Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-ноябрындагы № 741 токтомуна тиркеме)
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-ноябрындагы № 741 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын товардык рыногундагы атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү
тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип товардык рыноктогу (мындан ары – рынок) атаандаштык абалына талдоо жүргүзүү, монополияга каршы мыйзамдарды бузуулардын алдын алуу жана атаандаштыкка жол бербөө, чектөө же четтетүү учурларын аныктоо боюнча монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдын уюштуруучулук ишин аныктайт, анын ичинде:
1) чарба жүргүзүүчү субъекттин (адамдардын тобунун) үстөмдүк абалын белгилөөдө;
2) экономикалык концентрацияны контролдоодо;
3) монополияга каршы мыйзамдардын бузулушун иликтөөнү жүргүзүүдө жана кароодо;
4) үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъектти мажбурлап бөлүштүрүү (бөлүү) жөнүндө маселени кароодо;
5) «Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын атаандаштыкка карата жөнгө салуу таасирин талдоону жүргүзүүдө.
2. Табигый монополия жана мамлекеттик монополия шарттарында товарларды өндүргөн (саткан) чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалын белгилөө жол-жоболорун жүргүзүү талап кылынбайт.
3. Товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда атаандаштык абалын талдоо төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:
1) рынокту изилдөөдө убакыт аралыгын аныктоо;
2) рыноктун азыктык чектерин аныктоо;
3) рыноктун географиялык чектерин аныктоо;
4) рынокто иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин курамын (анын ичинде сатып алуучуларды жана сатуучуларды, зарыл болгон учурда) аныктоо;
5) рыноктун көлөмүн жана рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүн эсептөө;
6) сандык көрсөткүчтөрдү аныктоо;
7) сапаттык көрсөткүчтөрдү аныктоо;
8) рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин рыноктук күчүн аныктоо;
9) рыноктогу атаандаштык чөйрөнүн абалын баалоо;
10) аналитикалык отчетту түзүү (тыянактар жана сунуштар).
4. Ушул Тартипте «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде жана «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде аныкталган түшүнүктөр, ошондой эле төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) рынокко кирүүгө тоскоолдуктар – жаңы чарба жүргүзүүчү субъекттерге рынокто мурдатан бери иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттер менен бирдей шарттарда атаандашуу мүмкүндүгүнө тоскоолдук кылган жагдайлар;
2) рыноктун географиялык чектери – сатып алуучулар товарды сатып алган же сатып алуу үчүн экономикалык, техникалык же башка мүмкүнчүлүккө ээ болгон жана анын чегинен тышкары мындай мүмкүнчүлүккө ээ болбогон аймак;
3) рыноктун товардык ресурстарынын көлөмү (рыноктун көлөмү) – сатып алуучулардын бөлүнгөн тобуна нарктык жана (же) натуралдык көрсөткүчтөрдө рыноктун географиялык чектеринде товарды сатуунун (берүүнүн) же финансылык кызматтарды көрсөтүүнүн жалпы көлөмү;
4) рыноктун азыктык чектери – өз ара алмаштырылуучу товарлардын тобу (топтому);
5) товарды сатуучулар (берүүчүлөр) – өзүнүн ишинин продукциясын саткан чарба жүргүзүүчү субъекттер, ошондой эле керектөөчүгө товарларды жеткирүү боюнча кызматтарды көрсөткөн соода жана ортомчу уюмдар жана финансылык кызматтарды көрсөткөн (банк кызмат көрсөтүүлөрүн кошпогондо) финансылык уюмдар;
6) товарды сатып алуучулар – өндүрүштүк керектөө жана (же) кийин сатуу үчүн товарды сатып алуучу дүң, майда дүң жана чекене соода ортомчуларын, чарба жүргүзүүчү субъекттерди кошкондо акыркы продукцияны керектөөчүлөр, ошондой эле финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр;
5. Рыноктогу атаандаштыкты талдоодо баштапкы маалымат булактары катары төмөнкүлөр колдонулат:
1) чарба жүргүзүүчү субъекттерден алынган маалыматтар;
2) чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишинин түрлөрү (соода, ортомчулук, өнөр жайлык ж.б.) жөнүндө салык, бажы жана башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалымат;
3) экономикалык жана товар таануу экспертизаларынын натыйжалары, адистештирилген уюмдардын, ошондой эле товардык топторду түзүүдө товарлардын өз ара алмаштыруучулугун ырастоочу же төгүндөөчү айрым адистердин жана эксперттердин корутундулары;
4) көз карандысыз маалыматтык борборлордун жана кызматтардын маалыматтары;
5) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бирикмелердин, анын ичинде башка мамлекеттердин башка коомдук бирикмелеринин жана ассоциацияларынын маалыматтары;
6) жеке жана юридикалык жактардын монополияга каршы органга кайрылуулары жана (же) даттануулары;
7) жалпыга маалымдоо каражаттарынан алынган маалымат;
8) монополияга каршы органдын же башка мамлекеттердин монополияга каршы органдарынын жеке изилдөөлөрүнүн маалыматтары;
9) маркетингдик, социологиялык изилдөөлөрдүн, чарба жүргүзүүчү субъекттерди, жарандарды, коомдук уюмдарды тандап сурамжылоо жана анкеталоо маалыматтары;
10) улуттук стандарттар, техникалык шарттар;
11) монополияга каршы орган тарабынан тиешелүү рыноктогу атаандаштык абалына мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн маалыматтары;
12) санариптик каналдардан алынган маалымат (жеткирүү, кайтаруу шарттары, сайттын/тиркеменин ыңгайлуулугу, сатып алуучулардын пикирлери), ошондой эле баалар, ассортимент жана атаандаштардын маркетингдик активдүүлүгү жөнүндө маалыматтар.
