Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 92 «Үч-Терек Таза суу» муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө" токтому
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 92
«Үч-Терек Таза суу» муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
«Үч-Терек Таза суу» муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндөгү, ”Үч-Терек Таза суу” муниципалдык ишканасынын директору М.Чолпонкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы Үч-Терек , Саргата жана Кызыл-Ураан айылдарын «Таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун» алкагында түзүлгөн, «Үч-Терек Таза суу» муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет.)
2. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |