ТоктомКүчүндө

Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 27 «Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпыга жеткиликтүүлүк программасынын алкагындагы Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашууну жактыруу жана аны кол коюу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» токтому

Редакция13.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 13-октябры №27

Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпыга

жеткиликтүүлүк программасынын алкагындагы Кызматташтык жөнүндө

алкактык макулдашууну жактыруу жана аны кол коюу боюнча ыйгарым

укуктарды берүү жөнүндө

 

Манас айыл өкмөтү тарабынан сунушталган, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти (мындан ары — ИСКСЧӨД) менен түзүлө турган Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпыга жеткиликтүүлүк программасынын алкагындагы Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуунун (мындан ары — Макулдашуу) долбоорун карап чыгып жана Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын, Дүйнөлүк банктын, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын, Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин жана ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпыга жеткиликтүүлүк программасы — 1-Фаза» долбоорун (мындан ары — Долбоор) ишке ашырууга муниципалитеттин катышуусунун максаттары, шарттары жана күтүлүүчү натыйжалары жөнүндө маалыматын угуп, Макулдашууга кол коюу жана аны Манас айылдык кеңештин сессиясында кабыл алынган чечими менен жактыруу муниципалитетти Долбоорду ишке ашыруу программасына киргизүүнүн жана Манас айыл аймагында Долбоордун иш-чараларын каржылоону баштоонун милдеттүү шарты болуп саналарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Манас айылдык кеңеш токтом кылат:

 

1. ИСКСЧӨД менен Манас айыл аймагынын Манас айыл өкмөтүнүн ортосундагы Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпыга жеткиликтүүлүк программасынын алкагындагы Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуунун долбоору ушул чечимге тиркемеге ылайык жактырылсын.

 

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Омуровго Макулдашууга айыл өкмөтүнүн атынан ушул чечим менен жактырылган редакцияда кол коюу боюнча ыйгарым укук берилсин.

 

3. Долбоордун шарттарына макулдук берилсин, анын ичинде:

 

1) үй чарбаларын ичүүчү суу менен камсыздоо тутумуна сууну эсепке алуу приборлорун (суу эсептегичтерди) орнотуу менен жеке (короо) туташтырууларды киргизүүнү камсыз кылуу милдеттенмесине;

 

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 320 токтому менен бекитилген Ичүүчү суунун жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарынын тарифтерин аныктоо тартибине жана ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарын жакшыртуу планында каралган тарифтик траекторияга ылайык, операциялык (пайдалануу) чыгымдарды жана амортизациялык чегерүүлөрдү жабууну камсыз кылган ичүүчү суунун жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарынын тарифтерин белгилөөнү камсыз кылуу милдеттенмесине;

 

3) Манас айылдык кеңештин компетенциясынын чегинде тарифтик сунуштарды Долбоорду ишке ашыруу графигинин сакталышын камсыз кылган мөөнөттөрдө карап чыгуу жана бекитүү милдеттенмесине;

 

4) аз камсыз болгон үй чарбаларын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарына туташтыруу планын киргизүүнү камсыз кылуу милдеттенмесине.

 

4. Манас айыл аймагында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүнү белгиленген тартипте аныкталуучу, муниципалдык ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасындагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу райондук кызмат көрсөтүүчүсү (мындан ары — РКК) аркылуу уюштурууну камсыз кылуу.

 

5. Тиешелүү финансы жылына жергиликтүү бюджетте Макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн зарыл болгон каражаттар, анын ичинде зарылчылык болгондо Кайра отурукташтыруу боюнча иш-аракеттер планынын алкагында Долбоордун таасирине кабылган адамдарга компенсациялык төлөмдөр каралсын.

 

6.Манас айыл өкмөтүнө тапшырылсын:

 

1) кичи долбоордун объекттери үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнү, зарыл болгон уруксаттарды жана макулдашууларды алууну, ошондой эле алынган уруксат берүүчү документтердин жана кабыл алынган чечимдердин юридикалык ишенимдүүлүгүн жана чындыгын камсыз кылуу;

 

2) кичи долбоордун алкагында түзүлгөн (реабилитацияланган) объекттерди пайдаланууга кабыл алууну, түзүлгөн жана сатып алынган активдерди муниципалдык менчикке кабыл алууну жана аларды муниципалдык менчиктин реестрине киргизүүнү камсыз кылуу;

 

3) РККга берилүүгө тийиш активдерди ИСКСЧӨДдин алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ажыратууга, күрөөгө өткөрүп берүүгө, үчүнчү жактардын уставдык фондусуна киргизүүгө жана максатын өзгөртүүгө жол бербөө;

 

4) Долбоордун алкагында, анын ичинде жеке туташтыруулар жана тарифтердин индикативдүү деңгээли маселелери боюнча чогулуштарды, коомдук угууларды жана консультацияларды аялдардын катышуусу кеминде 30 (отуз) пайыз болгон шартта өткөрүүнү камсыз кылуу;

 

5) ушул чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Макулдашуунун кол коюлган нускасы менен бир мезгилде, бирок Макулдашууга кол койгон күндөн тартып 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен ИСКСЧӨДдин Долбоорлорду ишке ашыруу тобуна жөнөтүү;

 

6) Манас айылдык кеңешти Манас айыл аймагында Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жарым жылда кеминде бир жолу маалымдап туруу.

 

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

8. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана белгиленген тартипте жарыялоого жатат.

2026-жылдын 3-ноябрында https://gagsmsu.kg/2026/11/03/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d1%81%d0%be%d0%ba%d1%83%d0%bb%d1%83%d0%ba-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d1%88-7/ расмий сайтында жарыяланды

 

Манас айылдык кеңештин сессиясында 2026-жылдын «13» октябрында кабыл алынды.

 

Тиркеме: Ичүүчү суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпыга жеткиликтүүлүк программасынын алкагындагы Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашуу (долбоор) - 13 барак.

 

 

Төрага

Ж.А.Жанжигитов