2-глава. Рынокту изилдөөнүн убакыт аралыгын аныктоо
6. Рынокту изилдөө мезгили (убакыт аралыгы) тиешелүү товардык рыноктун өзгөчөлүгүн, ошондой эле колдонуудагы маалыматтык (аналитикалык) материалдардын толуктугун жана жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен ушул Тартиптин 1-пунктунда белгиленген максаттарга ылайык аныкталат.
7. Товардык рынокту изилдөөнүн убакыт аралыгын аныктоодо убакыт үчүн суроо-талап кайталанбаган учурда (убакыттын ар кандай мезгилинде сатып алынган товарлар сатып алуучу үчүн өз ара алмаштырылуучу болбогон учурда) тиешелүү мезгилди тандоо товарды жүгүртүүнүн өзгөчө мүнөздөмөлөрү менен аныкталат, анын ичинде:
1) жыл ичинде товарды берүүнүн сезондуулугу;
2) жыл ичинде товарды берүүнүн туруктуулугу;
3) максималдуу жана минималдуу суроо-талаптын мезгилдери (анын ичинде кыска мөөнөттү), бул мезгилдерде сатып алуучулардын санынын катышы;
4) сатуучулардын ар кандай убакыт мезгилинде ар түрдүү бааларды коюу мүмкүнчүлүгү;
5) контракттардын мөөнөттөрү;
6) товарды рынокко чыгаруу убактысы.
8. Рыноктун бардык мүнөздөмөлөрү белгиленген бир убакыт аралыгынын чегинде аныкталат.
Атаандаштык абалын талдоонун эң аз убакыт аралыгы зарыл болгон маалыматтар болгондо мурдагы үч жылга чейинки динамиканы эске алуу менен бир жылды түзүүгө тийиш.
9. Рынокто жаңы товар (жумуш, кызмат көрсөтүү) пайда болгон учурда изилдөө үчүн убакыт аралыгы катары мындай рыноктун иштөө мөөнөтү алынат.
10. Иштеген рынокко рыноктун түзүмүн, андагы күчтүн жайгашуусун өзгөрткөн жаңы субъект (субъекттер) киргенде, убакыт аралыгы катары ал рынокко кирген учурдан тартып мезгил алынат.
11. Рыноктогу атаандаштык абалына келечектүү талдоо шарттарды эске алуу зарыл болгон учурда жүргүзүлөт, алар монополияга каршы контролду жүргүзүүчү иш-аракеттерди жөнгө салуу же жүргүзүү боюнча болжолдонгон чараларды киргизүүдө түзүлөт. Мындай талдоонун жүрүшүндө изилдөөнү жүргүзүү учурундагы атаандаштык абалы аныкталат жана атаандаштык абалына киргизилген жөнгө салуу чараларынын таасири талданат.
3-глава. Рыноктун азыктык чектерин аныктоо
12. Рыноктун азыктык чектерин аныктоо алмаштыруучусу жок болгон товарды (анын керектөө өзгөчөлүктөрүн) же ошол эле рынокто жүгүртүлүүчү бири-бирин алмаштыруучу товарларды аныктоо жол-жобосун билдирет жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) төмөнкүлөрдү талдоо аркылуу товарды алдын ала аныктоону:
– товардык сөздүктөрдү же товар таануучулардын маалымдамаларын;
– тиешелүү чөйрөдө атайын билими бар адистердин корутундуларын;
– продукциянын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, экономикалык иштин түрлөрүнүн стандарттарын, классификаторлорун;
– тиешелүү ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды;
– иштин белгилүү бир түрлөрүн жүргүзүүгө уруксаттарды (лицензияларды);
– товарга карата түзүлгөн келишимдин шарттарын;
– товарды так аныктоого мүмкүндүк берген башка ыкманы;
2) сатып алуучунун тандоосун аныктаган, товардын өзгөчөлүктөрүн жана бул товар үчүн өз ара потенциалдуу алмаштырылуучу болуп саналган товарларды аныктоону, мында төмөнкүлөр талданат:
– функционалдык багыты, анын ичинде товарды керектөө максаты жана аны керектөө өзгөчөлүктөрү;
– товарды колдонуу, анын ичинде кайра сатуу же жеке (өздүк) керектөө же кесиптик пайдалануу;
– сапаттык мүнөздөмөлөрү, анын ичинде түрү, сорту, ассортименти, дизайны, таңгагы, жарнамасы, таратуу жана сатуу системасындагы өзгөчөлүктөрү;
– техникалык мүнөздөмөлөрү, анын ичинде эксплуатациялык көрсөткүчтөрү, ташуу боюнча чектөөлөр, чогултуу, оңдоо, техникалык тейлөө шарттары (кепилденген тейлөөнү кошкондо), кесиптик пайдалануу (өндүрүштүк керектөө) өзгөчөлүктөрү;
– баалар жана алардын динамикасы;
– сатуу шарттары, анын ичинде товардын партиясынын өлчөмү, товарды сатуу ыкмасы (дүң сатуу, чекене сатуу).
13. «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык товарлардын өз ара алмаштырылуусун аныктоо сатып алуучу тарабынан товарларды иш жүзүндө алмаштырууга же алардын функциялык багытын, колдонулушун, сапаттык жана техникалык мүнөздөмөлөрүн, баасын жана башка параметрлерин эске алуу менен керектөөдө (анын ичинде өндүрүштүк максаттарда керектөөдө) бир товарды башкасына алмаштырууга сатып алуучунун даярдыгына негизделет.
14. Эгерде керектөөдө аларды алмаштыруу процесси үчүн бир жылдан ашык убакыт талап кылынса же сатып алуучу үчүн олуттуу чыгымдарды алып келсе, монополияга каршы орган тарабынан мындай алмашуу болгондугу же болуу мүмкүнчүлүгү фактысы далилденбеген шартта товарлар өз ара алмаштырылуучуларга кирбейт.
15. Өз ара алмаштыруучулук критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ар түрдүү продукциянын функционалдык өз ара алмаштыруучулугу, ал бул товардын жана анын сунушталган алмаштыруучуларынын керектөө максатын салыштыруу аркылуу белгиленет. Ошол эле учурда сатып алуучулардын ар кандай топторунун бул проблемага дифференциаланган ыкмасы эске алынат. Эгерде аларда сатып алуучулардын жана сатуучулардын (мисалы, дүң жана чекене) чөйрөсү айырмаланса, бир эле товар бир эле региондун чегинде ар түрдүү рыноктордо сатылышы мүмкүн. Мындай учурларда бул рыноктор бири-биринен өзүнчө талданат;
2) физикалык, техникалык, эксплуатациялык, баа мүнөздөмөлөрүн жана анын болжолдогон алмаштыруучуларын салыштыруунун натыйжасында белгиленүүчү товардын жана анын алмаштыруучуларынын керектөө өзгөчөлүктөрүнүн окшоштугу.
16. Тартыштык (суроо-талаптын сунуштан олуттуу ашып кетүүсү) шарттарында укук колдонуу практикасы анча жакын эмес аналогдорду бир товардык топко киргизүүнүн эсебинен бул чектерди кеңейтүүгө жол берет.
17. Талдоо процессинде өз ара алмаштыруучулук тоскоолдуктарынын болушун эске алуу зарыл, анын ичинде төмөнкүдөй учурларда:
1) бөлүштүрүү системасында (каталог боюнча сатуу, үйгө жеткирүүнү камсыздоо менен сатуу) алмаштыруучуларга караганда товар артыкчылыктарга ээ болсо;
2) сатып алуучулар үчүн оордуксуз, запастык бөлүктөр менен, бааларды арзандатуу менен, төлөөдө кредиттерди жана эксплуатациялоодо башка кепилдиктерди берүү (сатуудан кийинки тейлөө менен камсыз кылуу) менен сатуу шарттарында алмаштыруучуларга караганда товар артыкчылыктарга ээ болсо.
18. Бул товарга шайкеш келген так классификациялык позицияны белгилөө мүмкүн болбогон учурда классификациялык позицияларды топтоо каралат. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү же Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгарылуучу товар үчүн потенциалдуу өз ара алмаштыруучу болуп саналган товарларды аныктоодо тышкы экономикалык ишти жүргүзүүдө колдонулуучу Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы да пайдаланылышы мүмкүн.
19. Товарлар рыногунда азыктык чектерди аныктоо бир товардык топту түзгөн товарлардын өз ара алмаштырылуусу жөнүндө сатып алуучулардын (жеке жана юридикалык жактардын) пикирине негизделиши мүмкүн.
Сатып алуучулардын пикирлери сатып алуучуларды тандап сурамжылоонун же алардын негизинде товар сатылган келишимдердин предметин талдоонун натыйжасында аныкталат.
4-глава. Рыноктун географиялык чектерин аныктоо
20. Рыноктун географиялык чектери каралган аймакта бул товарды сатып алууга керектөөчүлөрдүн катышуу мүмкүнчүлүгүн чектеген, экономикалык, технологиялык жана административдик тоскоолдуктар менен аныкталат.
21. Рыноктун географиялык чектери бөлүнгөн топтогу сатып алуучулар каралган товарды сатып алган же сатып алышы мүмкүн болгон аймакты (географиялык облусту, регионду) аныктайт.
22. Рыноктун аймагы жана товардык топ сатып алуучулар тарабынан товарлардын бирдей жеткиликтүүлүгүн таануу принциби боюнча аныкталат. Эгерде сатып алуучулар бир региондо сатылган товарды башка региондо сатылган товардын алмаштыруучусу деп эсептесе, анда бул региондорду бул товардын ошол эле географиялык рыногу сыяктуу кароого болот.
23. Рыноктун географиялык чектерин аныктоодо төмөнкүдөй факторлор эске алынат:
1) болжолдуу түрдө бир географиялык рынокко кирген аймактардын ортосунда суроо-талаптын өтүү мүмкүнчүлүгү, атап айтканда:
– сатып алуучуну сатуучуга жеткирүү үчүн транспорт каражаттарынын жеткиликтүүлүгү;
– сатып алуучуну сатуучуга жеткирүү үчүн аз транспорттук чыгымдар;
2) болжолдуу түрдө бир географиялык рынокко кирген аймактардын ортосунда товарды жеткирүү мүмкүнчүлүгү, атап айтканда:
– товарды сатуучудан сатып алуучуга ташууда аз кошумча чыгымдар;
– товарды ташуу процессинде анын сапатынын жана керектөө өзгөчөлүктөрүнүн сакталышы;
– бул аймакта товарларды ташып келүүгө же ташып чыгууга жана башкаларга административдик чектөөлөрдүн жоктугу;
– бул рыноктун чектеринин ичинде тиешелүү товарларга баалардын салыштырылуучу деңгээли;
– анын чегинде товарлар сатылган жана берилген аймакта атаандаштыктын бирдей шарттарынын болушу.
24. Табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрү чөйрөсүндө рыноктордун географиялык чектери бул кызматтарды көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аныкталат, атап айтканда:
1) технологиялык инфраструктуранын (тармактардын) болушу жана жайгашуусу;
2) инфраструктурага жетүү жана аны пайдалануу (тармактарга кошулуу) боюнча сатып алуучулардын мүмкүнчүлүктөрү.
5-глава. Рынокто иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин курамын аныктоо
25. Рыноктун түзүмүн аныктоо максатында анда сунушталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин (сатуучулардын жана сатып алуучулардын) тобун белгилөө керек.
26. Каралган рынокто иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин курамына жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде кыска мөөнөттүү мезгилде (бир жылдан ашпаган) бул рынокто иштегендер кирет.
