КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин XXVIII сессиясы
(VIII чакырылышы)
2026-жылдын 2-октябры № 28/130
Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндөгү автотранспорт каражаттарынын кыймылы жана жол белгилери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 24-сентябрындагы №18 протоколун эске алып Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндөгү автотранспорт каражаттарынын кыймылынын схемасы бекитилсин (тиркелет).
- Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүнө тийиштүү жол белгилерин орнотууну камсыз кылуу жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
- Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Мурзаев