Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 6-октябрындагы «Ормон-Хан АААК 2026-жылдын 14-августундагы»Муниципалдык инспекциясын түзүү жөнүндө«№21/7 Токтомун жокко чыгаруу жөнүндө» №23/1 токтому
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ XXIII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 6-октябры № 23/1
Ормон-Хан АААК 2026-жылдын 14-августундагы “Муниципалдык инспекциясын түзүү жөнүндө” №21/7 Токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 14-августундагы “Муниципалдык инспекциясын түзүү жөнүндө” №21/7 Токтомун жокко чыгаруу жөнүндө тууралуу маалыматты угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 14-августундагы “Муниципалдык инспекциясын түзүү жөнүндө” №21/7 Токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |