РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-октябрындагы № 375 (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин чектүү штаттык санын көбөйтүү тууралуу) Президенттин тескемеси

Редакция29.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 29-октябры № 375

 

Мамлекеттик инвестициялык саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ишин санариптештирүүнүн алкагында инвестициялык долбоорлорду коштоону жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 247 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санын жана кызматкерлеринин, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын көбөйтүүгө тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун 2-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин чектүү штаттык санын 4 (төрт) штаттык бирдикке көбөйтсүн.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров