Редакцияот 02.11.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 2-ноябры № 734

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 6-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:

1) 381-пунктта:

- үчүнчү абзац «тобокелдиги менен байланышкан» деген сөздөрдөн кийин «, саламаттык сактоо чөйрөсүн кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү кесиптик (орто, жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки) билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.»;

2) 383-пункттун 3-пунктчасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 384-пунктта:

- 2-пунктча «акысыз пайдаланууда турган,» деген сөздөрдөн кийин «мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана/же билим берүү программаларына,» деген сөздөр менен толукталсын;

- 9-пунктчада «жана/же саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү» деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-ноябрындагы № 83 (3843) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев