ТоктомКүчүндө

Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 5-октябрындагы «Куйручук-Кызарт айыл аймагы боюнча V Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана ɵткɵрүү жɵнүндɵ» №13/1 токтому

Редакция05.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 5-октябрь №13/1

   

  Куйручук-Кызарт айыл аймагы боюнча V Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана ɵткɵрүү жɵнүндɵ

           

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы   “Кезектеги V Элдик Курултайды ɵткɵрүү жɵнүндɵ” №309 Жарлыгы менен аныкталган 2026-жылдын 18-19декабрында ɵтүүлүүчү Элдик Курултайга  делегаттарды  шайлоону уюштуруу жана ɵткɵрүү жɵнүндɵ, Кезектеги V Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо IV Элдик Курултайдын  Улуттук кеңешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы кабыл алган Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жɵнүндɵ Жобого ылайык уюштуруу жɵнүндɵ маселени карап, айылдык кеңештин депутаттарынын билдирүүлɵрүн угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

 

1. Жергиликтүү коомдоштуктардын  жыйынына жарандарды  шайлоо боюнча Куйручук-Кызарт  айыл аймагы 1-тиркемеге ылайык тиешелүү аймактарга бөлүнсүн.

 

2. Куйручук-Кызарт айыл аймагы боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынындагы жарандардын жалпы саны 50 адамдан түзүлсүн.

           

3. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын  өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу жарандардын өкүлчүлүктүн ченемдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

4. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарындагы жарандарды  шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

5. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын  уюштуруу жана өткөрүү боюнча 5 адамдан турган жумушчу тобунун курамы 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

6. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйыны Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн имаратында 2026-жылдын 24-октябрында  саат 11.00 дө өткөрүү 5-тиркемеге ылайык  бекитилсин.

 

7.Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

8.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагын ɵзүмɵ калтырам.

 

 

    Төрага

Уланбек уулу Жыргалбек