КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-октябры № 707
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
21-февралындагы № 59 «Автомобилдин алдыңкы каптал
айнектеринен көрүүнүн чектелишин – күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Атайын кызматтык автотранспорт каражаттарын пайдалануу маселелерин укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимин «Мамлекеттик күзөт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8, 9-беренелерине ылайык келтирүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 «Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин – күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин – күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесинде:
– 1, 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемесине ылайык мамлекеттик күзөт берилген башка адамдардын кызматтык автотранспорт каражаттары.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемесине ылайык мамлекеттик күзөт берилген башка адамдардын кызматтык автотранспорт каражаттарын кайтарууну жана коштоону (эскорттоону) жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматтык автотранспорт каражаттары.».
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик күзөт кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик органдар үчүн тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |