ТоктомКүчүндө

Момбеков айылдык кеңешинин 2026-жылынын 01-октябрындагы №3 «Момбеков айыл аймагындагы ички канал арыктарды өткөрүп берүү жөнүндө» токтому

Редакция01.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Момбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын

кезектүү XX-сессиясынын

 

2026-жыл 01-октябрындагы №3

 

Момбеков айыл аймагындагы ички канал

арыктарды өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомун аткаруу боюнча Ноокен райондук суу чарба башкармалыгынын адистеринин маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХIХ-чакырылышынын кезектүү 20-сессиясы токтом кылат:

 

1. Ноокен райондук суу чарба башкармалыгынын адистеринин маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомунун негизинде Момбеков айыл аймагынын жалпы 56,6 км 1-2 иретиндеги ички канал арыктарын Ноокен райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жармаматовго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

И. Абдразак уулу