27. Бул сатуучудан товарды сатып алган сатып алуучулардын тобун аныктоо үчүн конкреттүү товарды сатып алуу ыкмасы боюнча сатып алуучуларды топтоо керек.
28. Сатып алуучулардын бөлүнгөн тобунун курамы төмөнкүдөй критерий боюнча такталат: бөлүнгөн топтун сатып алуучуларынын ар бири белгиленген рынокто товар саткан каалаган сатуучудан товарды сатып алат.
29. Рынокто иштеген, ал үчүн товардык чектер аныкталган, анын ичинде дүң жана чекене сатуучулардын бардыгы аныкталат.
30. Иш жүзүндө иштеген сатуучулар менен бирге аныкталган рыноктогу мүмкүн болгон потенциалдуу сатуучулар жана сатып алуучулар аныкталат.
31. Потенциалдуу сатуучулар (атаандаштар) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бул товарды даярдоо үчүн материалдык-техникалык базага, кадрларга жана технологияларга ээ болгон, бирок ар түрдүү себептер боюнча бул мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырбаган чарба жүргүзүүчү субъекттер;
2) бул товарды даярдаган (ташып келген), бирок изилденүүчү рыноктун аймагында аны сатпаган чарба жүргүзүүчү субъекттер;
3) жаңы чарба жүргүзүүчү субъекттер.
6-глава. Рыноктун товардык ресурстарынын көлөмүн (рыноктун көлөмү) жана рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүн эсептөө
32. Товарды сатуунун (берүүнүн) жалпы көлөмү бардык сатуучулар тарабынан бул рынокто товарды сатуу (берүү) көлөмүнүн суммасы катары төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
Vm – рыноктун көлөмү;
Vi – сатуучу (берүүчү) тарабынан товарды сатуу (берүү) көлөмү;
N – рыноктун географиялык чектеринде иштеген сатуучулардын (берүүчүлөрдүн) саны.
Рынокто өндүрүүчүлөрдүн биринин керектөөчүлөргө сатылуучу (берилүүчү) продукциясынын көлөмдөрү жөнүндө түз маалыматтар жок болгон учурда анын көлөмү математикалык жол менен төмөнкүдөй ыкма аркылуу эсептелет:
33. Керектөөчүлөргө сатылуучу (берилүүчү) продукциянын көлөмдөрү жөнүндө түз маалыматтар жок болгон учурда рыноктун жалпы көлөмү төмөнкүдөй формула боюнча эсептөө ыкмасы менен аныкталат:
Vm = Vp + Vim – Vex,
мында:
Vm – рыноктун көлөмү;
Vp – жергиликтүү товар өндүрүүчүлөр тарабынан товарды өндүрүү көлөмү;
Vim – рыноктун аймагына ташып кирүү көлөмү;
Vex – ички рыноктун чегинен тышкары ташып чыгуу көлөмү.
34. Рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин үлүшүн эсептөө үчүн өндүрүштүн көлөмүн аныктоодо өндүрүштүн көлөмү иштетип алма чийки заттан даярдалган продукция эсептен чыгарылып эске алынат.
Эгерде чарба жүргүзүүчү субъект ушул товарды өндүрсө жана өзүнүн продукциясынын бир бөлүгүн өздүк керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланса, анда сатуунун (берүүнүн) жалпы көлөмүнө рынокто саткан товардын бөлүгү гана киргизилиши керек.
35. Финансы рыногунун көлөмү жана андагы финансы уюмунун үлүштөрү финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир конкреттүү түрүнүн көрсөткүчтөрүн эске алып, товарлар рыногундагы эсептөөлөрдө колдонулуучу принциптер боюнча эсептелет.
36. Каралып жаткан рынокто (Di) чарба жүргүзүүчү субъекттин – сатуучунун (берүүчүнүн) үлүшү ал рынокто саткан товардык продукциянын рыноктун жалпы көлөмүнө катышы катары төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат.
Di = Vi / Vm
Рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин позициясын бир кыйла объективдүү баалоо үчүн ар бир жыл боюнча үлүштөр 2–3 жылга эсептелет (маалымат болсо) жана алардын өзгөрүүлөрү талданат. Өзгөрүлгөн жок же бир аз өзгөрүүлөргө дуушар болгон деп изилдөө жүргүзүлгөн мезгилдин ар бир жылына 5 пайыздан ашпаган үлүштөр эсептелет.
37. Эгерде чарба жүргүзүүчү субъект рыноктун географиялык чектеринен тышкары товар ташып чыкса, анда аны сатуунун жалпы көлөмүнөн ал ташып чыккан продукциянын көлөмү алып коюлат:
Di = (Vi – Viex) / Vm,
мында:
Viex – рыноктун географиялык чектеринен тышкары i чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан ташылып чыккан продукциянын көлөмү.
Келтирилген көрсөткүчтөр натуралдык же нарктык мааниде, ошондой эле шарттуу эсептөө бирдиктеринде колдонулушу мүмкүн.
38. Тийиштүү рынокто адамдардын тобунун үлүшү бир рынокто иштеген жана «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адамдардын тобун түзүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүшүнүн суммасы катары аныкталат. Мында адамдардын топтору рыноктун бирдиктүү субъекти катары каралат.
39. «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык үстөмдүк кылган абалы белгиленген чарба жүргүзүүчү субъекттердин жыйынды үлүшү мындай чарба жүргүзүүчү субъекттердин же алардын адамдарынын топторунун үлүштөрүнүн суммасы катары аныкталат.
7-глава. Рыноктун сандык көрсөткүчтөрүн аныктоо
40. Рыноктун түзүмүн мүнөздөгөн сандык көрсөткүчтөр болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул рынокто иштеген сатуучулардын саны;
2) ушул рынокто сатуучулар ээлеген үлүштөр;
3) рыноктук концентрация көрсөткүчтөрү.
41. Рыноктун концентрация көрсөткүчтөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) рыноктук концентрация коэффициенти (CR), ал ушул рыноктогу ири берүүчүлөрдүн (сатып алуучулардын) үлүшүнүн суммасы катары эсептелет. Рыноктун ири берүүчүлөрү алардын үлүшү салыштырмалуу, алардын ортосундагы ажырым 10 пайыздан жогору эмес болгондо тандалат.
Рыноктун өзгөчөлүгүнө жараша үч (CR-3), төрт (CR-4), алты (CR-6), сегиз (CR-8), он (CR-10) же жыйырма беш (CR-25) ири берүүчүлөрдүн (сатып алуучулардын) концентрация деңгээли колдонулат.
2) Герфиндаль-Гиршмандын рыноктук концентрация индекси (НHI) рынокто иштеген бардык берүүчүлөр (сатып алуучулар) ээлеген үлүштөрүнүн квадратынын суммасы катары эсептелет.
42. Концентрация коэффициенттеринин жана Герфиндаль-Гиршмандын индексинин ар түрдүү маанилерине ылайык рыноктун үч тибине бөлүнөт:
I тип – жогорку концентрацияланган рыноктор:
70 % < CR-3 < 100 %; 2000 < HHI < 10000 маанилерин камтыйт;
II тип – орточо концентрацияланган рыноктор:
45 % < CR-3 < 70 %; 1000 < HHI < 2000 маанилерин камтыйт;
III тип – аз концентрацияланган рыноктор:
CR-3 < 45 %; HHI < 1000 маанилерин камтыйт.
43. Рыноктук концентрация көрсөткүчтөрү рынокту монополизациялоо деңгээлин, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин бирдейлигин (же бирдей эмес) баалоого мүмкүндүк берет. Рынокто продукцияны ар кандай масштабдуу көлөмдөгү берүүчүлөр (сатып алуучулар) менен канчалык көп иштесе, тиешелүү көрсөткүчтөрдүн маанилери ошончолук төмөн болот.
8-глава. Рыноктун сапаттык көрсөткүчтөрүн аныктоо
44. Рыноктун түзүмүн мүнөздөгөн сапаттык көрсөткүчтөр болуп төмөнкүлөр саналат:
1) потенциалдуу атаандаштар үчүн рынокко кирүү жана рыноктон чыгуу тоскоолдуктарынын болушу (же жоктугу), ошондой эле аларды жеңип өтүүнүн даражасы;
2) ал санариптик платформанын ээси болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъектке (анын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү сунушталбаган шартта) санариптик платформаны пайдалануу аркылуу белгилүү бир товарларды сатуучу жана сатып алуучу катары чыккан башка жактардын ортосунда бүтүмдөрдү түзүүгө көмөктөшүү менен тиешелүү товардык рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир көрсөтүүгө жана (же) башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди ушул товардык рыноктон четтетүүгө жана (же) алардын бул рынокко кирүүсүн кыйындатууга мүмкүндүк берген тармактык натыйжанын болушу;
3) каралып жаткан рынокко кирүүдө аныкталган тоскоолдуктардан жеңип өтүү мүмкүндүгүн аныктоо;
4) сатып алуучунун компенсациялоочу күчүнүн болушу.
45. Рынокко кирүүнүн тоскоолдуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) экономикалык чектөөлөр, анын ичинде:
– алардын узак мөөнөттө акталышында олуттуу баштапкы капиталдык салымдарды жүргүзүү зарылдыгы;
– каралып жаткан рынокто иштеген субъекттерге салыштырмалуу потенциалдуу катышуучулар үчүн каржылоону тартуунун көбүрөөк чыгымдары;
– зарыл болгон ресурстарга (чийки затка, материалдарга, энергия ресурстарына) жетүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын алуу чыгымдары;
– транспорттук чектөөлөр (автомобиль жолдорунун абалы жана тыгыздыгы, темир жол вагондорунун тартыштыгы, аэропорттордун техникалык жабдуусунун жана инфраструктурасынын өнүгүү деңгээлинин начардыгы, ташуулардын үзгүлтүксүздүгү, ылдамдыгы жана наркы жана башкалар);
– каралып жаткан рынокто иштеп жаткан субъекттердин рыноктун потенциалдуу катышуучуларынын алдындагы артыкчылыктары;
2) мамлекеттик органдар тарабынан киргизилүүчү административдик чектөөлөр, анын ичинде:
– иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо шарттары;
– квоттоштуруу;
– товарларды ташып кирүүгө жана ташып чыгууга чектөөлөр;
– белгилүү бир суроо-талапты милдеттүү канааттандыруу, мобилизациялык кубаттуулуктарды колдоо, жумуш орундарын жана социалдык инфраструктураны сактоо боюнча талаптар;
– рыноктун айрым субъекттерине жеңилдиктерди (өзгөчө же эксклюзивдүү укуктарды) берүү;
– жер тилкелерин бөлүп берүүдөгү, өндүрүштүк жана башка жайларды сунуштоодогу тоскоолдуктар;
– мамлекеттик муктаждыктар үчүн товарларды берүүчүлөрдү конкурстук тандоонун шарттары;
– экологиялык чектөөлөр, анын ичинде өндүрүштүк кубаттуулуктардын жана транспорттук инфраструктуранын объекттеринин курулушуна тыюу салуу;
– товарлардын сапатына карата техникалык регламенттер, стандарттар жана башка милдеттүү талаптар;
3) рынокко кирүүдө тоскоолдуктарды түзүүгө багытталган, рынокто иштеген субъекттердин жүрүм-турумунун стратегиясы, анын ичинде:
– сатып алуучулар үчүн сатуучунун алмашуусуна байланыштуу, анын ичинде туруктуу сатып алуучуларга арзандатууларды берүүнүн, узак мөөнөттүү контракттарды түзүүнүн же башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин продукциялары менен өз ара алмаштыруучу болуп саналбаган, бири-бирин толуктап турган товарларды чыгаруунун натыйжасында чыгымдардын көбөйүшү, эгерде мындай шарттар сатып алуучунун башка сатуучуга өтүүсүн иш жүзүндө жана олуттуу түрдө кыйындатса;
– эгерде башка жагдайлар менен бирдикте мындай аракеттер рынокко кирүү үчүн олуттуу жана туруктуу тоскоолдук жаратса, жарнамалык кампанияларды интенсивдүү жүргүзүү;
– монополиялык төмөн (жогорку) бааларды белгилөө;
– ак ниет эмес атаандаштык;
4) рынокто иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ичинде рынокко кирүүдө тоскоолдуктарды түзүүгө алып келген вертикалдык интеграцияланган түзүмдөрдүн болушу, анын ичинде:
– рыноктун башка потенциалдуу катышуучуларына салыштырмалуу вертикалдык интеграцияланган чарба жүргүзүүчү субъекттердин катышуучулары үчүн артыкчылыктарды түзүү;
– рыноктун потенциалдуу катышуучуларынын вертикалдык интеграцияга кирүүсүнүн зарылдыгы рынокко кирүүдө чыгымдарды жогорулатат;
– рынокко кирүүдөгү башка чектөөлөр.
