Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-ноябрындагы № 738 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 370»Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-ноябры № 738
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 370 «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана
Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун
маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун ишин андан ары регламенттөө, кредиттөө механизмин четтетүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 370 «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фонду жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддору жөнүндө жободо:
- 2, 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фонду жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддору (мындан ары – фонддор) юридикалык жакты түзбөстөн түзүлөт жана иш жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында ачылуучу жана тейленүүчү эсептер болуп саналат.
3. Фонддордун каражаттары республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түшкөн башка чегерүүлөрдөн түзүлөт, бюджеттик жана атайын эсептерге топтолот.»;
- 7-пункттун 11-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Фонддордун каражаттары калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүү, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана региондо жумуш орундарын түзүү максатында облустун, райондордун, шаарлардын жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга, жергиликтүү коомчулуктун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын демилгелерин колдоого багытталат.»;
- 9-пунктта:
биринчи абзацтагы «жана экономикалык долбоорлорду» деген сөздөр алып салынсын;
1, 2, 15-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пунктчадагы «, экономикалык» деген сөз алып салынсын;
- 10-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10. Фонддордун атайын эсебинин каражаттарынан төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каржыланышы мүмкүн:»;
6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6) Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечими боюнча жеке жана юридикалык жактардын берген өтүнмөлөрүнө ылайык Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун болжолдонгон жылдык бюджетинин 10 %нан ашпаган өлчөмүндө облусту өнүктүрүүгө багытталган социалдык долбоорлорду каржылоого.»;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12. Фонддордун болжолдонгон жылдык бюджети бюджеттик жана атайын эсептерде төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
№ | Фонддордун чыгымдарынын категорияларынын аталышы | Фонддордун болжолдонгон жылдык бюджети, % |
1 | Аткаруу органынын административдик чыгымдары | n1 |
2 | Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор | n2 |
3 | Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыздоо боюнча долбоорлор («МИК» ААКтын финансылык каражаттарын берүү) | n3 |
4 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар | n4 (3 % дан кем эмес 8 % га чейинки чекте) |
5 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечими боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын социалдык-экономикалык жана башка көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында каржылоо | n5 (10 % дан көп эмес) |
| Жалпы | n1 + n2 + n3 + n4 + n5 = (100 %) |
Фонддордун болжолдонгон жылдык бюджетинин жалпы суммасынан фонддордун каражаттарынын чыгымдарынын ар бир категориясы боюнча пайызы учурдагы жылдын 30-январынан кечиктирилбестен байкоочу кеңештин чечими менен аныкталат жана бекитилет.
Чыгымдардын категориялары боюнча каражаттарды бөлүштүрүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына жараша байкоочу кеңештин чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.»;
- 14-пунктта:
2-пунктчадагы «экономикалык,» деген сөз алып салынсын;
6-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 42-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Муниципалдык менчиктин объектине тиешелүү долбоордук өтүнмө жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.»;
- 45-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«45. Кийинки жылга долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтүнүн чеги учурдагы жылдын 15-ноябрынан кечиктирилбестен белгиленет.»;
- 5-главанын 2, 3-параграфтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 74-пункттагы «же ФКФга» деген сөздөр алып салынсын;
- 75-пункттун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 80-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- «80. Фонддордун кассалык чыгымдары, чыгымдардын сметасы 3111 «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча түзүлөт, калыптанат, каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясында белгиленген тартипте жөнөкөйлөштүрүлгөн казыналык жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылат.»;
- 84-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 90-пункттун 2-пунктчасындагы «жана кредиттөө программаларын» деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана Нарын облусунун райондорун өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча методика ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-ноябрындагы № 84 (3844) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |