Загрузка документа…
ПОСТАНОВЛЕНИЕ ЖОГОРКУ КЕНЕША КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
от 30 октября 2026 года № 787-VIII
«Италия Республикасынын Рим шаарында жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2026-жылдын 21-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 3» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 30-сентябрындагы чыг. № 18-12118) «Италия Республикасынын Рим шаарында жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2026-жылдын 21-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 3» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 3 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 3-ноябрында https://kenesh.kg/law-activity/resolutions/8486 расмий сайтында жарыяланды
Төраганын орун басары |
| Б.А. Ибрагимов |