Редакцияот 03.11.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН  ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 3-ноябры № 695

 

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А. Талиева, М.А. Маматалиев, А.М. Кудайбердиев тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2.  Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын «3» ноябрындагы № 695 тескемеси менен жактырылган

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А. Талиева, М.А. Маматалиев, А.М. Кудайбердиев тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

корутундусу

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.А. Талиева, М.А. Маматалиев, А.М. Кудайбердиев тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары – Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

1. Сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоору «Мать-героиня» же «Баатыр эне» ордендери менен сыйланган энелердин пенсияларына кошумча төлөөнүн өлчөмүн көбөйтүү жолу менен аларды социалдык коргоонун деңгээлин жогорулатууга жана мамлекеттик колдоону күчөтүүгө багытталган.

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына ылайык «Мать-героиня» же «Баатыр эне» ордендери менен сыйланган, анын ичинде баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алган энелерге эсептик көрсөткүчтүн 1 000 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөө белгиленген.

Мыйзамдын долбоору менен аталган жарандардын категориялары үчүн мамлекеттик колдоонун өлчөмүн кайра карап чыгуу жана пенсияга кошумча төлөөнү эсептик көрсөткүчтүн 5 000 пайызы (бул айына 5 000 сомго эквиваленттүү) өлчөмүндө белгилөө сунушталат. Бул ченемди ишке ашыруу көп балалуу энелерди даректүү материалдык колдоону күчөтүүгө жана мамлекеттик үй-бүлө саясатынын механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу аталган мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон энелерди пенсиялык камсыздоо механизмин өркүндөтүүгө жана пенсияларга тийиштүү кошумча төлөөлөрдү белгилөөдө жана төлөөдө укуктук аныктыкты камсыз кылууга багытталган.

Маалымат иретинде жарандардын айрым категорияларын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 21-октябрындагы № 353 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына кол коюлгандыгын белгилей кетүү зарыл. Жарлыкка ылайык 2027-жылдын 1-январынан тартып «Мать-героиня» же «Баатыр эне» ордендери менен сыйланган энелердин пенсияларына 5 000 сом өлчөмүндө үстөк белгиленген.

Ошентип, бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мыйзам ченемдерин жогоруда аталган Жарлыкка ылайык келтирүүгө жана укуктук коллизияларды жок кылууга өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматтары боюнча азыркы учурда «Мать-героиня» же «Баатыр эне» ордендери менен сыйланган энелер катары пенсияларына кошумча төлөө алган пенсионерлердин саны 30 609 адамды түзөт.

Аталган ченемди 2027-жылдын 1-январынан тартып ишке ашыруу 2027-жылы республикалык бюджеттен 1 484 658 936 (бир миллиард төрт жүз сексен төрт миллион алты жүз элүү сегиз миң тогуз жүз отуз алты) сом өлчөмүндө кошумча чыгымдарга алып келет.

Ошону менен бирге, каралган чараларды ишке ашырууга республикалык бюджеттен каржылоонун көлөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 21-октябрындагы № 353 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын айрым категорияларын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында буга чейин аныкталып калган.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун эсептик көрсөткүчтөрүн жогоруда аталган Жарлык менен белгиленген эсептик көрсөткүчтөргө ылайык келтирүү зарылдыгын билдиребиз.

«Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 1-бөлүгүнүн «г» пунктуна ылайык «Мать-героиня» же «Баатыр эне» ордендери менен сыйланган энелерге көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсияларга эсептик көрсөткүчтүн 1 000 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөө белгиленген.

«Мать-героиня» же «Баатыр эне» ордендери менен сыйланган энелерге майыптыгы боюнча пенсиясына эсептик көрсөткүчтүн 1 000 пайызы өлчөмүндөгү ушул сыяктуу кошумча төлөө аталган Мыйзамдын 26-статьясынын 1-бөлүгүнүн «д» пунктунда каралган.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен тиешелүү укуктук мамилелерди бирдей укуктук жөнгө салууну камсыз кылуу максатында Мыйзамдын долбоорун «Мать-героиня» же «Баатыр эне» ордендери менен сыйланган энелерге кошумча төлөөнү белгилөөнү караган, сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 26-статьяларынын жоболору менен шайкеш келтирүү бөлүгүндө кошумча иштеп чыгуу зарыл.

2. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:

«1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.».

Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырмасы каралган.

Ошону менен бирге, берилген материалдарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кайсы ченемдик укуктук актыларына Мыйзамдын долбоорун кабыл алууга байланыштуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылына тургандыгы көрсөтүлгөн эмес.

Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болсо, киргизилүүчү Мыйзамдын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдүн долбоорлору тиркелүүгө тийиш.

Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбооруна ылайык келтирилүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылардын тизмегин аныктоо жана зарыл болгон учурда тиешелүү өзгөртүүлөрдүн долбоорлорун тиркөө зарыл.

Эгерде Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларды кабыл алууну же аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, уюштуруучулук иш-чараларды ишке ашырууну талап кылбаса, бул маалымат Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатка киргизилүүгө тийиш.

Жогоруда баяндалгандарды көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ушул корутундуда көрсөтүлгөн сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.