ТоктомКүчүндө

Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 17/152 «Гавриловка айылынын 5-контурундагы сугат лотокторун оңдоо жана мал өтүүчү жолду ирээтке келтирүү жөнүндө» токтому

Редакция15.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 15-октябры № 17/152

 

Гавриловка айылынын 5-контурундагы сугат лотокторун оңдоо жана мал өтүүчү жолду ирээтке келтирүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесин, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Гавриловка айылынын 5-контурундагы сугат лотокторун оңдоо, сугат суусунун үзгүлтүксүз өтүшүн камсыз кылуу жана мал өтүүчү жолду ирээтке келтирүү, айыл тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гавриловка айылынын 5-контурунда жайгашкан сугат лотокторун оңдоо, тазалоо жана бузулган жерлерин калыбына келтирүү зарыл деп табылсын.

2. Аталган контурдагы мал өтүүчү жолду тегиздөө, тазалоо жана малдын коопсуз өтүүсүнө шарт түзүү боюнча тиешелүү иштер уюштурулсун.

3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн иштерди уюштуруу жана аткаруу Гавриловка айыл өкмөтүнүн ЖКХ бөлүмүнө (турак жай-коммуналдык чарбасына) жүктөлсүн.

4. Аткарылган иштердин сапаты жана өз убагында бүткөрүлүшү камсыз кылынсын. Иштер аяктагандан кийин Гавриловка айылдык кеңешине аткарылышы жөнүндө маалымат берилсин.

5. Ушул токтом мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирет.

 

Төрага

 

Б.М. Мамыркулов