КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-апрели № 438-VIII
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытов Талант Турдумаматович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сариев Улан Алмасбекович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
а) 1-пунктчада:
– жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Сариев Улан Алмасбекович – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;»;
б) 6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Мамытов Талант Турдумаматович – «Ынтымак - Мекенчил» депутаттык тобунан;».
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага М.А. Маматалиев