Редакцияот 20.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

   VIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 20-октябры  №8/1

 

      Кара-Суу айыл өкмөтүнүн    2026-жылдын жергиликтүү  бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын бекитүү  жөнүндө.

 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-39-беренелерине  ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши  ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Айыл өкмөт башчысынын сунушу менен Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн     2026-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттары айыл өкмөттүн сунушунда толук көрсөтүлбөй калгандыгына байланыштуу Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 14-октябрындагы 7/2 токтому күчүн жоготту деп белгиленсин.

 

2.    Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджетине кошумча  түшчү акча каражат  жер казынасын пайдалануу укугунан лицензияны кармоо үчүн акыдан ашыкча түшчү 159 300 (бир жүз элүү тогуз миң үч жүз)  сом акча каражатын, киреше салыгы жыл ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын айлык акылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу ашыкча түшчү 4 150 000 (төрт миллион бир жүз элүү миң) сом акча каражаты, максаттуу трансферт аркылуу жер салыгынын жоготууларынан түшчү 896 200 (сегиз жүз токсон алты миң эки жүз) сом акча каражаты, жалпы бекитүүгө 5 205 500 (беш миллион эки жүз беш миң беш жүз) сом каражаты тиркемеге ылайык бекитилсин

3.    Бул токтомдун аткарылышын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдоо жагы айыл өкмөт башчысы       Б. Мамытовго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу  В. Куловага тапшырылсын.

4.    Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

   

Төрага

К. Жакыпакун уулу

 

 

                                                                                                                            БЕКИТИЛДИ

                                                                                                                            Кара-Суу айылдык   кеңешинин

                                                                                                                            2026-жылдын 20-октябрындагы

                                                                                                                            № 8/1 токтому менен.

 

Нарын областынын Ат-Башы районунун

Кара-Суу  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн   бюджетинин   сметасы

 

 

 

Башкаруу аппараты Р – 70111

 

Статья

Сумма

                                 Чыгымдар

 

2212

13 667

Телекомго интернет байланышы үчүн 2027-ж 1,2,3 айларына

 

2212

19 633

Видеокөзөмөл интернети үчүн

 

2215

125 870

Долбоорлордун сметасын чийип берген кызмат акысы үчүн

 

3111

846 390

А.Көлбаев атындагы парктагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын тизмесин капиталдык ремонттон өткөрүү долбооруна өздүк салым

 

3112

200 000

Кара-Суу айыл аймагына таштанды чыгаруучу техника (мусоровоз) алуу үчүн өздүк салым

 

2215

500 000

Архитектуралык кызмат акы үчүн

 

2215

88 880

Кара-Коюн участкасына корук тосуу үчүн МИге

 

3111

100 000

Кара-Суу, Терек-Суу  айылындарынын таза суу резервуарларына кабель, стабилизатор алуу

 

3111

830 672

Кирпич калктуу конушунун таза суусуна кошумча материал алуу

 

2215

25 000

Кара-Суу айылынын Булак участкасына корук иштерин уюштуруп, тосууга керектүү материалдарды алуу үчүн МИге (зым)

 

3111

100 000

Жаман-Эчки жайлоосуна раскол куруу үчүн өздүк салым

 

2211

30 000

Аппарат кызматкерлеринин командировкалык чыгымдары үчүн

 

2222

50 000

Кызматкерлердин канцелярдык товарлары үчүн

 

3112

554 176

Айыл чарба техникаларына Лизинг төлөмүн төлөө (Айыл Банк)

 

2224

55 000

Кара-Суу айылынын эски конторасына көмүр отунун алуу

 

2215

420 000

Калинин айылынын Кенбил сайына көпүрө салуу кызматы үчүн МИге

 

2222

45 912

Ар кандай чыгымдар

 

2215

250 000

Муниципалдык имараттарды жана айыл чарба техникаларын камсыздандырууга

 

3112

75 000

А.Чортеков орто мектебинин спорт залына күрөш килеминин үстүнө жабылуучу булгаары материал (ковер)

 

3111

80 000

А.Капаров орто мектебинин складына алынган контейнердин ичин жасалгалоо

 

Баары:

4 410 200

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Билим берүү тармагы Р – 70921

Статья

Сумма

Чыгымдар

2224

   85 250

А.Капаров орто мектептерине көмүр отунун алуу 15,5т  х 5500

2224

80 300

Т.Адыранов орто мектептерине көмүр отунун алуу 14,6т  х 5500

2221

20 000

А.Капаров мектебинин “жылуу пол” системасы үчүн 24 кВт УМТ 2 шт

 

 

Баары:

185 550

 

 

Бала бакчалар Р - 70911

Статья

Сумма

Чыгымдар

2224

   15 400

Муса к Бейшегүл бала бакчасына көмүр отунун алуу 2,8т  х 5500

2224

30 250

Аюу мамалак бала бакчасына көмүр отунун алуу 5,5т  х 5500

2224

85 250

Кенбил булагы бала бакчасына көмүр отунун алуу 15.5т  х 5500

2224

300 850

Жаны бала бакчага көмүр отунун алуу 54.7т  х 5500

2222

28 000

Аюу мамалак бала бакчасына 1 даана насос, 1 даана улитка

2212

22 500

Интернет акысы 2027-жыл 1,2,3 айларына

2222

25 000

Муса кызы Бейшегүл атындагы балдар бакчасына 1 данаа бойлер, 1 даана соргуч калпак

 

 

Баары:

507 250

 

 

Маданият тармагы Р – 70823

Статья

Сумма

Чыгымдар

2224

82 500

Терек-Суу, Кара-Суу айылынын маданият үйлөрүнө көмүр отуну үчүн

2222

20 000

Кара-Суу айылынын маданият үйүнүн жылытуу системасынын насосун жаныртуу үчүн

 

 

Баары:

102 500

 

 

 Төрага                                                                                               К. Жакыпакун уулу