Редакцияот 02.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

 

БУЙРУК

 

 

2026-жылдын 2-октябры № 691-б

 

 

Ош шаарынын мэриясында, муниципалдык мекемелерде жана ишканаларда коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө

 

 

 

Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга карата Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча (2025–2027-жылдарга карата орто мөөнөттүү мезгилдеги I этап) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 «2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген иш-чара планынын аткарылышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги №232 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 «Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 18, 44, 45, 48-беренелерине, «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 18, 20, 21-беренелерине ылайык, буйрук кылам:

 

1. Ош шаарынын мэриясында, муниципалдык мекемелерде жана ишканаларда коррупциялык тобокелдиктердин тиркелген Тизмеси (мындан ары – Тизме) бекитилсин.

2. Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери:

- коррупциялык тобокелдиктерди системалуу түрдө аныктоону, аларды башкаруу механизмдерин киргизүүнү, ошондой эле аларды азайтуу жана жоюу боюнча чараларды көрүүнү камсыз кылышсын;

- коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө маалыматты отчеттук мезгилден кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен, квартал сайын Ош шаарынын мэриясына берип турушсун;

- Тизмеде каралган коррупциялык тобокелдиктердин жана жагдайлардын алдын алуу боюнча чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылышсын.

3. Маалыматтык камсыздоо бөлүмү бекитилген Тизмени Ош шаарынын мэриясынын расмий интернет-сайтына жайгаштырууну жана ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда аны жаңыртып турууну камсыз кылсын.

4. Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, муниципалдык мекемелер жана ишканалар өздөрүнүн ички ченемдик документтерин ушул тескеменин талаптарына ылайык келтиришсин.

5. Ушул тескеме Ош шаарынын мэриясынын расмий интернет-сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Ушул тескеменин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жарыялангандан кийинки үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтүлсүн.

7. Ош шаарынын мэриясынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.М. Джоробековго ушул буйрук мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин 30 күндүн ичинде Тизмеде каралган коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу планын иштеп чыгуу тапшырылсын.

8. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмдө калсын.

 

 

Мэр

 

Ж.К.Акаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ош шаарынын мэриясынын

2026-жылдын ____________

№______ буйругунун тиркемеси

 

 

Ош шаарынын мэриясында, муниципалдык мекеме-ишканаларда коррупциялык тобокелдиктердин ТИЗМЕСИ

 

№

Функциялары (ыйгарым укуктары)

Коррупциялык көрүнүштөрдүн келип чыгуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар

Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: Системалу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык

Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку)

Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы

Коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон кызмат орундары

Коррупциялык тобокелдиктин башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында келип чыгышы мүмкүнбү (ооба болсо, кайсы органдарда экендигин көрсөтүү керек)

Функциянын түрү: Адам ресурстарын башкаруу

1

Кадрлар резервин жана курамын түзүү (кызматкерлерди кабыл алуу, кызматка дайындоо, которуу, ротациялоо)

Белгилүү бир адамдын кызыкчылыгын ишке кабыл алууда, кызматка дайындоодо, которууда, кызматтык өсүүдө жана кадрларды ротациялоодо илгерилетүү, анын ичинде белгиленген талаптарды жана жол-жоболорду бузуу менен кадрдык чечимдерди кабыл алуу.

Белгилүү бир адам үчүн артыкчылыктуу шарттарды камсыз кылуу максатында конкурстук, аттестациялык жана башка комиссиялардын ишине кийлигишүү, анын ичинде конкурстун же аттестациянын жыйынтыгына, ошондой эле этика боюнча комиссиянын чечимдерине таасир көрсөтүү жолу менен кийлигишүү.

Мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү үчүн документтерди кабыл алуудан, каттоодон же кароодон негизсиз баш тартуу, ошондой эле аларды кароо мөөнөттөрүн негизсиз созуу.

Системалу

Жогору

Адам ресурстарын башкаруу сектору, этика боюнча комиссия, конкурстук комиссия

Ош шаарынын мэри, мэрдин орун басарлары, мэриянын аппаратынын жетекчиси,

адам ресурстарын башкаруу бөлүмдөрүнүн башчысы, кадр маселелери боюнча жооптуу кызматкерлер (башкы адис, жетектөөчү адис, адис),

конкурстук комиссиянын мүчөлөрү

Аталган тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердигине да тиешелүү болушу мүмкүн.

Функциянын түрү: Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү

2

Ош шаарынын мэриясынын муктаждыктары үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендерлерди өткөрүү жана келишимдерди түзүү

Сатып алууну даярдоодо, өткөрүүдө жана анын жыйынтыктарын аныктоодо айрым бир сатып алууга катышуучунун кызыкчылыктарын илгерилетүү.

Белгилүү бир катышуучунун жеңишин камсыз кылуу максатында сатып алууга катышуучулардын конкурстук комиссиянын мүчөлөрү же сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен сүйлөшүп алышы.

Конкреттүү сатып алууга катышуучунун кызыкчылыгы үчүн конкурстук комиссиянын ишине кийлигишүү жана анын чечимдерине укукка каршы таасир көрсөтүү.

Белгилүү бир берүүчүгө артыкчылык берүүчү же иш жүзүндө конкреттүү берүүчүнүн товарларына, жумуштарына же кызмат көрсөтүүлөрүнө багытталган, негизсиз чектөөчү, бүдөмүк же эки ача талаптарды камтыган техникалык спецификацияны түзүү.

Сатып алууга катышуучуларга карата атаандаштыкты чектеген жана айрым берүүчүлөргө артыкчылык түзгөн негизсиз квалификациялык талаптарды белгилөө.

Белгилүү бир берүүчүнүн кызыкчылыгы үчүн сатып алууга болгон муктаждыкты негизсиз түзүү же өзгөртүү, анын ичинде сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн, санын, наркын же башка параметрлерин жогорулатуу.

Конкреттүү катышуучуга артыкчылыктуу шарттарды түзүү максатында сатып алуулар планына, сатып алуунун мөөнөттөрүнө же аны жүргүзүү ыкмасына жасалма өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Окшош жагдайлар болгон учурда катышуучунун өтүнмөсүн негизсиз четке кагуу же өтүнмөлөрдү баалоодо ар кандай мамиле жасоо.

