр (чарбакер субъекти жоюу жөнүндө каты же укук коргоо органдарынын токтому боюнча)

Салык мыйзамдарынын аныкталган бузуулары жөнүндө камералдык текшерүүнүн жыйынтыктарын салык төлөөчүгө кысым көрсөтүү инструменти катары салык контролунун чараларын көрбөө же жеңилдетүү, кошуп эсептөөлөрдүн суммасын азайтуу, мыйзамдарда каралган чараларды колдонбоонун ордуна ишкердик субъектин формалдуу эмес макулдашууга мажбурлоо максатында пайдалануу.

 

 

Белгилүү бир сый акы үчүн салык кызматынын органынын кызмат адамынын ишкердик субъект менен салык түзүүчү көрсөткүчтөрдү жана салык милдеттенмелеринин суммаларын азайтуу жөнүндө сүйлөшүп алуусу.

 

 

 

 

 

 

Салык кызматынын органынын кызмат адамынын мыйзамсыз сый акы алуу максатында камсыздандыруу төгүмдөрү, салык санкциялары жана туумдар боюнча милдеттенмелерди азайтуу жөнүндө төлөөчү менен сүйлөшүп алуусу

системалуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

потенциалдуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

потенциалдуу

 

жогорку

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

жогорку

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

жогорку

Аймактык салык органдары:

– текшерүүлөр бөлүмдөрү;

– текшерүүлөр жана карызды өндүрүү бөлүмдөрү;

– мониторингдөө жана талдоо бөлүмдөрү;

– салыктык контролдоо жана карызды өндүрүү бөлүмү.

 

 

Аймактык салык органдары:

– жетекчилик;

– текшерүүлөр бөлүмү;

– текшерүүлөр жана карызды өндүрүү бөлүмү;

– салыктык контролдоо жана карызды өндүрүү бөлүмү.

 

 

Аймактык салык органдары:

– текшерүүлөр бөлүмү;

– текшерүүлөр жана карызды өндүрүү бөлүмү;

– салыктык контролдоо жана карызды өндүрүү бөлүмү

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

– Аймактык салык органынын начальниги;

– начальниктин орун басары;

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор.

 

 

 

 

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

2

Контролдук сатып алууну жүргүзүү

Салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан контролдук сатып алууну жүргүзүүдө контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу боюнча аныкталган салык мыйзамдарын бузууларды жашыруусу, анын ичинде белгилүү бир сый акы үчүн кассалык чекти бербөө, сатылуучу товарларда баа белгилеринин жоктугу

системалуу

орто

Аймактык салык органдары:

– атайын салык режимдери бөлүмү;

– текшерүүлөр жана карызды өндүрүү бөлүмү;

– салыктык контролдоо жана карызды өндүрүү бөлүмү

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

3

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) алып өтүлүүчү товарлардын (жүктөрдүн) документтерде көрсөтүлгөн тибине жана түрүнө, ошондой эле көлөмдөрүнө шайкештигин эсепке алуу, контролдоо жана кароо

Товарларды эсепке алуу жана салык милдеттенмелерин аткаруу үчүн зарыл болгон товар коштоочу жана башка документтердеги аныкталган бузууларды, алардын талаптагыдай эмес таризделишин же белгиленген талаптарга шайкеш келбестигин мыйзамсыз сый акы үчүн жашыруу же алар боюнча мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө.

 

Мыйзамсыз сый акы үчүн алып өтүлүүчү товарлардын иш жүзүндөгү санынын, түрүнүн, аталышынын, салмагынын, көлөмүнүн жана башка мүнөздөмөлөрүнүн товар коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келбөө фактыларын жашыруу же болбосо мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө.

 

Мыйзамсыз сый акы үчүн салык салуу объектисин жашыруу жана салык милдеттенмелерин азайтуу максатында эсепке алынбаган товарларды же болбосо берилген баштапкы жана товар коштоочу документтерде чагылдырылбаган товарларды аныктоо фактылары боюнча мыйзамдарда каралган чараларды атайылап көрбөө.