46. Каралып жаткан рынокто атаандаштыкты чектөөчү белгилерге төмөнкүлөр кирет:
1) рыноктун вертикалдык интеграцияланган субъекттеринин олуттуу үлүшү;
2) изилдөөнүн мезгилдик интервалынын ичинде рыноктун вертикалдык интеграцияланган болуп саналбаган субъекттеринин үлүшүн төмөндөтүү;
3) каралып жаткан рынокто иш жүргүзгөн вертикалдык интеграцияланган субъекттердин чектеш рыноктордун бириндеги, ушул товарды өндүрүүдө пайдаланылуучу товарлар жүгүртүлгөн же каралып жаткан товар өндүрүүчүдөн керектөөчүгө өтүү процессинде ырааттуу түрдө келип түшкөн рыноктогу үстөмдүк абалы;
4) каралып жаткан рынокто (кийинки же төмөнкү) сатуучу катары иштеген субъекти сатып алуучу катары чыккан же чыгууга даяр болгон буга чейинки (жогорку) аралаш рыноктордун концентрациясынын жогорку деңгээли.
47. Рынокко кирүүдөгү тоскоолдуктар төмөнкүдөй талданат:
1) потенциалдуу сатуучулардын, анын ичинде чектеш рыноктордо иштегендердин каралып жаткан рыноктун катышуучулары болуу мүмкүндүгү көз карашынан;
2) каралып жаткан рынокто иштеген рыноктун субъекттеринин өндүрүштүк кубаттуулугун же ушул товардын сатуу көлөмүн кеңейтүү мүмкүндүгү көз карашынан.
48. Рынокко кирүүдөгү тоскоолдуктарды жеңип өтүү мүмкүндүгү ушундай тоскоолдуктардан жеңип өтүү мөөнөттөрүнүн жана чыгымдардын чоңдугунун негизинде бааланат.
Рынокко кирүүдөгү тоскоолдуктар эгерде аларды жеңип өтүү чыгымдары ушул рынокко кирүү пландалган чарба жүргүзүүчү субъект алган же алууну болжолдогон кирешелер (артыкчылыктар) менен экономикалык жактан акталса, жеңип өтүлдү деп эсептелинет.
Каралып жаткан рынокко кирүү тоскоолдуктарын жеңип өтүү үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттерге зарыл болгон мөөнөттөр жана чыгымдар, ошондой эле каралып жаткан рынокко кирүүгө тоскоолдуктарды алардын жеңип өтүү даражасы иш жүзүндөгү же потенциалдуу сатуучуларды же тармактык адистерди (эксперттерди) сурамжылоо аркылуу бааланышы мүмкүн.
9-глава. Баа талдоосу
49. Баа талдоосу изилденип жаткан рыноктун аныкталган азыктык жана географиялык чектеринин алкагында жүргүзүлөт. Өндүрүүчү ишканалардын дүң сатуу баалары, ошондой эле динамикадагы (алардын өсүшү же төмөндөшү) чекене соодадагы баалар алардын өзгөрүү себептерин аныктоо менен изилденүүгө тийиш.
Рыноктун өзгөчөлүгүнө жараша анын негизги сегменттери: дүң (биринчи сатуу), ортомчулук (экинчи сатуу) жана чекене (акыркы сатуу) сегменттери талданат.
10-глава. Рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттин рыноктук күчүн аныктоо
50. Рыноктук күч чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалын далилин бекемдөөчү белги катары бааланат.
1) белгилүү бир товардын рыногунда субъекттин үлүшү канчалык жогору болсо, анын рыноктук күчү ошончолук жогору болот. Ошол эле учурда рыноктогу үлүшү 35 пайыздан аз болгон учурда да субъект рыноктук күчкө ээ болушу мүмкүн, ал ар бир конкреттүү рынок үчүн изилдөөнүн жыйынтыгы жана анын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жекече аныкталат;
2) эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттин белгилүү бир товардын рыногундагы үлүшү 35 пайыздан ашпаса, анын үстөмдүк абалынын бар экендиги рыноктук үлүшүнүн туруктуулугуна, атаандаштарына таандык үлүштөрдүн өлчөмүнө, бул рынокко жаңы атаандаштардын кирүү мүмкүнчүлүгүнө же рынокту мүнөздөгөн башка критерийлерге жараша аныкталат.
51. Сатуучунун рыноктук бийлиги сатып алуучунун компенсациялык күчү – сатып алуучунун товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу бааларына жана шарттарына таасир этүү жөндөмдүүлүгү менен өз ара байланышта талданат. Атап айтканда, баасы жана сапаты жагынан кыйла пайдалуу товар же кызмат көрсөтүү болгон учурда сатып алуучунун атаандаштарга өтүү мүмкүнчүлүгүнүн болушу эске алынат. Керектөөчү рыноктук мамилелерде сатуучу сыяктуу эле күчтүү тарап болушу мүмкүн.
52. Чарба жүргүзүүчү субъекттин рыноктук күчүнүн белгилерин аныктоодо атаандаштыкты чектөөгө мүмкүндүк берген башка шарттар, анын ичинде төмөнкүдөй бир же бир нече белгилердин болушу эске алынат:
1) тиешелүү товардын рыногунда чарба жүргүзүүчү субъектте атаандаштын жоктугу;
2) тиешелүү товардын жалгыз өндүрүүчүсү (сатуучусу) же керектөөчүсү (сатып алуучусу) болуп саналбаган чарба жүргүзүүчү субъекттин товарды сатууда жана сатып алууда, берүү жөнүндө келишимдерди түзүүдө сатып алуучу же сатуучу үчүн алгылыктуу эмес шарттарды таңуулоо жөндөмдүүлүгү;
3) чарба жүргүзүүчү субъекттин башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин материалдык-техникалык ресурстарга (чийки затка, материалдарга, жабдууларга, энергетикалык жана башка ресурстарга) жеткиликтүүлүгүн чектөө жөндөмдүүлүгү;
4) чарба жүргүзүүчү субъекттин товарларды сатууда же товарларды берүү боюнча келишимдерди жана макулдашууларды түзүүдө бир тараптуу пайда алуу максатында сатуу рыногуна товарларды берүүнү кыскартуу же чектөө жөндөмдүүлүгү;
5) монополиялык жогору же монополиялык төмөн бааларды белгилөө жана колдоо жөндөмдүүлүгү;
6) атаандаштыкка каршы башка аракеттерди жүргүзүү жөндөмдүүлүгү.
53. Санариптик рынокторду талдоодо рыноктук күчтүн башка сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү менен бирге санариптик тармактын өлчөмүнүн жана камтуу чөйрөсүнүн төмөнкү критерийлери эске алынат:
– санариптик тармактын масштабы чарба жүргүзүүчү субъекттин олуттуу атаандаштык артыкчылыгына ээ болушун жана рыноктогу үлүшүнүн көбөйүшүнө алып келишин камсыз кылат;
– тармактык камтуусу эң жогору болгон үстөмдүк кылуучу чарба жүргүзүүчү субъекттер көбүрөөк функцияларды сунуштай алган, көбүрөөк өнөктөштөрдү тарта алган мүмкүнчүлүккө ээ, ошондой эле жарнаманын жана башка стратегиялардын эсебинен көбүрөөк киреше ала алышат;
– колдонуучулардын тартылуусунун жогорку деңгээли санариптик платформанын туруктуулугун көрсөтүп турат, бул чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалынын күч алышына түрткү берет. Тартылуусун баалоо үчүн бир күндүк, бир айлык активдүү колдонуучулардын саны жана алардын катышы аныкталат. Ошондой эле колдонуучунун сеансынын орточо узактыгы бааланат (канчалык узак болсо, ошончолук күчтүү тартылуу);
– өзүнүн ички экосистемасынын өз ара аракетин контролдогон чарба жүргүзүүчү субъект үстөмдүк абалды ээлейт. Бул абал экосистемага колдонуучулардын жана иштеп чыгуучулардын агылып келүүсүнө жараша бекемделет, бул тармактык натыйжаны күчтөндүрөт;
- эгерде башка платформага өтүү үчүн олуттуу чыгымдар талап кылынса, анда бул субъекттин үстөмдүк абалын сактоого жана жогорулатууга түрткү берет. Чарба жүргүзүүчү субъект атаандаштар тарабынан таасирин сезбеши мүмкүн, алар кирүү тоскоолдуктарынан улам рынокко кире алышпайт. Мындай учурда өтүү чыгымдары рынокко кирүү тоскоолдугу катары чыгат;
– колдонуучулар платформанын функцияларынан көз каранды боло турган шарттарды түзүү, бул ар кандай альтернативдүү платформаларга өтүүсүн кыйындатат (мисалы, айрым компанияларга өзгөчө укуктарды берүүчү юридикалык макулдашуулар аркылуу).
Саналып өткөн белгилердин биринин же бир нечесинин болушу чарба жүргүзүүчү субъекттин рыноктук күчүн баалоодо рыноктун башка сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү менен бирдикте төмөнкүлөрдү эске алуу менен каралат:
– айрым тармактардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүлүшүн;
– колдонулуп жаткан салык салуу системасынын өзгөчөлүктөрүн жана натыйжалуулугун;
– айрым тармактарда, региондордо же айрым чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн чарбалык ишти жүзөгө ашырууга жеңилдиктердин белгиленишин;
– ресурстарды жана мамлекеттик заказдарды бөлүштүрүүнүн колдонулуп жаткан системаларын. Муну менен катар рыноктун субъекттери тарабынан колдонулган алардын атаандаштык артыкчылыктарын түзгөн туундуу, илимий-техникалык жана маркетингдик стратегиялар талданат.
54. Рыноктук бийликке баа берүүдө ага эки же андан көп чарба жүргүзүүчү субъекттердин жамааттык ээ болуу мүмкүнчүлүгү эске алынат. Жамааттык үстөмдүк болгон учурда көрсөтүлгөн субъекттер товарлардын жүгүртүү шарттарына өзүнчө олуттуу таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбостон, өз аракеттерин макулдашуу жана (же) өз ара келишимдерди түзүү натыйжасында мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушат.
55. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин тобунун жамааттык (биргелешкен) үстөмдүгүнө карата рынокту изилдөөдө алардын өз ара аракеттенүүсүнүн даражасы төмөнкүлөр кирген формаларга карата бааланат:
1) бири-биринин акцияларына, пайларына же уставдык фонддорундагы үлүштөрүнө өз ара ээлик кылууга негизделген өз ара аракеттенүү;
2) бирдиктүү экономикалык саясатты жүргүзгөн, юридикалык жактан өз алдынча болгон бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттер курамына кирген уюштуруу-укуктук түзүмдөрдү түзүү.
56. Интернет-издөө рыногунда олуттуу рыноктук бийликке ээ болгон субъекттер башка сервистерин төмөнкүдөй ыкмалар менен басмырлаган учурда, мындай бийлик менен кыянаттык менен пайдаланган болуп таанылат:
1) издөөлөрдүн жогорку саптарында алар жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу өзүнүн сервистери үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү;
2) атаандаш сервистердин рейтингин жасалма түрдө төмөндөтүүгө багытталган алгоритмдерди колдонуу.
57. Чарба жүргүзүүчү субъекттер тобунун үстөмдүк абалын баалоо төмөнкүдөй ыкмаларга негизделет:
1) катышуучуларды бирдиктүү чарба жүргүзүүчү субъект катары кароо (бири-биринин акцияларынын пакеттерине зарыл болгон өз ара контролду жүргүзүүгө мүмкүндүк берген өз ара ээлик кылган учурларда). Ошол эле учурда талдоо процессинде аныкталган чарба жүргүзүүчү субъекттер тобунун үлүшү анын курамына кирген бардык субъекттердин үлүштөрүнүн суммасы катары эсептелет;
2) өзүнчө чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк белгилерин эске алуу менен чарба жүргүзүүчү субъект-лидерлердин жүрүм-турумун талдоонун негизинде рыноктук күчтү аныктоо (бири-бирине иш жүзүндөгү контролу начар болгон олигополиялык рыноктордун шарттарында);
3) жыйынды (коллективдүү) үстөмдүктү орнотуу үчүн төмөнкүдөй сапаттык факторлорду эске алуу:
– кызыкдар чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы, аларга кардарлардан, атаандаштардан жана сатып алуучулардан көз карандысыз аракеттенүүгө мүмкүндүк берген экономикалык байланыштар (акцияларга ээлик кылуу, биргелешкен ишканалар, башкаруу кызмат орундарынын өз ара байланыштуулугу);
– жалпы саясатты кабыл алууга түрткү берген ар кандай байланыштыруучу түзүмдүк факторлор;
– чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы алардын ишинин координацияланган шарттарына жетүүгө жана аларды сактоону контролдоого мүмкүндүк берген ачыкка чыгарылбаган координация.
58. Рыноктук күчтүн туруктуулугун мүнөздөө үчүн сандык көрсөткүчтөр алардын өзгөрүү тенденциясын чагылдырган динамикада эсептелет.
59. Кыска мөөнөттүү рыноктук күчтү мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдү аныктоо чарба жүргүзүүчү субъекттин (адамдардын тобунун) атаандаштыкты чектөө максатында рыноктун жагымдуу конъюнктурасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн баалоо максатында жүргүзүлөт. Мындай изилдөө атаандаштыкка каршы аракеттер субъект койгон максатка жетүүгө алып келбеген, бирок атаандаштарга же керектөөчүлөргө зыян келтирген же зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда да жүргүзүлөт.
11-глава. Рыноктордогу атаандаштык абалына жыйынтык баа
60. Рыноктун түзүмүн мүнөздөөчү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү салыштыруу жана талдоо изилденүүчү рыноктун түзүмдөрүнүн кайсы тибине таандык экендигин аныктоого жана анда атаандаштыктын өнүккөндүгүнүн (же өнүкпөгөндүгүнүн) деңгээлин баалоого мүмкүндүк түзөт.
61. Атаандаштык чөйрөсүн өнүкпөгөн катары таанууда кырдаалдын жакшы жакка өзгөрүүсү үчүн шарттар аныкталат, монополияга каршы органдын аракетинен көз каранды болгон же көз каранды болбогон факторлорду бөлүп алуу зарыл.
62. Каралып жаткан рынокто атаандаштык чөйрөсүн түзүү процессине монополияга каршы органдын кийлигишүүсүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутундуну чыгарууда мындай кийлигишүүнүн багыттары, формалары жана методдору аныкталат.
63. Монополияга каршы органдын аракеттеринин атаандаштыгынын өнүкпөгөндүгүнүн аныкталган себептерине жараша төмөнкүлөр аркылуу ушул рынокто иштеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин санын көбөйтүүгө багытталат:
1) рынокко кирүүдөгү тоскоолдуктарды төмөндөтүү жана баарынан мурда инвестициялык процессти активдештирүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
2) региондор аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
3) үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан монополиялык ишти системалуу түрдө жүргүзгөн учурда, эгерде талдоонун натыйжасында «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган шарттар аныкталса, ошондой эле мындай бөлүштүрүүнүн (бөлүп чыгаруунун) терс социалдык-экономикалык кесепеттери болбосо, үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъектти мажбурлап бөлүштүрүү (бөлүп чыгаруу) жөнүндө сот органдарына доо арыз берүү;
4) рынокто иштеп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосунда экономикалык концентрация процессин чектөөчү чечимдерди кабыл алуу үчүн сунуштарды киргизүү;
5) ушул рынокто иштеп жаткан субъекттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
6) монополияга каршы органдын ыйгарым укуктарына ылайык үстөмдүк абалда болгон рыноктук субъекттердин рыноктук күчүн чектөө.
12-глава. Аналитикалык отчет
64. Рынокто атаандаштык абалына талдоо жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча аналитикалык отчет түзүлөт, анда жүргүзүлгөн изилдөөнүн кыска натыйжалары жана тиешелүү чаралардын көрүлүшү боюнча сунуштар келтирилет.