ТоктомКүчүндө

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы №28/132 «Land Rover, Range Rover үлгүсүндөгү женил автотранспорт каражатын өткөрүп алуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 02.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин XXVIII сессиясы

(VIII чакырылышы)

 

2026-жылдын 2-октябры № 28/132

 Land Rover, Range Rover үлгүсүндөгү женил автотранспорт каражатын өткөрүп алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 21-сентябрындагы №26 протоколун  эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом  кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынан 2013-жылы чыгарылган кузову №SALGA2EF6DA116896,  Land Rover, Range Rover үлгүсүндөгү женил автотранспорт каражатын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
  2. Кызыл-Кыя шаарынын мэри Б.Кошалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынан 2013-жылы чыгарылган кузову №SALGA2EF6DA116896,  Lande Rover, Range Rover үлгүсүндөгү женил автотранспорт каражатын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп алууну камсыздасын.
  3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                

А.Мурзаев