ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-ноябрындагы № 741 «Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция05.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 5-ноябры № 741

 

Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө

 

«Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 8-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 461 «Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-ноябрындагы № 84 (3844) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев