2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 30-октябрындагы № 367 Жарлыгына)
2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында пренаталдык скринингди киргизүү боюнча
«Үмүт» улуттук программасын ишке ашыруу боюнча
иш-чаралар планы
Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар |
1-артыкчылыктуу багыт. Мамлекеттик башкаруу жана ченемдик укуктук камсыздоо | ||||
1.1 Борборлоштурулган башкаруу жана координациялоо менен улуттук пренаталдык скрининг системасын түзүү жана ченемдик жактан камсыздоо | 1.1.1. Пренаталдык скринингди уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктаган ССМдин буйругун иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-ж. | ССМдин тиешелүү буйругу бекитилди | ССМ |
1.1.2. 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында пренаталдык скринингди киргизүү боюнча «Үмүт» улуттук программасын (мындан ары – Программа) киргизүүгө эл аралык эксперттик колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу, анын ичинде акушердик жана гинекология боюнча тренерлерди окутуу, ультраүндүү жана лабораториялык диагностика боюнча адистерди даярдоо, ченемдик документтерди, пренаталдык скринингди уюштуруу моделин иштеп чыгууга жана улуттук цитогенетикалык лабораторияны түзүүгө консультациялык колдоо көрсөтүү | 2026-ж. | Пренаталдык скрининг боюнча улуттук тренерлер жана адистер даярдалды, ченемдик документтер иштелип чыгып, эксперттик баалоодон өткөрүлдү, пренаталдык скринингди уюштуруу модели түзүлдү жана улуттук цитогенетикалык лабораторияны түзүү боюнча сунуштар даярдалды
| ССМ | |
1.1.3. Пренаталдык скринингди башкаруу боюнча координациялык борборду түзүү
| 2026-ж. | Пренаталдык скринингди башкаруу боюнча координациялык борбор ССМдин буйругу менен бекитилди жана иштеп жатат | ССМ | |
1.1.4. Пилоттук региондордо пренаталдык скринингдин алкагында кош бойлуу аялдарга өз убагында жолдомо берүү, текшерүү жана коштоо системасын (маршрутизация) уюштуруу жана андан ары бүткүл өлкө боюнча киргизүү | 2026-ж. | КРнын бардык региондоруна жайылтылуу үчүн пилоттук региондордо пренаталдык скринингдин алкагында кош бойлуу аялдарды маршрутизациялоо системасы киргизилди жана апробацияланды | ССМ | |
2-артыкчылыктуу багыт. Пренаталдык скринингдин бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү жана санариптештирүү, Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана сапатын башкаруу | ||||
2.1. Кош бойлуулардын электрондук каттоосу менен интеграцияланган пренаталдык скринингдин бирдиктүү санариптик платформасын түзүү
| 2.1.1. Пренаталдык скринингдин санариптик модулун иштеп чыгуу жана анын кош бойлуулардын каттоосу менен өз ара байланышын камсыз кылуу | 2027–2028-жылдар | Кош бойлуулардын каттоосу менен интеграцияланган пренаталдык скрининг боюнча санариптик платформа иштелип чыгып, маалыматтык системада колдонууга киргизилди | ССМ, КР ПИБ |
2.1.2. Пренаталдык скрининг боюнча электрондук отчеттуулук жана мониторинг системасын иштеп чыгуу | 2027–2028-жылдар | Пренаталдык скринингди жүргүзүү боюнча маалыматтарды борборлоштурулган чогултууну, иштеп чыгууну жана визуалдаштырууну камсыз кылган бирдиктүү электрондук отчеттуулук жана мониторинг системасы киргизилди
| ССМ, КР ПИБ
| |
2.1.3. Пренаталдык скринингдин санариптик платформасын саламаттык сактоонун улуттук маалыматтык системаларына, анын ичинде лабораториялык маалыматтык ресурстарга киргизүү жана интеграциялоо | 2028-ж. | Санариптик платформанын саламаттык сактоонун улуттук маалыматтык системалары жана лабораториялык маалыматтык ресурстар менен интеграцияланышы камсыздалды, зарыл болгон маалыматтар менен алмашуу автоматташтырылды | ССМ, КР ПИБ
| |
3-артыкчылыктуу багыт. Кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана кесиптик өнүктүрүү | ||||
3.1. Адистерди даярдоо жана кайра даярдоо: УҮД врачтары, акушер-гинекологдор, врач-генетиктер, үй-бүлөлүк врачтар, врач-цитогенетиктер, педиатрлар, лабораториялык адистер
| 3.1.1. Медициналык кызматкерлер (УҮД врачтары, акушер-гинекологдор, врач-генетиктер, врач-цитогенетиктер, жалпы практиканын врачтары, лабораториялык адистер жана медайымдар) үчүн пренаталдык скрининг боюнча окутуу программаларын жана модулдарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-ж. | Үзгүлтүксүз медициналык билим берүү жана пренаталдык скрининг боюнча врачтардын жана орто медициналык персоналдын квалификациясын жогорулатуу системасына окутуу программалары бекитилип, ишке киргизилди | КМКДКЖИ |
3.1.2. Эл аралык эксперттерди тартуу менен пренаталдык скринингди киргизүү боюнча тренерлер үчүн тренинг өткөрүү | 2026-ж. | Кеминде 20 улуттук тренер даярдалды | ССМ, КМКДКЖИ | |
3.1.3. Акушер-гинекологдор, жалпы практика врачтары жана лабораториялык адистер үчүн иш ордунда пренаталдык скринингди киргизүү боюнча окутуу семинарларын өткөрүү | 2026–2027-жылдар | Кеминде төмөнкү сандагы кадрлар окутулду: акушер-гинекологдор – 50; үй-бүлөлүк врачтар – 687; педиатрлар – 20; лабораториялык адистер – 18 адам | ССМ, КМКДКЖИ | |
3.1.4. Эл аралык эксперттерди тартуу менен КМКДКЖИ базасында УҮД врачтарын окутуу | 2026–2027-жылдар | Кеминде 100 УҮД врачы окутулду | ССМ, КМКДКЖИ КР РA | |
3.1.5. Инвазивдүү пренаталдык диагностика өткөрүү боюнча врачтарды, врач-генетиктерди жана врач-цитогенетиктерди ИИИ базасында (РФ, Казакстан Республикасы) даярдоо | 2027–2029-жылдар | Кеминде төмөнкү сандагы адистер даярдалды: 5 акушер-гинеколог; 12 врач-генетик; 5 врач-цитогенетик | ССМ, КМКДКЖИ, КММА | |
3.2. Пренаталдык скрининг чөйрөсүндө үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү системасын киргизүү | 3.2.1. УҮД врачтарын, акушер-гинекологдорду, лабораториялык врачтарды жана врач-генетиктерди системалуу окутууну уюштуруу | 2027–2028-жылдар | Пренаталдык скрининг чөйрөсүндө сертификацияланган адистер иштеп жатат, алар окууларын үзгүлтүксүз улантууда | ССМ, КМКДКЖИ |
3.2.2. Программанын жүзөгө ашырылышына жыл сайын мониторинг жүргүзүү | 2027–2030-жылдар | Жыл сайын Программанын жүзөгө ашырылышына мониторинг өткөрүлүп, отчёттор даярдалат жана анда жетишилген жыйынтыктар, аныкталган көйгөйлөр, ошондой эле Программанын иш-чараларын аткаруу статусу жөнүндө маалыматтар чагылдырылат | ССМ | |
3.3. Маалымат жана билим берүүчүлүк материалдарды иштеп чыгуу аркылуу медициналык кызматкерлердин, кош бойлуу аялдардын жана калктын пренаталдык скринингдин максаттары жана артыкчылыктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу
| 3.3.1. Медициналык кызматкерлер (акушер-гинекологдор, медайымдар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер, УҮД врачтары, врач-генетиктер) жана калк үчүн маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу | 2027-ж. | Маалыматтык материалдар медициналык кызматкерлер жана калк арасында жайылтылды | ССМ, ССӨжМТБ, РДЧжМКБ
|
3.3.2. Бардык коммуналдык каналдарды, анын ичинде социалдык тармактарды пайдалануу менен калк үчүн маалыматтык-агартуу материалдарын жайылтуу | 2027-ж. | Маалыматтык материалдар бардык коммуникациялык каналдар аркылуу жайылтылууда | ССМ, ССӨжМТМ РДЧжМКБ
| |
3.3.3. Кош бойлуу аялдар үчүн пренаталдык скрининг боюнча мобилдүү тиркемени иштеп чыгуу | 2027-ж. | Пренаталдык скрининг боюнча мобилдүү тиркеме иштелип чыккан жана кош бойлуу аялдар тарабынан колдонулууда | ССМ, КР ПИБ | |
4-артыкчылыктуу багыт. Пренаталдык скринингдин клиникалык жана лабораториялык инфраструктурасын өнүктүрүү | ||||
4.1. Пилоттук киргизүүлөрдүн алкагында саламаттык сактоо уюмдарын диагностикалык жабдуулар менен камсыздоо | 4.1.1. Биохимиялык скрининг өткөрүү үчүн Бишкек шаарында референс-лабораторияны түзүү жана жабдуу | 2026-ж. | Бишкек шаарында референс-лаборатория иштеп жатат | ССМ, «Кыргызфармация» МИ |
4.1.2. Пилоттук киргизүүнүн алкагында саламаттык сактоо уюмдарын заманбап УҮД жабдуулар менен камсыздоо | 2026-ж. | Бишкек шаарында жайгашкан 4 ССУ (ЭжБКУБ, АРКИБ, Бишкек шаарындагы 2 ҮМБ) заманбап УҮД аппараттары менен жабдылды | ССМ, «Кыргызфармация» МИ
| |
4.1.3. Пренаталдык скринингди пилоттун алкагында киргизүү | 2027-ж. | Пренаталдык скрининг пилоттун алкагында ишке киргизилди | ССМ | |
4.2. Биохимиялык пренаталдык скринингди борборлоштуруу | 4.2.1. Лабораториялык методикаларды жана жабдууларды стандартташтыруу, өзүнчө тобокелдиктерди эсепке алууну борборлоштуруу | 2027-ж. | Лабораториялык методикалар стандартташтырылган жана өзүнчө тобокелдиктер эсепке алынууда | КМКДКЖИ |
4.2.2. Биоматериалдардын логистикасын жана ташып жеткирилишин уюштуруу | 2027–2030-жылдар | Биоматериалдын логистикасы жана ташып жеткирилиши боюнча натыйжалуу система уюштурулду | ССМ, МЖӨ | |
4.3. Программаны улуттук деңгээлде жүзөгө ашыруу үчүн энени коргоо жана репродуктивдүү ден соолук облустук борборлорун жана райондук ССУларды жабдуулар менен камсыздоо | 4.3.1. Ош шаарында биохимиялык скрининг жүргүзүү үчүн референс-лабораторияны түзүү жана жабдуу | 2027-ж. | Ош шаарында референс-лаборатория иштеп жатат
| ССМ, «Кыргызфармация» МИ |
4.3.2. Пренаталдык диагностикалоо (ПД) системасынын заманбап моделин киргизүү жана тобокелдиги бар кош бойлуу аялдарды коштоо менен энени коргоо жана репродуктивдүү ден соолук облустук борборлорун түзүү | 2027-ж. | ССМдин буйругу менен энени коргоо жана репродуктивдүү ден соолук облустук борборлору түзүлдү | ССМ, облустук саламаттык сактоо координаторлору | |
4.3.3. Энени коргоо жана репродуктивдүү ден соолук облустук борборлорун жана райондук ССУларды заманбап УҮД аппараттары менен жабдуу | 2027-ж. | Бардык облустук жана райондук борборлор заманбап УҮД аппараттары менен жабдылды | ССМ, «Кыргызфармация» МИ | |
4.3.4. Пренаталдык скринингди улуттук деңгээлде киргизүү | 2028–2030-жылдар | Пренаталдык скрининг улуттук деңгээлде өлкөнүн бардык региондоруна киргизилди | ССМ | |
4.3.5. Сапатты ички жана тышкы контролдоо системасын киргизүү | 2028–2030-жылдар | Жыл сайын сапатты ички жана тышкы контролдоо жүргүзүлүп, отчет даярдалат, анда баалоонун натыйжалары, аныкталган шайкеш эместиктер жана түзөтүүчү иш-чараларды аткаруу жөнүндө маалымат камтылат | ССМ, ССУ | |
4.4. Улуттук цитогенетикалык лабораторияны түзүү | 4.4.1. Улуттук цитогенетикалык лабораторияны түзүү жана заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу | 2028–2029-жылдар | ССМдин буйругу менен ЭжБКУБдун базасында улуттук цитогенетикалык лаборатория түзүлдү жана иштеп жатат | ССМ, «Кыргызфармация» МИ |
Кыскартуулардын тизмеси
КР РА | – | Кыргыз Республикасынын радиологдорунун ассоциациясы |
«Кыргызфармация» МИ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы |
МЖӨ | – | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
КММА | – | И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы |
КМКДКЖИ | – | С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту |
АРКИБ | – | Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борбору |
ССМ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ИИИ | – | илимий-изилдөө институту |
ЭжБКУБ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору |
ССУ | – | саламаттык сактоо уюмдары |
ПД | – | пренаталдык диагностика |
РФ | – | Россия Федерациясы |
РДЧжМКБ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору |
КР ПИБ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |
УҮД | – | ультраүндүү диагностикалоо |
ССӨжМТБ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык технологиялар борбору |
ҮМБ | – | үй-бүлөлүк медицина борбору |