КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-октябры № 733
2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын жашылдандыруунун улуттук программасын бекитүү жөнүндө
«Жашыл мурас» улуттук компаниясын андан ары илгерилетүү, экологиялык абалды жакшыртуу, шаарларды жана калктуу конуштарды абаттоо жана жашылдандыруу деңгээлин жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерин минималдаштыруу, жарандардын жашоо жана ден соолук үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон конституциялык укугун камсыз кылуу максатында, «Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 8-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын жашылдандыруунун улуттук программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын жашылдандыруунун улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын жашылдандыруунун улуттук программасын ишке ашыруунун болжолдуу жана максаттуу көрсөткүчтөрү 3-тиркемеге ылайык;
4) 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын жашылдандыруунун улуттук программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 4-тиркемеге ылайык;
5) 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын жашылдандыруунун улуттук программасынын ресурстук наркын баалоо 5-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышын жана 2027–2031-жылдарга Кыргыз Республикасынын шаарларын жана калктуу конуштарын жашылдандыруунун улуттук программасынын индикаторлоруна жетишүүнү камсыз кылсын;
2) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
4. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү жылдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде тартылган мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-ноябрындагы № 83 (3843) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |