Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана иновациялар министрлигинин 2026-жылдын 13-августундагы № 568 «Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин тутумундагы коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ, ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИНОВАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 13-августу № 568
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин тутумундагы коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде коррупцияга каршы чараларды актуалдаштыруу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Ушул буйрукка тиркелген Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин тутумундагы коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын бекитсин.
2. Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана минималдаштыруу боюнча туруктуу иштерди камсыз кылышсын.
3. Ушул Планын көчүрмөсү үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул Планы күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына (коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган) жөнөтүлсүн.
5. Ушул Планынын аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
6. Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр |
| Г.Т. Исаматова |
|
| Тиркеме 1 Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын «13» августундагы № 568-б буйругуна |
КОРРУПЦИЯЛЫК ТОБOКЕЛДИКТЕРДИ БАШКАРУУ ПЛАНЫ
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин системасында
№ | Аныкталган коррупциялык тобокелдиктин сүрөттөлүшү | Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу (минималдаштыруу же жоюу) боюнча чаралар | Күтүлгөн натыйжалар жана/же чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү (индикаторлору) | Жооптуу аткаруучулар (түзүмдүк бөлүм, кызмат адамы) | Аткаруу мөөнөтү |
| |
Функциянын түрү: Интеллектуалдык менчик объекттерин укуктук коргоону жана сактоону камсыз кылуу |
| ||||||
1 | Укук бузууну аныктоодо финансылык пайда алуу, аныкталган укук бузууну жашыруу мүмкүнчүлүгү | Укук бузууларды аныктоо жана документтештирүү процессине көз карандысыз контролду камсыз кылуу, кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүү, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча толук документтерди жүргүзүү. | Укук бузууларды аныктоодо объективдүүлүк жана ачык-айкындуулук камсыздалды, бузууларды жашыруу жана укукка каршы чечимдерди кабыл алуу учурларына жол берилбейт, коррупциялык тобокелдиктер төмөндөтүлдү. | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Укук башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин укук бузуулар боюнча комиссиясы | Дайыма |
| |
2 | Өтүнмөнү кароонун тартибин атайылап бузуу, анын ичинде экспертизаны талаптагыдай жүргүзбөө, интеллектуалдык менчик объектине коргоо документин берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө негизсиз чечим кабыл алуу, каттоодон баш тартуу же интеллектуалдык менчик объектин каттоо жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин корутундуларды берүү аркылуу финансылык же башка пайда алуу | «Түндүк» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте документтерди электрондук түрдө берүүнү, кароо процесстерин автоматташтырууну, өтүнмөлөрдүн статусунун ачык-айкындыгын, өтүнмө ээлери менен электрондук өз ара аракеттенүүнү жана онлайн консультацияларды берүүнү камсыз кылган өтүнмөлөрдү кабыл алуунун электрондук маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү. | Өтүнмө ээси менен кызматкердин түздөн-түз байланышы жоюлат, каттоо жол-жобосунун ачык-айкындуулугу жана ачыктыгы жогорулатылат, коррупциялык тобокелдиктер азайтылат, өтүнмөлөрдү кароо тездетилет жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулайт. | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Экспертиза башкармалыгы, Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгы | 2026–2027-жж. (этап-этабы менен киргизүү) |
| |
Функциянын түрү: Диссертациялык кеңештердин иштешин камсыз кылуу |
| ||||||
3 | Окумуштуулук даражаларды ыйгаруу жана окумуштуулук наамдарды берүү үчүн документтерди алуу жана тариздөөдө финансылык пайда алуу мүмкүнчүлүгү. Өтүнмө ээлери менен түз байланыштын болушу | Документтерди кабыл алуу жана кароо процессин санариптештирүүнү камсыз кылуу, өтүнмө ээлеринин кызмат адамдары менен жеке өз ара аракеттенүүсүн жоюу жана административдик жол-жоболордун сакталышына ички контролду жүргүзүү. | Документтерди кабыл алуу жана кароо жол-жоболорунун ачыктыгы жана объективдүүлүгү камсыздалды, өтүнмө ээлери менен жеке өз ара аракеттенүү минималдаштырылды жана коррупциялык тобокелдиктер төмөндөтүлдү. | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын кызматкерлери | Дайыма |
