Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 15-январындагы № 69-VIII «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарып берилген»Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө«Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-январы № 69-VIII
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук берилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2025-жылдын 11-сентябрында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы четке кагылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 20-январында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7019 расмий сайтында жарыяланды
Төрагасынын биринчи орун басары |
| Ч.И. Ажибаев |