 

Мыйзамсыз сый акы үчүн салык кызматынын органынын кызмат адамынын аныкталган бузууларды жашыруу максатында эсепке алуу документтерине, кароонун жыйынтыктарына жана товарларды алып өтүүнү контролдоонун жыйынтыктары боюнча башка материалдарга жалган же толук эмес маалыматтарды киргизүүсү.

 

Мыйзамсыз сый акы үчүн айрым жактарга негизсиз артыкчылыктарды берүү максатында ушундай эле бузуулар болгон учурда товарларды алып өтүүнүн катышуучуларына карата контролдоо жана чара көрүү чараларын тандап колдонуу

кырдаалдык

орто

МСКнын ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгы, аймактык салык органдары.

Товарларды эсепке алуу пункттарынын жана аймактык салык органдарынын кызматкерлери:

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ишине тиешелүү

4

Мунай продуктуларын ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарга контролдук пломбаларды колдонууну эсепке алуу жана контролдоо

Мыйзамсыз сый акы үчүн салык кызматынын органынын кызмат адамынын мунай продуктуларын ташып киргизүүнү, ташып чыгарууну, алып өтүүнү, кабыл алууну же берүүнү жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттер менен аларды эсепке алуунун жана документтик тариздөөнүн белгиленген тартибин бузууларды жашыруу максатында сүйлөшүп алуусу.

 

Мыйзамдарда каралган коштоочу коштомо кагазды тариздебестен жана контролдук пломбаларды колдонбостон мунай продуктуларын кабыл алууга же берүүгө чара көрбөө же негизсиз уруксат берүү.

 

Мунай продуктуларын алып өтүүдө контролдук пломбалардын үзүлүшүнүн, бузулушунун же бүтүндүгүнүн бузулушунун фактыларын жашыруу же болбосо чара көрбөө.

 

Салык кызматынын органынын кызмат адамынын айрым чарбакер субъекттердин кызыкчылыктарында алынган, алып өтүлгөн же берилген мунай продуктуларынын иш жүзүндөгү көлөмдөрүн эсепке алуунун жана контролдоонун жыйынтыктарын төмөндөтүп көрсөтүү.

 

Мунай продуктуларынын иш жүзүндөгү көлөмдөрү менен коштоочу жана эсепке алуу документтеринде көрсөтүлгөн көлөмдөрдүн ортосундагы айырмачылыктар жөнүндө маалыматтарды жашыруу же бурмалоо.

 

Мунай продуктуларын эсепке алуу жана контролдук пломбаларды колдонуу тартибин бузууларды жашыруу максатында контролдук иш-чаралардын жыйынтыктарына, эсепке алуу документтерине жана башка документтерге жалган маалыматтарды киргизүү

потенциалдуу

орто

Аймактык салык органдары:

– текшерүүлөр жана карызды өндүрүү бөлүмү;

– салыктык контролдоо жана карызды өндүрүү бөлүмү;

– акциздик товарлардын топторун контролдоо бөлүмү/сектору;

– атайын салык режимдери бөлүмү

Мунай продуктуларын эсепке алууга жана контролдоого жана контролдук-кассалык пломбаларды колдонууга бекитилген кызматкер

Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

5

Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттерге текшерүүлөрдү (лицензиялык контролдоо) жүргүзүү

Белгилүү бир сый акы үчүн чарбакер субъектти текшерүүлөрдүн планына тандап киргизүү/алып салуу же болбосо өндүрүштүн көлөмдөрүн жана акциздик лицензиялардын маркаларынын шайкештигин иш жүзүндө салыштырбастан текшерүүнү формалдуу жүргүзүү.

 

Белгилүү бир сый акы үчүн салык салуудан реалдуу көлөмдү жашыруу максатында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү/спирттин калдыктары жөнүндө текшерүү актысына атайылап толук эмес маалыматтарды киргизүү.