| |
4 | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын номенклатурасына ылайык айрым илимий адистиктер боюнча окумуштуулук даражага, наамга талапкерлердин техникалык экспертизасынын натыйжаларын атайылап жогорулатуу же төмөндөтүү | Техникалык экспертизанын жыйынтыктарын коллегиалдуу кароону, тандалма ички контролду жана эксперттик корутундуларды баалоонун бирдиктүү критерийлерин киргизүү. | Техникалык экспертизаны жүргүзүүнүн объективдүүлүгү жана бирдейлиги камсыздалды, натыйжаларды негизсиз жогорулатуу же төмөндөтүү учурларына жол берилбейт жана коррупциялык тобокелдиктер төмөндөтүлдү. | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын профессордук-окутуучулук курамы | Дайыма |
| |
Функциянын түрү: Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнү уюштуруу |
| ||||||
5 | Материалдык товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыкты негизсиз жогорулатуу; сатып алуунун критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды конкреттүү берүүчүгө ылайыктап түзүү; сатып алуунун катышуучуларынын сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен аффилирлениши; келишимдин наркын жогорулатуу жана анын шарттарын, анын ичинде жетиштүү негиздерсиз кошумча макулдашууларды түзүү жолу менен негизсиз өзгөртүү; иш жүзүндө келишимдин шарттарына жооп бербеген товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу; берүүчү тарабынан келишимдик милдеттенмелердин бузулушун жашыруу жана мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө | Муктаждыкты негиздөө, рынокту талдоо, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо, келишимдердин аткарылышын контролдоо, сатып алуу жол-жоболоруна мониторинг жүргүзүү жана жооптуу кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу аркылуу сатып алуу ишинин ачыктыгын жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу. | Сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгы жана натыйжалуулугу камсыздалды, мыйзам бузуулар азайтылды, атаандаштыкты негизсиз чектөөлөргө жол берилбейт жана келишимдик милдеттенмелердин сапаттуу аткарылышы камсыздалды. | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Финансылык-экономикалык пландаштыруу жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борбор мамлекеттик мекемеси, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия | Дайыма |
| |
Функциянын түрү: Маалыматтык, ченемдик, илимий, усулдук жана окуу материалдарын басып чыгаруу жана жайылтуу |
| ||||||
6 | Белгиленген талаптарды кыйгап өтүү менен кызыкдар адамдардын материалдарын расмий басылмаларга киргизүү; подрядчылар менен өз ара аракеттенүүдө нускалардын санын негизсиз көбөйтүү | Расмий басылмаларды даярдоонун, макулдашуунун жана чыгаруунун белгиленген тартибин сактоону камсыз кылуу, жарыялоого жөнөтүлгөн материалдардын эсебин жүргүзүү, ошондой эле даярдалган басма продукциясынын көлөмүнүн түзүлгөн келишимдердин шарттарына жана бекитилген нускаларга ылайык келишин контролдоо. | Расмий басылмаларды даярдоонун жана чыгаруунун белгиленген тартибин бузууга жол берилбейт, иш жүзүндө даярдалган нускалардын саны бекитилген көлөмдөргө ылайык келүүсү камсыздалат. | Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун полиграфия бөлүмүнүн башчысы | Дайыма |
| |
Функциянын түрү: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү |
| ||||||
7 | Белгиленген эрежелерди кыйгап өтүү менен интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы ишти жүргүзүү үчүн залдарды жана жайларды, ошондой эле жабдууларды, инвентарларды расмий эмес негизде берүү | Жайларды жана жабдууларды берүүнүн ачык-айкын тартибин бекитүү; өтүнмөлөрдүн электрондук журналын жүргүзүү; келишимдерди бекитилген тарифтер боюнча түзүү | Негизсиз артыкчылыктарды берүү жоюлат, мүлктү пайдалануунун ачык-айкындуулугу камсыздалат | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борбор мамлекеттик мекемеси | Дайыма |
| |
Функциянын түрү: Конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү |
| ||||||
8 | Тандоодо айрым талапкерлерге негизсиз артыкчылыктарды берүү, конкурстук жол-жоболор жөнүндө маалыматты жашыруу, катышуучулардын документтерин объективдүү эмес баалоо, чечим кабыл алууда кызыкчылыктардын кагылышуусу | Конкурстук тандоону өткөрүү тартибин өркүндөтүү, конкурстук жол-жоболордун ачыктыгын камсыз кылуу, чечим кабыл алууда коллегиалдуулукту камсыз кылуу, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө, жол-жоболорду документтештирүү жана ички контролду жүргүзүү. | Конкурстук тандоону өткөрүүнүн ачыктыгы, объективдүүлүгү жана белгиленген тартиптин сакталышы камсыздалды, талапкерлерге негизсиз артыкчылык берүү учурлары жоюлду, негиздүү даттануулардын саны азайды. | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Илим башкармалыгы | Дайыма |
| |
9 | Өтүнмөлөрдү негизсиз кабыл алуу же четке кагуу; айрым адамдардын кызыкчылыгында конкурстук иштерди бир жактуу баалоо, конкурстун жыйынтыгы чыгарылганга чейин өтүнмөлөр жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгаруу, эксперттик комиссия мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарынын кагылышуусу | Баалоонун формалдаштырылган критерийлери, өтүнмөлөрдү коллегиалдуу кароо, кызыкчылыктардын кагылышуусун декларациялоо жана конкурстук материалдардын купуялуулугун сактоо аркылуу конкурстук тандоонун объективдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу. | Катышуунун объективдүүлүгү жана бирдей шарттары камсыздалды, өтүнмөлөрдү негизсиз кабыл алуу же четке кагуу, конкурстук маалыматты ачыкка чыгаруу жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун конкурстун жыйынтыгына таасир этүү учурлары жоюлду. | Эксперттик комиссия | Дайыма |
| |
10 | Тандоо этаптарында материалдык жана башка пайдаларды алуу мүмкүнчүлүгү (документтерди берүүгө жана тандоо сайтына катталууга зарыл болгон документтерди толтурууга көмөк көрсөтүү). Конкурстук тандоону өткөрүүдө айрым талапкерлерге негизсиз артыкчылыктарды берүү, анын ичинде баалоонун жыйынтыктарын өзгөртүү, талапкерлерди кабыл алууга сунушталган тизмеге негизсиз киргизүү же андан чыгаруу | Электрондук документ жүгүртүүнү, конкурстук жол-жоболорду автоматташтырууну, Министрликтин расмий сайты менен интеграциялоону жана санариптик контролдоо инструменттерин киргизүү менен конкурстук тандоонун маалыматтык системасын модернизациялоо жана өнүктүрүү. | Конкурстук жол-жоболордун ачыктыгы жана көзөмөлдөнүп турушу камсыздалды, адам факторунун таасири минималдаштырылды, тандоо процессин санариптештирүү деңгээли жогорулатылды жана жарандардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө бирдей жеткиликтүүлүгү камсыздалды. | Эл аралык кызматташтык бөлүмү, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Санариптик өнүктүрүү бөлүмү | Ар квартал сайын |
| |
Функциянын түрү: Консультация берүү жана маалымат менен камсыз кылуу |
| ||||||
11 | Консультация берүүдө материалдык же башка пайдаларды алуу, ошондой эле интеллектуалдык менчик объекттерин каттоо маселесинде жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын илгерилетүү мүмкүнчүлүгү. Өтүнмө ээлерине толук эмес, бурмаланган же тандалма маалымат берүү, белгиленген тартипти кыйгап өтүп айрым адамдарга «артыкчылыктуу» консультацияларды көрсөтүү | Өтүнмө ээлерге ачык маалымат берүүнү камсыз кылуу, маалыматтык-түшүндүрүүчү материалдарды иштеп чыгуу жана кызматкерлердин кызматтык этикасынын деңгээлин жогорулатуу. | Өтүнмө ээлеринин маалыматка бирдей жеткиликтүүлүгү камсыздалды, негизсиз артыкчылыктарды берүүгө шарт түзгөн жагдайлар жоюлду, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгы жогорулатылды. | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Экспертиза башкармалыгы, Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгы | Дайыма |
| |
12 | Акысыз жана/же коммерциялык патенттик/патенттик эмес маалыматтар базаларын, техникалык журналдарды пайдалануу менен техникалык маалымат берүү, ошондой эле маалыматтар базасынын эл аралык системаларында издөө жүргүзүүгө окутуу | Кызмат көрсөтүү жол-жоболорун стандартташтыруу; өтүнмөлөрдү аткаруу мөөнөттөрүн бекитүү; кайрылуулардын жана көрсөтүлгөн кызматтардын жыйынтыктарынын эсебин жүргүзүү | Бардык өтүнмө ээлеринин кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүгү камсыздалды, даттануулардын саны азайды | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Инновациялык борбор мамлекеттик мекемеси | Дайыма |
| |
Функциянын түрү: Лицензиялоо жана контролдоо |
| ||||||
13 | Лицензиялоо боюнча онлайн-платформада (https://license.ilim.gov.kg) өтүнмөнү толтурууга жана берүүгө көмөк көрсөтүү жолу менен материалдык же башка пайда алуу | Өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана кароо процессин санариптештирүүнү, өтүнмө ээлерине ачык маалымат берүүнү, акысыз консультацияларды көрсөтүүнү, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө үчүн чектөөлөрдү белгилөөнү жана кайтарым байланыш механизмдеринин иштешин камсыз кылуу. | Өтүнмөлөрдү берүү жол-жобосунун ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү камсыздалды, өтүнмө ээлеринин кызматкерлер менен жеке өз ара аракеттенүүсү минималдаштырылды, мыйзамсыз акы алуу учурлары жоюлду жана кайрылууларды кароонун натыйжалуулугу жогорулатылды. | Лицензиялоо жана аккредитация бөлүмү Санариптик өнүктүрүү бөлүмү (платформаны техникалык коштоо) | Дайыма |
| |
14 | Лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын, мисалы, аянттардын жетишсиздигин, кадрлардын же санитардык-эпидемиологиялык кызматтын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундуларынын жоктугун атайылап жашыруу, финансылык же башка пайда алуу үчүн лицензиялык талаптардын аныкталган бузууларын жашыруу. Негизсиз пландан тышкаркы текшерүүлөрдү демилгелөө же административдик тоскоолдуктарды жасалма түзүү | Текшерүү жол-жоболорун стандартташтыруу, коллегиалдуулукту камсыз кылуу, текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын санариптик каттоо, алардын ачыктыгын камсыз кылуу жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү аркылуу лицензиялык контролду жүргүзүүнүн тартибин өркүндөтүү. | Лицензиялык текшерүүлөрдүн объективдүүлүгү жана ачыктыгы камсыздалды, негизсиз текшерүүлөргө жана чечимдерге жол берилбейт, контролдук иш-чараларды жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктер төмөндөтүлдү. | Лицензиялоо жана аккредитация бөлүмү | Дайыма |
| |
15 | Белгиленген критерийлерге жооп бербеген айрым агенттиктердин кызыкчылыктарын лоббирлөө. Агенттиктер жогорку окуу жайларда жана колледждерде институционалдык/программалык аккредитация жүргүзүүдө мониторингди атайылап формалдуу өткөрүшү же бузуулар жөнүндө фактыларды жашырышы | Аккредитациялоо агенттиктерин тандоо жана таануу процессинин ачыктыгын жана объективдүүлүгүн баалоонун формалдаштырылган критерийлерин, чечим кабыл алуунун коллегиалдуулугун, көз карандысыз мониторингди, реестрлерди ачык жүргүзүүнү жана даттануу механизмдерин киргизүү аркылуу камсыз кылуу. | Аккредитациялоо агенттиктерин таануу жол-жоболорунун ачыктыгы жана объективдүүлүгү камсыздалды, аккредитациялоо системасына ишеним жогорулатылды, коррупциялык тобокелдиктер төмөндөтүлдү жана чечимдерди негизсиз кабыл алуу учурлары жоюлду. | Лицензиялоо жана аккредитация бөлүмү | Методиканы бекитүү — I жарым жылдыкта; андан ары — туруктуу негизде |
| |
Функциянын түрү: Автордук укук жана чектеш укуктар объекттерин пайдаланууга лицензиялык келишимдерди түзүү |
| ||||||
16 | Жаңы аныкталган автордук сый акы төлөөчү менен лицензиялык келишимди түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн же төлөнүүчү автордук сый акынын атайылап төмөндөтүлгөн ставкасы менен мындай келишимди түзгөндүгү үчүн материалдык пайда (ошондой эле башка пайдалар жана артыкчылыктар) алуу мүмкүнчүлүгү | Лицензиялык келишимдерди түзүүгө жана автордук сый акыны эсептөө тартибинин сакталышына коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу адам жетектеген көз карандысыз комиссия тарабынан ички контролду жүргүзүү. | Автордук сый акынын өлчөмү жогорулатылды жана аны атайылап төмөндөтүү учурларына жол берилбейт. | Көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү | Ар квартал сайын |
| |
Функциянын түрү: Адам ресурстарын башкаруу |
| ||||||
17 | Талапкерлерди конкурска катышууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу, кызыкчылыктардын кагылышуусу шартында кызмат ордуна дайындоо же конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө мыйзамсыз таасир көрсөтүүнүн натыйжасында дайындоо, айрым талапкерлердин конкурска катышуусун негизсиз чектөө, талапкерлерди объективдүү баалоо үчүн маанилүү маалыматтарды жашыруу же этибарга албоо, кызыкдар адамдын кызыкчылыгында квалификациялык талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Конкурсту өткөрүүнүн ачык-айкын тартибин бекитүү жана сактоо, чечим кабыл алуунун коллегиалдуулугун камсыз кылуу, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жана аны жөнгө салуу, конкурстук жол-жоболорду документтештирүү, ички контролду жүргүзүү жана конкурстун катышуучуларынын кайрылууларын кароо. | Конкурстук тандоону өткөрүүнүн объективдүүлүгү, ачыктыгы жана белгиленген тартиптин сакталышы камсыздалды, талапкерлердин катышуусун негизсиз чектөө, конкурстук комиссиянын чечимдерине мыйзамсыз таасир көрсөтүү жана кызыкчылыктардын кагылышы учурларына жол берилбейт. | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү | Дайыма |
| |
|
|
|
|
|
|
| |