Редакцияот 28.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 28-октябры № 798-VIII

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м   к ы л а т:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы Кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 112-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

«Ханджеза Карим Лемзарович;».

2. «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 114-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттун жыйырма биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 2-пункттун бешинчи абзацында «Ханджеза Карим Лемзаровичти,»

деген сөздөр алып салынсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төраганын орун басары

 

Б.А. Ибрагимов