КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-октябры № 702
Аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө жана убактылуу турак жайды (турак жай аянтын) жалдоо (ижарага алуу) үчүн акчалай компенсация төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Аскер кызматчыларын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (турак жай аянтын) жалдоо (ижарага алуу) үчүн акчалай компенсация төлөө маселелерин тартипке келтирүү максатында, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясына, «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесине, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 85-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 800 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине убактылуу турак жайды (жашоо аянтын) жалдагандыгы үчүн акчалай компенсацияны төлөө жөнүндө жободо:
– 4-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) «Кыймылсыз мүлктү жалдоого, ижарага: турак жай аянтын батир үчүн берүү» жеке эмгек иши үчүн электрондук патенттин же жеке ишкердин (ижарага берүүчүнүн) мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 562 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Бул токтомдун колдонулушу төмөнкү аскер кызматчыларына/укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жайылтылат:
1) 2025-жылдын 19-сентябрын кошуп алганга чейин коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык кредиттөө келишимдерин, ошондой эле «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун программалары боюнча ипотекалык кредиттөө келишимдерин, алдын ала келишимдерди же кийин сатып алуу менен ижара келишимдерин түзгөн;
2) 2025-жылдын 20-сентябрынан тартып «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун программалары боюнча гана ипотекалык кредиттөө келишимдерин, алдын ала келишимдерди же кийин сатып алуу менен ижара келишимдерин түзгөн.»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 2-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
«11) турак жайды каржылоо – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 «Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен каралган, мамлекеттик турак жай программасынын алкагында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому (мындан ары – «МИК» ААК) менен түзүлгөн алдын ала келишимдин жана кийин сатып алуу менен ижара келишиминин негизинде ишке ашырылуучу, жеке турак жайды сатып алууну же курууну каржылоо механизмдеринин жыйындысы;»;
8-пунктча «ипотекалык кредитти» деген сөздөрдөн кийин «же турак жай каржылоосу боюнча төлөмдөрдү» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3-пунктта:
1-пунктча «ипотекалык кредиттөө келишимдери» деген сөздөрдөн кийин «же мамлекеттик турак жай программасынын алкагында «МИК» ААК менен түзүлгөн келишимдер» деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктча «ипотекалык кредиттөө келишимдерин» деген сөздөрдөн кийин «же мамлекеттик турак жай программасынын алкагында «МИК» ААК менен түзүлгөн келишимдерди» деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктча «ипотекалык кредиттөө келишимин» деген сөздөрдөн кийин «же мамлекеттик турак жай программасынын алкагында «МИК» ААК менен түзүлгөн келишимди» деген сөздөр менен толукталсын;
– 6-пункт «ипотекалык кредиттөөнүн тиешелүү келишимдеринин» деген сөздөрдөн кийин «же мамлекеттик турак жай программасынын алкагында «МИК» ААК менен түзүлгөн келишимдердин» деген сөздөр менен толукталсын;
– 7-пункт «ипотекалык кредиттөө келишимдери» деген сөздөрдөн кийин «же мамлекеттик турак жай программасынын алкагында «МИК» ААК менен түзүлгөн келишимдер» деген сөздөр менен толукталсын;
– 8-пункт «ипотекалык кредиттөө жөнүндө келишим» деген сөздөрдөн кийин «же мамлекеттик турак жай программасынын алкагында «МИК» ААК менен түзүлгөн келишим» деген сөздөр менен толукталсын;
– 9-пунктта:
1, 2-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) ипотекалык кредиттөө келишиминин же турак жайды каржылоонун алкагында «МИК» ААК менен түзүлгөн келишимдин, анын ичинде алдын ала келишимдин же кийин сатып алуу менен ижара келишиминин көчүрмөсү;
2) ипотекалык кредиттөө келишиминде көрсөтүлгөн турак жайдын менчигинде тургандыгы жөнүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалымкаты же турак жайды каржылоонун алкагында аскер кызматчылары/кызматкерлер менен келишим түзүлгөндүгүн ырастаган «МИК» ААКтын маалымкаты;»;
5-пунктча «финансы-кредиттик мекемеден маалымкат» деген сөздөрдөн кийин «(турак жайды каржылоонун алкагында «МИК» ААК менен түзүлгөн келишимдер боюнча талап кылынбайт)» деген сөздөр менен толукталсын;
– 14, 17-пункттарда «Ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдү», «ипотекалык кредитти төгүү үчүн компенсациялык төлөмдөрдү» деген сөздөр тиешелүү түрдө «компенсациялык төлөмдү» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
|
Д.Дж. Амангельдиев |