КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-октябры № 786-VIII
«2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында жана Гонконг шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун ортосундагы Кирешеге жана капиталга салыктарга карата кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 24-августундагы чыг. № 18-10478) «2026-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында жана Гонконг шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Гонконг атайын административдик районунун ортосундагы Кирешеге жана капиталга салыктарга карата кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 3-ноябрында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8485 расмий сайтында жарыяланды
Төраганын орун басары |
| Б.А. Ибрагимов |