Сатып алууну даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу кызматтык же башка маалыматтарды атаандаштык артыкчылыкка ээ болуу максатында айрым катышуучуларга ачыкка чыгаруу.

Кызыкчылыктардын кагылышуусу же кызмат адамынын сатып алууга катышуучу менен аффилирленгендиги болгон учурда берүүчү менен келишим түзүү.

Системалу

Жогору

Борбордук аппараттын бөлүмдөрү,

ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр/муниципалдык ишканалар,

конкурстук комиссия

Ош шаарынын мэри, мэрдин орун басарлары, мэриянын аппаратынын жетекчиси,

бөлүмдөрдүн башчылары, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн/муниципалдык ишканалардын жетекчилери,

мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүгө жооптуу кызматкер,

конкурстук комиссиянын мүчөлөрү

Аталган тобокелдик Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү.

Функциянын түрү: Ички аудитти жана кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүү

3

Ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө, муниципалдык ишканаларда ички аудитти жүргүзүү

Аудит жүргүзүлүп жаткан объекттин же башка кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын көздөп, ички аудиттин жыйынтыктарын бурмалоо.

Аныкталган мыйзам бузууларды, кемчиликтерди, бюджеттик жана башка каражаттарды максатсыз же натыйжасыз пайдалануу фактыларын жашыруу максатында ички аудитордун аудит объектинин өкүлдөрү менен өз ара бүтүмгө келиши.

Мыйзам бузууларды жашыруу, корутундуларды негизсиз жумшартуу же аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чараларды көрбөө максатында объективдүү эмес аудитордук отчетторду түзүү.

Бюджеттик каражаттарды, мүлктү жана башка ресурстарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну текшерүүнүн жыйынтыктарын объективдүү эмес чагылдыруу.

Ички аудит жүргүзүүдө кызматтык абалынан пайдаланып, айрым адамдардын же уюмдардын кызыкчылыгында чечимдерди кабыл алуу же тиешелүү аракеттерди жасоо.

Тиешелүү ыйгарым укуктары жана кызматтык милдеттери болгон учурда аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чараларды атайылап көрбөө же аларды өз убагында кабыл албоо.

Ички аудитордо кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда аудиттин жүрүшүндө тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөө.

Потенциалдуу

Орто

Ички аудитор

Бөлүм башчысы, башкы адистер, жетектөөчү адистер

Аталган тобокелдик Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү.

4

Өз компетенциясынын чегинде ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдө, муниципалдык ишканаларда кызматтык текшерүүлөрдү жүргүзүү

Кызматтык текшерүү жүргүзүүдө кызмат адамдарынын өзүнүн жеке кызыкчылыгында же айрым жеке же юридикалык жактардын кызыкчылыгында ыйгарым укуктарынан пайдалануу.

Айрым адамдарга кысым көрсөтүү, тоскоолдуктарды түзүү же мыйзамсыз артыкчылыктарды алуу максатында аларга карата кызматтык текшерүүнү негизсиз демилгелөө же жүргүзүү.

Кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтарды атайылап жашыруу, бурмалоо же толук эмес чагылдыруу.

Мыйзам бузууларды жашыруу же текшерүүнүн жыйынтыктарын жумшартуу максатында кызматтык текшерүү жүргүзгөн кызмат адамдарынын текшерилип жаткан адамдар менен сүйлөшүп алышы.

Кызматтык текшерүүнү негизсиз токтотуу, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чараларды көрбөө же текшерүүнүн материалдарын кароону атайылап создуктуруу.

Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алуу же чара көрүү милдети болгон учурда атайылап аракетсиздикке жол берүү.

Кызматтык текшерүүнү жүргүзүүгө катышкан кызмат адамында кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда чечим кабыл алуу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөө.

Потенциалдуу

Орто

Мэрдин орун басарлары, мэриянын аппаратынын жетекчиси, бөлүм башчылары, сектор башчылары

Мэрдин орун басарлары, мэриянын аппаратынын жетекчиси, бөлүм башчылары, сектор башчылары

Аталган тобокелдик Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү.

Функциянын түрү: Контролдоо, мониторинг жүргүзүү, талдоо жана координациялоо

5

Муниципалдык менчик объекттерине укуктарды берүү боюнча ишти контролдоо

Белгиленген тартипти жана мыйзамдардын талаптарын бузуу менен айрым жеке же юридикалык жактарга муниципалдык мүлк объекттерине укуктарды негизсиз берүү.

Жеке кызыкчылыгы же кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда, анын ичинде айрым адамдардын кызыкчылыгында муниципалдык мүлк объекттерин берүү жөнүндө негизсиз чечимдерди кабыл алуу.

Айрым адамдар үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү максатында бош муниципалдык мүлк объекттеринин бар экендиги жөнүндө маалыматтарды жашыруу же өз убагында бербөө.

Муниципалдык мүлккө укуктарды мыйзамсыз берүү максатында кызмат адамдарынын арыз ээлери, ижарачылар, сатып алуучулар же башка кызыкдар адамдар менен сүйлөшүп алуусу.

Системалу

Жогору

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы

Ош шаарынын мэри, курулуш маселелери боюнча мэрдин орун басары, шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысы, бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис.

Аталган тобокелдик Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү.

6

Архитектура жана шаар куруу чөйрөсүндөгү ишмердүүлүккө мониторинг жүргүзүү жана талдоо.

Чечимдерди даярдоодо, макулдашууда жана кабыл алууда кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарын жеке кызыкчылыктарында же айрым жеке же юридикалык жактардын кызыкчылыктарында пайдалануусу.

Айрым адамдардын кызыкчылыгында архитектура жана шаар куруу чөйрөсүндөгү кайрылууларды, документтерди жана материалдарды кароону негизсиз тездетүү, создуктуруу же токтото туруу.

Архитектура жана шаар куруу чөйрөсүндө корутундуларды даярдоодо, документтерди макулдашууда, мониторинг жүргүзүүдө жана чечимдерди кабыл алууда маалыматтарды атайылап жашыруу, бурмалоо же толук эмес маалымат берүү.

Кызмат адамынын компетенциясына кирген маселелер боюнча айрым адамдардын кызыкчылыгында чечимдерди негизсиз кабыл алуу же кабыл албоо.

Айрым адамдарга артыкчылыктарды түзүү же жол берилген мыйзам бузууларды жашыруу максатында ченемдик укуктук, ведомстволук жана жергиликтүү актыларда белгиленген талаптарды жана жол-жоболорду бузуу.

Шаар куруу жана архитектура маселелерин кароодо кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда чечимдерди кабыл алуу жана аны жөнгө салуу боюнча чараларды көрбөө.

Системалу

Жогору

Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмү

Ош шаарынын мэри, мэрдин орун басарлары, бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис.

Бул тобокелдиктер архитектура жана шаар куруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишмердигине тиешелүү болушу мүмкүн.

7

Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын чарбалык жүргүзүүсүндө жана ыкчам башкаруусунда турган муниципалдык имараттардын жана жер тилкелеринин сакталышына жана максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү.

- Муниципалдык мүлктүн сакталышын жана пайдаланылышын контролдоо учурунда айрым муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга же муниципалдык мүлктү пайдалануучу башка жактарга негизсиз артыкчылыктарды берүү.

 

- Айрым адамдардын же уюмдардын кызыкчылыгында муниципалдык имараттардын жана жер тилкелеринин абалын текшерүүлөрдү, изилдөөлөрдү жана баалоолорду объективдүү эмес жүргүзүү.

- Муниципалдык мүлктү талаптагыдай эмес пайдалануу, бузуу, мыйзамсыз ээлеп алуу же аны пайдалануунун белгиленген тартибин башкача бузуу фактылары жөнүндө маалыматтарды текшерүү актыларында, маалымкаттарда, корутундуларда жана башка документтерде атайылап жашыруу, бурмалоо же толук эмес көрсөтүү.

- Муниципалдык имараттарды жана жер тилкелерин максатсыз, талаптагыдай эмес же мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталганда чараларды негизсиз көрбөө же өз убагында көрбөө.

- Айрым адамдарды же уюмдарды жоопкерчиликтен бошотуу же аларга муниципалдык мүлктү укукка каршы пайдаланууну улантууга мүмкүнчүлүк берүү максатында текшерүүнүн жыйынтыктарын, текшерүү актысын же корутундуну негизсиз өзгөртүү.

- Кызмат адамдарынын текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жана алардын жыйынтыктарын тариздөөдө жеке өзү же үчүнчү жактар аркылуу мыйзамсыз пайда алуу максатында кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу.

- Мыйзам бузууларды жашыруу же чара көрбөө максатында кызмат адамдарынын муниципалдык мүлктү пайдалануучу муниципалдык жана башка уюмдардын жетекчилери же жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алуусу.

Системалу

Жогору

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы

Курулуш маселелери боюнча мэрдин орун басары, Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

8

Ичүүчү сууну эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүн алуу боюнча контролерлордун ишине көзөмөл жүргүзүү жана текшерүүлөрдү өткөрүү, ошондой эле иш жүзүндө жашаган адамдардын саны жөнүндө берилген маалыматтардын аныктыгын текшерүү

Ичүүчү сууну эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүн атайылап төмөндөтүү жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептелүүчү төлөмдүн өлчөмүн азайтуу максатында контролерлордун абоненттер менен сүйлөшүп алуусу.

Айрым абоненттердин кызыкчылыгында эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүн атайылап бурмалоо же төмөндөтүү, ошондой эле иш жүзүндө жашаган адамдардын саны жөнүндө анык эмес маалыматтарды киргизүү.

Аныкталган мыйзам бузууларды жана иш жүзүндөгү маалыматтар менен эсепке алынган маалыматтардын ортосундагы айырмачылыктарды жашыруу.

Контролерлордун ишиндеги аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чараларды негизсиз көрбөө же өз убагында көрбөө, ошондой эле чара көрүүдө тандалма мамиле кылуу.

Системалу

Орто

“Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы

Чарбалык иштери боюнча мэрдин орун басары, шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

9

Керектөөчүлөрдүн суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тармактарына уруксатсыз кошулган учурларын аныктоо, ичүүчү сууну уурдоонун жана саркынды сууларды мыйзамсыз төгүүнүн алдын алуу

Уруксатсыз кошулууга көмөк көрсөтүү же мындай кошулууну жашыруу максатында кызмат адамдарынын керектөөчүлөр, курулуш жүргүзүүчүлөр жана башка кызыкдар адамдар менен сүйлөшүп алуусу.

Уруксатсыз кошулуу, сууну мыйзамсыз пайдалануу же саркынды сууларды төгүү жөнүндө маалыматтарды жашыруу же бурмалоо.

Айрым керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгында сууну пайдалануунун жана саркынды сууларды чыгаруунун параметрлерин негизсиз аныктоо же объекттин категориясын/максаттуу багытын өзгөртүү.

Тармактарга кошулууга байланыштуу документтерди тариздөөдө айрым адамдарга артыкчылыктарды түзүү же мыйзамсыз пайда алуу максатында кызматтык абалынан пайдалануу.

Аныкталган мыйзам бузуулар үчүн айрым керектөөчүлөрдү жоопкерчиликтен жана каралган төлөмдөрдөн негизсиз бошотуу.

Окшош же салыштырмалуу жагдайларда мыйзам бузган керектөөчүлөргө карата чараларды тандалма түрдө колдонуу.

Мыйзам бузууларды каттоочу текшерүү актыларын жана башка документтерди негизсиз түзүү же өзгөртүү.

Системалу

Орто

“Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы

Чарбалык иштери боюнча мэрдин орун басары, шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы, участоктун башчысы, участоктун башчысынын орун басары

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

Функциянын түрү: Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо, айрым иштерди аткарууга уруксат берүү жана ушул сыяктуу башка иш-аракеттер

10

Шаардын маршруттук тармагын түзүү жана бөлүштүрүү, анын ичинде жаңы маршруттарды ачуу, иштеп жаткан маршруттарды жабуу жана маршруттардын жүрүү схемаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү

Маршруттук тармакты түзүүдө жана өзгөртүүдө айрым ташуучулардын кызыкчылыктарын илгерилетүү жана аларга негизсиз артыкчылыктарды берүү.

Айрым ташуучулардын кызыкчылыгында калктын иш жүзүндөгү муктаждыктарын жана транспорттук камсыздоонун объективдүү көрсөткүчтөрүн эске албастан, жаңы маршруттарды негизсиз ачуу.

Айрым ташуучуларга артыкчылыктарды түзүү же атаандаштардын ишмердигин чектөө максатында иштеп жаткан маршруттарды негизсиз жабуу же өзгөртүү.

Жүргүнчүлөрдүн агымы жогору болгон маршруттарды бөлүштүрүүдө айрым ташуучуларга артыкчылыктуу шарттарды түзүп берүү.

Маршруттук тармакты өзгөртүү боюнча чечимдерди негиздөө үчүн жүргүнчүлөрдүн агымы жана транспорттук камсыздоо жөнүндө маалыматтарды бурмалоо.

Маршруттук тармакты түзүү жана өзгөртүү боюнча чечимдерди кабыл алууда кызмат адамдарынын ташуучулар менен сүйлөшүп алуусу же кызыкчылыктардын кагылышынын болушу.

Потенциалдуу

Орто

“Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасы

Шаардык транспорт жана чарба бөлүмү

Чарбалык маселелер боюнча мэрдин орун басары, шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

11

Өз алдынча орнотулган тышкы жарнамалык жана маалыматтык конструкцияларга, ошондой эле тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок тышкы жарнамага жана маалыматтарга карата тиешелүү чараларды көрүү

Мыйзамсыз орнотулган жарнамалык жана маалыматтык конструкцияларга карата чараларды негизсиз көрбөө же өз убагында көрбөө.

Окшош мыйзам бузууларга жол берген адамдарга карата мыйзам бузууларды тандалма түрдө аныктоо жана документтештирүү же чара көрүүнү тандалма колдонуу.

Мыйзам бузууну жашыруу, чара көрбөө же мыйзамсыз конструкцияны сактап калуу максатында кызмат адамдарынын жарнамалык конструкциялардын ээлери менен сүйлөшүп алуусу.

Айрым адамдардын кызыкчылыгында мыйзамсыз конструкцияларды демонтаждоо мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруу.

Мыйзамсыз конструкция иш жүзүндө сакталып турганына карабастан, аны демонтаждоо жөнүндө документтерди формалдуу же жасалма тариздөө.

Мыйзам бузууну аныктоого жана чара көрүүгө байланыштуу текшерүү актыларында, көрсөтмөлөрдө жана башка документтерде маалыматтарды бурмалоо же жашыруу.

Потенциалдуу

Жогору

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы

Курулуш маселелери боюнча мэрдин орун басары, Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысы, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер.

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

12

Объекттерди инженердик тармактарга кошууга техникалык шарттарды берүү.

Арыздарды кароонун жана техникалык шарттарды берүүнүн мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруу.

Техникалык шарттарды берүүдөн негизсиз баш тартуу же кошулуу үчүн негизсиз, ашыкча же алдын ала аткарууга мүмкүн болбогон шарттарды белгилөө.

Айрым арыз ээлерине негизсиз артыкчылыктарды берүү жана алардын кызыкчылыктарын көздөө.

Кошулуу жөнүндө арыздарды кароонун белгиленген тартибин жана кезектүүлүгүн бузуу.

Айрым арыз ээлеринин кызыкчылыгында белгиленген талаптарды бузуу менен техникалык шарттарды берүү.

Административдик тоскоолдуктарды түзүү же мыйзамсыз пайда алуу максатында мыйзамдарда каралбаган документтерди жана маалыматтарды талап кылуу.

Арыздарды кароодо жана техникалык шарттарды берүүдө кызматтык ыйгарым укуктарды пайдалануу, кызыкдар адамдар менен сүйлөшүп алуу же кызыкчылыктардын кагылышынын болушу.

Системалу

Жогору

«Жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы,

Ош шаардык «Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасы

Чарбалык иштери боюнча мэрдин орун басары, шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы, башчы, башчынын орун басары, башкы инженер, жооптуу кызматкер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

13

Объекттерди шаардын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу (канализация) тармактарына кошууга техникалык шарттарды берүү

Арыздарды кароонун жана техникалык шарттарды берүүнүн мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруу.

Кошулуу үчүн техникалык шарттарды берүүдөн негизсиз баш тартуу же негизсиз, ашыкча же алдын ала аткарууга мүмкүн болбогон шарттарды белгилөө.

Техникалык шарттарды даярдоодо жана берүүдө айрым арыз ээлерине негизсиз артыкчылыктарды берүү.

Айрым арыз ээлеринин кызыкчылыгында техникалык параметрлерди, кошулуу чекитин же суу керектөөнүн жана саркынды сууларды чыгаруунун жол берилген көлөмдөрүн негизсиз аныктоо.

Арыз ээлери, курулуш жүргүзүүчүлөр же башка кызыкдар адамдар менен алардын кызыкчылыгында чечимдерди кабыл алуу максатында кызмат адамдарынын сүйлөшүп алуусу

Системалу

Жогору

“Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы

Чарбалык иштери боюнча мэрдин орун басары, шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы, башчы, башчынын орун басары, башкы инженер, жооптуу кызматкер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

Функциянын түрү: Шаар куруу жана аймактык пландаштыруу

14

Башкы планды, аймактарды деталдуу пландаштыруу долбоорлорун, курулуш долбоорлорун, жер пайдалануу жана курулуш жүргүзүү эрежелерин камтыган шаар куруу документтерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ишти уюштуруу

Шаар куруу документтерин иштеп чыгууда, макулдашууда, бекитүүдө жана өзгөртүүдө айрым курулуш жүргүзүүчүлөрдүн, инвесторлордун жана башка кызыкдар адамдардын кызыкчылыктарын көздөө.

Айрым адамдардын кызыкчылыгында аймактардын функционалдык багытын, курулуштун параметрлерин жана шаар курууга байланыштуу башка ченемдерди негизсиз өзгөртүү.

Шаар куруу документтерин иштеп чыгууда жана макулдашууда кызмат адамдарынын курулуш жүргүзүүчүлөр, инвесторлор, долбоорлоочу уюмдар жана башка кызыкдар адамдар менен сүйлөшүп алуусу.

Айрым адамдарга артыкчылыктарды берүү максатында баштапкы маалыматтарды, эсептөөлөрдү, негиздемелерди жана долбоордук чечимдерди объективдүү эмес түзүү.

Коомдук талкууларды формалдуу өткөрүү же аларды талаптагыдай документтештирбөө, анын ичинде маалыматтарды жашыруу, материалдарга жетүүнү чектөө, талкуунун жыйынтыктарын бурмалоо жана протоколдорду анык эмес тариздөө.

Шаар куруу боюнча чечимдерди даярдоодо жарандардын жана башка кызыкдар адамдардын сын-пикирлерин жана сунуштарын негизсиз эске албоо же бурмалоо.

Шаар куруу документтеринин долбоорлору жана пландаштырылып жаткан өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды жашыруу же ага жетүүнү негизсиз чектөө.

Шаар куруу документтерин иштеп чыгууда, макулдашууда жана ишке ашырууда кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда чечимдерди кабыл алуу же кызматтык ыйгарым укуктарды айрым адамдардын кызыкчылыгында пайдалануу.

Системалу

Жогору

Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмү

Курулуш маселелери боюнча мэрдин орун басары, Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы, бөлүм башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

Функциянын түрү: Транспортту жөнгө салуу жана жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу.

15

Ош шаарындагы маршруттарды пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү, анын ичинде конкурстун жыйынтыгы боюнча ташуучуларды аныктоо жана конкурс өткөрүлгөнгө чейин маршруттарды убактылуу тейлөө боюнча келишимдерди түзүү

Конкурстук өтүнмөлөрдү баалоонун жыйынтыктарын бурмалоо, баллдарды объективдүү эмес негизде жогорулатуу же төмөндөтүү, ошондой эле белгилүү бир катышуучунун кызыкчылыгында баалоо критерийлерин тандалма колдонуу.

Катышуучуларды конкурска негизсиз киргизүү же киргизбөө, анын ичинде айрым ташуучулардын кызыкчылыгында өтүнмөлөрдү формалдуу же негизсиз себептер менен четке кагуу.

Конкурстук документтерди даярдоодо, өтүнмөлөрдү кабыл алууда жана кароодо, конкурстук сунуштарды баалоодо жана жеңүүчүнү аныктоодо айрым катышуучуларга негизсиз артыкчылыктарды берүү.

Белгилүү бир ташуучунун жеңишин камсыз кылуу максатында кызмат адамдарынын жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн конкурстун катышуучулары же башка кызыкдар адамдар менен сүйлөшүп алуусу.

Катышуучуларды конкурска киргизүү, баалоонун жыйынтыктары, берилген баллдар, өтүнмөлөрдү четке кагуунун негиздери жана конкурстун чечиминин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды атайылап жашыруу же бурмалоо.

Белгиленген тартипти кыйгап өтүү менен конкурс өткөрүлгөнгө чейин белгилүү бир ташуучуга маршрутту убактылуу тейлөө укугун негизсиз берүү же узартуу.

Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү жана башка кызмат адамдары тарабынан кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда чечимдерди кабыл алуу же кызматтык ыйгарым укуктарын айрым конкурстун катышуучуларынын кызыкчылыгында пайдалануу.

Потенциалдуу

Жогору

Шаардык транспорт жана чарба бөлүмү

Чарбалык маселелер боюнча мэрдин орун басары, шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

Функциянын түрү: Муниципалдык мүлктү жана жер тилкелерин ижарага берүү, ошондой эле ижара акысын эсептөө, чегерүү жана түшүүсүн контролдоо

16

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара шарттарында убактылуу пайдаланууга берилүүчү муниципалдык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, анын ичинде жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмдөрүн эсептөө

Ижара акысынын өлчөмүн негизсиз өзгөртүү максатында кызмат адамдарынын ижарачылар же башка кызыкдар адамдар менен сүйлөшүп алуусу.

Айрым жеке же юридикалык жактардын кызыкчылыгында ижара акысынын өлчөмүн негизсиз төмөндөтүү же жогорулатуу.

Ижара акысынын өлчөмүнө таасир этүүчү ставкаларды, коэффициенттерди, жеңилдиктерди жана башка көрсөткүчтөрдү негизсиз колдонуу же өзгөртүү.

Муниципалдык мүлктүн мүнөздөмөлөрү жана ижара акысын эсептөөдө колдонулуучу башка көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтарды бурмалоо, жашыруу же анык эмес маалыматтарды киргизүү.

Мурда жүргүзүлгөн ижара төлөмдөрүнүн эсептөөлөрүн, кайра эсептөөлөрүн же карыздардын суммасын негизсиз өзгөртүү.

Айрым ижарачыларга жеңилдиктерди, төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууну, бөлүп төлөөнү же кайра эсептөөлөрдү колдонууда негизсиз артыкчылыктарды берүү.

Кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда чечимдерди кабыл алуу же ижара төлөмдөрүн эсептөөдө кызматтык ыйгарым укуктарды жеке кызыкчылыктарында же айрым ижарачылардын кызыкчылыктарында пайдалануу.

Потенциалду

Жогору

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы

Курулуш маселелери боюнча мэрдин орун басары,

Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы,

жер тилкелерин берүү боюнча комиссия,

башкармалыктын башчысы, бөлүм башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

Функциянын түрү: Башкаруучулук (тескөөчүлүк), иштерди аткарууга келишимдерди түзүү

17

Белгиленген компетенциянын чегинде юридикалык жана жеке жактар менен иштерди аткарууга, анын ичинде долбоорлоо-изилдөө, илимий-изилдөө, подряддык курулуш-монтаждоо, оңдоо-курулуш, монтаждоо, ишке киргизүү-жөнгө салуу жана башка иштерди аткарууга келишимдерди түзүү

Келишимдерди даярдоодо жана түзүүдө айрым адамдардын кызыкчылыктарын илгерилетүү жана аларга негизсиз артыкчылыктарды берүү.

Иштердин шарттарын, көлөмдөрүн жана наркын аныктоодо кызмат адамдарынын потенциалдуу аткаруучулар менен сүйлөшүп алуусу.

Келишим түзүүнү негизсиз создуктуруу же андан баш тартуу, ошондой эле айрым адамдар үчүн негизсиз шарттарды белгилөө.

Иштердин көлөмдөрүн, наркын же техникалык параметрлерин жасалма түрдө жогорулатуу, ошондой эле долбоордук-сметалык документацияга (ДСД) негизсиз материалдарды жана бааларды киргизүү.

Атаандаштыкты чектөө максатында техникалык талаптарды жана долбоордук чечимдерди конкреттүү аткаруучуга же продукцияга ылайыктап түзүү.

Аткаруучунун кызыкчылыгында келишимдин көлөмдөрүн, наркын, мөөнөттөрүн же башка олуттуу шарттарын негизсиз өзгөртүү

Потенциалду

Орто

«Ош шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы»

Курулуш маселелери боюнча мэрдин орун басары, Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы, башкармалыктын башчысы, башчынын орун басары,

бөлүм башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

Функциянын түрү: Уюштуруу-көзөмөлдөөчүлүк

18

Массалык, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо жана спорттук иш-чараларды, эл аралык спорттук мелдештерди жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу жана көзөмөлдөө

Айрым уюмдардын же адамдардын кызыкчылыгында иш-чараларды өткөрүүгө багытталган бюджеттик каражаттарды негизсиз бөлүштүрүү же кайра бөлүштүрүү.

Иш-чараларды уюштурууга кеткен чыгымдардын наркын негизсиз жогорулатуу же иш жүзүндөгү көлөмдөргө жана аларды көрсөтүүнүн шарттарына ылайык келбеген товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана чыгымдарды чыгымдардын курамына негизсиз киргизүү.

Иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө айрым уюмдарга, подрядчыларга же жеткирүүчүлөргө негизсиз артыкчылыктарды берүү.

Иш-чараларды пландаштырууда, каржылоодо жана өткөрүүдө кызмат адамдарынын иш-чараларды уюштуруучулар, подрядчылар, жеткирүүчүлөр же башка кызыкдар адамдар менен сүйлөшүп алуусу.

Бюджеттик каражаттарды негизсиз чыгымдоо же эсептен чыгаруу максатында катышуучулардын саны, иш жүзүндө өткөрүлгөн иш-чаралар, көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү жана тартылган чыгымдар жөнүндө маалыматтарды бурмалоо.

Иш-чараларды уюштуруу боюнча иш жүзүндө көрсөтүлбөгөн же толук көлөмдө көрсөтүлбөгөн кызматтарды негизсиз кабыл алуу же аларды көрсөтүлгөн деп ырастоо.

Потенциалду

Орто

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети

Социалдык өнүктүрүү маселелери боюнча мэрдин орун басары, Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы,

башчы, башчынын орун басары,

бөлүм башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

Функциянын түрү: Чарбалык (коммуналдык), шаар аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча

19

Жашыл көчөттөрдү зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо, отоо чөптөрдү жок кылуу, өсүмдүктөрдү жер семирткичтер менен азыктандыруу иштерин жүргүзүү

Жашыл көчөттөрдү коргоо, отоо чөптөрдү жок кылуу жана өсүмдүктөрдү азыктандыруу боюнча иштердин көлөмдөрүн, аянттарын жана наркын жасалма түрдө жогорулатуу.

Аткарылган иштердин актыларына жана отчеттук документтерге иш жүзүндөгү иштердин көлөмдөрү, аянттары, иштетилген өсүмдүктөрдүн саны жана өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө атайылап анык эмес маалыматтарды киргизүү.

Иш-чаралар иш жүзүндө аткарылбаганына же толук көлөмдө аткарылбаганына карабастан, алардын өткөрүлгөндүгүн жасалма түрдө ырастоо.

Иш жүзүндө аткарылбаган, толук көлөмдө аткарылбаган же талаптагыдай сапатта аткарылбаган иштерди негизсиз кабыл алуу.

Документацияда каралган препараттарды, жер семирткичтерди жана башка материалдарды белгиленген талаптарга жооп бербеген же арзаныраак материалдарга негизсиз алмаштыруу же пайдалануу.

Колдонулуучу препараттардын жана материалдардын көлөмдөрүн, наркын, түрлөрүн аныктоодо же иштердин жыйынтыктарын кабыл алууда кызмат адамдарынын подрядчылар же жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүп алуусу.

Жашыл көчөттөрдү коргоо жана аларга кам көрүү иштерин жүргүзүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чараларды көрбөө.

Системалу

Орто

«Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашыл чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы

Чарбалык иштери боюнча мэрдин орун басары,

Шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы,

башчы, башчынын орун басарлары

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

20

Көп жылдык, куураган, баш жагы куураган жана авариялык абалдагы дарактарды санитардык кыюуну, ошондой эле инфраструктура объекттеринде реконструкциялоо, оңдоо жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө дарактарды кыюуну жүзөгө ашыруу

Белгиленген негиздер жок болгон учурда же белгиленген тартип сакталбастан дарактарды кыюуга уруксатты негизсиз берүү.

Дарактардын абалына объективдүү эмес баа берүү жана аларды авариялык, куураган, баш жагы куураган же санитардык кыюуга жатуучу дарактар деп негизсиз таануу.

Айрым жеке же юридикалык жактардын кызыкчылыгында кыюуга жатуучу дарактардын санын негизсиз көбөйтүү.

Дарактардын саны, абалы, түрү жана аларды кыюунун негиздери жөнүндө текшерүү актыларына, корутундуларга жана уруксат берүүчү документтерге атайылап анык эмес маалыматтарды киргизүү.

Дарактарды кыюуга байланыштуу документтерди тариздөөдө жана чечимдерди кабыл алууда кызмат адамдарынын курулуш жүргүзүүчүлөр, подрядчылар, объекттердин менчик ээлери же башка кызыкдар адамдар менен сүйлөшүп алуусу.

Уруксат берүү тартибин тандалма колдонуу, айрым арыз ээлеринин кызыкчылыгында документтерди кароону негизсиз тездетүү же создуктуруу.

Мыйзамсыз дарак кыюу фактылары боюнча чараларды көрбөө же каралган компенсациялык иш-чаралардын көлөмүн негизсиз азайтуу/алардан бошотуу.

Потенциалду

Орто

«Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашыл чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы

Чарбалык иштери боюнча мэрдин орун басары,

Шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы,

башчы, башчынын орун басарлары

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

21

Ош шаарынын жалпы пайдалануудагы жерлеринде гүлзарларды жана жашыл көчөттөрдү отургузууну жана аларды уюштурууну камсыз кылуу

Жашылдандыруу боюнча аткарылган иштердин саны, түрлөрү, көлөмү жана сапаты жөнүндө аткарылган иштердин актыларына жана отчеттук документтерге анык эмес маалыматтарды киргизүү.

