Редакцияот 02.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин XXVIII сессиясы

(VIII чакырылышы)

 

2026-жылдын 2-октябры № 28/133

“Кызыл-Кыя шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу

жөнүндө

 

 

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кенештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 28-сентябрындагы №33 протоколуна жана “Кызыл-Кыя шаарынын Ардактуу жараны” Жобосуна таянып, Кызыл-Кыя шаарынын өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Дарипова Уулбу Мамазияевнага “Кызыл-Кыя шаарынын Ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
  2. «Кызыл–Кыя шаарынын Ардактуу жараны» наамы ыйгарылган жаранга күбөлүктү жана төш белгини тапшыруу  Кызыл-Кыя шаардык кеӊешинин төрагасы А.Мурзаевге жана шаардын мэри Б.Кошалиевге тапшырылсын.
  3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                

А.Мурзаев