Гавриловка айылдык аймагынын Гавриловка айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 17/150 «Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Ырысбек Байышбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сыйлыгына көрсөтүү жөнүндө» токтому
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-октябры № 17/150
Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Ырысбек Байышбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сыйлыгына көрсөтүү жөнүндө
Гавриловка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине активдүү катышуусун, жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын коргоодо жана аймактын өнүгүүсүнө багытталган маселелерди чечүүдө көрсөткөн эмгегин эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына көрсөтүү максатында, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Ырысбек Байышбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына көрсөтүлсүн.
2.Токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага |
| Б.М. Мамыркулов |