 

Салык кызматынын органынын текшерүүчү кызмат адамынын текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө текшерилүүчү чарбакер субъект менен түздөн-түз байланышта төмөнкүдөй максаттарда сүйлөшүп алуусу:

– атайылап жалган же толук эмес маалыматтар менен текшерүү актысын түзүү;

– технологиялык процесстин, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн же акциздик лицензиялардын маркаларынын шайкештигинин аныкталган бузууларын жашыруу;

– же болбосо белгилүү бир сый акы үчүн текшерүүнүн жыйынтыктарын төмөндөтүү

кырдаалдык

жогорку

МСКнын түндүк жана түштүк региондору боюнча акциздик продукцияны өндүрүүнү контролдоо башкармалыгы:

– алкоголдук рыноктун өндүрүшүн контролдоо бөлүмү

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

6

Лицензия берилгенге чейин арыз ээсинин белгиленген талаптарга шайкештигине лицензияга чейинки контролду жүзөгө ашыруу

Белгилүү бир сый акы үчүн салык кызматынын органынын текшерүүчү кызмат адамынын лицензияга чейинки текшерүүнү жүзөгө ашырууда мыйзамдарда белгиленген талаптардын аныкталган бузууларын жашыруусу

потенциалдуу

орто

МСКнын түндүк жана түштүк региондору боюнча акциздик продукцияны өндүрүүнү контролдоо башкармалыгы:

– алкоголдук рыноктун өндүрүшүн контролдоо бөлүмү

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

7

Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик буюмдарды Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) курамына кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан аталган мамлекеттерге ташып чыгарууда мамлекеттик контролдоо актысын берүү менен мамлекеттик контролду жүргүзүү

Мамлекеттик контролдун актысын берүүдөн негизсиз баш тартуу, арыздарды кароону кечиктирүү

кырдаалдык

төмөн

МСКнын баалуу металлдар менен иштөө башкармалыгы:

– баалуу металлдарга, таштарга жана зер буюмдарына экспертиза жүргүзүү бөлүмү

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы адис;

– жетектөөчү адис;

– адис

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү.

8

Салык мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча аймактык жана функционалдык салык органдарынын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүү

Белгилүү бир сый акы үчүн аймактык жана функционалдык салык органдарын текшерүүдө аныкталган Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жана ички буйруктардын, жоболордун, регламенттердин ченемдерин аткарбоого байланыштуу аныкталган бузууларды жашыруу жолу менен жеке пайда көрүү максатында салык кызматынын органынын текшерүүчү кызмат адамынын текшерилип жаткан кызмат адамы менен сүйлөшүп алуусу

системалуу

орто

МСКнын борбордук аппаратынын ички иликтөөлөр жана инспектордук контролдоо башкармалыгынын инспектордук иштер бөлүмү

– башкармалыктын начальниги;

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

9

Жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылуулары боюнча салык органдарынын кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүү

Белгилүү бир сый акы үчүн жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын кароонун жүрүшүндө аныкталган кызматтык жүрүм-турум эрежелерин, Кыргыз Республикасынын салык жана башка мыйзамдарынын, ички буйруктардын, жоболордун, регламенттердин ченемдерин бузуу, кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу, мамлекеттик кызматчынын этикасын сактабоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол берүү, коррупциялык көрүнүштөр фактыларын текшерүү жүргүзүлүп жаткан кызмат адамына карата тартиптик жазаны жеңилдетүү максатында жашыруу

потенциалдуу

төмөн

МСКнын борбордук аппаратынын ички иликтөөлөр жана инспектордук контролдоо башкармалыгынын өздүк коопсуздук бөлүмү

– башкармалыктын начальниги;

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдик түзүмүндө өздүк коопсуздукту камсыз кылуучу бөлүктөр каралган мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

10

Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) изилдөөнү жана талдоону (текшерүүнү) жүргүзүү

Белгилүү бир сый акы үчүн декларациялоо чөйрөсүндөгү салык мыйзамдарынын ченемдеринин аныкталган бузууларын жашыруу, анын ичинде:

– бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөттөрүн бузуу (тапшырбоо же өз убагында тапшырбоо);

– декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтардын шайкеш келбеши (толук эмес, анык эмес)

Кырдаалдык

орто

МСКнын борбордук аппаратынын декларациялоо жана салыктык эмес төлөмдөр башкармалыгынын декларациялар бөлүмү, МСКнын аймактык салык органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, ошондой эле жеке жактардын белгилүү бир категорияларынын декларацияларын изилдөө жана талдоо (текшерүү) боюнча функциялар жүктөлгөн жооптуу кызматкерлери

– башкармалыктын начальниги;

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор.

 

(МСКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери мыйзам бузуулар же дал келбестиктер аныкталган учурда саясий же жогорку административдик кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан кысымга алынышы мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек)

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

11

КНСтин ашкан суммасынын негиздүүлүгүнө жана өлчөмүнө камералдык текшерүү жүргүзүү жана КНСтин ашкан суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу

Камералдык текшерүү жүргүзүүдө салык кызматынын органынын кызмат адамынын КНСтин негизсиз ашкан суммаларын жана ашыкча өлчөмүн ырастагандыгы үчүн сый акы алуу максатында салык төлөөчү менен сүйлөшүп алуусу

кырдаалдык

жогорку

Аймактык салык органдары:

– текшерүүлөр бөлүмү;

– салыктык контролдоо жана карызды өндүрүү бөлүмү;

– салыктар боюнча ашыкча төлөмдөрдү чегерүү жана кайтаруу бөлүмү;

– текшерүүлөр жана карызды өндүрүү бөлүмү

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

УРУКСАТ БЕРҮҮЧҮ ЖАНА ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ФУНКЦИЯЛАР

12

Салыктык текшерүүлөрдү бөлүмдүн кызматкерлеринин арасында бөлүштүрүү

Салыктык текшерүүнү бөлүштүрүүдө жана дайындоодо жеке пайда көрүү максатында салык кызматынын органынын жетекчилиги же бөлүмдүн башчысы тарабынан баш ийген кызмат адамына кысым көрсөтүү.

 

Салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн көбүрөөк төлөөгө жөндөмдүү салык төлөөчүлөрдү алуу максатында баш ийген кызмат адамынын бөлүмдүн башчысы менен сүйлөшүп алуусу

потенциалдуу

жогорку

Аймактык салык органдары:

– жетекчилик;

– текшерүүлөр бөлүмү;

– текшерүүлөр жана карызды өндүрүү бөлүмү;

– салыктык контролдоо жана карызды өндүрүү бөлүмү

– башкармалыктын начальниги;

– башкармалыктын начальнигинин орун басары;

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

13

Ишкердик субъекттер боюнча кураторлукту салык кызматкерлеринин арасында бөлүштүрүү

Ишкердик субъекттер боюнча кураторлукту бөлүштүрүүдө жеке пайда көрүү максатында салык кызматынын органынын жетекчилиги же бөлүмдүн башчысы тарабынан баш ийген кызмат адамына кысым көрсөтүү.

 

Белгилүү бир сый акы үчүн бөлүмдүн башчысынын баш ийген кызмат адамын кадыр-барктуу соода-базар комплекстерине же субъекттерге куратор катары негизсиз дайындоосу

потенциалдуу

жогорку

Аймактык салык органдарынын атайын салык режимдери бөлүмдөрү

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

14

Салык төлөөчүнүн даттануусун (апелляцияны) кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу

Салык кызматынын органдарынын чечимине даттанган салык төлөөчү менен ыйгарым укуктуу салык органынын тиешелүү башкармалыгынын кызмат адамынын салык төлөөчүнүн кызыкчылыгында мыйзамсыз чечим кабыл алгандыгы үчүн сый акы алуу максатында сүйлөшүп алуусу

кырдаалдык

орто

МСКнын борбордук аппаратынын апелляциялык иштер башкармалыгы

– башкармалыктын начальниги;

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

15

Бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча материалдарды даярдоо

Белгилүү бир сый акы үчүн салык кызматынын органынын кызмат адамынын салык мыйзамдарынын аныкталган бузууларын жашыруусу, айып пулду колдонуу үчүн тиешелүү документтерди түзбөөсү, жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрбөөсү

системалуу

жогорку

Аймактык салык органдары:

– атайын салык режимдери бөлүмү;

– текшерүүлөр бөлүмү;

– текшерүүлөр жана карызды өндүрүү бөлүмү;

– акциздик товарлардын топторун контролдоо бөлүмү/сектору

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин алкагында укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

16

Көчмө текшерүүнүн (салыктар жана салыктык эмес кирешелер боюнча) же пландуу, пландан тышкары текшерүүлөрдүн жана кайра текшерүүлөрдүн (камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө боюнча) материалдарын кароонун жыйынтыгы боюнча чечим чыгаруу

Жеке пайда көрүү максатында салык милдеттенмелеринин, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн, салык санкциясынын жана туумдун суммасын азайтуу жөнүндө негизсиз чечим чыгаруу.

 

Жеке пайда көрүү максатында жорук жасагандыгы үчүн салык төлөөчүнү/төлөөчүнү жоопкерчиликке тартпоо жөнүндө негизсиз чечим чыгаруу

потенциалдуу

жогорку

Аймактык салык органынын жетекчилиги

– башкармалыктын начальниги;

– башкармалыктын начальнигинин орун басары

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

17

Этил спиртин алуу үчүн каттоо баракчасын берүү

Жол-жобону тездетүү үчүн мыйзамсыз сый акы алуу максатында каттоо баракчасын берүүгө арызды кароо мөөнөтүн негизсиз бузгандыгы же мыйзамдуу негиздерди көрсөтпөстөн берүүдөн баш тарткандыгы

кырдаалдык

орто

МСКнын түндүк жана түштүк региондору боюнча акциздик продукцияны өндүрүүнү контролдоо башкармалыгы:

– алкоголдук рыноктун өндүрүшүн контролдоо бөлүмү

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор ;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдик уруксат берүүчү документтерди берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн

18

Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик буюмдар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерди атайын эсепке коюу

Атайын эсепке коюу жөнүндө күбөлүк берүүдөн негизсиз баш тартуу, анын ичинде берүү мөөнөттөрүн сактабоо

кырдаалдык

төмөн

МСКнын баалуу металлдар менен иштөө башкармалыгы:

- баалуу металлдарды, таштарды жана зер буюмдарын жүгүртүүнү контролдоо бөлүмү

– башкармалыктын начальниги;

– башкармалыктын начальнигинин

орун басары;

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮЛӨРГӨ КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ

19

Салык төлөөчүлөрдү / төлөөчүлөрдү тейлөө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган маалыматтарды жана документтерди талап кылуу аркылуу жеке пайда көрүү максатында салык кызматтарын (салыктык/эсептик каттоо, кайра каттоо, маалымкат берүү, Салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүндүгүн берүү ж.б.) көрсөтүү процессин негизсиз кечиктирүү.

 

Салык сырынын категориясына киргизилген маалыматты жеке пайда көрүү максатында үчүнчү жактарга мыйзамсыз берүү же жайылтуу

потенциалдуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

кырдаалдык

орто

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

жогорку

Аймактык салык органдарынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмү,

Бишкек жана Ош шаарларынын ишкерлерин тейлөө борборлору,

салык төлөөчүлөрдү тейлөө борборлору

Салык төлөөчүлөрдү/ төлөөчүлөрдү тейлөөчү кызматкерлер, негизинен “бирдиктүү терезеде”:

– бөлүмдүн башчысы;

– сектордун башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор

Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

20

Зергердик жана башка (турмуш-тиричилик) буюмдарды пробалоо жана мамлекеттик эн тамга басуу, баалуу металлдарды (буюмдарды, куймаларды, тыйындарды ж.б.) экспертизалоо

Жеке пайда көрүү максатында, белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен пробалоо жана эн тамга басуу жөнүндө чечим кабыл алууну негизсиз кечиктирүү

кырдаалдык

төмөн

МСКнын баалуу металлдар менен иштөө башкармалыгы:

– баалуу металлдарга, таштарга жана зер буюмдарына экспертиза жүргүзүү бөлүмү

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы адис;

– жетектөөчү адис;

– адис

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

ЮРИСДИКЦИЯЛЫК ФУНКЦИЯЛАР

21

Сот отурумдарына катышуу

Салык кызматынын позициясын негиздеген документтерди, далилдерди сотко бербей коюу аркылуу салык органынын кызматкеринин салык төлөөчүлөр менен сүйлөшүп алуусу

кырдаалдык

төмөн

МСКнын борбордук аппаратынын юридикалык башкармалыгынын соттук өкүлчүлүк бөлүмү;

 

аймактык салык органдарынын:

– укуктук маселелери боюнча сектор;

– укуктук маселелер боюнча башкы/ жетектөөчү адистер

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

– инспектор;

– сектордун башчысы;

– башкы адис;

–жетектөөчү адис;

– адис

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

ТОВАРЛАРДЫ, ЖУМУШТАРДЫ, КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮ САТЫП АЛУУ

22

Салык кызматынын муктаждыктары үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча конкурстарды өткөрүү жана келишимдерди түзүү

Товардык-материалдык баалуулуктарга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөнү жасалма түрдө жогорулатуу, конкреттүү жеткирүүчүгө ылайык сатып алуу критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды түзүү, белгиленген жол-жоболордон жана чектүү маанилерден айланып өтүү максатында сатып алууларды бөлүштүрүү, сатып алуунун катышуучуларынын сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен аффилирленгендиги, келишимдин наркын жогорулатуу жана анын шарттарын негизсиз өзгөртүү, анын ичинде жетиштүү негиздерсиз кошумча келишимдерди түзүү аркылуу, келишимдин шарттарына иш жүзүндө ылайык келбеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу, жеткирүүчүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузгандыгын жашыруу жана мыйзамда каралган чараларды көрбөө

системалуу

жогорку

МСКнын борбордук аппаратынын мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү бөлүмү, бааларды мониторингдөө сектору;

конкурстук комиссия

– бөлүмдүн башчысы;

– сектордун башчысы;

– башкы адис;

–жетектөөчү адис;

– адис;

– конкурстук комиссиянын мүчөлөрү

Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

ПРОГРАММАЛЫК МОДУЛДАР МЕНЕН ИШТӨӨ

23

“ИСНАК” салыктык башкаруунун маалыматтык тутумунун программалык модулдары менен иштөө

Мыйзамсыз пайда алуу максатында “ИСНАК” салыктык башкаруунун маалыматтык тутумунун программалык модулдарына кирүү кодун үчүнчү жактарга берүү

кырдаалдык

орто

МСКнын борбордук аппаратынын санариптик трансформациялоо башкармалыгы;

 

 

 

Аймактык салык органдары:

– жетекчилик;

– кирешелер бөлүмдөрү;

– салыктык контролдоо жана карызды өндүрүү бөлүмдөрү;

– текшерүүлөр жана карызды өндүрүү бөлүмдөрү;

– мониторингдөө жана талдоо бөлүмдөрү;

– салыктар боюнча ашыкча төлөмдөрдү чегерүү жана кайтаруу бөлүмү;

– салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмү;

– карызды өндүрүү бөлүмү;

– текшерүүлөр бөлүмдөрү;

– атайын салык режимдери бөлүмдөрү

– башкармалыктын начальниги;

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы адис;

– жетектөөчү адис;

– адис;

 

– башкармалыктын начальниги;

– башкармалыктын начальнигинин

орун басары;

– бөлүмдүн башчысы;

– сектордун башчысы;

– башкы инспектор;

– улук инспектор;

–инспектор

Бул тобокелдик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын ишине тиешелүү

ПЕРСОНАЛ МЕНЕН ИШТӨӨ

24

Кадрлар резервин түзүү, салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарын кабыл алуу, дайындоо, которуу жана ротациялоо

1. Конкурска даярдануу жана жарыялоо, квалификациялык талаптарды аныктоо этабында:

– башка талапкерлердин алдында конкреттүү талапкерге негизсиз артыкчылык берүү максатында, ал талапкердин мүнөздөмөлөрүнө ылайык квалификациялык талаптарды, критерийлерди жана конкурстун шарттарын түзүү;

– айрым талапкерлерге конкурс жөнүндө маалыматка, анын ичинде конкурсту өткөрүү тартиби, талаптар жөнүндө маалыматтарга артыкчылыктуу жеткиликтүүлүк берүү.

2. Маектешүү жол-жобосун өткөрүү этабында:

– маектешүү учурунда айрым талапкерлерге артыкчылыктуу шарттарды түзүү, анын ичинде башка талапкерлерге берилбеген түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды же башка артыкчылыктарды берүү.

3. Конкурстун жыйынтыктарын баалоо жана аныктоо этабында:

– кызмат адамдарынын, конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн же түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин конкреттүү талапкерди кадрлар резервине киргизүүнү камсыз кылуу максатында аны менен сүйлөшүп алуусу;

– бош кызмат орунга дайындоо жөнүндө чечим кабыл алууда резервде болгон конкреттүү адамдын кызыкчылыктарын лоббирлөө;

– кызмат адамынын жеке, туугандык же башка кызыкчылыгы бар болгон учурда талапкерди кароого же чечим кабыл алууга катышуусу

системалуу

жогорку

Конкурстук комиссия, МСКнын борбордук аппаратынын кадрлар башкармалыгы

– комиссиянын мүчөлөрү;

– башкармалыктын начальниги;

– бөлүмдүн башчысы;

– башкы адис;

– жетектөөчү адис;

– адис

Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

25

Атайын наамдарды ыйгаруу

Салык кызматынын органдарынын айрым кызмат адамдарынын мурдагы атайын наамында иштеген жылдарынын белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин кезектеги атайын наамды ыйгаруудагы кызыкчылыктарын лоббирлөө

потенциалдуу

төмөн

Аймактык жана функционалдык салык органдары;

 

 

МСКнын борбордук аппаратынын кадрлар башкармалыгы;

 

атайын наамдарды ыйгаруу боюнча комиссия

Жетекчилик:

– начальник;

– начальниктин орун басары;

 

– башкармалыктын начальниги;

– бөлүмдүн башчысы;

 

– комиссиянын мүчөлөрү

Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн

26

Кызматкерлерди ардак наамдар, грамоталар, баалуу белектер ж.б. менен сыйлоо

1. Сыйлоого материалдарды даярдоо жана кароо этабында:

– кызмат адамдарынын, комиссия мүчөлөрүнүн кызыкдар адам менен мыйзамда каралган негиздер жана тийиштүү эмгектери жок болгон учурда, анын талапкерлигин сыйлоого негизсиз илгерилетүү максатында сүйлөшүп алуусу;

– эмгек ишмердиги, сиңирген эмгеги, жетишкендиктери, иш стажы жана сыйлоо жөнүндө маселени чечүүдө мааниси бар башка жагдайлар жөнүндө атайылап жалган же толук эмес маалыматтарды киргизүү.

2. Жетекчиликке сунуштарды даярдоо жана мамлекеттик сыйлыктарга сунуштамаларды кароо этабында:

– мыйзамда каралган сыйлоого негиздери бар адамга карата берилген сунуштаманы кароодон, макулдашуудан же андан ары жөнөтүүдөн негизсиз баш тартуу;

– тиешелүү сыйлыкты же сыйлоону алууга жетиштүү негиз жок кызмат адамга карата сунуштаманы негизсиз жактыруу же илгерилетүү;

– кабыл алынган чечимдин объективдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн болгон жеке, туугандык, мүлктүк же башка кызыкчылыктар болгон учурда кызмат адамынын талапкерлигин кароого катышуу

потенциалдуу

төмөн

Сыйлоо боюнча комиссия;

МСКнын борбордук аппаратынын кадрлар башкармалыгы;

 

Аймактык жана функционалдык салык органдары

– комиссиянын мүчөлөрү;

– башкармалыктын начальниги;

– бөлүмдүн башчысы;

 

жетекчилик:

– начальник;

– начальниктин орун басары

Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн