Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 667 «1944-жылдын 7-декабрындагы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 3 bis беренесинин жана 12-беренесинин жоболорун ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-октябры № 667
1944-жылдын 7-декабрындагы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 3 bis беренесинин жана 12-беренесинин жоболорун ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
Жарандык аба кемелеринин учууларынын коопсуздугун камсыз кылуу, 1944-жылдын 7-декабрындагы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциядан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 19, 24-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасында катталган жарандык аба кемелеринин, ошондой эле негизги иштеген жери же туруктуу турган жери Кыргыз Республикасында болгон эксплуатант тарабынан пайдаланылуучу жарандык аба кемелеринин командирлери чет мамлекеттин аймагынын үстүнөн учууда кармап калуу болгон учурда бул мамлекеттин компетенттүү органдарынын көрсөтмөлөрүн жана талаптарын, анын ичинде көрсөтүлгөн аэропортко конуу жөнүндө талабын аткарууга милдеттүү;
2) Кыргыз Республикасында катталган жарандык аба кемелерин, ошондой эле негизги иштеген жери же туруктуу турган жери Кыргыз Республикасында болгон эксплуатант тарабынан пайдаланылуучу жарандык аба кемелерин 1944-жылдын 7-декабрындагы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын максаттарына же Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын талаптарына каршы келген ишти жүргүзүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт;
3) аба кемелеринин эксплуатанттары жана командирлери Кыргыз Республикасында же турган мамлекетте колдонулуучу аба кемелеринин учуусуна жана маневр жасоосуна карата ченемдик укуктук актылардын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү;
4) ачык деңиздин үстүнөн учууда 1944-жылдын 7-декабрындагы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга ылайык белгиленген эрежелер сакталууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жарандык аба кемелерин кармап калууда учуудагы жарандык аба кемелерине каршы курал колдонуудан кармансын, ошондой эле борттогу адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана аба кемесинин коопсуздугуна коркунучту болтурбоо боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын аба кыймылын тейлөөнүн ыйгарым укуктуу органдары төмөнкүдөй учурларда жарандык аба кемесинен алар аныктаган аэропортко конууну талап кылууга, ошондой эле бузууларды токтотууга багытталган башка көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу:
1) аба кемеси Кыргыз Республикасынын аймагынын үстүнөн тиешелүү уруксатсыз учканда;
2) аба кемеси Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин жана 1944-жылдын 7-декабрындагы Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын максаттарына шайкеш келбеген максаттарда пайдаланылганда, бул төмөнкү критерийлердин биринин болушу менен билинет:
- укук коргоо органдарынан же улуттук коопсуздук органдарынан аба кемесин айдап качуу (басып алуу), мыйзамсыз кийлигишүү актылары же бортто улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган предметтерди жана буюмдарды (курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар) мыйзамсыз ташуу жөнүндө маалымат келип түшкөндө;
- аба кемесинин бортунан мыйзамсыз кийлигишүү жөнүндө атайын сигнал келип түшкөндө;
- аба кыймылын тейлөө органдары менен эки тараптуу радио байланышы бир убакта жок болгон жана алардын командаларын аткарбаган учурда аба кемеси бекитилген учуу планынан уруксатсыз четтегенде (анын ичинде тыюу салынган зоналарга киргенде).
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги:
1) ушул токтомдун талаптарын бузуулар аныкталганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароо жана чараларды көрүү үчүн тиешелүү материалдарды компетенттүү укук коргоо органдарына токтоосуз жиберсин;
2) Кыргыз Республикасынын Аэронавигациялык маалымат жыйнагында (AIP) Кыргыз Республикасында жарандык аба кемелерин кармап калууга карата колдонулуучу эрежелерди жарыялоону камсыз кылсын;
3) ушул токтомдо белгиленген талаптарды Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларына (эксплуатанттарына) билдирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |