Редакцияот 02.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин XXVIII сессиясы

(VIII чакырылышы)

 

2026-жылдын 2-октябры № 28/134

 Кызыл-Кыя шаарынын аймагында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ГСВ) имаратын курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 1-октябрындагы №27 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом  кылат:

 

  1. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында Үй-бүлөлүк  дарыгерлер тобунун (ГСВ) имаратын курууга 10 сотых жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун 1-пунктун аткарууда тийиштүү документтерди даярдоо жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри Б.Кошалиевге жүктөлсүн. 
  3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
  4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                

А.Мурзаев