Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-августу № 93 «Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларынын тамак-ашы үчүн 2084,0 сом акча каражатына кошумча план берүү жөнүндө» токтому
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 26-августу № 93
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларынын тамак-ашы үчүн 2084,0 сом акча каражатына кошумча план берүү жөнүндө
Базар баасы өсүп кеткендигине байланыштуу, мурда каралган акча каражаты жетишсиз болуп жаткандыктан, балдар бакчаларынын тамак ашы үчүн киреше салыгынан кошумча 800,0сом бюджеттик эсепке, атайын каражатка 1284,0 сом жалпы 2084,0 сом план берүү жана ата-энелер төлөмүн 1000 өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы токтом кылат :
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларынын тамак-ашы үчүн 800,0 сом бюджеттик эсепке киреше салыгынан, 1284,0 сом атайын каражатка ата-энелердин төлөмүнөн, жалпы 2084,0 сом акча каражатына кошумча план берүүгө макулдук берилсин.
2. Балдар бакчаларынын тамак-ашы үчүн 800,0сом бюджеттик эсепке, атайын каражатка 1284,0 сом жалпы 2084,0 сом акча каражатына кошумча план берүү жана аталган сумманы 2218 статьясына отургузуу жагы Токтогул райондук каржы башкармалыгынан суралсын.
3.Ата-энелердин төлөмүнүн өлчөмү базар баасы жогорулап, тамак аштын баасы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, ата-энелер чогулушунун токтомунун негизинде 1000сом өлчөмүндө бекитилсин .
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: |
А. Дөөлөткелдиев |