Жашыл көчөттөрдү отургузуу жана көрктөндүрүү боюнча иш жүзүндө аткарылбаган, толук көлөмдө аткарылбаган же талаптагыдай сапатта аткарылбаган иштерди негизсиз кабыл алуу.

Жашылдандыруу иштерин уюштурууда айрым отургузуу материалдарын жеткирүүчүлөргө жана подряддык уюмдарга негизсиз артыкчылыктарды берүү.

Иштердин көлөмүн, мүнөздөмөлөрүн жана наркын аныктоодо, аткарылган иштердин жыйынтыктарын кабыл алууда жана документтерди тариздөөдө кызмат адамдарынын подрядчылар же жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүп алуусу.

Документацияда каралган отургузуу материалдарынын түрлөрүн, сортторун, санын же мүнөздөмөлөрүн сапаты төмөн же арзаныраак материалдарга негизсиз алмаштыруу жана кийин мындай иштерди кабыл алуу.

Сапатсыз отургузуу, өсүмдүктөрдүн куурап калышы же жашыл көчөттөргө талаптагыдай кам көрүлбөгөндүгү аныкталган фактылар боюнча чараларды көрбөө.

Системалу

Жогору

«Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашыл чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы

Чарбалык иштери боюнча мэрдин орун басары,

Шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы,

башчы, башчынын орун басарлары.

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

Функциянын түрү: Турак жай-коммуналдык, аймакты көрктөндүрүү жана санитардык тазалоого байланышкан

22

Шаар көчөлөрүн, жөө адамдар өтүүчү жолдорду жана аянттарды санитардык тазалоону, көчө шыпырындысын чыгарууну жана көмүүнү уюштуруу

Санитардык тазалоо, көчө шыпырындысын чыгаруу жана көмүү боюнча иштердин көлөмүн, наркын жана аткаруу мезгилдүүлүгүн жасалма түрдө жогорулатуу.

Аткарылган иштердин актыларына, маршруттук жана жол жүрүү документтерине, ошондой эле иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмү, каттамдардын саны, атайын техниканын басып өткөн аралыгы жана чыгарылган шыпырындынын көлөмү жөнүндө отчеттук документтерге атайылап анык эмес маалыматтарды киргизүү.

Шыпырындыны тазалоо, чыгаруу же көмүү боюнча иштер иш жүзүндө аткарылбаганына же толук көлөмдө аткарылбаганына карабастан, алардын аткарылгандыгын жалган ырастоо.

Иш жүзүндө аткарылбаган, толук көлөмдө аткарылбаган же талаптагыдай сапатта аткарылбаган иштерди негизсиз кабыл алуу.

Күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ), запастык бөлүктөрдү жана башка материалдык ресурстарды негизсиз эсептен чыгаруу же алардын сарпталышын жогорулатуу.

Атайын техниканын каттамдарынын, маршруттарынын, басып өткөн аралыгынын же иштөө убактысынын санын негизсиз көбөйтүү.

Иштердин көлөмүн аныктоодо, документтерди тариздөөдө жана аткарылган иштердин жыйынтыктарын кабыл алууда кызмат адамдарынын подрядчылар, айдоочулар, диспетчерлер же башка кызыкдар адамдар менен сүйлөшүп алуусу

Системалу

Жогору

“Ош – Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы

Чарбалык иштери боюнча мэрдин орун басары,

Шаардык чарба жана коомдук транспорт бөлүмүнүн башчысы,

башчы, башчынын орун басарлары,

участок башчылары

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

Функциянын түрү: Муниципалдык менчик объекттерин, анын ичинде аларды ижарага берүү, акысыз пайдаланууга берүү жана менчиктештирүү маселелери боюнча башкаруу жана тескөө

23

Муниципалдык жарнамалык жана маалыматтык жайларды ижарага берүү

Муниципалдык жарнамалык жана маалыматтык жайларды ижарага берүүдө айрым адамдарга негизсиз артыкчылыктарды берүү.

Алдын ала белгиленген адамдарга берүү максатында бош муниципалдык жарнамалык жана маалыматтык жайлардын бар экендиги жөнүндө маалыматты жашыруу же өз убагында жайгаштырбоо.

Ижара акысын негизсиз белгилөө же төмөндөтүү, ошондой эле айрым ижарачыларга негизсиз жеңилдиктерди, арзандатууларды же башка артыкчылыктарды колдонуу.

Ижара келишимдерин негизсиз узартуу же алардын олуттуу шарттарын негизсиз өзгөртүү.

Кызмат адамдарынын потенциалдуу ижарачылар менен сүйлөшүп алуусу же кызматтык маалыматтарды жана ыйгарым укуктарды жеке кызыкчылыктарында же айрым адамдардын кызыкчылыктарында пайдалануу.

Системалу

Жогору

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы

Курулуш маселелери боюнча мэрдин орун басары, Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы,

Юридикалык бөлүмдүн башчысы,

башкармалыктын башчысы, бөлүм башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер.

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

24

Ош шаарынын муниципалдык мүлкүнүн наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу

Баалоочуларды же баалоо уюмдарын тандоодо жана ишке тартууда айрым баалоочуларга же баалоо уюмдарына негизсиз артыкчылыктарды берүү.

Айрым адамдардын кызыкчылыгында муниципалдык мүлктүн наркын негизсиз жогорулатуу же төмөндөтүү.

Баалоочуга баалануучу объект жөнүндө анык эмес, толук эмес же бурмаланган баштапкы маалыматтарды берүү.

Баалоону жүргүзүүдө жана анын жыйынтыктарын тариздөөдө кызмат адамдарынын баалоочулар же баалоо уюмдары менен сүйлөшүп алуусу

Потенциалду

Орто

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы

Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

Функциянын түрү: Жер тилкелерин, анын ичинде аларды ижарага берүү жана сатуу маселелери боюнча башкаруу жана тескөө

25

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин сатуу боюнча иштерди жүргүзүү, жер тилкелерин сатуу боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүүнү уюштуруу

Айрым адамдардын кызыкчылыгында сатууга сунушталуучу объекттердин тизмесине жер тилкелерин негизсиз киргизүү же андан алып салуу.

Белгиленген тартипти бузуу менен же алдын ала аныкталган адамдардын кызыкчылыгында жер тилкелерин сатуу жөнүндө сунуштарды даярдоо жана киргизүү.

Жер тилкесинин баалоо наркын жасалма түрдө төмөндөтүү же анын наркына таасир этүүчү баштапкы маалыматтарды бурмалоо.

Айрым адамдарга негизсиз артыкчылыктарды берүү максатында жер тилкесинин аянтын, чектерин, максаттуу багытын, уруксат берилген пайдалануу түрүн жана башка мүнөздөмөлөрүн бурмалоо.

Жер тилкелерин даярдоого жана сатууга негиз болгон документтерге атайылап анык эмес же толук эмес маалыматтарды киргизүү.

Сатууга сунушталган жер тилкелери жана аларды сатуу шарттары жөнүндө маалыматтарды жашыруу же өз убагында бербөө.

Кызыкдар адамдардын кызыкчылыгында жер тилкелерин сатууга даярдоонун жана сатууну уюштуруунун айрым этаптарын негизсиз тездетүү, создуктуруу же өзгөртүү

Системалду

Жогору

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы

Курулуш маселелери боюнча мэрдин орун басары, Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы,

Юридикалык бөлүмдүн башчысы,

башкармалыктын башчысы, бөлүм башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

26

Муниципалдык жер тилкелерин пайдалануу укугун берүү боюнча комиссияга сунушталуучу материалдарды даярдоо

Жер тилкелери жана арыз ээлери жөнүндө анык эмес же толук эмес маалыматтарды киргизүү менен комиссиянын кароосуна материалдарды даярдоо.

Комиссиянын жыйынынын күн тартибине арыздарды негизсиз киргизүү же андан алып салуу.

Комиссия тарабынан кароо үчүн материалдарды даярдоодо айрым жеке жана юридикалык жактарга артыкчылыктуу шарттарды түзүү.

Муниципалдык жер тилкелерин пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алууга маанилүү болгон маалыматтарды жашыруу

Системалу

Жогору

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы

Башкармалыктын башчысы, бөлүм башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

27

Муниципалдык жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу фактыларын аныктоо жана тиешелүү чараларды көрүү

Текшерүү актыларына, текшерүүнүн материалдарына жана башка документтерге анык эмес маалыматтарды киргизүү.

Айрым адамдардын кызыкчылыгында муниципалдык жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу фактыларын жашыруу же атайылап аныктабоо.

Аныкталган жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу фактылары боюнча мыйзамдарда каралган чараларды негизсиз көрбөө же аларды өз убагында колдонбоо.

Бирдей же окшош жагдайларда муниципалдык жерлерди өз алдынча ээлеп алган адамдарга карата чара көрүү тартибин тандалма колдонуу.

Жер тилкесин өз алдынча ээлеп алуу фактысы, аянты, жайгашкан жери жана укук бузуунун мүнөзү жөнүндө текшерүү актыларына, текшерүүнүн материалдарына жана башка документтерге атайылап анык эмес же толук эмес маалыматтарды киргизүү.

Көрүлүүчү чаралардын көлөмүн азайтуу максатында жер тилкесинин аянтын атайылап төмөндөтүп көрсөтүү же укук бузуунун мүнөзүн бурмалоо

Системалу

Жогору

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы

“Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба” муниципалдык ишканасы

Башчы, башчынын орун басарлары,

бөлүм башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

28

Жер тилкелерин пайдалануу мөөнөттөрүн узартууга жана жер тилкелерин берүүгө макулдашуу

Мыйзамдарда каралган негиздер жок болгон учурда айрым адамдарга жер тилкесин пайдалануу мөөнөтүн узартууга же жер тилкесин берүүгө негизсиз макулдук берүү.

Жер тилкесин пайдалануу мөөнөтүн узартууга же жер тилкесин берүүгө белгиленген негиздер жок болгон учурда алдын ала оң корутундуларды, макулдашууларды же сунуштамаларды даярдоо.

Жер тилкесин пайдалануу мөөнөтүн узартууга же жер тилкесин берүүгө макулдук берүүгө негиз болгон материалдарга атайылап анык эмес же толук эмес маалыматтарды киргизүү.

Жер тилкесин пайдалануу шарттарынын бузулгандыгы, карыздардын бар экендиги же пайдалануу мөөнөтүн узартууга тоскоол болгон башка жагдайлар жөнүндө маалыматтарды жашыруу же аларды эске албоо.

Айрым арыз ээлеринин кызыкчылыгында арыздарды кароонун жана документтерди даярдоонун белгиленген ырааттуулугун негизсиз тездетүү, создуктуруу же өзгөртүү

Потенциалду

Жогору

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы

Курулуш маселелери боюнча мэрдин орун басары, Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы,

Юридикалык бөлүмдүн башчысы,

башкармалыктын башчысы, бөлүм башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

29

Жарандарга чектеш жер тилкесин пайдалануу же менчикке алуу укугун берүү

Мыйзамдарда каралган негиздер жок болгон учурда жарандарга чектеш жер тилкелерин пайдалануу же менчикке алуу укугун негизсиз берүү.

Жер тилкесинин чектери, аянты, укуктук статусу жана иш жүзүндө пайдаланылышы жөнүндө анык эмес маалыматтарды киргизүү менен документтерди даярдоо.

Чектеш жер тилкелерин берүү жөнүндө арыздарды кароодо айрым жарандарга артыкчылыктуу шарттарды түзүү.

Жер тилкелерин берүүгө байланыштуу арыздарды кароонун, макулдашуунун жана документтерди тариздөөнүн белгиленген тартибин бузуу

Системалу

Жогору

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы

Курулуш маселелери боюнча мэрдин орун басары, Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы,

Юридикалык бөлүмдүн башчысы,

башкармалыктын башчысы,

бөлүм башчылары, башкы адистер, жетектөөчү адистер, адистер

Бул тобокелдиктер Ош шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешелүү

 

 

Ош шаарынын мэриясынын аппарат

жетекчиси М.О. Осмоналиев