ТоктомКүчүндө

Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 91 «Ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 26.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ

 Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы

2022-жылдын 26-августу  № 91

 

Ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү  жөнүндө

 

Үч-Терек  айыл аймагындагы Үч-Терек, Саргата жана Кызыл-Ураан айылдарындагы ”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасы тарабынан тейлене турган, 1м3 ичүүчү таза суунун  тарифин  бекитип берүү жөнүндөгү, ”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасынын директору М.Чолпонкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин  кезектеги XIII сессиясы  токтом кылат:

1. Үч-Терек  айыл аймагындагы Үч-Терек, Саргата жана Кызыл-Ураан айылдарындагы 1м3 ичүүчү таза суунун тарифи, калкка  31сом 70тыйын жана калкка кызмат көрсөтүү менен алектенген  юридикалык жактарга 53 сом 10 тыйын  эсебинде бекитилсин.

2. Кийинки таза сууга кошулуу тарифи  калк үчүн 1500сом, коммерциялык мекеме ишканалар үчүн 4500 сом өлчөмүндө  (техникалык шарттарга) бекитилсин.

3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кенешинин

 төрагасы:

 

А. Дөөлөткелдиев