КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл- Кыя шаардык Кеңешинин XXVIII сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 2-октябры № 28/129
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2026-жылдын 21-майындагы №25/107 “Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын имаратынын алды тарабындагы жолду жабуу жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 24-сентябрындагы №18 протоколун жана Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын 2026-жылдын 17-сентябрындагы №Ис26/136-07-11-1-01564 каршылык билдирүүсүн эске алып Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2026-жылдын 21-майындагы №25/107 “Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын имаратынын алды тарабындагы жолду жабуу жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
- Бул токтомдун 1-пунктун аткарууда тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри Б.Кошалиевге жүктөлсүн.
- Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ж.Калматов
|