Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-ноябрындагы № 745 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119»Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-ноябры № 745
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү стратегиялык мааниге ээ долбоорлорду ишке ашырууну камсыз кылуу, мамлекеттик колдоо чараларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо жана коштоо тартибин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламентинде:
– 29-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7) акцияларынын (уставдык капиталындагы үлүштөрүнүн) 100 пайызы мамлекеттик менчикте турган уюмдар тарабынан ишке ашырылуучу долбоорлорду кошпогондо, жер казынасын пайдалануу.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-ноябрындагы № 85 (3845) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |