БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-ноябры № 8-НПА
Бишкек шаары, Чүй проспекти, 354
(мурдагы 164) дарегинде
жайгашкан окуу жайы мекемесинин учурдагы
мүлк комплексин жанаша жер участогу
менен муниципалдык менчикке кабыл
алууга макулдук берүү жөнүндө
Шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, объекттерди натыйжалуу пайдалануу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна ылайык, токтом кылам:
1. Бишкек шаары, Чүй проспекти, 354 (мурдагы 164) дарегинде жайгашкан окуу жайы мекемесинин учурдагы мүлк комплексин жанаша жайгашкан аянты 0,124 га идентификациялык коду: 1-01-03-0012-0585 жер участогу менен Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте бул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаарынын мэри |
| А.Дж. Джунушалиев |