Редакцияот 02.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин XXVIII сессиясы

(VIII чакырылышы)

 

2026-жылдын 2-октябры № 28/131

  

Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылындагы медресени мамлекеттик каттоого алуу үчүн Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгына убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 21-сентябрындагы  №26 протоколун  эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом  кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылындагы медресени мамлекеттик каттоого алуу үчүн Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгына 20 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылындагы медресени мамлекеттик каттоого алуу үчүн Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгына убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүүдө тийиштүү документтерди даярдоо жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри Б.Кошалиевге жүктөлсүн.  
  3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                

А.Мурзаев