Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону милдеттүү түрдө колдонуу менен ишкердик субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылуучу иштин түрлөрүнүн тизмеги, аны киргизүүнүн мөөнөттөрү жана аймактары (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-ноябрындагы № 737 токтомуна 3-тиркеме)
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-ноябрындагы № 737 токтомуна) |
Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону милдеттүү түрдө колдонуу менен ишкердик субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылуучу
иштин түрлөрүнүн тизмеги, аны киргизүүнүн мөөнөттөрү жана аймактары
№
| Иштин түрлөрү | Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүүнүн мөөнөттөрү | Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү аймактары |
|
1-этап | ||||
1 | Ресторандарда, барларда, коомдук тамактануу ишканаларында жана тез тамактануу (фастфуд) түйүндөрүндө кызмат көрсөтүү боюнча иш: – отуруу орундарынын саны 100дөн ашык жана (же) келүүчүлөрдү тейлөө залынын аянты 100 кв. м ашык; – бирдиктүү товардык белги (тейлөө белгиси) менен ишти жүзөгө ашырган тармактык ишканалардын курамына кирген | 2026-жылдын 1-августунан тартып
| Бишкек, Манас жана Ош шаарлары
|
|
2 | Койка-орундарынын саны 50дөн ашык мейманканаларда кызмат көрсөтүү боюнча иш
| 2026-жылдын 1-августунан тартып | Бишкек, Манас жана Ош шаарлары
|
|
3 | Аянты 150 кв. м ашык келүүчүлөрдү тейлөө жайлары бар мончо жана сауналар тарабынан дене-бойдун ыңгайлуулугун камсыз кылуу боюнча иш | 2026-жылдын 1-августунан тартып | Бишкек, Манас жана Ош шаарлары
|
|
2-этап | ||||
4 | Отуруу орундарынын саны 80ден ашык жана (же) келүүчүлөрдү тейлөө залынын аянты 80 кв. м ашык ресторандарда, барларда, коомдук тамактануу ишканаларында жана тез тамактануу (фаст-фуд) түйүндөрүндө кызмат көрсөтүү боюнча иш | 2027-жылдын 1-февралынан тартып
| Бишкек, Манас, Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы шаарлары; Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондору |
|
5 | Бирдиктүү товардык белги (тейлөө белгиси) менен ишти жүзөгө ашырган тармактык ишканалардын курамына кирген ресторандарда, барларда, коомдук тамактануу ишканаларында жана тез тамактануу (фаст-фуд) түйүндөрүндө кызмат көрсөтүү боюнча иш | 2027-жылдын 1-февралынан тартып
| Токмок, Каракол, Балыкчы шаарлары; Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондору
|
|
6 | Койка-орундарынын саны 50дөн ашык мейманканаларда кызмат көрсөтүү боюнча иш | 2027-жылдын 1-февралынан тартып
| Токмок, Каракол, Балыкчы шаарлары; Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондору |
|
7 | Автомай куюучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу боюнча иш | 2027-жылдын 1-февралынан тартып
| Бишкек, Манас, Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы шаарлары; Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондору |
|
8 | Аянты 150 кв. м ашык келүүчүлөрдү тейлөө жайлары бар мончо жана сауналар тарабынан дене-бойдун ыңгайлуулугун камсыз кылуу боюнча иш
| 2027-жылдын 1-февралынан тартып
| Токмок, Каракол, Балыкчы шаарлары; Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондору |
|
3-этап | ||||
9 | Медициналык кызмат көрсөтүүчү медициналык борборлордун жана башка саламаттык сактоо уюмдарынын иши | 2027-жылдын 1-августунан тартып
| Бишкек, Манас, Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы шаарлары; Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондору |
|
10 | Аянты 50 кв. м жогору болгон соода объекттеринин тиричилик техникасын базарлардын жана кичи базарлардын аймагынан тышкары сатуу боюнча иши | 2027-жылдын 1-августунан тартып
| Бишкек, Манас, Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы шаарлары; Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондору |
|
11 | Аянты 50 кв. м жогору болгон адистештирилген дүкөндөрдө косметикалык жана парфюмердик товарларды базарлардын жана кичи базарлардын аймагынан тышкары чекене сатуу | 2027-жылдын 1-августунан тартып
| Бишкек, Манас, Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы шаарлары; Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондору |
|
4-этап | ||||
12 | Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатуу боюнча иш | 2028-жылдын 1-февралынан тартып
| Бишкек, Манас, Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы шаарлары; Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондору |
|
5-этап | ||||
13 | Соода залынын аянты 100 кв. м жогору болгон дүкөндөрдүн иши
| 2028-жылдын 1-августунан тартып
| Бишкек, Манас, Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы шаарлары; Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондору |
|
6-этап | ||||
14 | Соода аралчаларын, күркөлөрдү жана павильондорду кошпогондо, соода борборлорунда жайгашкан дүкөндөрдүн иши | 2029-жылдын 1-февралынан тартып
| Бишкек, Манас, Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы шаарлары; Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондору |
|
Эскертүү:
1. Ушул Тизмек ишкердик субъекттери маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (мындан ары – ФПК) колдонууга милдеттүү болгон иштин түрлөрүн, аны киргизүү мөөнөттөрүн жана көрсөтүлгөн милдет келип чыккан аймактарды аныктайт.
2. Ишкердик субъектинин маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонуу боюнча милдети Экономикалык иштин түрлөрүнүн жалпы классификаторунун (ЭИЖК) билдирилген (катталган) негизги же кошумча кодуна карабастан, ушул Тизмекте каралган иштин түрүн иш жүзүндө жүзөгө ашырууда келип чыгат.
3. 2027-жылдын 1-февралынан тартып бирдиктүү товардык белгинин (тейлөө белгисинин) алдында иш жүргүзгөн жана ушул Тизмекке ылайык Бишкек, Манас, Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы шаарларынын, Аламүдүн, Ысык-Көл, Чүй, Жайыл, Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондорунун аймактарында маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны милдеттүү түрдө киргизүүгө тийиш болгон тармактык ишканалардын курамына кирген жок дегенде бир объект болгон учурда, маалыматтарды берүү функциясы бар ФПКны колдонуу милдети Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бул тармактык ишкананын бардык объекттерине жайылтылат.