СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин VIII чакырылышынын кезектеги ХXV сессиясы
2026-жылдын 02-октябры № 169
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү Союз МСУ тарабынан жарыяланган сынактан жеңип алган 200 000 (эки жүз мин) сом акча каражатын беренеге отургузуп жана бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Шамшиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү Союз МСУ тарабынан жарыяланган сынактан жеңип алган 200 000 (эки жүз мин) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын эсебинин чыгашалар бөлүгүнүн 3112 беренесине отургузулсун.
2. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Эл кызматы” муниципалдык ишканасын колдоо максатында 10 (он) даана таштанды таштоочу контейнер алуу үчүн 200 000 (эки жүз мин) сом акча каражаты жабдууларды сатып алуу үчүн бекитилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы жана бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзам чегинде иштетилишин, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысына милдеттендирилсин.
4. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
К.Шакиров