Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 21-августундагы № 23 «Манас айыл аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүү жөнүндө» токтому
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-августу №23
Манас айыл аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын
резервдерин түзүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан 2026-жылдын 17-августунда №02-2-10/928 келген катынын негизинде Манас айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Манас айыл аймагында участкалык шайлоо комиссияларынын резерви 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду расмий булактарга жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Манас айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Исаковага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Омуровго жүктөлсүн.
2026-жылдын 3-ноябрында https://gagsmsu.kg/2026/11/03/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d1%81%d0%be%d0%ba%d1%83%d0%bb%d1%83%d0%ba-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d1%88-7/ расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Ж.А.Жанжигитов |