КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 23-октябры № 807-т
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) төмөнкү долбоорлор жактырылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы боюнча алмашуу ноталары;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы боюнча гранттык макулдашуу.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |